Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Кадыр барктуу уурунун колун кесүү тууралуу
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
Ан-Навави Имам Муслимдин “Сахихине” шарх берип, “Ууруну жана башка кылмышкерлерди жазалоодо шапаат кылуунун арамдыгы” бөлүмүндө айтат:
حدثني إسماعيل بن سالم أخبرنا هشيم أخبرنا خالد عن أبي قلابة عن أبي الأشعث الصنعاني عن عبادة بن الصامت قال: أخذ علينا رسول الله صلى الله عليه وسلم كما أخذ على النساء، أن لا نشرك بالله شيئا ولا نسرق ولا نزني ولا نقتل أولادنا ولا يَعْضَهُ بعضُنا بعضاً، فمن وفّى منكم فأجره على الله ومن أتى منكم حدا فأقيم عليه، فهو كفارته ومن ستره الله عليه فأمره إلى الله، إن شاء عذبه وإن شاء غفر له.
Мага Исмаил бин Саалим Убада бин Ас-Соомиттен риваят кылып айтты: Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) аялдардан баят алгандай бизден да баят алды. Аллахка шерик кошпоого, уурулук кылбоого, зынаа кылбоого, балдарыбызды өлтүрбөөгө, бири-бирибизге жалган жалаа жаппоого баят кылдык. Ал айтты: “Араңардан ким өз милдетин аткарса, анын сыйлыгы Аллахтын алдында, ал эми силерден ким бул иштерден бир ишти кылса жана ага бул дүйнөдө жазасын алса ал анын кечирими (кафаараты). Ал эми, Аллах кимдин кылган (күнөө) ишин жашырса, анын иши Аллахка таандык. Кааласы аны азаптайт, кааласа кечирет”.
Урматуу бир туугандар!
Булар бир катар шарьий мыйзам бузуулар тууралуу өкүмдөр болуп, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мындай абалга түшүп калуунун кесепеттеринен эскерткен. Бирок, азыркы убакта мусулмандар бул шарьий мыйзамдарды оңой эле бузууга түшүп калды. Балким аларды тергеп тескей турган көзөмөл жоктугунан бул мыйзам бузуулар алардын жашоосунун бир бөлүгүнө айланып калды. Мындай адамдар түшүп калган бул мыйзам бузуулардан ким кайтарат? Аларга жаза чараны ким орнотот? Жалгандан эле Исламды колдонуп жатабыз деген Сауд Арабия мамлекети орнотот деп жатасызбы? Же сөз менен айтып жеткире албаган кыргындарды кылып жаткан Башардын жанында жүргөн Иран орнотот деп жатасызбы? Же жөөттөргө сокку урабыз, жок кылабыз деп дүйнөнү сөз менен тойгузуп жаткан Түркиянын Эрдоганы орнотобу? Эрдоган кылмышкер жөөт вужуду менен келишим артынан келишим түзүп, аны менен келишкен абалда иш алып барып жатканын кайда катабыз? Же бул жаза-чараларды Судандын түштүгүн бөлүп алган Башири орнотот дейсизби? Бул мыйзам бузгандарга Аллахтын чектерин ким коёт? Саудияда, Түркияда, Суданда, Иранда же башка мусулман өлкөлөрүндө ислам колдонулуп жатабы? Демек, мусулмандар абдан кейиштүү абалда. Анткени алар бузуку, жийиркеничтүү иштерди кылып жатышат. Аларды бул бузуку иштерден тазалай турган эч бир кубат табылбай жатат. Кээ бир өлкөлөр аларга ар кандай жазаларды колдонуу менен тазалайбыз дешет. Аллах Таала алардын өкүмдөрүнөн аруу. Бизге Аллах жетиштүү жана Ал эң жакшы өкүл.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1446-х, 30-робиуc саани.
2024-ж, 2-ноябрь.
Дин тууралуу мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү 10-декабрда Жогорку Кеңештин үч комитети “Дин тутуу эркиндиги…
Суроо-жооп Сириядагы окуялар жана Асад режиминин кулашы Суроо: “Шаркул-Авсат” 8-декабрда жарыялаган кабарда: “Асаддын режими кулады.…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Америка ок атууну токтотуу менен яхудийлердин кол салуусуна пайда алып келген…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Аллах эки шериктин үчүнчүсү Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
Сирия бийлиги кулады: мусулмандар алданып калбашы керек Мусулмандар көптөн күткөн нерсе жүз берип, Сирия бийлиги…
Шам козголоңу өз улуулугун тикелеп жатат, анын душмандары болсо келишүү тузагына түртүүдө Фронттордо беш жыл…