Кыргызстанда кабыл алынып жаткан дин тууралуу мыйзам эң либералдуубу?
«Кыргыз Республикасындагы дин тууралуу мыйзам — бардык постсоветтик өлкөлөр арасында эң либералдуу мыйзам». Бул тууралуу президенттин жардамчысы Алмамбет Шыкмаматов президенттин дин аалымдары жана муфтият өкүлдөрү менен болгон акыркы жыйында билдирди.
“Мыйзам долбоору боюнча пикирлердин бардыгы эки айдан ашык убакытта ар тараптуу талданып, орток пикирге келиштик. Бул мыйзамдын эң башкы максаты өлкөдөгү диний ишмердикти бирдиктүү тартипке салуу. Көптөгөн суроолор даават маселесине байланыштуу болду. Даават учурдагы заманбап жаңы технологиялар, интернет баракчалар, социалдык тармактар аркылуу алып барыла берет. Дагы тактап, оңдоп түзөөдөн өткөндөн кийин президент мыйзам долбоорун парламентке жөнөтөт. Парламентте бир ай ичинде талкуулангандан кийин кабыл алынса, буйруса кийинки жылы жаңы мыйзам менен жашап калабыз”, – деди Шыкмаматов.
Жыйында президент дагы өз оюн кошумчалап, мамлекет дин ишмердүүлүгүнө кийлигишпей турганын жана диний ишмерлер да мамлекеттин иштерине кийлигишпеши керектигин белгиледи. Ал муну светтик принциптин негизги мазмуну катары айтты. Ошондой эле муфтиятта жана дин тармагында баш аламандык бар экенин, муфтиятка жана аалымдар кеңешине болгон урматтын жоктугун кошумчалады.
Шыкмаматовдун «региондогу эң либералдык дин мыйзамы» тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Муну бийликтин эки жүздүүлүк менен аалымдарды жана муфтиятты колдонуу аркылуу динге жана аалымдарга басым көрсөтүү аракети катары бааласак болот.
Мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн чогулган жыйындарда дин ишмерлеринин жөн гана катышуучу катары отурганы, алардын юридикалык жана моралдык кубатынын жоктугу, талкуулар мамлекет өкүлдөрүнүн гана талабы менен алып барылышы мыйзам долбоору үстүндө чыныгы талкуу болгонун жокко чыгарат. Аалымдардын көтөргөн маселелери риторикалык гана мааниге ээ болуп, мамлекет кызматкерлеринин жооптору канааттандырарлык болбосо дагы, бул мыйзам долбоору ошол эле бойдон колдоого алынары анык болуп калды. Башкача айтканда, мыйзам долбоорун талкуулоо деген аталыш астындагы бул жыйын бийликтин өз көз карашын таңуулаган гана бир шоу болуп калды.
Мамлекеттин исламга каршы багытталган бул мыйзамды тезинен кабыл алууга умтулуусу жана президенттин талкууга түз катышып, жараянды жеке көзөмөлдөп жаткандыгы, диний аалымдарга жана коомчулукка карата басым болуп эсептелет.
Ошентип, Жапаровдун «светтик принциптердин» сакталышы тууралуу сөздөрү чындыкка жана Конституцияга таптакыр каршы келет. Бийликтин мындай мыйзамды кабыл алууга болгон кызыкчылыгы жана алар сунуштаган жоболор диний тармакты тоталдык көзөмөлгө алуу аракетинен башка нерсе эмес. Бул дин тармагын тартипке салуу шылтоосу артында жасалууда. А бирок, сунушталып жаткан мыйзам Исламга чакырган активдүү мусулмандарга каршы багытталган. Ошондуктан, мамлекеттин дин иштерине аралашпай турганын билдирүүсү күлкүнү келтирүүчү гана нерсе.
Шыкмаматовдун «региондогу эң либералдык мыйзам» тууралуу билдирүүсү болсо иш жүзүндө адаштыруучу жана бурмалоочу сөздөр болуп саналат. Анткени, юридикалык жактан алганда «эң либералдык мыйзам» деген түшүнүк жок. Анткени, мыйзам капиталисттик идеологиядан келип чыккан либералдык болот же ислам акыйдасынан келип чыгып шариаттык мыйзам болот. Ал эми, Кыргызстандагы диний абал постсоветтик аймак менен катар эч качан либералдык же шариаттык болгон эмес. Ал дайыма авторитардык түзүмдүн таасиринде тоталдык көзөмөлдө болуп келген жана ушул абал уланууда. Бул диндин жайылышына каршы күрөштө, дин эркиндигин, адамдардын өз динин кармануусун чектөө аракеттеринде ачык көрүнүп турат.
Андыктан, Кыргызстан мусулмандары бийликтин айткандарына алданбашы керек. Айрыкча, анча-мынча гана чектөө жана диний тармакты тартипке салуу аракеттер жалпы мусулмандарга же таблиг жамаатына тиешелүү эмес деген сөздөрү алдоодон башка нерсе эмес. Биз мамлекеттин кубатын колдонуу аркылуу диний жамааттарды бөлүп-жаруу, салттуу жана радикалдуу деп ажыратуу атайын кызматтардын иши экенин түшүнүшүбүз керек. Муну менен акыры барып мусулмандарды жана жалпы коомду көзөмөлгө алууну көздөшөт. Көзөмөл орнотулгандан кийин, «либералдык» аталган ниеттеринин баары жокко чыгат. Анын ордуна катуу кол саясатын алып бара турган диктатураны орнотуучу жаңы шылтоолор табылат. Булардын натыйжасында бул демилгелерди тапшырып жаткан колонизаторлор гана ийгиликке жетишет. Андыктан, мусулмандар либералдык сыяктуу адаштыруучу сөздөргө алданып, бийликтин динге каршы күрөшүнө жол бербеши керек!
Латыфул Расых
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Индонезиядагы саясий окуялар Суроо: 2024-жылдын 20-октябрында мурдагы генерал Прабово Субианто (73…
Басма сөз баянаты Газада геноцид башталганына бир жыл болду Ислам Умматы жана анын армиялары рошид…
Басма сөз баянаты Умматтын калканы болгон Халифалык мамлекети кайра тикеленмейинче Газа аялдары жана жаш балдары…
Басма сөз баянаты Ливан фронтун Газадан бөлүү – баскынчы душман менен жарашууга жана мамилелерди нормалдаштырууга…
Басма сөз баянаты «Акса ташкынынан» бир жыл өтүп «Акса ташкыны» шексиз Умматта да, дүйнөдө да…
Кыргызстан мусулмандарына кайрылуу! Мусулмандардын кафирлерди ыйманга чакыруусу о.э. мусулман боордошторуна диндеги иштерин үйрөтүүсү – даъват…