Макала

Илимсиздик кантип көбөйөт

Бисмиллаах  рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Илимсиздик кантип көбөйөт

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Ибн Хажар аль-Аскаланинин Фатхул-Барисинде  “Сахих аль-Бухариге” берген түшүндүрмөсүндөгү “Илимсиздик кантип көбөйөт” деген бөлүмүндө айтат:

حدثنا إسماعيل بن أبي أويس قال حدثني مالك عن هشام بن عروة عن أبيه عن عبد الله بن عمرو بن العاص قال:” سمعت رسول الله صلى الله عليه وسلم يقول: ” إن الله لا يقبض العلم انتزاعا ينتزعه من العباد، ولكن يقبض العلم بقبض العلماء، حتى إذا لم يبق عالم اتخذ الناس رءوسا جهالا، فسئلوا فأفتوا بغير علم، فضلوا وأضلوا“.

“Бизге Исмаил бин Абу Увайс Абдулла бин Амр бин Аль-Аастан риваят кылат. Мен Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам)дын мындай дегенин уктум: “Аллах илимди пенделеринен тартып албайт. Бирок илим аалымдардын азаюусу менен алынат. Ал тургай, аалымдар калбай, эл наадандарды башчы кылып алып, алардан сурашат. Алар илими жок фатва беришет. Натыйжада, өздөрүн да, элди да адаштырат”.

“Илим тартып алынбайт” дегени, адамдын дилинен өчүрүлөт дегенди билдирет. Буга байланыштуу Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) коштошуу ажылыгында Абу Умамадан Ахмад жана Табарони риваят кылган хадисте айткан. Коштошуу ажылыгында Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Илимди адамдардын арасынан көтөрүлүп кеткенге чейин алгыла. Бир бедуин айтты: “Илим кантип көтөрүлөт?”. Ал айтты: “Илимди жоготуу – анын жүгүн көртөрүп жүргөндөрдү жоготуу. Ал Зат бул сөзүн үч жолу кайталады”.

Ибн аль-Мунир айтат: Илимди көкүрөктөн өчүрүү Аллахтын кудурети менен болот. Бирок бул хадис анын болбогонуна ишарат кылат.

Сүйүктүү бир туугандар!

Балким, бул хадис аалымдар үчүн терең мааниге ээ. Алар бул дүйнөнү таштап, илими алар менен бирге кете электе биз алардан сурайбыз. Оо аалымдар! Илимди турмушта колдонбосо анын кандай пайдасы бар? Силерге мурдагы аалымдардын кийимин кийгендердин кабары келген жокпу? Алар өлдү, үммөт алардын сөздөрү менен жемеге алды. Эмне үчүн алар өзүнүн илимине амал кылган жок? Алар бүгүн кайда? Ислам мамлекети жок кылынган жүз жылдын ичинде канча аалым жашап, канчасы каза болду? Эмне үчүн аалымдар Халифалыкты кайра калыбына келтирүүгө аракет кылган жок? Алар бул иш фарздардын таажысы экендигин билишпедиби? Үммөт түшүнүп жеткен бул фарзды алар өз илими жана фикхи менен түшүнүп жетишпедиби? Жок, Аллахка ант болсун! Бул ондогон жылдар бою үммөт азап чегип келген коркунучтан коркуудан башка нерсе эмес. Алар башкаруучулардан коркуп, жок боло турган дүнүйөлөрү үчүн кам көрүштү. Бирок, бул тосукту үммөт талкалады. Үммөттүн Аллах жана Анын дини жөнүндө билими аалымдарга караганда азыраак.

Эй аалымдар! Мындан ары үммөттүн позициясында турайын деген оюңар барбы? Же үммөтүн ишинде аны менен бирге болуу менен андан да озуп өтүүчү? Илимиң менен бирге кетип кала электе жана кыямат сенин пайдаңа эмес, зыяныңа болуп кала электе ойлон. Ойгон, сен жана сени менен бирге аалымдар да ойгонсун! Силер муну “Аалымдар революциясы” деп жарыялагыла. Үммөт башынан өткөрүп жаткан оор мезгилде силерге окшогондор эң аз дегенде кыла турган иш ушул.

Жеткире алдыкпы? Оо Аллахым күбө бол!

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздө жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сизерге  Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 2-жуммадул уула.

2024-ж, 4-ноябрь.

turkistonkg

Recent Posts

Мамлекеттик мекемелерде казино ачууга уруксат берилди

Мамлекеттик мекемелерде казино ачууга уруксат берилди Мамлекеттик же жарым-жартылай мамлекеттик менчикте болгон мейманканалардын, пансионаттардын, эс…

9 hours ago

Жумшактык

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Жумшактык Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

9 hours ago

Амирлерге моюн сунуунун важибдиги жана күнөөгө буйруган учурда аларга баш ийүүнүн арамдыгы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлерге моюн сунуунун важибдиги жана күнөөгө буйруган учурда аларга…

19 hours ago

Саламаттык сактоо министрлиги сунуштаган жобо ЛГБТнын жайылуусуна жол ачабы?

Саламаттык сактоо министрлиги сунуштаган жобо ЛГБТнын жайылуусуна жол ачабы? Саламаттык сактоо министрлиги трансгендерлүү жарандарга медициналык-социалдык…

2 days ago

Ислам беш нерсеге негизделген

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ислам беш нерсеге негизделген Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

3 days ago

Жапаров “уламалар” менен дин тууралуу мыйзам долбоорун талкуулады

Жапаров “уламалар” менен дин тууралуу мыйзам долбоорун талкуулады Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 8-ноябрда диний ишмерлер…

4 days ago