Басма сөз баянаты

Убактылуу бийлик Хизб ут-Тахрир мүчөсүн камакка алуу менен шерменде үлгү көрсөттү

Басма сөз баянаты

Убактылуу бийлик Хизб ут-Тахрир мүчөсүн камакка алуу менен шерменде үлгү көрсөттү

2024-жылы 4-октябрда мурунку диктатор Хасинанын бийлигинен айырмаланбаган бүгүнкү убактылуу бийлик Хизб ут-Тахрир–Бангладеш вилаятынын мүчөсү бурадарыбыз Имтияз Салимди камакка алды. Алардын айтымында, анын кылмышы Хизб ут-Тахрирдин саясий иш-аракетине катышкандыгы болгон. Белгилүү болгондой, Имтияз Салим Хизб ут-Тахрирге тыюу салуу жөнүндөгү тогут Хасина бийлигинин буйругун бекер кылууну талап кылып ички иштер министрлигине арыз менен кайрылган. Андан кийин ал арыз тапшыруу боюнча юридикалык топ менен биргеликте басма сөз конференциясын өткөргөн. Хасина бийлигинин чынчыл саясий хизб болгон Хизб ут-Тахрирди тыюу туурасындагы адилетсиз буйругуна каршы чыгуу кылмыш болуп эсептелеби?! Тогут Хасина бийлиги тартып алган саясий укукту кайра алуу жөнүндө Хизб атынан арыз берүү кылмыш саналабы?!

Биз, Хизб ут-Тахрир–Бангладеш вилаятынын мүчөлөрү, силер, убактылуу бийликтен Имтияз Салимди тезинен жана эч бир шартсыз бошотууну талап кылабыз. Хасина бийлиги эмне үчүн Хизб ут-Тахрирге тыюу салганын силер жакшы билесиңер. Ал кезде, 2009-жылы Хасина Индия менен тил бириктириши натыйжасында Пилханада жөндөмдүү аскерий офицерлер кыргын кылынганын Умматка калыстык жана кайраттуулук менен ачып берген тарап бир гана Хизб ут-Тахрир болду. Ал эми канкор Хасина бийлиги саясий жолдор менен Хизб ут-Тахрирге каршы күрөшө албаган соң, бул адилеттүү жана мунасасыз үндү басууга аракет кылып, эч кандай соттун токтомун же мыйзамдын эч бир беренесин көрсөтпөстөн Хизбдин иш-аракетин мыйзамсыз жана адилетсиз чектеди. Ага карабастан Хизб ут-Тахрир Хасина бийлигинин камакка алуу, уурдоо, өлтүрүү жана армия офицерлерин иштен алуу жана Исламга каршы аракеттерине каршы мунасасыз саясий күрөштү улантты. 2013-жылда тогут Хасина мыйзамга тескери түрдө, бийликти кыянаттык менен пайдаланып, Хизб ут-Тахрирди «терроризмге каршы күрөшүү мыйзамына» да киргизди.

Хасина бийлиги кулатылгандан кийин Индия режими жана анын маалымат каражаттары Ислам жана Хизб ут-Тахрир туурасында көптөгөн жалгандарды, чагымчыл билдирүүлөрдү жана кабарларды таратты. Биз акылуу түрдө ушуну сурайбыз – убактылуу бийлик Батыш мамлекеттерине жана Индияга беригенби?! Ал Имтияз Салимди камакка алуу менен эмнени ырастоого урунуп жатат?! Биз убактылуу бийликтен колонизатор кафир Батышка жана анын регионалдык союздашы болгон Индияга – малай Хасина бийлиги сыяктуу – таянууну токтотууну, Умматтын катарына жана чынчыл туйгуларына кайтууну талап кылабыз. Убактылуу бийлик ушуну унутпашы керек – өз жанын курман кылып, аларды бийликке алып келген студенттер бийликтин индиячыл саясатын кескин сындашкан. Аллах Таала айтат:

﴿لَّا يَتَّخِذِ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ ٱلۡكَٰفِرِينَ أَوۡلِيَآءَ مِن دُونِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَۖ وَمَن يَفۡعَلۡ ذَٰلِكَ فَلَيۡسَ مِنَ ٱللَّهِ فِي شَيۡءٍ﴾

«Момундар момундарды таштап коюп, кафирлерди дос тутушпасын! Ким андай кылса, демек ал Аллахка эч нерседе эмес (т.а. Аллахка чоочун)»   [3:28]

Ушуну баса белгилейбиз, Хизб ут-Тахрир – саясий Хизб, мабдасы – Ислам. Хизбдин максаты – Ислам Умматын ойготуу, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоо жана Ислам Умматын колонизатор кафир Батыш мамлекеттеринин жана алардын регионалдык союздаштарынын чеңгелинен азат кылуу. Аллах Таала айтат:

﴿وَلۡتَكُن مِّنكُمۡ أُمَّةٞ يَدۡعُونَ إِلَى ٱلۡخَيۡرِ وَيَأۡمُرُونَ بِٱلۡمَعۡرُوفِ وَيَنۡهَوۡنَ عَنِ ٱلۡمُنكَرِۚ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ﴾

«Араңарда жакшылыкка чакырган, маъруфка буйруп, мункардан кайтарган бир жамаат болсун, дал ошолор ийгилик табуучулар»        [3:104]

Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө менен гана жаңы Бангладеш адилеттүү жана алдыңкы мамлекетке айланат. Ошондуктан, биз, Хизб ут-Тахрир мүчөлөрү, мамлекеттеги бардык калыс жана таасирдүү кишилерди Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн Хизб ут-Тахрир менен биргеликте аракет кылууга чакырабыз. Расулуллах ﷺ айтат:

«ثُمَّ تَكُونُ مُلْكاً جَبْرِيَّةً فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ تَكُونَ ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

«Кийин жабыр көрсөтүүчү залим падышалык болот жана ал Аллах каалаганча турат. Кийин Аллах Өзү каалаганда аны көтөрөт. Кийин пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот». (Имам Ахмад риваяты).

Хизб ут-Тахрирдин Бангладештеги

басма сөз бөлүмү

 

turkistonkg

Recent Posts

Түрк мамлекеттер уюму кимдин кызыкчылыгына кызмат кылат?

Түрк мамлекеттер уюму кимдин кызыкчылыгына кызмат кылат? Кыргызстанда 6-ноябрда Түрк мамлекеттери уюмунун XI саммити өтөт.…

4 hours ago

Силерге аз гана илим берилген

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Силерге аз гана илим берилген Урматтуу бир туугандар “Асыл…

4 hours ago

Бир жыл болду, бирок 57 мамлекет эч бир чара көрүшкөн жок!

Басма сөз баянаты Бир жыл болду, бирок 57 мамлекет эч бир чара көрүшкөн жок! Яхудийлердин…

2 days ago

«Аллах жолунда (жихадда) өлтүрүлгөндөрдүн амалдарын (Аллах) эч качан текке кетирбейт»

Басма сөз баянаты ﴿وَٱلَّذِينَ قُتِلُواْ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ فَلَن يُضِلَّ أَعۡمَٰلَهُمۡ﴾ «Аллах жолунда (жихадда) өлтүрүлгөндөрдүн…

2 days ago

Европа Союзу мамлекеттеринин позициялары яхудий вужудуна жана анын региондогу баскынчылыгына кандай таасир кылат?

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Европа Союзу мамлекеттеринин позициялары яхудий вужудуна жана анын региондогу баскынчылыгына кандай…

3 days ago

Трамп менен Харристин шайлоо алдындагы дебатына назар

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Трамп менен Харристин шайлоо алдындагы дебатына назар 2024-жылы 10-сентябрда «ABC News»…

3 days ago