Басма сөз баянаты

Жапаров “уламалар” менен дин тууралуу мыйзам долбоорун талкуулады

Жапаров “уламалар” менен дин тууралуу мыйзам долбоорун талкуулады

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 8-ноябрда диний ишмерлер менен “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулады. Анда коомдук талкууга чыгарылган документке кошумча-алымчалар сунушталып, айрым тактоолор киргизилди.

Жапаров өз сөзүндө “Хизб ут-Тахрир”, “Йакын Инкар” сыяктуу Исламий жамааттарга адамдар кошулбашы үчүн алдын ала чара көрүш керек экенин, бул үчүн муфтияттын жана Аалымдар кеңешинин ролун бекемдөө зарылдыгын айтты.

Президент талкууда айтылган айрым сунуш-пикирлерди эске алып, долбоорду дагы толуктап келгенден кийин Жогорку Кеңешке киргизүүнү тиешелүү жетекчилерге тапшырды.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия сунуштаган жана быйыл 30-августта коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоору 37 беренеден турат. Документте никабды коомдук жайларда жана мамлекеттик мекемелерде кийүүгө тыюу салуу сунушу жазылган.

Мыйзамды бузган адамдарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 60-65 миң сом айып салуу каралган.

Исламий көз караш менен алганда, мусулман аялдарга никаб кийүүнүн өкүмү айрым мужтахиддердин көз карашында важиб болуп эсептелет. Демек, бул берене Исламий райга каршы болгондуктан, мусулмандар ага каршы турууга тийиш. Анткени, ар бир Исламий райды коргоо жалпы мусулмандардын милдети болуп саналат. Ал эми, ижтихаддагы айырмачылыктар ички маселе болуп, мужтахиддердин талкуусу менен чектелүүгө тийиш.

Долбоордо диний негизде партияларды жана башка саясий бирикмелерди түзүүгө, каржылоого, диний сөздөрдү партиялардын аталышында же үгүт иштеринде колдонууга, депутаттарга диний ишмердик менен алектенүүгө тыюу салуу каралган.

Диний негизде саясий партия түзүүнүн өкүмү фарзи кифая. Эгер үммөт ичинде саясий партия жок болсо, же түзүлгөн партия өз жоопкерчилигин толук аткара албай жатса мусулмандардын баары күнөөкөр болушат. Ушул парзды ишке ашырууга аракет кылгандар гана бул күнөөдөн сакыт болот. Аллах Таала айтат:

وَلۡتَكُن مِّنكُمۡ أُمَّةࣱ یَدۡعُونَ إِلَى ٱلۡخَیۡرِ وَیَأۡمُرُونَ بِٱلۡمَعۡرُوفِ وَیَنۡهَوۡنَ عَنِ ٱلۡمُنكَرِۚ وَأُو۟لَـٰۤىِٕكَ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ

“Силерден жакшылыкка (Исламга) чакыра турган, итаатка буюра турган жана күнөө-жаман иштерден кайтара турган бир жамаат болсун. Дал ошолор ийгилик табуучулар – (тозоктон) кутулуучулар” (Аали Имран: 104).

Мындан тышкары, жума хутбаларында, интернет желеси аркылуу баян, насаат айткан дааватчыларга бөгөт коюуну көздөп жатышат. Муну менен бийликти ыраазы кылган гана сөздөрдү сүйлөй турган дин адамдарын түзүү максат кылынууда. Түпкүлүгүндө, Исламда мусулмандар християнчылык же башка диндегилер сыяктуу дин адамдары жана дүнябий адамдар болуп бөлүнбөйт. Тескерисинче, ар бир мусулман билгенин жеткирип, ага амал кылууга умтулат.

Буга кошумча, үймө-үй кыдырып даават кылууга тыюу салуу менен үйлөрдө, каттоодон өтпөгөн мечит, медреселерде дарс өтүүгө, Куран үйрөнүүгө тосук коюшмакчы.

Негизи ар бир мусулман адам коңшусу болобу, көчөдөбү же мечитте болобу Исламды жеткирүүгө аракет кылат. Жамандыкты көрсө колу менен же тили менен токтотууга бар күчүн сарптайт. Анткени, пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан:

“Эгер бир жаман иш көрсөңөр аны колуңар менен токтоткула. Кол менен токтото албасаңар сөз менен токтоткула. Ага дагы алыңар келбесе ичиңерден жек көргүлө. Бирок бул, ыймандын эң алсызы”.

Расулулла (с.а.в) биздин үстүбүздөгү жоопкерчиликти дагы эскертип мындай деген: «Аллахка ант болсун, силер албетте жакшылыкка буюрасыӊар жана жамандыктан кайтарасыӊар. Силер албетте залимдин колунан кармап, аны акыйкатка ийилүүгө мажбур кыласыӊар жана албетте аны акыйкатка бекем байлап коёсуӊар. Же албетте Аллах кээ бириӊерди кээ бириӊердин дили менен урат, андан соӊ аларды наалаттагандай, силерди да наалаттайт».

Демек, расмий өкмөт сунуштап жаткан мыйзам долбоору Ислам динибизге, анын баалуулуктарына тескери келет. Андыктан, Аллах Таала парз кылган даават амалдарын чектөөдөн жана Исламий райларга тыюу салуудан баш тартышы керек! Расулуллах (с.а.в) мындай деген:

«مَا مِنْ وَالٍ يَلِي رَعِيَّةً مِنْ الْمُسْلِمِينَ فَيَمُوتُ وَهُوَ غَاشٌّ لَهُمْ إِلَّا حَرَّمَ اللَّهُ عَلَيْهِ الْجَنَّةَ»

«Аллах мусулмандарды башкарып, аларды алдаган абалда өлгөн ар кандай жетекчиге бейишти арам кылат» (Имам Бухарий риваяты).

Хизб ут Тахрирдин Кыргызстандагы маалымат бөлүмү

turkistonkg

Recent Posts

Пенде көңүл бурбай сүйлөйт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Пенде көңүл бурбай сүйлөйт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

50 minutes ago

Дин тууралуу мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү

Дин тууралуу мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү 10-декабрда Жогорку Кеңештин үч комитети “Дин тутуу эркиндиги…

1 day ago

Сириядагы окуялар жана Асад режиминин кулашы

Суроо-жооп Сириядагы окуялар жана Асад режиминин кулашы Суроо: “Шаркул-Авсат” 8-декабрда жарыялаган кабарда: “Асаддын режими кулады.…

2 days ago

Америка ок атууну токтотуу менен яхудийлердин кол салуусуна пайда алып келген эки үлкөн нерсеге жетишет

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Америка ок атууну токтотуу менен яхудийлердин кол салуусуна пайда алып келген…

3 days ago

Аллах эки шериктин үчүнчүсү

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Аллах эки шериктин үчүнчүсү Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

3 days ago

Сирия бийлиги кулады: мусулмандар алданып калбашы керек

Сирия бийлиги кулады: мусулмандар алданып калбашы керек Мусулмандар көптөн күткөн нерсе жүз берип, Сирия бийлиги…

3 days ago