Роя гезити

Саудия маалымат каражаты Газадагы каршылык кыймылынын жетекчилерин террорчу деп атагандан кийин чыккан толкундоо

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Саудия маалымат каражаты Газадагы каршылык кыймылынын жетекчилерин террорчу деп атагандан кийин чыккан толкундоо

(Би-Би-Си, 2024-жыл, 19-октябрь). Саудиянын Эм-Би-Си каналында көрсөтүлгөн видео социалдык медиа сайттарында ачуулануу жана каралоо толкунун жаратты. Бул абал ондогон ирактыктар ишемби күнү Багдаддын Жамиа районунда жайгашкан телестанциянын офисине бастырып киришине чейин жеткен. Эфирге берилген видеодо Хамас кыймылынын жетекчиси Яхя Синвар «терроризмдин жаңы жүзү жана дүйнө андан кутулган акыркы адам» катары көрсөтүлгөн. О.э. көрсөтүнүн алып баруучусунун артында турган экранда «Синвар… (израиль) аны өлүмдөн куткарды. Ал болсо (израилге) каршы согушту» деп жазылган. Демонстранттар Саудиянын бул каналынын видеосун каршылык кыймылын акаараттоо катары көрүштү. Алар имараттын тышкы короосун өрттөшүп, ичиндеги жабдыктарды талкалашты. Араб мамлекеттериндеги социалдык медиа сайттары бул каналды каралаган кыжырданган комментарийлер менен толуп ташты. Комментарий калтыргандар муну яхудий вужудуна жан тартуу жана аны менен мамилелерди нормалдаштыруу деп билишти. Айрымдар телекөрсөтүүнү «Саудия каржылаган (израиль) ТВ программасы» дегенге чейин барышты.

Роя: ыктымал, Ислам өлкөлөрүндөгү адамдар кырсыктуу абалдан чыгуунун бул өкүмдарларды кулатуудан башка жолу жок экендигин катъий түшүнүп жетиши үчүн малай өкүмдарлардын спутникалык каналдары ушинтип бетпактык кылышы зарылдыр. Ооба, албетте, бул өкүмдарларды кулатуудан башка жол жок. Себеби, бул өкүмдарлар өлкөлөрүбүздө душманыбыздын аракетин көрүп, буйруктарын аткарышууда. Туурасы, алардын каалоосу Умматтын каалоосунан айырмаланат. Уммат азиздикке умтулуп жаткан өрөөндө болсо, алар малайлык, төмөндүк жана Аллахтын динине душмандык өрөөнүндө.

 Роя гезити, №518, 2024-жыл, 23-октябрь.

turkistonkg

Recent Posts

Турак жайды каржылоо долбоору арам баткагында

Турак жайды каржылоо долбоору арам баткагында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде "Бардыгы…

23 hours ago

Ыйман, ислам, ихсан жана Кыямат тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыйман, ислам, ихсан жана Кыямат тууралуу Урматтуу бир туугандар…

1 day ago

Тунис режиминин башкесерлери Моссад жана башка чет мамлекеттердин разведкалары өлкөдө шүмшүңдөп жүрүшүнө жол берип, Газаны колдошкондугу үчүн Тунис аялдарынын артынан түшүүдө!

Басма сөз баянаты Тунис режиминин башкесерлери Моссад жана башка чет мамлекеттердин разведкалары өлкөдө шүмшүңдөп жүрүшүнө…

2 days ago

Халифалык тикеленгенде чыныгы жеңишти майрамдайбыз!

Басма сөз баянаты Халифалык тикеленгенде чыныгы жеңишти майрамдайбыз! 2024-жылы 28-сентябрда Судандын Шенди, Атбара, Портсудан жана…

2 days ago

Пакистан өкүмдарларынын басып алынган Кашмир жөнүндө карманган начар позициясы баскынчы Индияны кайраттандырууда

Басма сөз баянаты Пакистан өкүмдарларынын басып алынган Кашмир жөнүндө карманган начар позициясы баскынчы Индияны кайраттандырууда…

2 days ago