Роя гезити

Яхудийлердин Ливанга каршы согушундагы өзгөрүүлөр

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Яхудийлердин Ливанга каршы согушундагы өзгөрүүлөр

 Мухандис Муждий Али

Болжол менен бир ай мурун, яхудий вужуду менен – Иран хизби же анын басма сөзү айткандай – исламий каршылык кыймылын туюнткан Ливан ортосундагы согуш олуттуу эскалацияга күбө болду. Айрыкча, 2024-жылы 27-сентябрда Иран хизби Хасан Насруллах түштүк аймакта жайгашкан терең жер астындагы имаратка аба чабуулу жасалып өлтүрүлгөндөн кийин согуш курчуп кетти. 2024-жылдын октябрь айынын башында яхудий вужуду кургактык операциясы башталганын жарыялады. Ал бул операция чектелгендигин, айылдардагы жана чегара аймактарындагы Иран хизбинин объекттери жана туннелдер бутага алынышын айтты. Андан кийин АКШ элчиси Амос Хохштейн сапар кылып, парламент спикери Набих Берри жетектеген Ливан расмийлери менен жолугушту. Жолугушуудан кийин Набих Берри иш-аракеттер жакшы экендигин билдирди. Көп өтпөстөн яхудий вужуду борбор Бейруттагы Рафик Харирий мамлекеттик ооруканасынын жанында болуп көрбөгөн жардыруу жасады. Муну менен бирге, яхудийлердин айтымында, Иран хизбинин же талаа командачыларынын кызыкчылыктарын бутага алуу уланды.

Иран хизби жетекчилик даражасында олуттуу жоготууларды көргөнүнө карабастан, ал дагы эле яхудий күчтөрүнүн кургактыктан кирип келген аймактарга жайгашуу аракетине каршы натыйжалуу жооп кайтарып, яхудийлерди аскерий жактан инсаний жана материалдык жоготууларга учуратып жатат. Ал чегара жанындагы аскерлер чогулган жайга да, Фалестиндин 48-жылы басып алынган ички шаарларына да сокку берүүгө дагы эле кудуреттүү. А түгүл, ал Ливандан учурулуп, яхудий вужудунун бардык коргоо тосмолорун жарып өткөн дрондор менен яхудийлердин премьер-министри Нетаняхунун үйүнө сокку берүүгө да жетишти. Иран хизби өз операцияларынын кеңейишинен жана характеринен келип чыгып, Ливандын түштүгүнө каршы аскерий операциянын башталгыч чекити болгон турак жай пунктун эвакуациялоо туурасында эскертти.

Бул окуялар яхудий вужуду 2024-жылы 26-октябрда Иранга каршы чабуул баштаган учурга туура келди. Америка анын орбитасындагы мамлекет болгон Иран режимин коргоо максатында соккунун көлөмүн азайтуу үчүн басым кылганы ачык-айкын көрүндү. О.э. Иранга сокку берилишинен бир нече саат мурун, яхудий армиясынын басма сөз катчысы Хагари жана башка командачылар бир же эки аптадан кийин кургактык операциялары бүткөндүгү жарыяланышы мүмкүндүгү жөнүндө билдирүүлөрдү беришти.

Ушул орунда, Хагари Яхя Синвар рохимахуллах өлтүрүлгөн күндүн эртеси берген билдирүүлөрүн өзгөчө айтып өтүү зарыл. Ал «Хамас кыймылынын аскерий канаты ажыратылбастан жок кылынат» деп айткан мурунку билдирүүлөрүнөн айырмаланып: «Согуштан көздөлгөн максаттар анык, алардын катарында Хамастын аскерий канатын жок кылуу», – деди. «The Wall Street Journal» гезити яхудий вужудунун коопсуздук кызматынын кызматкерине таянып жарыялаган, «Ал-Жазира» андан цитата ачыктаган билдирүүлөргө ылайык, Иран хизбин саясий жана социалдык кыймыл катары жок кылуу яхудий вужудунун согуштан көздөгөн максаты эмес.

Бул билдирүүлөрдөн ушуну түшүнүү мүмкүн – Америка жана яхудийлердин бул операциялардан көздөгөн максаты региондогу эки эң күчтүү аскерий уюм эскептелген Хамас жана Ливандагы Иран хизбинин аскерий канаты болуп эсептелет. Бирок, көрүнүп тургандай, Нетаняхунун бул баскычта Америка каалаган чектен өтүп кеткен болушу мүмкүн болгон амбициялары жана анын региондо башка атаандаш күчтүн пайда болушуна жол бербөө үчүн, көптөгөн жылдардан бери Ирандын мүмкүчүлүктөрүн жок кылуу аракети региондо Иран менен кызматташып жаткандарды да өз ичине алат. Ошондуктан, Нетаняху жана аны менен бирге болгон экстремисттер Ливандын түштүгүндөгү аймактарды ээлөөгө аракет кылышты. Айрыкча, белгисиз абал жана Америка шайлоолорунун «боз зонасында» жаңы турак-жайларды куруу аркылуу Газанын түндүгүнө яхудийлерди орноштуруу темасы кайра ачылды. Бул тенденциялар Америка каалаган нерсенин т.а. аскерий канатты жок кылуунун эч кандай алкагына туура келбеген көрүнөт. Ошондуктан, Америка Иранга берилген соккуну басаңдатууга аракет кылды, яхудийлерди Газанын түндүгүнө жайгаштырбоону жана жардамдарды киргизүү зарылдыгын баса белгиледи. Ал Ливандын түштүгүндө жана Фалестиндин ички аймактарында Иран хизбинин яхудийлерге каршы соккулары боюнча эч бир маанилүү билдирүү берген жок. Тескерисинче, АКШ элчилеринин билдирүүлөрү согушуп жаткан тараптардын ок атуусун токтотууга, Америка расмийлери айткандай, бардык тараптар аткарбаган 1701-резолюцияны ишке ашыруу зарылдыгына каратылды.

Америка ортого салып жаткан бул сунушта 21 күндүк ок атууну токтотуу назарга алынган, ушундай шарт менен – Ливан аны менен яхудий вужудунун корутунду статусу үчүн тез арада тынчтык сүйлөшүүлөрүнө киришиши керек. Бул ушуну көрсөтөт – кудум сүйлөшүү согуштун табигый натыйжасындай, Америка тараптарды корутунду тынчтык сүйлөшүүлөрү столуна олтурууга мажбурламакчы.

Башкы катчы Хасан Насруллахтын орун басары катары Ливандагы Иран хизбине жетекчилик кылууну мойнуна алган шейх Наим Касимдин ушул сөздөрү этибарга алына турган сөздөр: «Өткөн сентябрь айынын 17-күнүндө пейджерлерди жардыруу кылмышы жасалгандан баштап каршылык кыймылы колдоо баскычынан душман менен түздөн-түз согуш баскычына өттү». Ал дагы мындай деди: «Душман кутурган жырткычка айланды… Биз душманды тизгиндеп кармап, аны короосуна кайтарабыз». Иран хизби яхудийлерди кайсы короого кайтармакчы?!

Ошондуктан, согуш бүгүнкү абалынан ары өтүшү күтүлбөйт. Яхудий вужуду Иран хизбинин жетекчилеринен көздөлгөн максималдуу максаттарга жетүүнү улантат. Иран хизби да анын күчтөрүнө чегарада каршы турууну жана Фалестиндин ичиндеги яхудийлердин аскерий объекттерине сокку берүүнү улантат. Эгер абал ушундай көрүнүштө болсо, согуш регионалдык согушка айланмайынча, айрыкча, АКШ шайлоолорунун бул маанилүү баскычында Американы дээрлик кабатырга салбайт. Шайлоонун бул маанилүү баскычында республикачылар да, демократтар да яхудий лоббисинин добушун жана АКШ администрациясынын иш-аракетине өтө нааразы болгон араб шайлоочуларынын добушун алууга умтулууда.

О.э. АКШ администрациясын, ага көз каранды мамлекеттерди жана анын орбитасында айланган мамлекеттерди – эгер алардын койгон максаттары жана түзгөн сценарийлери ишке ашпаса – дене мүчөлөрдүн чачылып жатышы же кандын, айрыкча, мусулмандардын каны төгүлүшү кабатырга салбайт. Анткени, көздөлгөн максат мындай: Америка бүткүл региондогу, өзгөчө Шам өлкөлөрүндөгү байлыктарды – айрыкча, бул ирет түздөн-түз – ээ болмокчу. Ал согуш баштоону кааласа да, «тынчтыкка» жетүүнү кааласа да оболу өзүнүн маанилүү кызыкчылыгын ойлойт. Бирок, Америкага, аны колдоп-кубаттап жаткан жана аны менен бирге аракет кылган мамлекеттерге айтчу сөзүбүз ушул:

﴿إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ يُنفِقُونَ أَمۡوَٰلَهُمۡ لِيَصُدُّواْ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِۚ فَسَيُنفِقُونَهَا ثُمَّ تَكُونُ عَلَيۡهِمۡ حَسۡرَةٗ ثُمَّ يُغۡلَبُونَۗ وَٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ إِلَىٰ جَهَنَّمَ يُحۡشَرُونَ + لِيَمِيزَ ٱللَّهُ ٱلۡخَبِيثَ مِنَ ٱلطَّيِّبِ وَيَجۡعَلَ ٱلۡخَبِيثَ بَعۡضَهُۥ عَلَىٰ بَعۡضٖ فَيَرۡكُمَهُۥ جَمِيعٗا فَيَجۡعَلَهُۥ فِي جَهَنَّمَۚ أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡخَٰسِرُونَ﴾

«Албетте, кафир болгон кимселер байлыктарын Аллахтын жолунан тосуу үчүн иштетишет. Анан, аны сарпташат го, кийин ошол (байлыктары) өздөрүнө өкүнүч болот, кийин жеңилишет. Кафир болгон кишилер Аллах жаманды жакшыдан ажыратат, жамандарды биринин үстүнө бирин миништирип, бардыгын тозокко таштайт. Мына ошолор чыныгы зыян тартуучулар»                                                                                             

                                                                                                   [8:36-37]

 Роя гезити, №519, 2024-жыл, 30-октябрь.

turkistonkg

Recent Posts

Дин тууралуу мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү

Дин тууралуу мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү 10-декабрда Жогорку Кеңештин үч комитети “Дин тутуу эркиндиги…

21 hours ago

Сириядагы окуялар жана Асад режиминин кулашы

Суроо-жооп Сириядагы окуялар жана Асад режиминин кулашы Суроо: “Шаркул-Авсат” 8-декабрда жарыялаган кабарда: “Асаддын режими кулады.…

1 day ago

Америка ок атууну токтотуу менен яхудийлердин кол салуусуна пайда алып келген эки үлкөн нерсеге жетишет

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Америка ок атууну токтотуу менен яхудийлердин кол салуусуна пайда алып келген…

2 days ago

Аллах эки шериктин үчүнчүсү

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Аллах эки шериктин үчүнчүсү Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

2 days ago

Сирия бийлиги кулады: мусулмандар алданып калбашы керек

Сирия бийлиги кулады: мусулмандар алданып калбашы керек Мусулмандар көптөн күткөн нерсе жүз берип, Сирия бийлиги…

2 days ago

Шам козголоңу өз улуулугун тикелеп жатат, анын душмандары болсо келишүү тузагына түртүүдө

Шам козголоңу өз улуулугун тикелеп жатат, анын душмандары болсо келишүү тузагына түртүүдө Фронттордо беш жыл…

2 days ago