Жаңылыктар

Алла шерик кошууга муктаж эмес

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Алла шерик кошууга муктаж эмес

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Ибн Маажанын “Сунан” китебиндеги “Эл көрсүн үчүн кылынган амал” жөнүндөгү темада айтылган:

حَدَّثَنَا أَبُو مَرْوَانَ الْعُثْمَانِيُّ حَدَّثَنَا عَبْدُ الْعَزِيزِ بْنُ أَبِي حَازِمٍ عَنْ الْعَلَاءِ بْنِ عَبْدِ الرَّحْمَنِ عَنْ أَبِيهِ عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: قَالَ اللَّهُ عَزَّ وَجَلَّ أَنَا أَغْنَى الشُّرَكَاءِ عَنْ الشِّرْكِ فَمَنْ عَمِلَ لِي عَمَلًا أَشْرَكَ فِيهِ غَيْرِي فَأَنَا مِنْهُ بَرِيءٌ وَهُوَ لِلَّذِي أَشْرَكَ

Бизге Абу Марван аль-Усманий Абу Хурайрадан Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам)дын ушундай дегенин риваят кылат. Аллах Таала айтты: “Мага шерик кылынган нерселерге муктаж эмесмин. Кимде-ким кайсы бир амалды кылууда Мага ширк кылса, Мен андан тазамын. Анын кылган иши ширк кылган шеригине таандык”.

Тухфат аль-Ахвазий Термизинин “Сунан”ына берген түшүндүрмөсүндө айтылган. “Мага шерик кылынган нерселерге муктаж эмесмин”. Башкача айтканда, алардын ширк кылып жаткан нерсесинен жогору.

Мага ширк кылса” башкача айтканда, бир ишти кылуу максатында Аллахтан башка нерсени ортого шерик кылуу. Аллах Таала Анын ыраазылыгы үчүн жана Анын ыраазылыгын көздөп кылынган ыкластуу амалдан башка эч нерсени кабыл албайт.

Бул хадисти Ат-Тирмизи Алла Тааланын ушул сөзүн тафсирлеп жатып айткан:

{فَمَنْ كَانَ يَرْجُو لِقَاءَ رَبِّهِ فَلْيَعْمَلْ عَمَلًا صَالِحًا وَلَا يُشْرِكْ بِعِبَادَةِ رَبِّهِ أَحَدًا}.

“Ошондуктан ким Роббисине жолугууну үмүт кылса, анда ал жакшы амалдарды кылсын жана Роббисине ибадат кылууда эч кимди шерик кылбасын”. (Кахф: 110).

Бул Асыл хадисте мусулман адамдын ниети Алла Таала үчүн чын ыкластан болушу керектиги жана эл көрсүн үчүн (рия) кылбоосу керектиги тууралуу эскертүү бар.

Мусулманды Аллахтын ыраазылыгын көздөөдөн башка максатта ибадат кылуудан кайтарган көптөгөн нусустар келген. Бул эң чоң күнөөлөрдөн, ал тургай ширк болуп эсептелет. Анткени бул ыйманга карама-каршы келет. Бул мусулман адам өз иш-аракеттеринде шериги жок жалгыз Аллахка таянуусун талап кылат.

{وَمَا أُمِرُوا إِلاَّ لِيَعْبُدُوا اللَّهَ مُخْلِصِينَ لَهُ الدِّينَ}

Аллах Таала айтты: “Алар  динде Аллахка гана сыйынууга жана ага гана ыкластуу болууга, буюрулушту (Баййина: 5).

Аалымдар рияга (эл көрсүн үчүн кылынган амалга) түрдүү аныктамаларды беришкен жана бул аныктамалар бир нерсенин гана тегерегинде чечмеленген.

Пенде Аллахка жакындата турган ибадатты кылууда Аллах Тааланын ыраазылыгын гана көздөшү керек. Тескерисинче, кандайдыр бир пайданы же дүнүйөлүк кызыкчылыкты көздөөсү мүмкүн эмес.

Аллахтан амалыбызды чын ыкластуу кылышын жана кабыл болушун тилейбиз.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 13-робиус-саани.

2024-ж, 16-октябрь.

turkistonkg

Recent Posts

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…

9 hours ago

Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу  Устаз Асъад Мансур Ар кандай…

2 days ago

Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…

2 days ago

Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү  Устаз Ахмад Таий –…

2 days ago

Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача  Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…

2 days ago

Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…

2 days ago