Жаңылыктар

Женевадагы сүйлөшүүлөр жана Судандагы согушту токтотуу аракети

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Суроожооп:

Женевадагы сүйлөшүүлөр жана Судандагы согушту токтотуу аракети

Суроо: Суданда 16 айга жакын убакыттан бери уланып жаткан согушту токтотууга аракет кылуу максатында Женевада сүйлөшүүлөрдүн ачылыш сессиясы өткөрүлдү. 2024-жылдын 14-августунда өткөн сүйлөшүүгө ортомчулук кылып жаткан АКШ, Швейцария, Сауд Арабия, Египет, БАЭ, Африка Биримдиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү катышты. Ал эми, Судан армиясы сүйлөшүүлөргө катышкан жок. Америка Жидданын ордуна Женевада конференция өткөрүүсү жана катышуучуларды кеңейтүү чакырыгынын себеби эмнеде? Эмнеге армия келген жок? Американын Женевадагы сүйлөшүүлөргө чакыруусу ок атышууну токтотууга жетишүүбү же убакытты созуу аракетиби? Же мунун Британиялык күчтөргө тиешеси барбы? Анда эмне үчүн Эль-Фашерде кайра-кайра тирешүүлөр орун алып жатат жана анын эки тарап үчүн кандай мааниси бар? Рахмат.

Жооп:

Жогорудагы суроолорго жоопту тактоо үчүн биз төмөнкү маселелерди карап чыгабыз:

Биринчи: Биз 19.12.2023 чыгарылган суроо-жоопто айтканбыз: “…Конфликт тез арада чечилбейт. Ал убакытты талап кылышы мүмкүн. Анткени, ал жерде маселе Америкачыл эки тараптын ортосундагы чыр-чатак чектөөгө багытталган. Бул Армия командачылыгы жана Ыкчам колдоо командачылыгы ортосундагы чыр-чатак. Жаңжалдын жыйынтыгын Америка алардын ортосундагы ролдорду бөлүштүрүү менен көзөмөлдөйт. Демек, британчыл жана европачыл оппозиция 2023-жылдын апрель айынын орто ченинде башталган жаңжалдан бери шал бойдон калууда. Кийин ал минимумга чейин алсыратылат.

Муну тактоо үчүн биз төмөнкүлөрдү түшүндүрөбүз: 2023-жылы 21-ноябрда Ыкчам колдоо күчтөрү Чыгыш Дарфур штатынын борбору Эль-Дайн шаарын басып алган. Ошондой эле ал жердеги 20-дивизия армиясынын штаб-квартирасын согушсуз басып алган. Кагылышуулар жарандарга зыян келтирет деген шылтоо менен армия ал жерден чыгып кеткен! Ыкчам колдоо күчтөрү билдирүүсүндө: “Жеңиштер чыныгы тынчтыкка кенен эшик ачат жана Чыгыш Дарфур вилаяты Эль Дайн менен бирге коргоо астында коопсуз бойдон кала берет”, – деди. (Аль-Жазира 22.11.2023). Эскерте кетсек, Аль-Дайн Ризеигат уруусунун чеби болуп саналат. Ыкчам колдоо күчтөрүнүн командири Дагло жана анын көпчүлүк башчылары жана мүчөлөрү ошол уруудан. Ага чейин бул күчтөр Түштүк Дарфур штатынын борбору Ньяла шаарын, Борбордук Дарфур штатынын борбору Залингей шаарын жана Батыш Дарфур штатынын борбору Эль-Женейна шаарын басып алышкан. Эми Түндүк Дарфур штатынын борбору жана Дарфур чөлкөмүнүн саясий жана административдик борбору Эль-Фашер шаарын  ээлөө гана калды. Ыкчам колдоо күчтөрү Эль-Фашерди басып ала турган болсо, алар британчыл жана европачыл кыймылдарга, өзгөчө “Суданды боштондукка чыгаруу” кыймылына жана “Адилеттик жана теңдик” кыймылына кыйратуучу сокку урган болот…”.

Биз дагы ошол эле жоопто айтканбыз: “Бул кыймылдар Эль-Фашерди коргоого чечкиндүү, антпесе алар жок болот. Айрыкча, Эль-Фашер шаары стратегиялык орунду ээлегендиктен, анын чек аралары Ливия, Чад жана Дарфур аймагынын батыш шаарлары менен байланышкан.

Ыкчам колдоо күчтөрү армиянын алдында Дарфурга багыт алып, өлкөдөгү негизги оппозицияга айланды. Суданда Американын эки канаты болот: Саясий канат – оппозицияны жетектеш үчүн курал көтөрүүдөн баш тартпай турган  Ыкчам колдоо күчтөрү. Аскерий канат – армиядан турат. Ошентип, эки канат Американын кызыкчылыгына кызмат кылат.

Эмне үчүн Ыкчам колдоо оппозициясы куралдан куру эместигине келсек, мунун эки себеби бар: Биринчиден, британ агенттеринен турган европачыл оппозицияны ооздуктоо, аны саясий жактан жок кылуу оңой эмес. Ошондуктан, аны аскердик жактан жок кылуу зарыл. Экинчиси, Дарфурда Ыкчам колдоо күчтөрү саясий оппозиция болушу керек. Американын кызыкчылыгы Түштүк Судандан кийин дагы бир бөлүнүүнү талап кылса, Дарфурдагы бул бөлүнүүнү ал аркылуу ишке ашырат. Бул бөлүнүүнүн учуру келе элек окшойт. Тескерисинче, учурда ага шарт даярдоо жүрүп жатат…”. Жооптун аягы.

Ошондуктан, Эль-Фашер бардык тараптар үчүн маанилүү. Америка жана анын жолдоочулары (Армия жана Ыкчам колдоо күчтөрү) үчүн бул шаар Түштүк Судандан кийин дагы бир бөлүнүү талап кылынса, Дарфурда Ыкчам колдоо күчтөрү куралдуу күчкө ээ болгон саясий оппозицияга айлануусу үчүн маанилүү.

Бул европачыл оппозиция үчүн да маанилүү, анткени алардын Дарфурда Эль Фашерден башка таяна турган эч нерсеси калган жок. Эгерде алар андан чыгарылса, бул оппозиция жок болорун түшүндүрөт. Айрыкча, Эль-Фашер шаары стратегиялык маанилүү жерде жайгашкандыктан, анын чек аралары Ливиянын, Чаддын жана Дарфур аймагынын батыш шаарларынын чек аралары менен байланышкан. Ошондуктан, алар ал жерде айыгышкан салгылашуу жүргүзүүдө. Ыкчам колдоо күчтөрү ушул убакка чейин Эль-Фашерди басып ала  албай койду. Эль-Фашер армиянын Дарфурдагы акыркы таянычы эсептелсе  да, алар Ыкчам колдоо күчтөрүнө каршы оппозиция менен бирге олуттуу күрөшпөй жатышат. Болбосо, армия жетиштүү күчкө ээ болгондуктан, Ыкчам колдоо күчтөрүнүн аракеттерин токтотмок. Бирок Америка планы армиянын жана Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ал жерде калышын, биз жогоруда айткан максатта европачыл оппозицияны жок кылуу же сиңирип алуу  үчүн калтырууну каалайт!

Экинчиси: Женева конференциясы тууралуу суроолорго келсек, биз аларды төмөнкүдөй карап чыгабыз:

  1. АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен 2024-жылы 23-июль күнү мындай деди: “Вашингтон Судан армиясын жана Ыкчам колдоо күчтөрүн АКШ тарабынан 2024-жылдын 14-августунда Швейцарияда баштала турган ок атышууну токтотуу сүйлөшүүлөрүнө катышууга чакырды. Сауд Арабиясы демөөрчүлүк кылган сүйлөшүүлөргө Африка Биримдиги, Египет, БАЭ жана Бириккен Улуттар Уюму байкоочу катары катышат. Сүйлөшүүлөр өлкөдөгү зордук-зомбулукту токтотуу, гуманитардык жардамдын муктаж болгондордун баарына жетүүсүн камсыз кылуу жана кандайдыр бир келишимдин аткарылышын камсыз кылуу үчүн күчтүү мониторинг жана текшерүү механизмин түзүү максатын көздөйт. Сүйлөшүүлөр кеңири саясий маселелерди чечпейт”. (AFP, 23.7.2024).

Ал эми, Жиддада өткөн сүйлөшүүлөрдүн мурунку айлампасы Америка тарабынан атайылап эч кандай жыйынтыкка жетүүнү максат кылган эмес. Анткени, ал өз көзөмөлүндөгү эки тараптын тирешүүсүн токтоткусу келген жок. Блинкендин “Сүйлөшүүлөр кеңири саясий маселелерди чечпейт” дегени Женевадагы жолугушуу эки тараптын ортосундагы согушту токтотууга алып келбейт дегенди билдирет. Сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жөн гана сүйлөшүүлөр өткөрүү үчүн! АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтью Миллердин билдирүүсү муну ырастайт. Ал мындай дейт: “Бул макулдашууга жетишүү мүмкүнчүлүгүнө баа бере албайт. Бирок биз жөн гана эки тарапты сүйлөшүү үстөлүнө кайтарууну каалайбыз. Бул акыры ок атышпоо келишимине жетишүү үчүн мүмкүнчүлүк болот деп үмүттөнөбүз”. (The Independent, 24. 07. 2024).

Британия Америка чакырган Женева сүйлөшүүлөрү бир чечимге алып барбай турганын билген. Анын Судан боюнча Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү Рамтан Ламамра 2024-жылы 29-июлдагы Коопсуздук Кеңешинин жыйынында 14-августта Америка өткөрүүгө чакырып жаткан Женевадагы сүйлөшүүлөрдү сыпаттап мындай деди: “Узунураак жана татаал процесстеги шыктандыруучу биринчи кадам”. (Шарк аль-Авсат, 29.07.2024). Башкача айтканда, ал бул жолугушууда бир чечимге келбей турганын, тескерисинче, Женевадагы Рона дарыясынын жээгиндеги ушак сүйлөшүү экендигин билдирди! Белгилей кетсек, чабарман Рамтан Ламамра Алжирдин мурдагы тышкы иштер министри. 2024-жылдын 26-27-июлунда болуп өткөн Жибути жолугушуусунда  Суданга байланыштуу сүйлөшүүлөргө Евробиримдик менен Британянын катышуусу үчүн иштеген Британ агенти. Ага Европа Биримдигинен тышкары 20дан ашык өлкө катышкан. Белгилей кетсек, Америка Рамтан Ламамранын Ливияга чабарман болуп дайындалышына тоскоолдук кыла алган. Бирок, Британия аны Бириккен Улуттар Уюмунун Суданга өкүл кылып дайындай алды.

  1. Ошентип, Америка Тышкы иштер министри аркылуу Швейцарияда конференция өткөрүүгө чакырар замат, Ыкчам колдоо күчтөрүү дароо жооп берди. 2024-жылы 23-июль күнү кечинде Ыкчам колдоо күчтөрүнүн башчысы Мухаммад Хамдан Дагло X платформасы аркылуу Блинкендин чакыруусун кубаттап, мындай деди: “Мен 2024-жылдын 14-августунда Швейцарияда боло турган ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө катышаарыбызды жарыялайм”. Бул Дагло чакыруу тууралуу кабарды мурда билгенин ырастайт. Анын себептери тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин каналдары аркылууу кабардар болгон. Анткени, ал жооп берүүдөн эч тартынган жок. Ал эми, армиянын командири жана Эгемендик Кеңештин башчысы Аль-Бурхандын сүйлөшүү тууралуу кабары болсо да, алдын ала маакулдашып алганын билдирбөө үчүн жоопту кечиктирди. Мындан максат Аль-Бурхан көз карандысыз жана Америкага каршы чыга тургандай көрүнүү эле. Ал Америка менен Женева конференциясы тууралуу чечимди Американын уруксатысыз кабыл алып же четке кага ала тургандай түр көрсөттү! Андан кийин ал сүйлөшүүлөрдүн ийгиликсиз болгонун жарыялады. Ыкчам колдоо күчтөрү менен сүйлөшүүлөргө армиянын катышуусуна жол ачкан кеңешме токтоп калганын расмий жарыялады. Ал муну Суданда жайгашкан армия башчылыгы тарабынан колдоого алынган өкмөттүн суроо-талабына жооп катары кылды. Консультациялар Сауд Арабиянын Жидда шаарында өттү. Бул Женевада белгиленген келерки шаршемби күнү өтө турган сүйлөшүүгө коркунуч туудурду. Маалымат булактардын айтымында, консультациялардын натыйжасыз болушуна алып келген пикир келишпестиктердин негизгилери Судандык делегация IGAD менен Бириккен Араб Эмираттарынын “байкоочу” катары катышуусун четке кагуу болду. Сүйлөшүүлөргө катышуу армиянын эмес, өкмөттүн атынан болушу керек. Ал башка сүйлөшүүлөргө кирүүдөн мурда “Жидда гуманитардык декларациясын” ишке ашыруудан башташы керек. Делегациянын башчысы Абу Наму “арканды желге калтырып” сүйлөшүүлөргө катышуу боюнча чечим кабыл алган жок. Тескерисинче, “маселе акыры жетекчиликтин чечимине жана баалоосуна жараша болот” деп жетекчиликтин эркине калтырды. (Шаркуль-Авсат, 13.8.2024).
  2. Ошентип, Жидда кеңешмелеринде Швейцария жолугушуусуна макул боло алышпады жана мунун себеби, чакырык армиягабы же өкмөткөбү деген суроо чечилбегенинде болду! Аль-Бурхан Американын Женева жолугушуусу жөнүндөгү өтүнүчүн, эгер ал олуттуу болсо да четке кага ала тургандай түр жаратты! Негизи, Америка Судандагы Европа таасирине чек койгуча тараптарды сүйлөшүү маселеси менен алек кылууну көздөгөн. Ал алдыдагы шайлоодо өзү үчүн натыйжалуу чечимге жетүүсү керек.

Америка Судан маселесин чечүүнү ушул убакка чейин создуктуруусунун себебине келсек, бул Суданда европачыл жана британчыл тараптардын дагы эле күчтүү болушунда. Жогоруда да айтылгандай, Америка Бурхан менен Хамидтинин ортосундагы кагылышууну баса белгилеп, европалык күчтөрдү четтетүү үчүн аракет кылды. Бирок азырынча бул максатына жете элек. Себеби Британия Судандагы активдүүлүгүн БАЭ тарабынан күчтөндүрүп алды. Согушту токтотуу үчүн тынчтык күчтөрүн киргизүүнү жана сүйлөшүүлөргө британ агенттеринен турган жарандык күчтөрдү тартууну Кения аркылуу талап кылды. Бирок, Кениянын талабы ийгиликсиз болгонунан кийин, алар “согушту токтотууга жана жарандык күчтөрдү тартууга” жетише алышкан жок.

  1. Судан өкмөтү жана Аль-Бурхан муну билишет. Анткени Судан менен БАЭнин өкүлдөрү арасында 2024-жылдын 18-июнунда Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин сессиясында чыр чыккан. Судандын өкүлү Идрис Аль-Харис ырастагандай, “БАЭ Ыкчам колдоо күчтөрүнө колдоо көрсөткөндүгү тууралуу далилдер бар”. БАЭнин өкүлү Мухаммад Абу Шахаб болсо “жалган айыптоо” деп жооп берип, мындай деди: “Судандагы чыр-чатакты жеңүү  аскерий жөнгө салуу  аркылуу болбойт. Сүйлөшүү үстөлү  аны чечүүнүн жалгыз жолу”. (CNN, 19.6.2024). Бул билдирүү менен БАЭ Суданда уланып жаткан кагылышууга кийлигишип жатканын жарыялады. Анын алдында эки тарап дипломаттарды өлкөлөрүнөн чыгарып жиберген. Америка Судандагы малайларын Армия командачылыгына же Ыкчам колдоо командачылыгына жайгаштыруу менен аларга каршы ойногон оюнду Британия да  ойной баштады. Британия Эмираттар аркылуу өз агенттерин коргоо жана алардын катышуусун күчөтүү үчүн Ыкчам колдоо күчтөрүн колдой баштады. Ушул себептен Ыкчам колдоо күчтөрү алардан кутула албайт же башкарууну толук колуна ала албайт. Британ агенттери бул ишти 2021-жылы Аль-Бурхан жана Хамидти тарабынан кулатылган Судандын мурдагы премьер-министри Абдулла Хамдок жетектеген “Прогресс” координациясынын аты менен баштады… Алар байкаларлык чара көрө башташты жана 2024-жылдын 3-апрелинде Судандын прокуратурасы Хамдок баштаган координациялык жетекчилердин 16сын камакка алуу чечимин чыгарды. Аларга каршы “мамлекетке каршы кылмыштарга, конституциялык түзүлүштү бузууга, согуш кылмыштарын жана геноцид жасоого жардамдашты” деген айыптар тагылып, алардан прокуратурага багынып берүү талап кылынды. Бирок, өкмөт эч кимди камакка алган жок жана алардын эч кимиси багынып бербеди. Бул болсо Бурхан режиминин британ малайларынын алдында эркинин алсыздыгын көрсөтөт. Андан кийин, Аль-Бурхан аны менен сүйлөшүүдөн да баш тартты. “Судандын Эгемендүүлүк кеңешинин төрагасы Аль-Бурхан бейшемби күнү Демократиялык жарандык күчтөрдүн координациясы (Такаддум) “Прогресс” менен сүйлөшүүдөн баш тартканын жарыялады.” (Анадолу, 6.6.2024).
  2. БАЭнин Ыкчам колдоо күчтөрүнө колдоо көрсөтүүсү анын кожоюну Британиянын Судандагы кызыкчылыгына туура келет. Бул Ыкчам колдоо күчтөрүнүн башчысы Дагло Британиянын агенти болгондуктан эмес. Тескерисинче, ал Американын агенти. Британия Дагло жана анын Ыкчам колдоо күчтөрү менен жанма-жан жүрүп ага таасир этип Судандагы Американын планын бузууну каалайт. Кудум Ливиядагыдай эле. Ливияда өзүнүн малайы Эмираттарга Америка малайы Хафтарга колдоо көрсөтүү аркылуу ага кирип барып, ага таасир өткөрүп, борбор Триполиде Британиянын малайларына каршы жүрүп жаткан арекетти ийгиликсиздике учуратууга жетишкен. Ошондой эле, Йемендин түштүгүнөн Америка малайы Хусийлерди кууп чыгып ал жерде таасирге ээ болуу үчүн БАЭге Йеменде да роль берген. Бул үчүн БАЭ Саудия башында турган “Аль-Хазм” альянсына кирип, ага таасир өткөрүүгө аракет кылды. Бул аркылуу Британия Ходейданы көзөмөлгө алууга жакын калды. Андан соң Хусийлерди кулатыш үчүн Санага бет алды. Эгер Американын Ходейда калкы ачарчылыктан жана оорудан өлүп жатат деген пропагандасы болбогондо аны алып коймок. 2018-жылдын 13-ноябрында Ходейда калкынын ачарчылыгы тууралуу Стокгольм конференциясы болуп өттү. Бул аркылуу Америка БАЭ жана анын союздаштарынын Йемендин түштүгүндө алдыга жылышын токтотту. Бул Британиянын эл аралык саясаттагы белгилүү куулук саясаты!
  3. Ошондуктан, Америка Суданда чечим табууну создуктуруп жатат. Сүйлөшүүгө Ыкчам колдоо күчтөрү макул болду, армия баш тартты ж.б.у.с… Сүйлөшүүлөр Жиддадан Каирге, Каирден Женевага бир чечимди табуу үчүн эмес, чечимди кечиктирүү үчүн көчүрүлүүдө. Башкаруудагы Убактылуу Эгемендик Кеңеши Американын Судандагы өкүлү Том Перриеллого таянып билдирүү жасады: “Америка өкмөтү менен болгон байланышка таянып, Жидда келишимин ишке ашыруу үчүн өкмөттүн көз карашы Каирде талкууланат. Өкмөт Египеттин чакыруусуна ылайык Каирге делегация жиберет. Жидда келишимине ылайык, Ыкчам колдоо күчтөрү жарандык аймактарды таштап кетүүсү керек… (Аль-Марсад-Араби, 19.8.2024).

Корутунду:

2024-жылы 14-августка белгиленген Женева конференциясы 10 күнгө созулушу пландалган. Анда Судан армиясы менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосундагы согушту токтотуу үмүтүн билдирген чалгытуучу чечимдер чыгышы мүмкүн.

 А. Женева сүйлөшүүлөрү Америка-Саудиянын көзөмөлү астында он күнгө чейин уланат… (Al Jazeera, 14.8.2024). Бирок ал натыйжасыз, кагаз жүзүндө гана калат. Ал убактылуу жана узакка созулбайт. Анткени, Америка өз максаттарына жете элек. Сүйлөшүүлөр гуманитардык жардам жеткирүү менен гана чектелет. Судан өкмөтү гуманитардык жардамды Чад менен чек ара аркылуу Адре өткөөлүнөн өткөрүүгө уруксат берерин жарыялады. Женева конференциясына катышкан жети эл аралык тарап бул кадамды кубаттады… (Sky News Arabic, 17.8.2024). АКШ Женева сүйлөшүүлөрүн жаңы үлгү катары сыпаттап, сүйлөшүүлөрдүн максаты жардам жеткирүү чөйрөсүн кеңейтүү жана гуманитардык коридорлорду ачуу экенин баса белгиледи. (Аль-Жазира, 20.8.2024).

Б.  Америка  Британиянын Судандагы таасирин жок кыла албай жатат.  Өзгөчө анын Эмираттар сыяктуу аймактык агенттери жана “Такаддум” координациясы сыяктуу жергиликтүү агенттери аркылуу жасап жаткан тасирин жоготууга кудурети жетпей жатат. Бул Америка кайра эсептешип, Бириккен Араб Эмираттарын Женева конференциясына кошууга мажбур болгонунан да көрүнүп турат. Ал мурда “Эркиндик жана Өзгөрүү” сыяктуу Европа күчтөрү менен эсептешпей, Судан маселесине байланыштуу ишти Жидда платформасында өзү менен малайы Саудиянын ортосуна чектеп койгон эле. Учурда БАЭни кошууга мажбар болду. Артында БАЭ турган “Эркиндик жана Өзгөрүү”дөн да эффективдүү болгон “Такадум” альянсы пайда болду. Буга чейин Америка согушту токтотуу үчүн чечим табууга олуттуу мамиле кылбастан, БАЭнин конференцияга кошулушун качуу жана алдоо катары көрүп келген!

В.  Булардын баары Судандын мусулман калкы үчүн чоң жоготуу болуп саналат. Алардын арасындагы киши өлтүргүч жана өлтүрүлгөндөрдүн жазасы Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айткандай болот:

إِذَا الْتَقَى الْمُسْلِمَانِ بِسَيْفَيْهِمَا فَالْقَاتِلُ وَالْمَقْتُولُ فِي النَّارِ».

“Эгер эки мусулман кылычтары менен жолукса, өлтүргөн да, өлтүрүлгөн да тозокто болот”.

Армиядагы  жана элдеги ишенимдүү адамдар бул тил бириктирүүлөрдүн баарын кыйратып, малайлардан кутулуу үчүн чара көрүшү керек. Анткени, алар бул азап тозоктун негизги себепкери жана алар аркылуу колонизаторлор бул кутумдардын баарын ишке ашырууда. Андыктан, бардык калыс адамдар ондогон жылдар бою бул фитналарды ачыкка чыгарууну токтотпогон жана анын пикири ар дайым туура болгон Хизб-ут-Тахрирдин калыс саясий жетекчилигин колдоого аракет кылышы керек. Калыс бийлик адамдары Аллахтын динин колдоп жана ага жардам бериши шарт.

﴿وَلَيَنصُرَنَّ اللهُ مَن يَّنْصُرُهُ إِنَّ اللهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ﴾.

“Албетте, Аллах ким ага  жардам берсе, ага жардам берет Аллах кудуретүү жана улуу”.

1446-х, 15-Сафар.

2024-ж, 20-август.

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

2 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

6 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 week ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

1 week ago