Суроо-Жооптор

Белужистандагы чыңалуу тууралуу

Бисмилаахи рахмаанир рахиим

Суроо-жооп

Белужистандагы чыңалуу тууралуу

Суроо: 2024-жылдын 14-сентябрында “Дар аль-Хилал” басылмасы Пакистан полициясы ишембиде өлкөнүн Белужистан провинциясынын борбору Кветта шаарында полиция автобусунун жанында болгон жардыруудан кеминде эки кызматкер каза болгонун жарыялады. Буга чейин Пакистан ондогон жылдар бою согушкерлер жүргүзгөн этникалык козголоңдун эң ири чабуулдарына күбө болгон. Бир нече кол салууларда жалпысынан 73төн ашуун адам каза болду. Журналисттерге электрондук почта аркылуу жөнөтүлгөн билдирүүдө, кол салуулар үчүн жоопкерчиликти Белужистан боштондук армия тобу өзүнө алды. (Аль-Хурра 27.8.2024). Эмне үчүн бул чабуулдар Белужистанда күчөп жатат? Армияга көйгөйлөрдү жаратууда Британиянын катыштыгы барбы? Америка Пакистан армиясын басып алынган Кашмир жана Индиядан алыстатып башка нерселер менен алек кылып жатабы? Бул окуяга Индиянын да тиешеси барбы? Кытайдын ролу канчалык?

Жооп: Жогорудагы суроолорго жоопту тактоо үчүн биз төмөндөгү маселелерди карап чыгабыз.

Биринчиси: Белужистан аймагы Пакистан, Ооганстан жана Ирандын ортосунда жайгашкан. Бул Пакистандын түштүк-батышында жана анын борбору Кветта шаары. Ирандын түштүк-чыгышында да борбору Захидан шаары эсептелген Систан-Белужистан провинциясы жайгашкан. Ал ошондой эле Ооганстандын түштүгүнө жүз чакырымдан ашык созулуп, түштүк Нимруз, Гилменд жана Кандагар провинцияларынын бир бөлүгүн камтыйт. Демографиялык көз караштан алганда, Белужистандын Пакистандагы бөлүгү эң маанилүү болуп эсептелет. Анда 20 миллионго жакын белуждар жана пуштундар жашайт. Анын аянты Пакистандын 44%га жакынын түзөт. Анда Пакистандын 240 миллионго жакын калкынын 6%ы жашайт. Пакистандын жаратылыш ресурстары, өзгөчө газ жана минералдар боюнча эң бай аймактарынын бири. Жез жана алтын запастары дүйнөдөгү алдыңкы орундарда турат. Мисалы, канадалык Barrick Gold тоо кен компаниясы Белужистанда жайгашкан “Rico Diq” кенинин 50%га жакынына ээлик кылат. Белужистан Кытайдын “Бир алкак – бир жол” демилгесинин алкагында Кытай-Пакистан экономикалык коридорундагы маанилүү бөлүктө жайгашкан. Оман булуңуна жакын жайгашкан Гвадар порту Араб деңизине чыгуу үчүн Кытай тарабынан каржыланат. Кошумчалай кетсек, Кытай Гвадарга эл аралык аэропорт куруп жатат. Ошондуктан, Белужистан аймагы Пакистанда чоң мааниге ээ. Ал эми Иран бөлүгүндө 3 миллионго жакын адам жашайт. Ооган бөлүгүндө балуждардын саны бир миллиондон ашпайт. Бул үч өлкөдөгү Белужистан калкынын дээрлик бардыгы суннит мусулмандары. Ислам бул аймактарга хижраттын 23-жылынын башында, халифа Умардын (Аллах андан ыраазы болсун) тушунда кирген. Синд Индус королдугундагы толкундоолордон кийин колдон чыгып, халифа Муавиянын тушунда кайрадан фатх кылынган. Халифа Абдул-Малик ибн Марван бул аймакты Синдди катх кылуу үчүн таяныч чекит кылган.

Экинчиси: Пакистанда өткөн кылымдын 60-жылдарынын аягынан бери Пакистан армиясына каршы партизандык согуш жүргүзүп келе жаткан көптөгөн улутчул сепаратисттик топтор бар. Бул топтордун эң атактуусу жана эң чоңу 2000-жылы түзүлгөн Белужистан боштондук армиясы. Бул топ  Пакистан армиясына каршы лгачкы партизандык согуш баштап, 1964-жылы түзүлгөн Балужи боштондук фронту менен союздаш. Ирандын ичиндеги Иран армиясына каршы операцияларга да катышкан. Ошондой эле салмагы азыраак башка топтор да бар. Акчага жана куралга өтө муктаж болгон куралдуу уюмдар сыяктуу Белужистандагы сепаратисттик топтор тез эле чалгын кызматтарынын бутасына айланган. 1979-жылы СССРдин Ооганстанды оккупациялоодо Пакистандын СССРге каршы мужахиддер үчүн базага айланышы себептүү Москва Пакистанга каршы Белужистандагы жикчил топторго колдоо көрсөтө баштаган. 1979-жылы Иранда Хомейнинин революциясынын артынан Иран-Ирак согушу башталып, Ирак режими Белужистан боштондук армиясын Ирандагы аскердик аракеттери үчүн колдой баштаган. Ошондой эле Индия да Кашмирдеги Пакистан менен болгон согуштарда Белужистандагы бул топторду колдогон. Америка Индиянын Кытайга каршы таасир күчүн арттыруу үчүн Пакистан армиясын ички салгылашуулар менен алек кылууну көздөйт. Ушул максатта Индиянын чек араларынан жана Жаму, Кашмирди көзөмөл кылуусунан алыс кармоо максатында Белужистандагы бул топторду колдой башташты…

Үчүнчүсү: Булар Белужистандагы жамаат же куралдуу топтордун Пакистан армиясына каршы баштаган кол салууларын жана партизандык согушун түшүнүү үчүн зарыл болгон саясий фактылар. Бул чабуулдарга жана алардын ондогон жылдар бою өнүгүшүнө көз салуу менен биз төмөнкүлөрдү аныктай алабыз:

  1. Америка Афганистанды басып алуудан мурда Пакистандын өкмөттөрү бул топтор менен байланышта болуп, алар менен тынчтык келишимдерин түзгөн. Токсонунчу жылдар салыштырмалуу тынч мезгил болгон. Бирок бул топтордун, өзгөчө Белужистан боштондук армиясынын кол салуулары кыйла көбөйүп, 2003-жылдан бери алардын көлөмү айкын боло баштады. 2006-жылы Пакистан жооп кайтарып, Белужистандагы жикчилдердин лидери Наваб Акбар Бугтини өлтүргөндө, кырдаал курчуп кеткен.
  2. 2024-жылдын 25-26-августунда Пакистан Белужистан боштондук армиясынын акыркы жылдардагы эң чоң кол салууларына күбө болду. Белужистандагы автожолдогу полиция бекеттерин, темир жол линияларын жана кан жолдогу унааларды бутага алып, болжол менен 73 кишини өлтүрдү. “Эң катуу чабуулдар дүйшөмбү күнү 26-августта Белужистан жана Пенжаб провинцияларын Муса провинциясы менен байланыштырган трассада болду. Анда куралчан адамдар автобустарды жана жүк ташуучу унааларды кармап, 23 пенжабилик жумушчуну өздүгүн текшергенден кийин атып өлтүрүшкөн”, – деп айтылат жергиликтүү маалымат каражаттарында. Пакистан армиясы да Белужистанда 21 жикчил согушкерди жок кылганын жарыялады. Исламабадда жайгашкан Пакистандын Тынчтык изилдөө институтунун статистикасы боюнча 2023-жылы 110го жакын чабуул жасалган, ал эми 2024-жылдын алгачкы айларында 62ге жакын кол салуу жасалган (Al Jazeera, 26.08.2024 ).
  3. Пакистандын полициясы ишемби күнү өлкөнүн түштүк-батышындагы Белужистан провинциясынын борбору Кветта шаарында полиция автобусунун жанында болгон жардыруудан кеминде эки кызматкери набыт болгонун билдирди. Алгачкы маалыматтарда жол жээгине коюлган жардыргыч заттын жарылышы себеп болгону айтылды. (Дар аль-Хилал, 14.09.2024).

Төртүнчүсү: Бул топтор Пакистан армиясы жана полициясы менен катар Пакистандагы Кытайдын экономикалык долбоорлорун да атайын бутага ала башташты. Бул чабуулдарды төмөнкүдөй карап чыгууга болот:

  1. Белужистанда Кытай башкарган бир катар ири долбоорлор бар. Хайбер-Пахтунхва провинциясындагы Дасу ГЭСинин курулушунда иштеген беш кытайлык жана алардын пакистандык айдоочу жанкечтинин жардыруусунан каза болушту… (Al Hurra, 27.8.2024).
  2. Жанкечти колоннасына кол салган жардыруудан алты адам каза болду. Бул бир апта ичинде Кытайдын Пакистандагы кызыкчылыктарын бутага алган үчүнчү ири чабуул. Буга чейинки эки жардыруу Кытайдын инфраструктуралык долбоорлоруна тагыраагы, миллиарддаган инвестиция салып жаткан Белужистан провинциясындагы авиабаза менен стратегиялык портту бутага алган. (Ашаркуль-Авсат, 26.03.2024).
  3. Белужистан боштондук армиясына “жанкечтилик” операцияларын жүргүзгөн Мажид бригадасы кирет жана анын эң көрүнүктүү чабуулдарынын бири 2022-жылдын апрель айында Синд провинциясындагы Карачи университетиндеги Кытай институтун бутага алган “жанкечтилик” жардыруу болду. (Al Jazeera Net, 02.01.2024).
  4. Бул чабуулдар кайталанып жатат: 2018-жылдын августунда кытайлык инженерлер өлтүрүлгөн (Reuters, 11.08.2018). 2018-жылдын ноябрь айында Карачидеги Кытай консулдугуна кол салууга чейин (Sky News Arabia, 23.11.2018) 2019-жылдын май айында Белужистандын Гвадар шаарында Кытай курган атактуу портто көбүн кытайлар түзгөн кымбат мейманканага кол салуу болду. (Аль Хурра, 5.12.2019).
  5. Сепаратисттер Кытайдын кызыкчылыктарын жана Белужистанда иштеген кытайларды бутага алууда. Жакында эле 2024-жылдын 13-августунда алар Гвадар портуна кытайлык инженерлерди ташыган конвойго кол салышкан. Ошондой эле буга чейин кытайдын “Бир алкак – бир жол” долбоорунун алкагында иштеген кытайлык окумуштуулар каза болгон айрым окуяларда да орун алды. Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф: “Кол салуулар Кытай-Пакистан экономикалык коридоруна зыян келтирүү максатын көздөйт”, – деди. (Аль-Арабия 30.08.2024).

Бешинчи: Бул чабуулдарды Кытайдын кызыкчылыгына жана Пакистан армиясына каршы багыттап жаткан тараптарга келсек, ал Индия. Ал эми Индиянын артында Америка турат:

  1. Индиянын Пакистан армиясына жасалган бул кол салууларга карата кызыкчылыгына келсек, муну төмөнкү маселелерден көрүүгө болот:

А) 2018-жылы “The News International” басылмасы Индиянын Белужистандагы баш аламандыктарды уюштуруп, экономикалык коридорду бутага алуу үчүн 50 миллиард рупийден (261 миллион доллар) ашык каражат бөлгөндүгү тууралуу коопсуздук отчетторуна шилтеме кылып жазган. (Al Jazeera Net, 15.05.2022).

Б) Пакистан армиясынын штабынын начальниги, генерал Рахил Шариф, Белужистан провинциясынын жергиликтүү башкы министри жана  Сенаттын президенти Раза Раббани бул ишке Индиянын чалгын кызматтарынын тиешеси бар экенин айтып, айыпташты. Шариф Индиянын Кытай баштаган 46 миллиард долларлык чоң экономикалык долбоорлорду саботаж кылууну каалаганына көңүл бурду. Нью-Дели бул анын экономикасына терс таасирин тийгизишинен кооптонуп жатканын айтып, мындай деди: “Региондогу коопсуздукту туруксуздаштыруу үчүн Пакистан менен Кытайдын ортосундагы экономикалык коридор долбоору бутага алынууда”. (Нон пост 18.08. 2016).

В) Бул топ 29-июнда өлкөнүн экономикалык борбору Карачи шаарында Пакистандын фондулук биржасын бутага алган жана жети адамдын өлүмүнө алып келген жанкечтилик кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Ушундан кийин кайрадан биринчи планга чыкты. Чабуулдан кийин Пакистан дароо Индияны Белужистан боштондук армиясын жана башка бардык белужи сепаратисттик кыймылдарын колдоп жаткандыкта айыптады. (Аль-Араби Аль-Жадид, 12.07.2020).

Г) “2023-жылдын 9-апрелинде Пакистан 2022-жылдын январында негизделген Белужистан улуттук армиясынын лидери жана негиздөөчүсү Гүлзар Имамды камакка алды. Ал Белужистан жана Пенжаб аймактарында ондогон кол салууларга жооптуу”. Пакистан армиясынын маалымат кызматы армиянын башкы чалгындоо мекемесине таянып, мындай деп билдирди: “Гүлзар Имам Индия жана Ооганстанда болду. Душмандын чалгындоо органдары аны Пакистанга жана анын улуттук таламдарына каршы аракеттениши үчүн пайдаланууга аракеттеништи”. (Аль-Жазира, 09.12.2023).

  1. Американын Белужистан армиясынын чабуулдарына болгон кызыкчылыгына келсек, бул төмөнкү маселелерде көрүнүп турат:

А) Индия, 2014-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Американын Кытайга карата саясатын ишке ашырган Моди жетектеген “Бхаратия Жаната” партиясы тарабынан башкарылат. Ошондуктан, Индиянын Кытайга карата жасап жаткан бардык иштери Американын кызыкчылыгына кызмат кылуу алкагына кирет.

Б) Пакистандын Тышкы иштер министри Хина Раббани Хар Америка Кошмо Штаттарын анын өлкөсүнүн ички иштерине кийлигишүүгө каршы эскертти. Министр бул тууралуу АКШ Конгресси Белужистан аймагынын өз тагдырын өзү аныктоо укугуна ээ болууга чакырган резолюцияны жактыргандан кийин айтты. Бирок, пакистандык министр бул чечим АКШнын расмий саясатын чагылдырбай турганын түшүнөрүн айтты. (BBC, 20.02.2012).

В) 2022-жылы Америка Кошмо Штаттары Белужистан өкмөтү менен Белужистанда биринчи полициялык иликтөө мектебин куруу боюнча келишимге кол койгон. Бул Америка Кошмо Штаттарына аймактагы укуктук иликтөөлөрдү, полициялык иликтөөлөрдү жана укук коргоо органдарын өнүктүрүүдө маанилүү ролду берди. Бул Американын Белужистандын ички иштерине кийлигишүүсү болчу!

Алтынчы: Америка Белужистандагы бул сепаратисттик улутчул кыймылдарды колдонуу менен Кытайдын кызыкчылыктарына каршы  коркунуч туудуруу саясатына кызыктар.

Муну Кытайдын кызыкчылыктарына сокку урууга аракет кылып жаткан жана чек ара талаштары үчүн Кытайга каршы күрөшүп, Американын кызыкчылыктарына кызмат кылып жаткан Индия да пайдаланып жаткандай. Мына ушул америкалык максаттардын бардыгы бүгүнкү күндө жер-жерлерде ишке ашырылып жатат. Пакистан армиясы Индиядан алыскы ички аймактарына, өзгөчө оккупацияланган Кашмирден алыстатылды.  Белужистанда козголоңчуларга каршы күрөшүү жана сепаратисттик топторду куугунтуктоо менен алаксытылды. Региондогу чыр-чатактын күчөшүнүн натыйжасында Пакистан өкмөтү белужи уюмдары менен күрөшүү үчүн 80 000 аскерин жиберди… (Al Jazeera Net, 2.1.2024). Пакистандын Индияга каршы көнүмүш билдирүүлөрү жана коркутуулары жок болуп, анын ордун терроризмге жана козголоңчуларга каршы коркутуулар ээледи. Ошентип, Индия фронту Пакистандан корголду жана анын армиясы Кытай менен болгон чек араларына жайгаштырылды. Ал жерде кагылышуулар болуп, Америка Кытайды Индия тирешүүсү менен алек кылгысы келди.

Жетинчиси: Британияга келсек, анын ишмердүүлүгүнө же малайларынын Белужистан, Пакистандын булуңундагы жигердүү ишмердүүлүгүнө далил жок. Бирок, буга карабастан 2010-жылы Белужистан боштондук армиясынын ичиндеги бөлүнүүнү Британиянын жарандыгын алган жана Бириккен Белужи армиясын негиздеген Мехран Марри жетектеген… (Al Jazeera Net, 2.1.2024). Бул анын Белужистандагы жикчил топтордун ичинде таасир табуу аракетин көргөзүшү мүмкүн. Бирок анын таасири Индия жана Пакистанды Америка малайлары башкаргандан бери Америка жана Индияга салыштырмалуу аз бойдон калууда.

Корутунду

  1. Пакистандагы башкаруучу режим өз аймагынын бир бөлүгү болгон Белужистан маселесин шарьий камкордук жана адилетүүлүк, жакшылык менен чечүүсү керек эле. Белужистан жерлеринде мамлекеттик менчикти мамлекеттин бардык жарандарынын пайдаланусу керек эле. Анын ичинде белуждар дагы. Бирок Пакистан тескерисинче, Исламдагыдай الْإِمَامُ رَاعٍ وَمَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ» أخرجه البخاري “имам кам көрүүчү жооптуу ал кол алдындагылардан жооптуу” (Бухари риваяты) жакшы кам көрүү менен эмес, өлтүрүү жана камакка алуу аркылуу коопсуздук маселесин чечип жатат.
  2. Ошондой эле, Белужистандагы куралдуу уюмдар Исламдын душмандарына (Америка жана Индия) аларды өз өлкөлөрүнө каршы пайдалануусуна шарт түзбөшү керек эле. Мамлекетти бөлүп-жаруу үчүн аракет кылбашы керек эле Аны кылган адам Исламда чоң күнөөгө батат. Мусулмандар бөлүнгүс бир үммөт. Алла Таала айтат:

﴿إِنَّ هَذِهِ أُمَّتُكُمْ أُمَّةً وَاحِدَةً وَأَنَا رَبُّكُمْ فَاعْبُدُون﴾.

“Чындыгында, бул үммөт бир үммөт. Мен силердин Раббиңермин, Мага ибадат кылгыла”. (Анбия: 92).

  1. Эң жаманы жана эң маанилүүсү Пакистандагы башкаруучу режимдин Америкага берилгендиги. Пакистан аскер күчтөрүн Кашмирди бошотууга багыттоонун ордуна ички иштери менен алек кылуу аркылуу Американын буйруктарын аткарууда. Экинчи жагынан Белужистандагы сепаратисттик уюмдар каапыр жана мушриктерден жардам сурашы. Мунун баары Исламда тыюу салынган. Аллах Таала айтат:

: ﴿وَلَنْ يَجْعَلَ اللهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلا﴾

“Аллах каапырларга момундардын үстүнөн эч качан жол бербейт”. (Ниса: 141).

  1. Исламдын эрежелерин ишке ашыруу жана чыныгы исламдык бир туугандык идеясын жайылтуу гана Пакистан элдеринин чыныгы биримдигин калыбына келтирет. Белужистан калкы башка калктар сыяктуу адилетсиздик, жакырчылык жана айырмалуулуктан арылуу үчүн кен байлыктар сыяктуу элдик мүлктөн түшкөн кирешелерден пайдалануу бардык мусулмандардын арасында теңдик менен бөлүштүрүлүүгө тийиш. Ислам улутчулдук саркындыларынан баш тартты, аларга кескин түрдө тыюу салды жана мусулмандар арасында бир туугандыкты алып келди. Аллах Таала айтат:

﴿إِنَّمَا الْمُؤْمِنُونَ إِخْوَةٌ فَأَصْلِحُوا بَيْنَ أَخَوَيْكُمْ وَاتَّقُوا اللهَ لَعَلَّكُمْ تُرْحَمُونَ﴾

“Момундар бир тууган, ошондуктан бир туугандарыңардын ортосун жараштыргыла жана Аллахтан корккула. Балким ырайымга ээ болосуңар”. (Хужрат: 10).

Ошол эле учурда бул Ислам боордоштугу аларды өздөрүнүн бирдиктүү бир мамлекетин тикелөө үчүн амал кылуучулар менен бирге иш алып барууга түрткү болушу керек. Бул Халифалык алардын биримдигинин башаты, сыймыгы, бир туугандык акыйкаты жана улуу жеңиш.

﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ* بِنَصْرِ اللهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾

“Ал күнү момундар Аллахтын нусраты себептүү шаттанышат. Ал кимге кааласа жардам берет жана Ал Кудуреттүү, Мээримдүү”. (Рум: 4-5).

 

1446-х, 14-Робиул аввал.

2024-ж, 17-сентябрь.

turkistonkg

Recent Posts

Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда!

Басма сөз баянаты Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда! Кыргыз бийлиги сентябрь аында…

2 days ago

КЫЗЫЛ-ОМПОЛ КЕНИ ИШКЕ БЕРИЛДИ

Кызыл-Омпол кени ишке берилди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү…

3 days ago

Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу

Бисмиллааахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу Урматтуу…

3 days ago

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ!

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ! Ушул күндөрдө АКШнын Нью-Йорк…

3 days ago

Өкмөт жолдон эки жолу салык алууну көздөп жатат

Өкмөт жолдон эки жолу салык алууну көздөп жатат Министрлер кабинети Кыргызстанга ташылып келген күйүүчү-майлоочу майдын…

3 days ago

Илим ээлери жана аалымдар

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Илим ээлери жана аалымдар Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

4 days ago