Жаңылыктар

Жозеп Боррелдин Кыргызстанга жасаган сапарынын максаты

Жозеп Боррелдин Кыргызстанга жасаган сапарынын максаты

Президент Садыр Жапаров Европа биримдигинин жогорку өкүлү Жозеп Боррелди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда соода-экономикалык кызматташтык, инвестициялардын келечеги, энергетика, санариптештирүү жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сөз болду.

Жапаров өз сөзүндө европалык инвесторлорго Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан масштабдуу гидроэнергетикалык жана транспорттук долбоорлорго кошулууну сунуштады

Өз кезегинде Боррель Евро Биримдик Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө жана өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын ырастады.

Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун Брюсселге сапары учурунда 25-июнда “Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө” стратегиялык келишимге кол коюлган. Бул документ 1999-жылкы Бишкек менен Брюсселдин ортосундагы өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу келишимди алмаштырган.

Комментарий:

Евро Биримдик 2019-жылы Борбор Азияга карата жаңы стратегиясын жарыялаган. Ушул жылдан тарта Кыргызстан менен түзүлгөн стратегиялык келишимди жаңылоо боюнча сүйлөшүүлөр күчөтүлгөн. А түгүл, айрым учурда Кыргызстанга адам укугу, басма сөз эркиндиги жаатында басым өткөрүп келди. Маселен, өткөн жылы 13-июлда Европарламенттин жыйынында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына болгон басым тууралуу резолюция кабыл алынды. Документте 2022-жылдын январынан тарта Кыргызстанда адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап кеткени белгиленген. Буга кошумча, Европарламент резолюцияда кыргыз парламентинде талкууланып жаткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары”, “Бейөкмөт уюмдар”, “Чет өлкөлүк өкүл” жана “Балдарды зыяндуу маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорлорун артка кайтарууну эскертти. Натыйжада, кыргыз бийлиги Орусия кызыкчылыгы үчүн кабыл алынып жаткан жогорудагы мыйзамдардын айрымдарын артка кайтарды.

Мындан белгилүү болгондой, Европа Биримдиги да Орто Азияда анын ичинде Кыргызстанда өз таасирин күчөтүүгө умтулууда. ЕБ бул жолдо негизинен “адам укуктары”, “сөз эркиндиги” идеяларынан пайдаланып, аларды демократиялык институттар, бейөкмөт уюмдар жана таалим тармагына каражаттар ажыратуу аркылуу ишке ашырууда. О.э инвестиция шылтоосу менен Кыргызстанга окшогон жакыр өлкөлөрдү өз таасири астына алууну максат кылат. Европанын бул максаттары кайсы бир деңгээлде ишке ашып, кыргыз бийлиги өлкөдөгү ири долбоорлор үчүн эл аралык уюмдарга кайрылып, Европа өлкөлөрүнөн инвестиция тартууга аракет кылууда.

Албетте, Евро Биримдик менен стратегиялык келишими бир тараптуу басым негизинде гана кабыл алынган жок. Балким, мында кыргыз бийлигинин да айрым кызыкчылыктары бар. Тагыраак айтканда, Кытайдын өлкөдөгү таасири күчөп, бийликти толугу менен көзөмөлдөп калбашы үчүн тышкы саясатта балансты кармоо аракети көрүлүп жатат.

Демек, Боррелдин сапары жогорудагы стратегиялык келишимди ишке ашыруу үчүн инвестиция, соода-экономикалык алака жана адам укугу шылтоолору менен Европанын таасирин кеңейтүүнү максат кылат. Бул болсо Орто Азия аймагы, анын ичинде Кыргызстан үстүндө колонизаторлук күрөшү улам өөрчүп баратканын көрсөтөт. Өкүнүчтүүсү, үстүбүздөгү малай акимдер арзыбас маталарга ээ болуу же өз күрсүсүн сактап калуу үмүтүндө, күч кимде болсо ошого ээрчип кетишүүдө.

Нурдин Асаналиев

turkistonkg

Recent Posts

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык?

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык? 17-сентябрда Астанада Борбор Азия өлкөлөрү менен Германиянын лидерлери катышкан С5+1…

1 day ago

Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу Урматтуу бир туугандар “Асыл…

1 day ago

Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

3 days ago

Ачууланба

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ачууланба Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

3 days ago

Аллахтын берешендигинде чек жок

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Аллахтын берешендигинде чек жок Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

4 days ago

Адилеттүүлүк

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адилеттүүлүк Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

7 days ago