Роя гезити

Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү

 Устаз Ахмад Таий – Ирак вилаяты

1979-жылы Хамейний Иранда бийликке келгенден бери Иран Американын кызыкчылыктарынан келип чыгып, өзүнүн регионалдык таасирин кеңейтүүгө аракет кылууда. Себеби, ал т.а. Иран Американын орбитасында айланат. Иран Ливанда өз хизбине негиз салды. Бул хизб сан жана куралдануу жагынан эң маанилүү жана ири топ болуп эсептелет.

2003-жылы Америка Иракты басып алгандан кийин Иран Иракка кирди. Ал баскынчы  күчтөрдү айгышкан каршылыктан куткарууга салым кошту. Себеби, ал баскынчы күчтөргө каршы күрөштү мазхабчылдык согушка айлантты жана бул согушта жүз миңдеген өлкө перзенттери курман болду. Иран ага көз каранды куралдуу топторго жана ыктыярдуу күчтөргө негиз салды. Ошондон кийин анын ыктыярдуу күчтөрү Сирия козголоңунан кийин Шам өлкөлөрүндө жайгашты. Ал тургай, алар Сириянын кылмышкер өкүмдарына оор жүк болуп калды. О.э. Иран Хусий ыктыярдуу күчтөрүн колдоп-кубаттоо аркылуу Яманда көзөмөлдү колго алды.

Ошентип, көрүп турганыңардай, Иран өз жеринен алыста коргонуу линияларын түздү. Иран бул каршылык кыймылы жана Фалестинди азат кылуу үчүн экенин жарыялап адамдарды алдады. «Акса ташкыны» операциясы каршылык кыймылынын маскасын кийгендерди жана алардын жалгандарын, каршылык огунун жалгандыгын ачыкка чыгарды. Яхудийлердин Газа калкына каршы кыргындарына дээрлик бир жыл болду. Ал тургай, яхудий вужуду Иранга катуу соккуларды берип, анын жетекчилерине кол салды, Сириядагы элчилигине сокку урду. Кийин ал Хамас кыймылынын саясий бюросунун жетекчиси Исмаил Ханийяга Ирандын аймагында өлтүрдү. Бирок биз курулай коркутуп кыйкыруулардан башка нерсе укпадык.

Ошентип, яхудий вужуду – эгер кызыкчылык талап кылса Иран ар кандай тарапкеринен баш тартууга даяр экенин көргөн соң – Ирандын Ливандагы хизбине көңүлүн бурду. Яхудий вужуду Иран хизбинин жетекчилерине кол салуу, байланыш жабдыктарын пайдаланып жардыруу жана анын көптөгөн жетекчилерине соккуларды берүү аркылуу бүткүл ачуусун чыгарды. Акырында ал Иран хизбинин башкы катчысын өлтүрдү. Булардын бардыгы Иран Америка менен сүйлөшүү жолун издеп жатканда болду.

Ирактагы каршылык кыймылына келсек, алардын абалы оор. Себеби, бул топтордун бардыгы Ливандагы Иран хизбин өзүлөрүнүн булагы деп билишет. Баары Иран хизбин ээрчишет, ал тургай анын буйрук жана насааттары алар үчүн өтө маанилүү. Ошондуктан, алар өз зээнинде калыптанган ушул имараттын кулаганын жана алыстагылардан мурун жакындагылар андан баш тартканын көрсө, эмне кылат? Иран хизбинин кожоюну Иран сыяктуу бакыруу, ыйлоо жана коркутуудан бакша чара калбайт!

Ирактын эң көзгө көрүнгөн куралдуу топтордун бири болгон «Шахиддер саййиди» бригадасы 2024-жылы 25-сентябрда топтор кийинки баскычта яхудий вужуду менен боло турган узак мөөнөттүү согушка даяр экенин билдирди. Бул жөнүндө бригада жетекчилеринин бири Аббас Зайдий Шафак маалымат агенттигине билдирип, ушуларды айтты: «Ирак каршылык кыймылынын топтору сионисттик вужудга каршы согушта Ливандагы Хизбуллахты о.э. каршылык огундагы мамлекеттер арасынан кол салууга учураган ар кандай мамлекетти аскерий жана логистикалык колдоп-кубаттоого кудуреттүү жана даяр». Бул бригада мурункудай маалымат каражаттарына билдирип коюу үчүн соккуларды берди – 2024-жылы 25-сентябрда яхудий вужудунун аскерий объектилерин дрондор менен бутага алды.

«Ирак Исламий Каршылык» кыймылынын билдирүүсүндө айтылышынча, анын мужахиддери «командачылык жабдыктар борбору жана регионалдык техника бөлүмү» болгон Шамсан базасына аба чабуулун уюштуруп, яхудий офицерлер жана аскерлер жайгашкан жайларга сокку берген. Куралдуу топторду өз ичине алган «Ирак Исламий Каршылык» кыймылы билдиргендей, 2024-жылы 26-сентябрда яхудий вужудунун Жулан дөңсөсүндөгү объектисине сокку берилген. Каршылык кыймылы жарыялаган билдирүүдө айтылышынча, анын согушкерлери 2024-жылы 27-сентябрда басып алынган Жуландагы бутага дрондор аркылуу чабуул кылышкан. (Shafaq News).

Бул жооптор реалдуулукка туура келеби?!

Жада калса, жооп күчсүз болсо да, каршы тараптан яхудий вужудунун күчтүү коркутуусун көрөбүз. Ал 2024-жылы 24-сентябрда Ирак куралдуу топторунун чабуулдарына жооп берүү үчүн «тийиштүү чара көрүү» менен коркутту. Яхудий вужудунун армиясынын маалымат катчысы Даниэл Хагарий маалымат билдирүүсүндө: «Биз Ирактан бизге карата коркутууларды дыкат күзөтүп, маалымат топтоп жатабыз», – деди. «Биз тийиштүү чараларды көрөбүз», – деп кошумчалады ал.

Кылмышкер өкүмдарлардын кыянаты жана мусулман армияларынын кайдыгерлиги болбогондо яхудий вужуду дүрбөлөң көтөрүп коркутууга батынмак эмес. Расулуллах ﷺдын Исра жерин азат кылуу исламий маселе болуп, бардык мусулмандардын мойнундагы аманат о.э. күч-кубат ээлеринин жана Уммат армияларынын жоопкерчилигиндеги фарз. Бул маселе саткын режимдердин буйругуна моюн сунган куралдуу топтордун маселеси эмес. Себеби, Газа калкына жана бардык алсыз мусулмандарга жардам берүү мусулман армияларынын колунда. Мусулмандардын төгүлгөн ар бир тамчы пакиза каны үчүн Аллах аларды сурак кылат.

Эй, мусулман армиялары: Газа каззаб жана дажжалдардын бетин ачкандан кийин силерге шылтоо калбады. Демек, өз милдетиңерди аткарып, Роббиңердин бийругуна жооп бергиле. Аллах силер менен бирге жана Ал кылган амалыңардын ажр-сыйлыгын кемитпейт.

 Роя гезити, №515, 2024-жыл, 2-октябрь.

turkistonkg

Recent Posts

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…

7 hours ago

Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу  Устаз Асъад Мансур Ар кандай…

2 days ago

Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…

2 days ago

Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача  Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…

2 days ago

Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…

2 days ago

Алла шерик кошууга муктаж эмес

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Алла шерик кошууга муктаж эмес Урматтуу бир туугандар “Асыл…

2 days ago