Жаңылыктар

Энергетика министри элди светти экономдоого чакырды

Энергетика министри элди светти экономдоого чакырды

Кыргызстанда жай айларында электр энергиясын колдонуу рекорддук чекке жеткенин энергетика министри Таалайбек Ибраев 2-августтагы маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, учурда бир сутка ичинде электр энергиясын колдонуу көлөмү саатына 40 миллион киловаттка жетип жатат. Буга чейин 32-35 миллион киловатт болуп келген.

“Керектөөчүлөрдү электр энергиясын үнөмдөөгө чакырам. Биз аны канчалык көп керектеген сайын, ошончо көп суу коё берилет. Суу бизге кышкы сезондо жылытуу үчүн керек болот. Ошондуктан биз сууну үнөмдөбөсөк, кышында бизде маселе жаралышы мүмкүн”, – деди Ибраев.

Өлкө бийлиги 1-майдан тарта 700 кВт саатка чейин керектегендерге светтин баасын 10,8 тыйынга кымбаттаткан. Айына 700 кВт сааттан ашык керектөөчүлөргө 23,3 тыйын кошулган. Ал эми, чектөөсүз пайдаланууну каалагандарга 35,4 тыйын кымбаттаган. Кыргызстанда өткөн жылы электр энергиясынын баасы 23 тыйынга кымбаттап, 1 кВт саат электр энергиясы 1 сом болгон. 700 кВт сааттан ашык пайдаланган абоненттер 2 сом 16 тыйын төлөп келишкен. Ошондой эле электр жарыгын чектөөсүз (лимитсиз) пайдаланууну каалагандар үчүн 5 сом 4 тыйын өлчөмү кирген.

Өлкөдө электр энергиянын тарифи байма-бай кымбаттаган менен калкка электр энергиясы күн суук мезгилдерде жетиштүү деңгээлде берилбей келет. А түгүл, калк утуру менен светтин өчүрүлүүсүнө дуушар болуп келишет. Эми болсо министр жайкы аптапта калкты муздаткыч жана кондиционерлерди үнөмдөп пайдаланууга чакырууда.

Мунун каршысында өлкөдөгү капиталисттер электр энергиясын майнинг фермаларды иштетүү үчүн текейден арзан алышууда. Маселен, “МБТ Строй” компаниясы “Камбар-Ата-2” ГЭСине 1,5 млрд. сом салып, аны электр энергиясы менен кайтарып алууда. Компания “Камбар-Атага” салган акчасын акташ үчүн ГЭСтен 50-60 тыйындан 5-10 жыл энергия алмакчы. Расмий бийлик электр энергиясынын өздүк наркы 2 сом 38 тыйынга жетерин айтып келет. А бирок, капиталисттердин кызыкчылыгына келгенде бул өздүк нарк 60 тыйындан да арзандап калууда.

Түпкүлүгүндө, Кыргызстандын энергетикалык кризистен чыга албай жатышынын себеби тарифтин арзандыгы эмес, балким тармактагы жемкорлук жана капиталисттердин ар кандай алдоолору болуп эсептелет. Маселен, чиновниктер сугат учурунда Өзбекстан жана Казакстанга суу сатып акча жешет. Кайра кышкыга электр энергиясын сатып алуу үчүн келишимдер түзүп, жең ичинен дагы жейт. Мына ушундай чырмалган коррупциялык схемаларды жоюунун ордуна ар келген бийлик тарифти көтөрүү менен элдин жонунан кайыш тилүүнү эп көрүп келет. Алардын шайлоо астындагы куру ураандары убактылуу гана алдоо экени ар сапар ачыкталса да, калк акыркы үмүт менен кийинки саткын саясатчыларга алданып калууда.

Ар бир келген президенттин электр энергиясынын тарифин кымбаттатууда дагы бир жүйөлүү себеби бар. Бул тармакка алынган үлкөн каражаттар жана алардын коррупциялык жолдор менен сол чөнтөккө иштетилиши. Кыргызстан 1992-жылдан ушул кезге чейин энергетика тармагына 2 млрд доллардан ашык каражат жумшаган. Алардын негизги бөлүгү чет элдик каржы уюмдарынан кредит, ссуда, грант катары алынган. Ар сапар кредит алуу боюнча келишим түзүлүп жатканда тармакты «модернизациялоо» деген нерсе шылтоо катары айтылат. Бирок ушунча үлкөн көлөмдөгү кредиттерге карабастан өлкөнүн энергетика тармагы оор абалда. Бул да электр энергия тармагы коррупциянын чордону экенин ырастап турат. Буга кошумча, ушул кредиттерди эл аралык каржы уюмдар өлкөдөгү тарифтерди кымбаттатуу талабы менен беришет. Маселен, өткөн жылы Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 20 миллион доллар бере турган болгондо, банктын Европа жана Борбор Азия аймагы боюнча вице-президенти Анна Бьерде мындай деген: “Арзан тарифтер зарыл болгондон да көбүрөөк энергияны колдонууга түртөт. Биз анын өзгөрүшүн колдойбуз”.

Түпкүлүгүндө, Дүйнөлүк Банк жана башка эл аралык каржы уюмдары колонизаторлордун куралы экендиги шексиз. Колонизаторлор алардын жардамында өлкөлөрдү карызга батырып, саясий жана экономикалык кызыкчылыктарын ишке ашырышат. Ушул Дүйнөлүк Банктын сунуштары негизинде өлкөбүздөгү мамлекеттик саналган электр энергия секторун жеке тараптарга өткөрүү башталган. Алар менчиктештирүү жана тарифти кымбаттатуу менен өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын өздүк наркын кымбаттатууну да каалашат. Натыйжада, жергиликтүү ишкерлер чет элдик капиталисттердин арзан баадагы товарларына атаандаша албай калат.

Жыйынтыктап айтканда, проблеманын негизги себеби башыбызда кара булут болуп айланган капиталисттик түзүм. Ошондой эле, тармактагы коррупциялык схемалар. Алар калктын негизги муктаждыгы болгон энергияны менчиктештирүү жана коррупциялык аракеттер менен үлкөн пайда табышууда.

Түпкүлүгүндө электр энергиясы жалпы элдик мүлк болуп, Исламда анын пайдасына мамлекет же жеке компаниялар ээ болуусу мүмкүн эмес. Анын өзүнүн пайдасы же андан түшкөн киреше ар бир жарандын өзүнө келип түшүүгө тийиш.

Ибн Аббас риваят кылышынча, Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам айткан:

اَلْمُسْلِمُونَ شُرَكَاءُ فِى ثَلاَثٍ فِى الْمَاءِ وَالْكَلَإِ وَالنَّارِ

“Мусулмандар үч нерседе – суу, жайыт жана отто шерик”. Бул хадисти Анас да ибн Аббастан риваят кылып, “анын акчасы арам” деген сөздү кошкон. Демек, умумий мүлктүн пайдасы же андан алынуучу киреше ар бир жаранга жетип барышын камсыздоо мамлекеттин мойнундагы милдет болуп эсептелет.

Мумтаз Маверанахрий

turkistonkg

Recent Posts

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык?

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык? 17-сентябрда Астанада Борбор Азия өлкөлөрү менен Германиянын лидерлери катышкан С5+1…

1 day ago

Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу Урматтуу бир туугандар “Асыл…

2 days ago

Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

3 days ago

Ачууланба

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ачууланба Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

3 days ago

Аллахтын берешендигинде чек жок

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Аллахтын берешендигинде чек жок Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

4 days ago

Адилеттүүлүк

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адилеттүүлүк Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

7 days ago