Жаңылыктар

Өкмөт жолдон эки жолу салык алууну көздөп жатат

Өкмөт жолдон эки жолу салык алууну көздөп жатат

Министрлер кабинети Кыргызстанга ташылып келген күйүүчү-майлоочу майдын литринен бир сомдон салык алып, Жол фондуна топтоону сунуштады. Бул маселе Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 23-сентябрдагы жыйынында талкууланды.

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевдин айтымында, өлкөгө жылына 1 миллион 700 миң тоннадан ашык күйүүчү май ташылып келет. Анын ар бир литринен бир сомдон алынганда, Жол фондуна 1 миллиард 700 миллион сом түшөт. Күйүүчү майдан алына турган жыйымдар күйүүчү май саткан ишкерлер аркылуу алынат.

Ал эми, депутат Элдар Абакировдун айтымында, учурда Жол фондуна бир катар жыйымдар аркылуу каражат түшүп жатат. Маселен, Салык кызматы ташып келинген күйүүчү майдын тоннасынан 5000 сом салык алат.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, учурда Жол фондунда 4 миллиард сомго жакын каражат бар. Ал акча автотранспортторду каттоо, өткөрмө бекеттер, айып пул, грант, күйүүчү майга салынган акциздик салыктан чогулган.

Учурда Бишкекте бензиндин баасы сапатына жараша 67 сомдун айланасында, ал эми дизелдин баасы 75 сомго чейин сатылууда. Аталган мыйзам долбоору кабыл алына турган болсо күйүүчү майдын баасы дагы кымбаттайт.

Комментарий:

Кыргыз бийлиги бюджетти толтуруу убадасын бергенден кийин бир катар салык жана төлөмдөрдүн санын көбөйтүү менен калктын жонунан кайыш тилип келүүдө. Буга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол эрежесин бузгандарды аныктоо үчүн дрондорду колдоно баштаган. 8-марттан тартып жол эрежесин бузгандарга жазалар күчөтүлгөн. Айып пулдар ар бир эреже бузууга дээрлик эки эседен ашык белгиленген. Маселен, белгиленген нормадагы ылдамдыктан 60 чакырым/сааттан ашса — мурдагы 7 500 сомдун ордуна 15 000 сом белгиленген.

Буга кошумча, акыркы бир жыл ичинде эле светтин баасын 11 пайызга, жылуулук жана ысык суунун тарифин үч эсе кымбаттатты. Соодагерлерге ККМ орнотуу менен бюджеттин дээрлик жарымын түзгөн НДС салыгын көтөрүү аракети жүрүп жатат. Бул салыктар айланып келип эле калк сатып алган негизги товарлардын баасы кымбатташына алып келет. Ансыз да жылдык инфляция 11 пайыздан ашып, айрым азык-түлүктөр эселеп кымбаттоодо. Натыйжада, карапайым калктын жүгү барган сайын оорлоп жатса, бир ууч капиталисттердин байлыгы артып барууда.

Мунун каршысында Ислам түзүмүндө, мамлекет өз иштерин жүргүзүү үчүн салык салууга муктаж болбойт. Анткени, өз иштерин жүргүзүү үчүн жер жана кыймылсыз мүлк сыяктуу мамлекеттик мүлктөрдөн пайдаланат. Ал эми, калктын жалпы кызыкчылыктарына тиешелүү муктаждыктарга адамдардын бардыгы шерик болгон умумий мүлктөрдөн сарптайт. Маселен, мектептер, университеттер, ооруканалар, жолдор, аэропорттордун курулушу жалпы адамдардын кызыкчылыгы болуп, ага умумий мүлктөн сарпталат. Мисалы, алтын, мунай, газ, темир, уран сыяктуу табигый байлыктарды иштеп чыгаруудан алынган пайдалар ушул тармактарга жумшалат.

Мындан тышкары, Ислам байлыктын бир ууч адамдардын колунда чогулуп калышына жол бербейт. Ошол эле учурда жакыр жана муктаж кишилерди салык төлөтүү менен айласын кетирбейт. Балким, кирешеси белгилүү өлчөмгө жеткен гана адамдардан зекет жыйып алат. Зекетти адамдар ибадат катары кубануу менен беришет.

Исламда мамлекет сейрек учурда, тагыраагы, Алла Таала мамлекетке жана Үммөткө парз кылган ишти аткаруу үчүн муктаж болгон учурда гана мусулмандар арасындагы бай адамдарга кайрылып, карыз алышы мүмкүн. Кээде мамлекет мусулмандардын байларынан кайсы бир муктаждыкты чечүү үчүн ушул керектүү каражаттын өлчөмүндө гана салык салышы мүмкүн. Мисалы, Расулуллах (с.а.в) Табук казатына керектүү каражат үчүн мусулмандарга кайрылган. Ошондо, Усман (р.а) бул катаал жылдагы кыйынчылыкты жоюу үчүн миң динар берген.

Демек, Исламдагы мындай салык учурдагы капиталисттик түзүмдөгү салык жана төлөмдөр сыяктуу туруктуу түрдө алынбайт. Туруктуу түрдө салык топтоо жайиз эмес. Ошондуктан, капиталисттик түзүмдөгү салыкка негизделген экономикалык түзүмдү Исламдагы экономикалык түзүмгө окшотуу чоң ката. Расмий бийлик ишке ашырып, чакырып жаткан салыктарга Исламда тыюу салынган!

Нурдин Асаналиев

turkistonkg

Recent Posts

Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда!

Басма сөз баянаты Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда! Кыргыз бийлиги сентябрь аында…

2 days ago

КЫЗЫЛ-ОМПОЛ КЕНИ ИШКЕ БЕРИЛДИ

Кызыл-Омпол кени ишке берилди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү…

3 days ago

Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу

Бисмиллааахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу Урматтуу…

3 days ago

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ!

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ! Ушул күндөрдө АКШнын Нью-Йорк…

3 days ago

Илим ээлери жана аалымдар

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Илим ээлери жана аалымдар Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

4 days ago

Белужистандагы чыңалуу тууралуу

Бисмилаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Белужистандагы чыңалуу тууралуу Суроо: 2024-жылдын 14-сентябрында “Дар аль-Хилал” басылмасы Пакистан полициясы…

6 days ago