Роя гезити

Силер үчүн сүзүүчү пирсте ибрат бар!

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Силер үчүн сүзүүчү пирсте ибрат бар!

“Кудс Арабий” сайты “The Guardian” гезитине шилтеме кылып кабарлашынча, Кошмо Штаттар Газанын жээгинде курган сүзүүчү пирстен баш тартканы жөнүндө кабарлар бар. Пирстин курулушу 2024-жылы апрелде, гуманитардык жардамдарды алып кирүү болсо 17-майда башталган. Бирок Газа деңизи пирсти чөктүрдү. Натыйжада, пирс бир аптадан кийин ишин токтотту жана аны оңдоо керек болуп калды. 7-июнда ал болжол менен бир аптада кайрадан орнотулду, кийин күчтүү деңиз толкундары себептүү дагы алынды. Бир нече күн өткөн соң кайра орнотулуп, 28-июнда дагы алып салынды, андан кийин дагы бир нече күнгө орнотулду. Ошентип, Жек Салливан басма сөз конференциясында баса белгилегендей, Вашингтон жума күнү Газа секторунун жээгиндеги сүзүүчү пирсти бүтүндөй аларын жарыялады.

Роя: дүйнөдөгү биринчи өлкө бүткүл мүмкүнчүлүктөрү жана кубаты менен ачка калгандарга жана мазлумларга кандайдыр бир жардамдарды алып кирүү үчүн сүзүүчү пирсти орнотууда ийгиликсиздикке учурады. Бирок ал мазлумдарды күнү-түнү өлтүрүү үчүн түрдүү кыргын куралдарын жөнөтүүнү токтоткон жок. Газа деңизи бул пирсти кайра-кайра чөктүрдү. Бул окуяда башкаларга караганда көбүрөөк, биз, мусулмандар үчүн ибрат бар. Ыктымал, бул «Америка жана Батыштан жакшылык үмүт кылбагыла. Алардын кылмыштуу демилгелерине жана чечимдерине моюн сунбагыла. Анткени бул чечимдер силердин үстүңөрдөгү зулумду күчөтөт жана силерге ийгиликсиздик гана алып келет», – делген ишарадыр. Ыктымал, бул бүткүл мусулмандарга, Газа секторундагы элибизге «Силерди аларга жана аларга малай болгон мусулман өкүмдарларга байлап турган бардык аркандарды – эч бирин калтырбастан – үзгүлө. Силер Жалгыз Аллах менен байлоочу аркандарды улагыла. Анткени Аллах пенделерине үстөм жана гайыбды билүүчү. Жалгыз Аллахтын арканын бекем кармагыла. Нусрат Жалгыз анын колунда. Ал кандай гана жакшы Колдоочу, кандай гана жакшы Жардамчы», – деп баса белгилөөдө.

 Роя гезити, №504, 2024-жыл, 17-июль.

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

1 day ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

4 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

6 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

6 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

6 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

6 days ago