Жаңылыктар

Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу

Бисмиллааахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

حدثنا قتيبة حدثنا عبد العزيز بن محمد عن عمرو بن أبي عمرو عن عبد الله الأنصاري عن حذيفة بن اليمان عن النبي صلى الله عليه وسلم قال: “والذي نفسي بيده لتأمرن بالمعروف ولتنهون عن المنكر، أو ليوشكن الله أن يبعث عليكم عقابا منه ثم تدعونه فلا يستجاب لكم” رواه الترمذي وقال حسن صحيح.

Кутайба Хузайфа бин Аль-Ямандан Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) риваят кылып айтты: “Жаным колунда болгон Затка ант болсун, силер албетте жакшылыкка буйруп, жамандыктан кайтарасыңар. Болбосо Аллах өз алдынан силерге азап жиберет. Ошондо Ага дуба кыласыңар, бирок дубаңар кабыл болбойт” (Тирмизий риваят кылган жана аны хасан сахих деп айткан).

Сүйүктүү бир туугандар!

Исламдын бийлик жана турмуштан узак болушу куфр пикирлери менен сакофатынын үммөттүн жашоосуна кирип келишине кеңири жол ачты. Мусулмандардын жүрүм-туруму, пикирлери жана туйгулары Исламдан алыстоосуна алып келди. Аллахтын буйруктарынан жана тыюуларынан алыстап, а түгүл үммөт арам аралашкан деңиздин ортосундагы толкундар арасында күн кечирип калды. Капитализм, демократия жана секуляризм караңгылыгынын ортосунда жашап калды. Караңгылык үстүнө караңгылык кошулууда. Ал тургай, өлчөөлөр жакшылыкты жамандыкка, жамандыкты жакшылыкка айланта турган өлчөө болуп калды. Чынчыл – жалганчыга, жалганчы – чынчылга айланып, рувайбизалардын кыйкырыгынан башка эч нерсе укпай калдык.

Эй мусулмандар!

Жакшылыкка буюруу жана жамандыктан кайтаруу көпчүлүктү ойлонто турган маселе болбой калды. Мусулмандардын мечиттерде сажда кылып, алакандарын көтөрүп Аллахка жалбарып, Аллахтан ондогон жылдар бою абалын өзгөртүүсүн суранып жатканын көрөсүң. Бирок алар өздөрүнө: “Эмне үчүн абалыбыз өзгөргөн жок, эмне үчүн душмандарды жеңе алган жокпуз?”, – деп суроо беришкен жок. Эгер алар Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам)дын хадисин аң сезимдүү пикирлешсе, жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтарып калышмак. Жекече гана эмес тескерисинче, буйрук жана тыюунун башаты болгон мамлекетти тикелөөгө аракет кылышмак. Бул үчүн Пайгамбарлык минхажы негизинде Халифалыкты калыбына келтирүүгө аракет кылган жамаат аркылуу аракет кылышмак.

Оо Аллахым, бизге мусулмандарды бириктирип, аларды башына түшкөн балээлерден арылта турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыктын тикеленишин тездет. Оо Аллахым, Өзүңдүн нуруң менен жер жүзүн жарык кыл.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 22-Робиул аввал.

2024-ж, 25- сентябрь.

turkistonkg

Recent Posts

Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда!

Басма сөз баянаты Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда! Кыргыз бийлиги сентябрь аында…

2 days ago

КЫЗЫЛ-ОМПОЛ КЕНИ ИШКЕ БЕРИЛДИ

Кызыл-Омпол кени ишке берилди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү…

3 days ago

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ!

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ! Ушул күндөрдө АКШнын Нью-Йорк…

3 days ago

Өкмөт жолдон эки жолу салык алууну көздөп жатат

Өкмөт жолдон эки жолу салык алууну көздөп жатат Министрлер кабинети Кыргызстанга ташылып келген күйүүчү-майлоочу майдын…

3 days ago

Илим ээлери жана аалымдар

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Илим ээлери жана аалымдар Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

4 days ago

Белужистандагы чыңалуу тууралуу

Бисмилаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Белужистандагы чыңалуу тууралуу Суроо: 2024-жылдын 14-сентябрында “Дар аль-Хилал” басылмасы Пакистан полициясы…

6 days ago