Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Силерге аз гана илим берилген
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
Ибн Хажар аль-Аскаланинин Фатхул-Барисинде “Сахих аль-Бухари”ге шарх берип, “ Силерге аз гана илим берилди” деген бөлүмдө айтат.
حدثنا قيس بن حفص قال حدثنا عبد الواحد قال حدثنا الأعمش سليمان بن مهران، عن إبراهيم عن علقمة عن عبد الله قال: بينا أنا أمشي مع النبي صلى الله عليه وسلم في خرب المدينة وهو يتوكأ على عسيب معه، فمر بنفر من اليهود فقال: بعضهم لبعض سلوه عن الروح وقال: بعضهم لا تسألوه لا يجيء فيه بشيء تكرهونه، فقال بعضهم: لنسألنه، فقام رجل منهم فقال: يا أبا القاسم ما الروح؟ فسكت فقلت: إنه يوحى إليه، فقمت فلما انجلى عنه قال: {وَيَسْأَلُونَكَ عَنِ الرُّوحِ قُلِ الرُّوحُ مِنْ أَمْرِ رَبِّي وَمَا أُوتِيتُم مِّن الْعِلْمِ إِلاَّ قَلِيلاً}.
Бизге Кайс бин Хафс Абдуллахтан риваят кылып айтты: “Мен Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) менен Мадинанын урандыларын аралап жүргөм. Ал курма таягына таянып турган чагында бир топ жөөттөр анын жанынан өтүп баратып, алардын кээ бирлери андан рух жөнүндө сурайлы дешти, кээ бирлери жактырбаган нерсени айтып коет деп коркуп, андан сурабагыла дешти. Ошондо алардын арасынан бир киши туруп: “Эй Абу аль-Касым! Рух деген эмне?”,- деди. Пайгамбар (с.а.в) унчукпай калды. Мен айттым: “Ага вахий болуп жатат”. Ал вахий бүткөндөн кийин бул аяты окуду: “Алар сенден рух жөнүндө сурашат. Айткын: “Рух менин Роббимдин иши, илими (Аллах аны өзүнөн башка эч кимге ачыктаган эмес). Силерге аз гана илим берилген”. (Исро: 85).
Сүйүктүү бир туугандар!
Адамдарга аз гана илим берилген. Ошондуктан, эч ким акылына, алданбасын, напсисине алданбасын. Адам алсыз, кемчиликтүү жана муктаж. Эгер Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) вахий аркылуу Аллах менен байланышпаганда, бул жакшылык жана өкүмдөр ага жетмек эмес. Эгер ал (саллаллаху алейхи уа саллам) өзү билбеген нерсе жөнүндө суралса, Жабраил (алайхис салам) түшүп, ага кабар бергенге чейин жана ачык-айкын илими болгонго чейин ал жооп берген эмес.
Эй мусулмандар!
Мына ушул бекем жана туруктуу кадамдар менен алга жылуунун айкын жолу. Ким аны карманса, ал каалаган максатка жана мүдөөсүнө жетет. Ал жолду карманган адам мүдүрүлүп, олку-солку болуп баспайт. Коркуп, азгырылып, артка чегинбейт. Тескерисинче, ал Аллах ага берген убадасын аткарып жатканына кадыржам болуп алга жүрөт.
Эй мусулмандар!
Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) өзүнө да, бизге да вахий аркылуу сызып берген жолун карманууга бүгүн баарынан көп муктажбыз. Чындыгында биз мындан башка бардык жолдорду карманып көрдүк. Пайгамбарлык минхажы негизинде экинчи Халифалыкты тикелөө жолу гана калды. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) биринчи Ислам мамлекетин курганда ушул анык жолду карманбады беле? Эмне үчүн биз андан четтейбиз? Биз адам эмеспизби, ката кетирбейбизби? Же биз өзүбуздү билимдүү, илимдүү, акылдууракпыз деп ойлойбузбу? Эгер андай болсо, биз айтабыз: Маселе акыл менен эмес, Аллах буйруган жолду канчалык бекем кармагандыгыбыз менен таразаланат.
Оо Аллахым, бизге мусулмандарды бириктирип алардын башындагы балээлерден арылта турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги туура жолдогу Халифалыкты тездет. Оо Аллахым, Өз нуруң менен жер жүзүн жарык кыл. Амиин.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сизерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1446-х, 28-робиус-саани.
2024-ж, 31-октябр.
Кыргызстанда турак-жайга салык көбөйтүлөт Кыргызстанда жер үй, батир ээлерине салык салуу ыкмасы өзгөрөт. Чоң шаарларда…
Жапаровдун Сеулга расмий сапарынын максаты Президент Садыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен барып, корей…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Тоң моюн душман Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Басма сөз баянаты Пакистандын өкүмдар элитасы жаңы колонизатор кожоюну Трампты президенттик шайлоодо жеңип чыкканы менен…
Басма сөз баянаты Мисирдин кызыл сызыктары бар, алар Мисирди Исламга, шариятка, Мисир калкын жана анын…
Басма сөз баянаты Эй, Кинана кошуундары! Качан кыянатчыл режимдин үстүңөрдөгү шерменделик чаңын силкип, тазаланасыңар? Бир…