Макала

Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

عن أبي سعيد الخدري رضي الله عنه، أن النبي صلى الله عليه وسلم قال:‏ ‏”‏لكل غادر لواء عند استه يوم القيامة يرفع له بقدر غدره، ألا لا غادر أعظم غدرًا من أمير عامة‏”‏ ‏رواه مسلم‏‏‏‏‏.‏

Абу Саид аль-Худри (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Ар бир чыккынчынын аркасында Кыямат күнү бир байрак болот. Ал байрак чыккынчынын кыянаттыгына жараша бийик көтөрүлөт. Чындыгында, калктын үстүндөгү амирдин чыккынчылыгынан ашкан кыянаттык жок”. (Муслим риваяты).

Сүйүктүү бир туугандар.

Сөздөрдүн эң жакшысы – Аллахтын сөзү. Ал эми туура жолдун эң жакшысы – Анын Пайгамбары Мухаммад бин Абдуллахтын (с.а.в) жолу.

Бул Асыл хадисте кыянатчы жана анын акыретте башкалардан өзгөчөлөнүп турушу баяндалган. Ошондой эле кыянаттыктын эң жогорку чеги баяндалган. Ушундан улам чыккынчылык – напсиси оорулуу адамдарга мүнөздүү өзгөчөлүк болуп эсептелет. Ал мусулмандарды адаштырып, аларга зыян жеткирүүнү көздөйт. Бул сыпатты Аллах Таала жек көрөт жана Кыяматта бул үчүн азапка салат.

Исламий үммөт өзүндө болгон жана жакынкы келечекте жетише турган эң бийик даражаларга татыктуу. Бул үммөт буга чейин да башка үммөттөргө жана адамзатка жакшылыктарды тартуулады. Жакынкы келечекте жана кыяматка чейин Ислам хидаят кабарын жайылтуу менен аларга жакшылыктарды тартуулайт. Ал адамзатка исламдын желбиреген желегин көтөрүп, чын ыкласы бар адамдарды үммөт айланасындагы ар бир кыянатчыдан арылтууга жөндөмдүү.

Бүгүнкү күндө биз бул үммөткө карата кыянатчылык көп экенин өз көзүбүз менен көрүп жатабыз. Алардын баштары көтөрүлүп, үндөрү бийик чыгып, туулары желбиреди. Бул нерсе дүйнөдө да, акыретте да жазасыз калбайт. Жогорудагы хадисте мындай адамдардын кыямат күнү башкалардан айырмалап турган, аларды көргөн ар бир адамга кыянаттыгы, азапка кабылаары ашкере боло турган туусу бар экени айтылды. Ал эми бул дүйнөдөгү жазасына келсек, Аллах Таала аларды ачыкка чыгаруу менен шерменде кылып, алардан ибрат алууга кепилдик берди.

Асыл хадистин аягында чыккынчылардын эң жаманы тууралуу  айтылды. Алар мусулмандардын иштерин адилеттик жана жеңилдик менен башкаруунун ордуна, өз күрсүлөрүн сактап калуу үчүн Үммөт байлыктарын душманга талатып, өз калкын болсо жакырчылыкка таштаган өкүмдарлар. Хадисте калкка карата кыянаттык эң чоң чыккынчылык экени эскертилүүдө.

Биз мусулмандар, бизге жетекчилик кылуу жана иштерибизди башкаруу үчүн эң татыктуу адамдарды тандообуз керек. Амирибиз бизди адаштырбасын, жашообузду жана динибизди бузуп, кыямат күнү кыянаттык желегин көтөрүүчүлөрдөн болбоосу керек. Амирибиз аң-сезимдүү, ыкластуу жана Аллах Тааладан корккон болушуна абдан көңүл бурушубуз зарыл. Исламга жаркын пикир менен ээрчип, Исламды бардык амалдарына негиз кылып алган адилеттүү жана туура башкаруучу болушу керек. Бул үммөттө мындай сыпаттагы адамдар абдан көп. Үммөткө, динине берилип кызмат кылууну каалагандар бар. Адамзат жетекчилигин колго алууну, алардын башына чындыктын туусун желбиретип көтөрүүнү каалагандар бар.

Аллахтан үммөт башына мүшкүл түшүргөн бул саткын, адашкан адамдардан сакташын жана бизди бул акыйкат динге мураскор кылышын сурайбыз.

Аллах буйруса, кийинки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.

1446-х, 12-Робиул Аввал.

2024-ж, 16-сентябрь.

turkistonkg

Recent Posts

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык?

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык? 17-сентябрда Астанада Борбор Азия өлкөлөрү менен Германиянын лидерлери катышкан С5+1…

1 day ago

Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу Урматтуу бир туугандар “Асыл…

1 day ago

Ачууланба

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ачууланба Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

2 days ago

Аллахтын берешендигинде чек жок

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Аллахтын берешендигинде чек жок Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

4 days ago

Адилеттүүлүк

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адилеттүүлүк Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

6 days ago

Эл аралык валюта фонду Кыргызстан менен кызматташтыкты күчөтөт

Эл аралык валюта фонду Кыргызстан менен кызматташтыкты күчөтөт Эл аралык валюта фонду өзү жүргүзгөн программалардын…

1 week ago