Жаңылыктар

Жапаровдун Италияга сапарынын максаты эмне?

Жапаровдун Италияга сапарынын максаты эмне?

Президент Садыр Жапаров Италияга жасаган расмий сапарынын алкагында өлкөнүн президенти Сержо Маттарелла жана өкмөт башчы Джорджа Мелони баштаган жетекчилер менен жолугушту.

Жапаров Маттарелла менен жолугушууда эки өлкөнүн алакасы буга чейин эл аралык уюмдар жана Тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде гана болуп келгенин белгиледи. Ошондой эле ушул жылдын июнь айында Брюсселде Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосунда кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө келишим Европа Биримдиги жана Италия менен саясий, соода-экономикалык кызматташууга өбөлгө түзөрүн билдирди. Мындан тышкары, салык мыйзамдарын реформалоонун натыйжасында өлкөдө либералдуу салык режими иштеп жатканын, инвесторлор үчүн жагымдуу шарт түзүлүп жатканын кошумчалады.

Ал эми, өкмөт башчы Мелони менен жолугушууда, президент расмий сапарынын негизги максаты – Кыргызстан Италиянын ишенимдүү өнөктөшү экендигин тастыктоо болгонун баса белгиледи.

Эске салсак, Италия менен Борбор Азия Тышкы иштер министрлеринин C5+1 форматындагы үчүнчү жолугушуусу үстүбүздөгү жылы Римде болуп өткөн. Жолугушууда аймактагы өлкөлөр менен Италиянын ортосунда экономика, соода, энергетика тармагында кызматташуу темалары талкууланган.

Белгилүү болгондой, кыргыз бийлиги “эгемендүүлүк” жылдарынан тарта Орусиянын таасири астында күн өткөрүп келген. А бирок, акыркы жылдары, айрыкча Орусия Украина баткагына батып баруусунан улам өлкөдө Кытайдын таасири артып барууда. Муну саясий келишимдер менен катар статистикалык маалыматтар да күбөлөп турат. Маселен, Кыргызстандын өткөн жылдагы тышкы соодасы 11,8 миллиард долларды түздү. Тышкы соодада Кытай биринчи орунга чыгып соода алака 4,1 млрд долларга жетти. Ал эми, Кытайдын статистикасында Кыргызстанга мындан 4 эсе көп товар экспорт кылынганы белгиленген. Кыргызстанды Кытайга байлаган дагы бир фактор мамлекеттин тышкы карызы. Кыргызстандын тышкы карызы 4 жарым млрд долларды түзсө, анын 2 млрдга жакыны Кытайга тиешелүү. Ал эми, тоо-кен иштетүүчү ишканалардын 80 %ы кытай компанияларына таандык.

Мындан улам, өлкө бийлиги толугу менен Кытайдын таасири астында калуу коркунучун алдын алып, Батыш өлкөлөрү менен алакаларды орнотууга ашыгып, инвестициялык долбоорлорго Батыш компанияларын тартып келүүгө аракет кылып келет. Ушул максатта июнь айында Евро Биримдик менен Кыргызстандын ортосунда стратегиялык келишимге кол коюлган. Бул келишим Кыргызстан менен Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн ортосунда саясий, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жол ачып берди. Анын артынан Британия жана Германия менен бир катар келишимдер түзүлдү. Учурда болсо кыргыз бийлиги Италиянын каржы мүмкүнчүлүктөрүнөн үмүт артууда.

Демек, Кыргызстан бийлигинин тышкы саясатта негизги багыты Кытай менен Орусияга каратылса да, Батыш өлкөлөрү, анын ичинде Италия менен кызматташтыкты күчөтүүгө кызыктар. Муну жогорудагы сапардын алкагында түзүлгөн келишимдер, соода алакалардын күчөтүлүшү күбөлөп турат. Айрыкча, кыргыз мыйзамдарын Батыш компанияларына ийкемдүү кылуу үчүн юстиция тармагында кызматташтыктар күчөтүлүп жатат.

Жыйынтыктап айтканда, биз мусулмандар пайдага негизделген, зулумдук үстүнө курулган капиталисттик системадан баш тартып, өз Исламыбызга жүздөнгөнгө чейин колонизаторлордун биздин үстүбүздөгү өкүмзордугу жана таасир талашы улана бермекчи. Бул колонизаторлор ондогон жылдан бери аймакта кандуу колдорун матырып, өздөрүн бизге дос катары көрсөтүп келишет. Алардын кылмыштуу аракеттери болсо Афганистанда, Иракта, Сирияда ашкере болгон. Учурда кандуу кылмыштары Газада уланууда. Андыктан, бул колонизаторлор эч качан биз мусулмандарга жакшылык каалабайт. Аларды биздин жер астындагы жана үстүндөгү байлыктарыбыз гана кызыктырат. Аллах Тааланын ушул сөзү алардын ниетин ачык ырастап турат:

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ لاَ تَتَّخِذُواْ الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاء مِن دُونِ الْمُؤْمِنِينَ

“Эй момундар, момундарды коюп каапырларды дос тутпагыла!”. (Ниса: 144).

Андыктан, биз мусулмандар Ислам душмандарынан эч бир жардам күтүшүбүз дурус эмес. Анткени, алардын жардамдары ойрон кылуу, кыргындар менен коштолушу анык.

Мумтаз Маверанахрий

turkistonkg

Recent Posts

Камсыздандыруу калктын кыжырына тийүүдө

Камсыздандыруу калктын кыжырына тийүүдө Кыргызстанда камсыздандыруу компанияларынын кирешелери акыркы беш жылда эки эседен ашты. Алардын…

5 hours ago

Насаат айтууда жек көргөн нерсеге ачуулануу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Насаат айтууда жек көргөн нерсеге ачуулануу Урматтуу бир туугандар…

23 hours ago

Туруктуулук менен ыймандын ортосундагы амал

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Туруктуулук  менен ыймандын ортосундагы амал Урматтуу бир туугандар “Асыл…

23 hours ago

Жетим-Тоо кенинде чалгындоо иштери башталат

Жетим-Тоо кенинде чалгындоо иштери башталат 2025-жылы Нарындагы Жетим-Тоо кенинде чалгындоо иштери башталат. Бул тууралуу “Кыргызгеология”…

3 days ago

Эй, мусулман өлкөлөрүндөгү өкүмдарлар, уялбайсыңарбы?

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Эй, мусулман өлкөлөрүндөгү өкүмдарлар, уялбайсыңарбы? Бул дүйнөдөгү жамандыктан жана акыреттеги азаптан…

4 days ago

Үммөт менен акимдердин ортосундагы талаш-тартыш

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Үммөт менен акимдердин ортосундагы талаш-тартыш Урматтуу бир туугандар “Асыл…

6 days ago