Жаңылыктар

Мали-Нигер-Буркина Фасо конфедерациясы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим.

Суроо-жооп

Мали-Нигер-Буркина Фасо конфедерациясы

Суроо: Буркина Фасо, Нигер жана Малини башкарган аскердик кеңеш лидерлери 2024-жылдын 6-июлунда Нигердин борбору Ниамейдеги саммитте конфедерациялык келишимге кол коюшту. Бул келишимдин артында эл аралык күч барбы? Эгер ал күч бар болсо алар малайлык кылып жаткан өлкө кайсы? Же бул конфедерация субъективдүү көрүнүшпү?

Жооп:

Бул суроонун жообу үчүн биз төмөнкү нерселерди карап чыгабыз:

  1. Бул үч мамлекет 2020-2023-жылдар аралыгында болгон төңкөрүштөн кийин Америкага малайлык кылып, буйруктарын ишке ашыра баштады! Биз муну буга чейинки суроолордун жообунда түшүндүргөнбүз. Бул тууралуу 2020-жылы 1-сентябрда Малиде Асими Гоита жетектеген төңкөрүш боюнча, 2020-жылы 7-февралда Буркина Фасодо Ибрагим Траоре жетектеген төңкөрүш боюнча, 2023-жылы 15-августта Абдурахман Чияни жетектеген Нигер төңкөрүшү боюнча суроо-жооптордо түшүндүрдүк… Бул үч өлкө тең калкы мусулман болгон мамлекет.

А) Мали: Малиге Ислам он биринчи кылымда жетип барган. Малиде басымдуулук кылган дин Ислам, малиликтердин болжол менен 90%ы мусулмандар. 5%га жакыны христиандар. Калган 5%ын башка диндегилер түзөт. Борбору Бамако.

Б) Буркина Фасо: Батыш Африкадагы исламий өлкө. 2006-жылдагы каттоого ылайык, калктын 60,5%дан ашыгы мусулмандар. Христиандар 23%га жакын, калганын башка диндегилер түзөт. Анын аянты 274 200 чарчы чакырым. Калкынын саны 21 510 000. Анын экономикасы айыл чарбасына таянат. Уагадого шаары бул өлкөдөгү эң маанилүү шаар жана анын борбору.

В)  Нигер: Батыш Африкада жайгашкан жана аны Нигер дарыясы бөлүп өткөндүктөн Нигер деп аталып калган. Ал түштүк тараптан Нигерия жана Бенин менен чектешет. Батыштан Буркина Фасо жана Мали менен чектешет. Түндүк тараптан Алжир жана Ливия менен, Чыгыш тараптан Чад менен чектешет. Нигердин жалпы аянты 1 270 000 чарчы чакырым. Нигер исламий өлкө. Ислам Нигердеги көпчүлүктүн дини. 99 %дан ашыгы мусулмандар. Ислам азыркы Нигерге 15-кылымда батыштагы Сонгай султанатынын кеңейиши жана Магриб менен Египеттин Транс-Сахаралык соодасынын таасири аркылуу тараган. Борбору Ниамей.

2020-2023-жылдар аралыгында Мали, Нигер жана Буркина-Фасодо болгон төңкөрүштөр Америкага ыктап, ал тарабынан колдоого алынган.

  1. 2023-жылдын 16-сентябрында үч өлкө Нигерде ECOWAS аскердик кийлигишүүсүнүн потенциалдуу коркунучуна каршы биргелешкен коргонуу үчүн “Сахел мамлекеттеринин коалициясын” түзүштү. Келишимге Малинин президенти полковник Ассими Гоита, Нигериянын президенти генерал Абдуррахман Чиани жана Буркина Фасо президенти капитан Ибрагим Траоре кол коюшту. 2023-жылы сентябрда Малинин тышкы иштер министри Абдулла Диоп ошол кезде журналисттерге жасаган билдирүүсүндө мындай деген: “Бул үч өлкөнүн ортосундагы аскердик жана экономикалык аракеттердин айкалышы болот”.

Мали, Буркина-Фасо жана Нигер лидерлери тарабынан 2023-жылдын 16-сентябрында кол коюлган биргелешкен келишимде “Сахел өлкөлөрүнүн коалициясын” түзүү каралган. Альянсты уюштуруу уставы 17 беренеден турат. Алардын биринчиси “Липтако-Горма келишими” деп аталат жана анда “келишим түзүүчү тараптар Сахел өлкөлөрүнүн альянсын түзүүгө макулдашты” деп айтылат. Кыскартылып “AES” деп колдонулууда. Ал эми, 2-беренеде бул Уставдын максаты “келишим түзүүчү тараптардын жамааттык коргонуу жана өз ара жардамдашуу борборун түзүү” деп айтылат. Уюштуруу Уставынын 6-беренесинде “Коалицияга кирген бир тараптын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө ар кандай кол салуу башка тарапка жасалган агрессия катары каралат. Бул өз ара жардам көрсөтүү милдеттенмесин билдирет. Анын ичинде коопсуздукту калыбына келтирүү үчүн куралдуу күчтөрдү колдонуу каралган” деп айтылат. Уставдын 11-беренесинде “Альянска кирген бул үч өлкө менен географиялык, саясий, социалдык жана маданий реалдуулуктарды бөлүшкөн жана Альянстын максаттарын кабыл алган ар бир өлкө үчүн ачык” деп айтылат. (“Al Jazeera” изилдөө борбору 2024.06.25).

Бул үч өлкө түзгөн союздун 6 жана 11-беренелеринде көрүнүп тургандай, аны түзүүнүн максаты Батыш Африка мамлекеттеринин экономикалык коомчулугу аркылуу мүмкүн болуучу чет элдик аскерий интервенцияга, өзгөчө француздарга каршы туруу болуп саналат. Алардын бири  Франциянын чет элдик аскерий соккусуна дуушар болгон болсо, алар биргеликте  аскердик жактан ага  каршы турат. О.э Батыш Африка мамлекеттеринин Экономикалык коомчулугунун ичинен ыдыроосуна шарт жаратуу. Он биринчи беренеден көрүнүп тургандай, ECOWASка кирген өлкөлөрдү бул союзга кошулууга үндөшкөн.

  1. 2024-жылы 6-июлда Мали, Нигер жана Буркина-Фасо конфедерация түзүшкөнүн жарыялашты. Нигердин борбор шаары Ниамейде кол коюлган конфедерация келишими, биринчи жолугушууда кол коюлган Сахел мамлекеттеринин союздук келишиминин уландысы. “Африканын Сахел аймагында жайгашкан Буркина-Фасо, Мали жана Нигер бүгүн, ишемби күнү “конфедерацияга” бириккенин жарыялашты” деп айтылат билдирүүдө. Ниамейде өткөн биринчи саммиттеги билдирүүсүндө, алардын президенттери “мүчө мамлекеттер арасында тереңирээк интеграцияга карай кошумча баскычты басып өтүүнү чечтик” деп айтышты. Ушул максатта Буркина-Фасо, Мали жана Нигердин ортосунда “Сахел мамлекеттеринин конфедерациясы” деген аталышта уюм түзүү келишимин кабыл алышты”. (Аль-Иттихад БАЭ, 2024.07.24).
  2. Буга байланыштуу Американын түз билдирүүлөрү болбосо да, бардык белгилер “Сахел мамлекеттеринин конфедерациясы” түзүлүшүнүн артында Америка турганын көрсөтүүдө. Америка бир жагынан бул өлкөлөрдөгү малайларын ECOWAS тобунун санкцияларынан коргоону каалайт. Айрыкча үч өлкө деңизге чыга албагандыктан, алардын соодасына тоскоол болот. Башка жагынан, бул Франция жана Британия тарабынан көзөмөлдөнгөн ECOWASтын ордун баса турган альянс болушун каалайт. Чынында эле, конфедерациянын түзүлүшү ECOWAS тобунун ичинде келишпестик жаратып, реформа талап кылган тараптар болду. Бул Сенегал президентинин билдирүүлөрүндө айкын көрүндү. Башкача айтканда, ECOWASтан “конфедерацияга” карай өлкөлөрдүн агымы мүмкүн экени ачыкка чыкты.
  3. Демек, бул конфедерация өзүнөн-өзү пайда болгон жок. Европанын, өзгөчө Франциянын кийлигишүүсүнө жана колонияларына кайтып келүүсүнө жол бербөө үчүн Америка өз колонияларын сактап калуу жана ага малайлык кылган бул үч өлкөнүн ортосунда түзүлгөн… Бул мамлекеттердин биримдиктин алдында жасаган кадамдары муну тастыктайт. Алар төмөнкүлөр:

А) Буркина-Фасо жана Нигер 2023-жылдын ноябрында G5 Сахел жумушчу тобунан чыкканын жарыялашкан. Ошондой эле Мали 2022-жылдын май айында G5 Сахел жумушчу тобунан чыгып кеткен. Ишемби күнү Буркина-Фасо Нигер жана Мали Африкалык топтун курамынан чыккандан бир жарым жыл өткөндөн кийин Сахел беш өлкөлөрүнүн тобунан чыкканын жарыялашты. Буркина-Фасо официалдуу маалымат агенттиги Буркина-Фасо жана Нигер өкмөттөрүнүн биргелешкен билдирүүсүн жарыялады. Ага ылайык, “Эгемендүү чечим топко жана анын ишине терең баа бергенден кийин кабыл алынат.” Билдирүүдө мындай деп кошумчаланган: “Сахелдеги бештик тобу Сахел элдеринин кызыкчылыктарына зыян келтирип, чет элдик кызыкчылыктарга кызмат кыла албайт. Ал тургай, кандай гана болбосун, шериктештик аты менен биздин элдердин суверенитетин танган жана  жаңылышып адашкан кандайдыр бир күчтүн буйруктарын кабыл ала албайт. Ошондуктан, Буркина-Фасо жана Нигер бул уюмдан чыгуунун тарыхый жоопкерчилигин так мойнуна алды…”. (Anadolu агенттиги, 2023.03.12). Малинин аскерий кеңеши жекшемби күнкү билдирүүсүндө өлкө 2014-жылы жихадчыларга каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн Батыш Африканын Сахел аймагындагы көп улуттуу аскерий күчтөрүнөн чыгып жатканын жарыялады. Аскердик кеңеш чыгып кетүү чечимин Малинин “G5 Сахел тобуна” төрагалык кылууга жол бербөө менен актады. Анткени, Бамако 2022-жылдын февралында бул өлкөлөрдүн, атап айтканда Мавритания, Чад, Буркина-Фасо жана Нигердин лидерлери үчүн конференция өткөрүшү керек болчу. Аскердик төңкөрүш аркылуу бийликке жеткен аскердик кеңеш Малидеги ички туруксуздукту шылтоолоду… (France 24, 2022. 05.16).

Б) Мали, Нигер жана Буркина-Фасо Франциянын таасиринен кутулуу жана терроризм менен күрөшүү шылтоосу менен аскердик кийлигишүүсүнө жол бербөө үчүн 2024-жылдын январь айында ECOWASдан чыгышын жарыялашкан. Жекшембиде Мали, Буркина-Фасо жана Нигер Батыш Африка мамлекеттеринин экономикалык шериктештигинен (ECOWASдан) чыгууну чечишти. Бул тууралуу Аскердик кеңештер жана убактылуу өткөөл өкмөттөр жетектеген үч Сахел өлкөсүнүн биргелешкен билдирүүсүндө айтылды. Билдирүүдө үч өлкөнүн 15 мүчөдөн турган ECOWASдан “мүмкүн болушунча тезирээк” чыга турганы белгиленген. Анда айтылгандай, “чет элдик күчтөрдүн таасирине баш ийди” жана “анын принциптерине чыккынчылык кылды” деп айыпталган ECOWAS үч өлкөгө “коркунуч” жаратат деп айтылды… (Anadolu агенттиги, 2024.01.28).

  1. Булардын баары бул үч өлкөнүн Франциянын таасиринен кутулуу үчүн Франциянын таасири жана багыты астында болгон бардык уюмдардан чегингендигин көрсөтүүдө. Американын буйругу болбосо, бул өлкөлөр өз алдынча чыгып кетпейт эле. Конфедерацияны түзүүнүн башаты катары Америка ECOWASты ыдыратууну же аны алсыратууну каалады. Андан соң жалпы калкынын саны 70 миллиондон ашкан жана француз компаниялары тарабынан эксплуатацияланган ири энергетикалык жана минералдык ресурстарга ээ болгон бул үч маанилүү өлкөдө Франциянын таасирин солкулдатууну же алмаштырууну каалады! О.э бул “конфедерация” жана анын лидерлеринин үнү Сахел аймагындагы Франциянын таасир чөйрөсүнөн көбүрөөк өлкөлөрдү чыгарып салууну каалайт. Булар Франциянын колониялык талап-тоноосунан жана анын артында калтырган өтө жакырчылыктан, акимдер арасында кеңири жайылган коррупциянын катаалдыгынан улам пайда болгон абдан алсыз өкмөттөр. Бул жаңы жагдайлар аркылуу Америка (терроризмге каршы күрөшүү) жана аскердик машыгуу, колдоо көрсөтүү аркылуу байланышып жаткан аскерлерди азгырууда. Жалпысынан алганда, үч өлкөнүн лидерлеринин Францияга каршы келишпестиги – Франциянын бул аймактагы таасири ондогон жылдар бою коопсуз жана туруктуу болуп тургандан соң – ага каршы эң чоң коркунуч болуп саналат.
  2. Ушундай негизде Ислам өлкөлөрүнүн акимдери өлкөнүн көз карандылыгын бир колонизатордон экинчи колонизаторго өткөрүп жатат. Мусулмандардын мал-мүлкүн талап-тоногон Франциядан жүз буруп, калган байлыктарды Америка тоношу үчүн ага жүздөнүштү. Ал эми мусулмандардын кыйналып, жакырчылыкта калуусу уланууда. Мусулмандар өз өлкөлөрүн башкарууга кудурети жетпегендей түр жаратышууда. Бул абал бардык мусулман өлкөлөрүнө тиешелүү болгону менен, Африка өлкөлөрүндө оор жана терең. Мусулмандар өздөрүнүн дини менен ойгонуусу күчөгөн сайын аны кармануу бул дүйнөдө да, акыретте да кутулууга алып баруучу жол экенине бекем ишенишет жана Аллах Таала ыраазы болгон нерсеге жакын болушат. Бул алардын өз өлкөсүнүн байлыгын талап-тоноп  жакырчылык жана жокчулукта калтырган  каапыр колонизаторго болгон жек көрүүсүн күчөтөт. О.э динди жашоого алып келүү Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи Халифалык мамлекетин тикелөө жолунда кайрат жана аракетин арттырат.  Мусулмандар жашап жаткан мажбурлоочу режимдерден кийин курула турган Ислам мамлекети бүткүл мусулмандарды бириктирет. Биз Аллахтын уруксаты менен мусулмандардын жетишет, Ислам мамлекетин куруп, бүткүл Ислам аймактарын бириктирип, бардык каапыр колонизаторлорду өз аймактарынан кууп чыгууга, а түгүл бул каапыр мамлекеттерге хидаят байрагын ташып барууга бир кадам калганын көрүп турабыз. Шек күмөнсүз бул иш Аллах үчүн оор эмес. Пайгамбар (с.а.в) Ахмад Хузайфа радыяллаху анхудан риваят кылган хадисте мындай дейт:

«…ثُمَّ تَكُونُ مُلْكاً جَبْرِيَّةً فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ تَكُونَ ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ ثُمَّ سَكَتَ».

“…Андан кийин ал мажбурлоочу падышалык болот, ал Аллах каалаганча болот, анан кааласа аны көтөрөт, анан пайгамбарлык минхажы негизинде халифалык болот, анан ал унчукпай калды”.

1446-х 18-Мухаррам.

2024-ж 24-июль.

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

2 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

6 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 week ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

1 week ago