Жаңылыктар

Илим ээлери жана аалымдар

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Илим ээлери жана аалымдар

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

عن أبي هريرة رضي الله عنه قال‏:‏ قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: ‏”‏من تعلم علمًا مما يبتغى به وجه الله عز وجل لا يتعلمه إلا ليصيب به عرضًا من الدنيا، لم يجد عَرف الجنة يوم القيامة‏”‏ يعني ريحها‏،‏ رواه أبو داود بإسناد صحيح‏.‏

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Кимде-ким Аллах Тааланы тааныткан илимди бул дүйнө пайдасына ээ болуу үчүн гана үйрөнсө, Кыямат күнү ал бейиштин жытын да таппайт”. (Абу Дауд сахих иснад менен риваят кылган).

Сүйүктүү бир туугандар.

Сөздөрдүн эң жакшысы – Аллахтын сөзү, ал эми эң туура жол – Анын пайгамбары Мухаммад (с.а.в)дын жолу.

Бул асыл хадисте илимди дүйнө пайдасы үчүн үйрөнгөндөр жана алардын акыреттеги жемиши тууралуу айтылды. Өзгөчө азыркы учурда илимди өзүнүн убактылуу пайдасы үчүн алып, өздөрүн жалгандан ушул ысым менен атаган аалымдарды угуп, көрүп жатабыз.

Илим эки максатта үйрөнүлөт:

Биринчиси, зээндеги суроолорго жооп табуу үчүн. Экинчиси, илимге ээ болуу менен каржылык пайдага жетүү үчүн.

Биринчи маселеге келсек, буга кызыгуу жана муктаждыкты канааттандыруу талабы түрткү болот. Же жогорку даражага жетүү үчүн Аллах Тааланын буйругун аткаруу, Аллахтан коркуу, арамдан алыс болуу жана акыретте жеңишке жетүү үчүн туура жолго түшүү максат кылынат.

Ал эми материалдык пайда табуу үчүн илим алгандардын максаты материалдык пайда табуудан башка эч нерсе эмес. Аны аракетке келтирген нерсе пайда.

Ал эми, илимди Аллах Тааланы ыраазы кылуу үчүн үйрөнгөн адам илимди үйрөнүүдөн пайда алып, башкаларга да пайда жеткирген чыныгы аалым. Аллах аларды мактаган жана аларга эң жакшы сыйлыкты убада кылды. Мына ушул инсандардын аркасы менен биз динибиз жөнүндө көп нерселерди билдик. Алар себептүү хидаятсыз адамдар түшкөн каталарга түшпөйбүз. Жер жүзүн куткаруучу мураскорлору катары өзүбүзгө артылган ишенимди актоого бул нерсе жардам берерин билебиз.

Ал эми акырет илимин материалдык пайда үчүн үйрөнгөндөрдүн максаттары жана ой жүгүртүүлөрү пайда болгондуктан, алар эң жаман адамдардын катарына кирет. Булар материалдык көз карашынын тардыгынан адамдардын жашоосуна бактысыздык жана кыйынчылык пайда кылышат. Булар шариятты соода катары кабыл алышкан. Алардын арасында ахлаксыздык, зулумдук, бузукулук жайган башкаруучуларга кызмат кылып, дин соодасын жүргүзгөн сарай уламалары да бар. Муну тастыктап турган эң ачык нерсе – Раббибиздин мыйзамынан баш тартып, адам чыгарган мыйзамдын колдонулушу. Бул аалымдар Роббибиздин мыйзамын таштап, адам чыгарган башка мыйзамдардын колдонулушуна дүйнө пайдасы үчүн  уруксат беришти. Алар элдердин жашоосун бузуп жатышат. Айрыкча, ислам үммөттүнүн жашоосуна орду толгус зыян жеткиришти. Анктени, алар Аллах үммөт үчүн тандап, ыраазы болуп берген динин үммөткө бузуп көрсөтүштү. Алар жер-жерлерде реформалар жана кайра куруулар шылтоосу аркылуу өз максатын ишке ашырууда. Мына ушулар бийиктикке баруучу жолдогу таштар. Аларды жолдон алып салуу үчүн үммөт аң-сезимдүү болуусун Аллахтан үмүт кылабыз.

Аллахтан илим ээлери менен аалымдарды Туура жолго кайтаруусун тилейбиз. Аларга окшогон адашкан аалымдардын үйрөткөн нерселеринен сакташын сурайбыз. Үммөттүбүздүн  ушундай инсандар тууралуу аң-сезими артып, аларды жана алардын кожоюндарын татыктуу ордуна коюусун үмүт кылабыз. Жер жүзүнүн мураскору катары тандалып алынган бул үммөттүн бул ишти кылуусу алыс эмес.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.

1446-х 20-Робиул аввал.

2024-ж 23-сентябрь.

 

turkistonkg

Recent Posts

Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда!

Басма сөз баянаты Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда! Кыргыз бийлиги сентябрь аында…

2 days ago

КЫЗЫЛ-ОМПОЛ КЕНИ ИШКЕ БЕРИЛДИ

Кызыл-Омпол кени ишке берилди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү…

3 days ago

Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу

Бисмиллааахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу Урматтуу…

3 days ago

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ!

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ! Ушул күндөрдө АКШнын Нью-Йорк…

3 days ago

Өкмөт жолдон эки жолу салык алууну көздөп жатат

Өкмөт жолдон эки жолу салык алууну көздөп жатат Министрлер кабинети Кыргызстанга ташылып келген күйүүчү-майлоочу майдын…

3 days ago

Белужистандагы чыңалуу тууралуу

Бисмилаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Белужистандагы чыңалуу тууралуу Суроо: 2024-жылдын 14-сентябрында “Дар аль-Хилал” басылмасы Пакистан полициясы…

6 days ago