Жаңылыктар

«Исламий сегиздик» өлкөлөрүнүн кезексиз жыйынынын корутунду билдирүүсү Газага жана анын калкына жардам бербейт

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

«Исламий сегиздик» өлкөлөрүнүн кезексиз жыйынынын корутунду билдирүүсү Газага жана анын калкына жардам бербейт

 Устаз Ахмад Хутваний

Истамбулда өткөн «Өнүгүп келе жаткан сегиз исламий өлкөлөрдүн экономикалык кызматташтык уюмунун» (“Исламий сегиздик”, D-8) тышкы иштер министрлеринин кеңеши корутунду билдирүү чыгарды. Яхудий вужуду 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа секторунда тынымсыз согуш алып бара жатканын талкуулоо артынан чыгарылган бул билдирүүнү Түркия тышкы иштер министри Хакан Фидан окуп уктурду, билдирүүдө мындай делген:

  • Баскынчылардын Газада жасап жаткан кылмыштары “Израиль” үчүн шерменделик болуп эсептелет.
  • “Израилдин” Газадагы кылмыштарын токтотуу жана ал жерге жардамдарды киргизүү үчүн “Израилге” эл аралык басым өткөрүү жана аны изоляция кылуу керек.
  • Ушундай бир күн келет, “Израиль” жана анын жетекчилери фалестиндиктерге каршы кылмыштары үчүн соттолот.
  • Фалестин БУУнун толук мүчөсү болот жана биз башка өлкөлөрдү Фалестин мамлекетин моюнга алууга чакырабыз.
  • Биз (“Исламий сегиздик” өлкөлөрү) Истамбулда дагы бир жолу бүткүл дүйнөгө жарыя кылабыз – Газадагы “Израилдин” зулуму алдында унчукпай тура албайбыз.
  • Украинадагы баскынчылыкка каршы чыгып жаткандар Фалестиндеги баскынчылыкка каршылык аракетин кылмыш деп жатышат.
  • Газа эл аралык системанын начарлыгын жана майнапсыздыгын даана көрсөттү.
  • Газадагы жырткыч кылмыштарды жана геноцидди токтотуу үчүн биргеликте аракет кылуу жолдорун талкууладык.
  • Биз фалестиндик бурадарларыбызды жалгыз калтырбайбыз. Газада ок атууну тезинен жана туруктуу токтотуу жана секторго гуманитардык жардамдарды алып кирүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү сапарбар кылабыз.
  • “Израиль” баскынчылыгын токтотуу жана “эки мамлекет” чечимин ишке ашыруу үчүн болгон күчүбүз менен аракет кылабыз.
  • Нетаняхунун экстремисттик өкмөтү от менен ойношуп жатат жана Нетаняху бүткүл региондун келечегин, өз элин да чоң коркунучка кептөөдөн кайтпай жатат.
  • Биз Мисир менен Катардын эки тарап ортосундагы ортомчулук иш-аракеттерин жогору баалайбыз.
  • Газадагы кырсык айрым өлкөлөрдүн «эки жүздүүлүгүн жана кош стандарттарын» ачыкка чыгарды.
  • Фалестиндиктердин баштапкы табигый укугу – өзүлөрүнүн көз карандысыз мамлекетин тикелөө.
  • Фалестин өлкөсү дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери тарабынан моюнга алынган, бирок Американын ветосу себептүү Фалестин БУУга мүчө боло албады же расмий моюнга алынбады.
  • Биз, “Исламий сегиздик”, бул адилетсиздик мүмкүн болушунча батыраак бүтүшүн каалайбыз.
  • Биз бул адилетсиздикке жана зулумга каршы турган бардык өлкөлөрдүн позициясын жогору баалайбыз.
  • Биз айрым Европа мамлекеттеринин Фалестин мамлекетин моюнга алуудагы кайратына үмүт чырагындай карайбыз.
  • Ушундан улам, Батыш коому арасында өз бийлигинин позициясына тескери аракеттер болуп жатканы келечектен үмүт билдирүүдө.
  • Убакыт өткөн сайын “Израиль” дагы да жекеленип, жалгыз калат.
  • Биз, “Исламий сегиздик” өлкөлөрү, Фалестинди колдоп-кубаттоодо өз ара кызматташууга, кызматташтыгыбыз экономикалык тармак менен чектелип калбастыгы керектигине келиштик жана бул пикирибизде бекем турабыз.
  • Биз эч кимден чечим күтпөйбүз, биз жолугушуп, кеңешип, максаттарыбызга жана чечимге жетүү жолун табабыз.
  • Жолугушуубузда кошмо декларацияда койгон өз ара кадамдарыбыз “Израилге” басымды көбөйтөт жана фалестиндик бурадарларыбыздын азат болуусун колдоп-кубаттоого салым кошот.

Түркия, Мисир, Нигерия, Пакистан, Иран, Индонезия, Малайзия, Бангладеш өлкөлөрүн өз ичине алган ушул “Исламий сегиздик” уюму 1997-жылы Түркияда түзүлгөн. Анын максаты уюмга мүчө өлкөлөр ортосундагы экономикалык жана социалдык мамилелерди бекемдөө. Бирок уюм Фалестин маселеси сыяктуу саясий маселени талкуулоо үчүн биринчи жолу жыйын өткөрүүдө.

Уюмдун корутунду билдирүүсүндө айтылган пикирлерди үйрөнүп чыккан киши ушуну түшүнөт – бул пикирлер уюмдун мүчөлөрүнүн курулай арзуулары гана. Алардын саясатка же саясий иш-аракетке эч кандай тиешеси жок. Бул пикирлер арзууга алып бара турган кандайдыр бир эрк же олуттуулук бар экенин билдирбейт. Сүйлөмдөр негизинен белгисиз эл аралык тараптардан анын мазмунун ишке ашырууну талап кылган жана сунуштардан турган конструктивдүү сүйлөмдөр.

Мисалы, «Израилге» эл аралык басым өткөрүү керек дегенде, бул басым кайсы эл аралык тараптан талап кылынат? – деген суроо туулат. Жооп жок! Кала берсе, эмнеге бул уюмдун жетекчилери өздөрү каалаган иштерди аткарбастан бул иштин аткарылуусун эл аралык коомчулуктан талап кылууда? Деги, алардын өлкөлөрүндө үлкөн иштерди аткара турган даражада армиясы, потенциалы жана мүмкүнчүлүктөрү бар го?!

Эй, уюмдун жетекчилери, силерди яхудий вужудуна каршы аскерий жана экономикалык аракеттен эмне тосууда?! Ушул уюмга мүчө өлкөлөрдүн калкы миллиарддан ашат, ал эми яхудий вужудунун калкы болсо жети миллиондон ашпайт, андыктан, эмнеге бул вужудга каршы эч болбосо амалий күч колдонуу менен коркутуу колуңардан келбей жатат?!

Силер талап кылып жатасыңар, четке кагып жатасыңар, талкуулап, жарыя кылуудасыңар, бирок амалда эч нерсе кылбай жатасыңар, ушунчалык кордукка түшөсүңөрбү?!

Кимдир бирөөлөрдөн сурануудан жана жалынуудан башка нерсени билбейсиңер, ушундай кордукка малындыңарбы?!

Эмнеге билдирүүңөрдө Мисир жана Катар ок атууну токтотууда ортомчулук кылышканы үчүн ырахмат айттыңар, акыры, Газаны яхудий вужудунан да жаман блокада кылып жаткан тарап Сисий экенин жакшы билесиңер го?! Катар америкалыктар менен яхудийлер үчүн почта болуудан башка нерсеге жарабастыгын, Газа калкына кымындай пайдасы тийбегенин жакшы билесиңер го?!

Эмне үчүн чогулуп жатасыңар, эмнеге Газа секторуна бир кап ун да киргизе албастан кудуретсиз экениңерди ырастоо менен өзүңөрдү шерменде кылып жатасыңар?! Негизи, колуңардагы ресурстар жана мүмкүнчүлүктөр абдан чоң, ага карабастан, Фалестинге жардам берүү жана Расулуллах ﷺдын Исро жерин азат кылуу үчүн силерде эч кандай каалоо-эрк жок болуп жатат?!

Силер жада калса өз элиңерге да бирер пайдалуу иш кыла албайсыңар, анан кантип башка калкты, Газа калкын зулум жана блокадан куткара аласыңар?!

Жакшы билип алгыла, силер эл аралык позицияда нөлгө теңсиңер. Андыктан, жакшысы унчукпагыла, эч ким ишенбеген мындай пайдасыз сөздөрдү токтоткула, сөздөрүңөргө Умматтын жада калса наадан кимселери да ишенбейт.

Мындай пайдасыз жасалма жолугушууларды токтоткула, ага кетип жаткан каражаттарды чогултуп, муктаждарга бергиле, анткени бул сыяктуу келжирек билдирүүлөрдөн көрө ушул нерсе орундуу. Бул билдирүүңөрдү эч ким окубайт, окуса да маскаралап күлөт.

Силердин бул уюмуңар исламий өлкөлөрдүн арасында эң чоң саналган жана калкы бир миллиарддан ашкан өлкөлөрдөн түзүлгөн уюм болсо да, аны абдан аз мусулман тааныйт. Анткени уюмуңар бир нече жылда бир жолу гана жолугушат жана мусулмандардын маселесин чечүүдө эч кандай роль ойнобойт. Уюмуңар жолугушса, андан амалсыз жана мазмунсуз билдирүүлөрдөн башка нерсе чыкпай жатат же абалга тескери арзуу жана курулай кыялдар чыгып жатат, демек, силер үчүн мындай уюмуңарды бекер кылуу пайдалуураак.

 Роя гезити, №501, 2024-жыл, 3-июль.

turkistonkg

Recent Posts

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык?

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык? 17-сентябрда Астанада Борбор Азия өлкөлөрү менен Германиянын лидерлери катышкан С5+1…

1 day ago

Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу Урматтуу бир туугандар “Асыл…

1 day ago

Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

3 days ago

Ачууланба

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ачууланба Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

3 days ago

Аллахтын берешендигинде чек жок

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Аллахтын берешендигинде чек жок Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

4 days ago

Адилеттүүлүк

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адилеттүүлүк Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

7 days ago