Жаңылыктар

“Коопсуз шаар” долбоору аймактарда да колдонулат

“Коопсуз шаар” долбоору аймактарда да колдонулат

Ички иштер министрлиги “Коопсуз шаар” долбоорун өлкөнүн бардык аймактарына жайылтуу иштерин баштайт. Бул тууралуу 19-сентябрда министр Улан Ниязбеков билдирди. Президент Садыр Жапаров 18-сентябрда “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууну Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүү боюнча жарлыкка кол койгон.

Кыргызстанда жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн “Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылы иштей баштаган. Долбоорду орусиялык “Вега” концерни ишке ашырган. Ал эми, Ош шаарында “Коопсуз шаар” долбоору быйыл 16-сентябрда толук иштей баштады. Өткөн жылдын декабрь айында шаар бийлиги сынак жарыялап, ага орусиялык “Мегафон” компаниясы жалгыз катышып, жеңүүчү болгон. Компания кызматы үчүн беш жыл ичинде 2,5 млрд сом киреше табууну көздөп жатат.

Буга чейин Санарип өнүктүрүү министрлиги “Коопсуз шаар-2” долбоорун уткан Кытайдын Shenzhen Sunwin Intelligent компаниясын долбоорду пландалган мөөнөттө ишке ашырбагандыктан сотко берген.

          Белгилүү болгондой, дүйнө боюнча жүргүзүлүп жаткан “Акылдуу шаар”, “Коопсуз шаар” ж.б.у.с. долбоорлор БУУнун “Калктуу пункттар боюнча программасы” алкагындагы иштерден. “Коопсуз шаар” долбоору Кыргызстанда 2010-жылы Ички иштер органдарын реформалоо шылтоосу менен башталган. 2011-жылы январда Бишкекте Ички иштер министрлиги иштеп чыккан “Коопсуз шаар” программасы ишке киргизилген. Анын ичинде көчөлөргө видео камераларды орнотуу да каралган.

2012-жылы, Бабанов премьер-министр, Рысалиев ички иштер министри болуп турганда “Коопсуз шаар” боюнча тендер жарыяланды. Жыйынтыгында, тендерге катышпаган эле “Beijing Construction Engineering Group International” аттуу кытайлык компания утуп алган. Компания Бишкек, Ош шаарларына жана Бишкек-Каракол жолуна видео, сүрөт тарткан аппараттарды орнотуп, мыйзам бузууну каттаган бирдиктүү электрондук борбор түзмөкчү болгон. Бул Кытайдын Кыргызстанда ушул тармакта кирип келүүсүнүн алгачкы кадамы эле. Бирок, 2013-жылы “Ата Мекен” фракциясы бул маселени көтөрүп чыгып, келишимди бузууга жетишкен. Анткени, Кытайдын Кыргызстандын коопсуздук тармагына  кирип келиши Американын кызыкчылыгына каршы келмек.

Кайрадан “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча тендер 2014-жылдын август айында жарыяланды. 2015-жылы январда тендер боюнча комиссия орусиялык “Стилфост-Бишкекти” тандап алды. Бирок, 2016-жылы ошол кездеги Ички иштер министри Турганбаев бул компания менен келишимге кол койбой койду. Ал дүйнөдө “Коопсуз шаар” долбоору боюнча Кытай менен Түштүк Корея алдыда экенин айтты. Муну менен бул тармакта Россиянын кирип келүүсү жокко чыкты. Кийин долбоорду ишке ашыруу  ички иштер министрлигинен өкмөткө өтүп кетти.

2017-жылы апрелде, ошол кездеги президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган “Таза коом” улуттук долбоорун жарыялады. 2018-жылы январда “Коопсуз шаардын” ордуна анын кеңейтилген формасы катары “Акылдуу шаар” долбоору ишке ашырыла турган болду. Бул кезде Сапар Исаков премьер-министр болуп калган эле. 11-январда Кыргыз өкмөтү “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча кытайлык “Huawei Technologies” компаниясы менен келишимге кол койду. Бирок марттын башында, кыргыз өкмөтү кытайлык компания менен келишимди бир тараптуу үзүүгө мажбур болду. Муну менен кытайлардын бул тармакта кирип келүүсүнүн экинчи урунушу жокко чыкты.

Сапар Исаков премьерликтен кеткенден кийин, кайрадан “Коопсуз шаар” аталган долбоордун биринчи этабы боюнча тендер өткөрүлүп, 4-сентябрда Орусиянын “Вега” концерни утуп чыкты. Сынакка андан башка дагы эки компания: кыргызстандык “Альфа-Телеком” менен орусиялык “Маалымат  тутумунун коопсуздугу” компаниясы жөн гана санак үчүн катышып койду. Себеби, мыйзам боюнча тендерге үчтөн кем эмес катышуучу арыз бериши керек эле.

Утуп чыккан “Вега” компаниясы – маалымат согушу алкагында – АКШ санкциясына кабылган корпорациянын курамына кирет. Ал СССР учурунда аскерий изилдөө институту болгон жана 2004-жылы кайра негизделген. Соңку жылдары “Вега” радиокуруу концерни негизинен Орусиянын Коргоо министрлиги, Федералдык коопсуздук кызматы жана Ички иштер министрлиги менен көбүрөөк иштешип келет. Кыргызстанда, жалпысынан «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи баскычынын алкагында, адамды жүзүнөн таануу функциясы менен 800дөн ашуун видеобайкоо камералары орнотулду.

Мындан тышкары, Кыргызстандын Ички иштер министрлиги менен кытайдын мамлекеттик CEIEC компаниясы макулдашкан долбоордун алкагында өлкөдө адамды жүзүнөн тааный турган системалар орнотулган.

Ал эми АКШ канадалык, түркиялык, эмираттык компаниялар аркылуу кирмекчи болууда, бирок, алар тендерлерде жеңишке жетише албай келет. Мындан сырткары, анын Дүйнөлүк банк аркылуу киргизип жаткан “Digital CASA” долбоору да ишке түшпөй турат.

Ушулардан белгилүү болгондой, Кыргызстандагы “Коопсуз шаар” долбоору эч кандай жол коопсуздугу же жарандар коопсуздугу үчүн киргизилген эмес. Бирок, аткаминерлерибиз арзыбаган акчага азгырылып, тендер жарыялоо менен, мамлекетти ири державалар күрөшүнүн майданына айландырышууда.

Буга кошумча, ички саясатта оппозициялык саясатчылар менен катар мусулмандарды көзөмөлдөөгө кызмат кылат. “Видеотасмада сен сакалчан жүргөн экенсиң, жума намазга чогуу бараткан экенсиңер, силер динден таалим алган экенсиңер, никаб кийип жүрүпсүң” деген сыяктуу шылтоолор менен мусулмандарга экстремизм тамгасы басылат. Демек, “Коопсуз шаар” долбоору мусулмандардын коопсуздугу үчүн эмес, кордугу үчүн кызмат кыла турган долбоор!

Мумтаз Маверанахрий

turkistonkg

Recent Posts

Көркөм эсептелүүчү хулктар

بسم الله الرحمن الرحيم АДЕП-АХЛАК Көркөм эсептелүүчү хулктар Бордошун өзү менен тең көрүү жана өзүнөн…

13 hours ago

Баскынчы жөөт бийлигинин Ливандагы кол салуулары уланып жатат

Баскынчы жөөт бийлигинин Ливандагы кол салуулары уланып жатат Ливанда 17-18-сентябрда эки күн катарынан пейжер жана…

17 hours ago

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык?

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык? 17-сентябрда Астанада Борбор Азия өлкөлөрү менен Германиянын лидерлери катышкан С5+1…

3 days ago

Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу Урматтуу бир туугандар “Асыл…

3 days ago

Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

4 days ago

Ачууланба

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ачууланба Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

4 days ago