Басма сөз баянаты
Умматтын калканы болгон Халифалык мамлекети кайра тикеленмейинче Газа аялдары жана жаш балдары кыргын болушу таптакыр токтобойт
Канкор яхудий вужудунун Газа калкына каршы геноцид согушу башталганына бир жыл болду. Бул гениоцидде 41 миңден ашуун адам шахид болду. Бул жырткыч вужуд эркек, аял, жаш бала жана ымыркайды айырмалап отурган жок. Шахиддердин 70 пайызы аялдар жана жаш балдар. «Оксфам» маалыматына ылайык, Газада яхудий вужуду бир жылдан бери өлтүргөн аялдар жана жаш балдардын саны акыркы жыйырма жыл ичинде ар кандай согушта өлтүрүлгөн аялдар жана балдардын санынан ашып кеткен. 25 миңден ашуун бала атасыз же ата-энесиз калды, 3000ден ашуун бала бут-колдорунан ажырады. («Ал-Жазира»). «UNRWA» кабарлашынча, Газада күн сайын орточо 10 бала бир же эки бутун жоготуп жатат, муну менен алар тарыхта бут-колдору ампутация кылынган эң үлкөн балдар тобуна айланышты, алардын көпчүлүгү наркозсуз операция кылынган.
Булардын бардыгына ачарчылык, анын акыбетинде өлүмдөр, таза ичимдик суусунун таңкыстыгы, саламаттыкты сактоонун жоктугу, өлүмгө алып барган жугуштуу оорулардын жайылышы кошумча болуп жатат. О.э. бул нерселер Газадагы ырайымсыз блокада, суу жана азык-түлүк менен камсыздоо системаларынын талкаланышы акыбетинде жүзөгө келип жатат. Өзгөчө, ооруканалар олуттуу зыян көрдү. Мисалы, «Lancet» медициналык борборунун кабарына ылайык, «Эгер ушул ачарчылык, саламаттыкты сактоонун жетишпестиги, аман калуу үчүн зарыл болгон жарандык инфраструктуранын ойрон кылынгандыгы себептүү кыйыр түрдө өлүмдү эсепке алсак, Газадагы чабуулдардын акыбетинде курман болгондордун саны 180 миңге жетиши мүмкүн». «Children Organization» айтышынча, «Газадагы мектеп имараттарынын болжол менен 90 пайызы жабыркаган же ойрон кылынган». Бул нерселерден көздөлгөн максат анык – Газа балдары жана келечек урпак-муун үчүн мүмкүн болгон ар кандай келечекти жок кылуу.
Бир жыл ушуну дагы далилдеди – бүгүнкү эл аралык уюмдар, БУУ, бардык эл аралык соттор жана институттар мазлум мусулмандарды коргой албайт. Яхудий вужуду ар кандай кызыл сызыктан өттү, кол тийгистикти бузду, ар кандай принцип жана дүйнөлүк мыйзамды ойрон кылды. Бирок, ага карабастан эч бир мамлекетте мындай жырткыч кыргынды токтотуу үчүн саясий эрк жоктугу көрүнүп жатат. Батыш мамлекеттери канкор вужуддун Фалестин калкына каршы этникалык тазалоо кампаниясына көңүл бурбай, анын жазаланбай калышын камсыздап келишти. Туурасы, Батыш финансылык жана саясий жактан колдоп-кубаттоо аркылуу анын адамзатка каршы кылмыштарына жардам беришти.
Август айында Байден администрациясы бул геноцидди каржылоо үчүн баскынчы бийликке 20 миллиард долларлык кошумча курал сатуун макулдады. Ал эми, исламий өлкөлөрдөгү өкүмдарлар кафир Батыш жана яхудий вужудуна берилгендигин дагы көрсөтүштү, бул вужуд менен дипломатиялык жана экономикалык байланыштарды жүргүзүштү жана мамилелерди нормалдаштырууну улантышты. Ал тургай, бул малайлар яхудий вужудун коргоо үчүн өзүлөрүнүн аскерий базаларын, аба мейкиндигин жана разведкасын пайдаланууга жол беришти.
Бүгүнкү күндө мусулмандардын тарабында калыс турган, алардын төгүлүп жаткан канын токтотуу үчүн армияларын ишке салган бир да мамлекет жок экенине дагы канча далил керек?! Ислам менен өкүм жүргүзө турган, динибизди коргой турган, Умматтын сакчы жана калканы болгон Халифалык мамлекети тикеленмейинче армиялар Фалестинди азат кылууга таптакыр аракетке келбешин түшүнүшүбүз үчүн дагы канча үрөй учурган көрүнүштөргө күбө болушубуз керек?!
Ушул себептен улам, бул геноцидге чекит коюу үчүн каралоо жана дуа кылуу менен чектелүү туура болбойт. Бул үчүн көбүрөөк нерсе кылуу керек т.а. бул абал бизден Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелешибизди талап кылат. Себеби, Умматты коргоонун жана жерлерибизди азат кылуунун жалгыз жолу ушул мамлекет экендиги динибизде белгиленген. Ушул көз карашка ылайык, исламий армияларды Халифалыкты тикелөө үчүн Хизб-ут-Тахрирге нусрат-жардам берүүгө үндөө зарыл. Халифалык мамлекети яхудий вужудун түп-тамыры менен кулатат жана жарандарды коргоп, урмат-сый жана коопсуздук менен камсыздайт. Расулуллах ﷺ айтты:
«إِنَّمَا الْإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»
«Имам-халифа – анын артында туруп согуш кылына турган жана аны менен коргонула турган калкан».
Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат
бөлүмүнүн аялдар жааты
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Индонезиядагы саясий окуялар Суроо: 2024-жылдын 20-октябрында мурдагы генерал Прабово Субианто (73…
Кыргызстанда кабыл алынып жаткан дин тууралуу мыйзам эң либералдуубу? «Кыргыз Республикасындагы дин тууралуу мыйзам —…
Басма сөз баянаты Газада геноцид башталганына бир жыл болду Ислам Умматы жана анын армиялары рошид…
Басма сөз баянаты Ливан фронтун Газадан бөлүү – баскынчы душман менен жарашууга жана мамилелерди нормалдаштырууга…
Басма сөз баянаты «Акса ташкынынан» бир жыл өтүп «Акса ташкыны» шексиз Умматта да, дүйнөдө да…
Кыргызстан мусулмандарына кайрылуу! Мусулмандардын кафирлерди ыйманга чакыруусу о.э. мусулман боордошторуна диндеги иштерин үйрөтүүсү – даъват…