Роя гезити

АКШ президентинин Францияга сапары

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

АКШ президентинин Францияга сапары

 Мухандис Висам Атраш

Тунис вилаяты

Франция президенти Эммануэль Макрон 2024-жылы 8-июнда Парижде АКШ президенти Жо Байденди кабыл алды. Байден расмий Францияга сапарын белгилүү Триумф аркасы алдында үлкөн иш-чара менен баштады. Байден менен Макрон жубайлары менен бирге эки өлкөнүн согуш ардагерлерин куттукташты. О.э. алар Елисей сарайына бара жатып, сарайга алып барган жолдо аскерий парадга да катышышты.

Франциянын расмий билдирүүлөрүнө ылайык, Байден сапар учурунда Россияга каршы согушта Украинага кошумча жардам берүүнү талкуулаган. Ошону менен бирге, Италиянын Бари шаарында өтө турган G7 саммити жана июль айында Вашингтонда өтө турган НАТО саммитине даярдык талкууланды. «Bloomberg» кабарына ылайык, сүйлөшүүлөр Кошмо Штаттар менен Европанын экономикаларын Кытайдын импортуна өзгөрүүчөн кылуу үчүн кабыл алуу керек болгон кадамдарды да өз ичине алган.

Бул сапардын көлөмү кандай? Анын артында кандай саясий жагдайлар турат?

Оболу, Байдендин сапары Франция тарабынан мыкты уюштурулганы анык. Андан мурун Елисей сарайында Кытай жетекчиси кабыл алынып, Еврокомиссия президенти Урсула фон дер Ляйендин катышуусунда соода жүгүртүмү үчүн «адилеттүү эрежелер» зарылдыгы туурасында «суракка алынды». О.э. Кытай экономикалык операцияларына каршы кызматташуу жолдору да Байден сапарынын күн тартибине киргизилген. Андан кийин Байден – Экинчи дүйнөлүк согуштун союздаштардын пайдасына чечилишине жана фашисттик Германия жетектеген өлкөлөрдүн жеңилүүсүнө алып келген – Нормандияда союздаштардын кошуундарынын Франция жээгине түшүшүнүн 80 жылдыгын эскерүү ырасымына катышты. Бул ырасымга НАТО жогорку командачылыгы, Британия жана Канада өкүлдөрү катышты. Бул болсо ушул ырасым Батыш блогуна каршы эл аралык жана экономикалык өнүгүүгө умтулуп жаткан күчтөргө саясий ишарат болгонун түшүндүрөт. Бул күчтөрдүн биринчиси АКШ алдындагы негизги эл аралык дилеммага айланган Кытай болсо, экинчи Батыштын санкциялары каршы туруктуу турган Россия. Бул абал АКШ жетекчисинин сапарын беш күнгө (5-9-июнь) улантып, аны жылуу күтүп алуу менен өзгөчөлөнүп турду. Ошону менен Франция АКШ президенти үчүн өз мамлекетинен тышкарыдагы эң алыс тарыхий бекетке айланды.

Мындан тышкары, Байдендин сапары президенттик шайлоо кампаниясына туура келүү менен бирге, Чыгыш блокко (Россия менен Кытайга) каратылган жашыруун миссиялар себептүү маанилүү болду. О.э. дүйнөнүн биринчи өлкөсү (Америка) менен Брекситтен бери Европа Союзунун жетекчиси байрагын көтөрүп келе жаткан өлкө (Франция) ортосундагы өзгөчө жакындашуу болду. Арийне, бул Чыгыштан болгон кооп-коркунучтарга каршы Батыштын тилектештигин өзүндө жамдаган АКШ-Франциянын ортоктош каалоосун баса белгилөө болду. Чыгыштан болгон кооп-коркунучтардын негизгиси – Батыштын таасири астындагы региондордо Кытайдын ролунун күчөшү жана Кытай «Бир кур, бир жол» демилгесин иштеп чыгып, глобалдуу масштабда камсыздоо үзүктөрүн бекемдөө аркылуу экономикага кирүүсү. Экинчиси болсо, Россия Европанын коопсуздугуна коркунуч туудуруп жатканы. Чамасы Америка Европанын амандыгы үчүн капитал киргизип жатканга окшойт.

АКШ-Франция ортосундагы бул «жакындашуу» агымында улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз катчысы Жон Кирби эки тарап тең «болуп көрбөгөндөй жакынбыз» деп көрсөтмөкчү экенин баса белгиледи. («Франс 24», 2024-жыл, 8-июнь). Ушундай саясий доордо Франциянын Америкага жакындашууга умтулушу жана Америка эки өлкө ортосундагы мамилелер оңолгондой кылып көрсөтүшүнүн себеби бар. Ал да болсо, АКШ менен Европа Трамптын бийликке келишинен кабатырланып жатышат. Анткени бул – айрыкча, өтө оңчул толкун улам күчөп бара жатканда – Батыш коомунда бөлүнүү жана ыдыроону күчөтүшү мүмкүн.

Бул жагдай ушуну түшүндүрөт – Байден өзүн Европа кызыкчылыктарынын жана коопсуздугунун коргоочусу кылып көрсөтүү үчүн кандайдыр бир жакындашууну көрсөтүү зарылдыгы бар жана бул маселе расмиятчылыктан тышкарыда. “Маселен, ал Нормандияга кошуундардын түшүрүлүшүн «Европаны азат кылуудагы биринчи кадам», – деди”. («RT», 2024-жыл, 11-июнь). Европанын кызыкчылыктары жана коопсуздук маселеси АКШ жана көбүрөөк колдоп-кубаттоону, куралданууну талап кылып жаткан НАТО саябаны менен байланган. Маселен, майрамдын шаңы НАТО жогорку командачысы Кристофер Каволини бул талапты дагы айтуудан тосподу. Ал мындай деди: «Аскерий техникага келсек, аны дагы да көбүрөөк иштеп чыгуубуз жана өнөр жай базабызды кеңейтүүбүз керек». (“Шаркул Авсат”, 2024-жыл, 6-июнь).

Ошол эле учурда, АКШ жана НАТОго жакын болгон Макрон өзүнүн экзистенциалдык күрөшүндө Европа Союзунун бүтүндүгүн жана биримдигин сактап калгандай көрсөтсө да, ал Европа жетекчилигин – Европа Союзундагы кеңейип бара жаткан ролунан коркуп жаткан – Германиянын ордуна өз мойнуна алуу үмүтүндө, айрыкча, Германия 2024-жылы коргонуу чыгымдарын 1992-жылдан бери биринчи жолу НАТО талап кылган көлөмдөн, т.а. ички дүң продукциянын 2 пайызынан ашырган убакта. Бул этибарыбызды Макрондун Берлинде өткөн, Германия конституциясынын 75 жылдыгына багышталган ырасымдагы билдирүүсүнө каратат: «Биз Европа өлүшү мүмкүн болгон экзистенциалдык учурда жашап жатабыз». («RT», 2024-жыл, 26-май).

Швеция жана Финляндия сыяктуу Европа өлкөлөрүнүн НАТОго мүчөлүгү Түркия сыяктуу НАТОнун активдүү өлкөлөрү аркылуу болушун Франция абдан кеч түшүнүп жетти. Андан кийин Макрон АКШ жана НАТОго дагы да жакындашууга умтула баштады. Муну Франция биринчи жолу «Шарль Де Голль» самолёт ташыган ядролук кемесин жана аны коштогон кемелерди, чабуулчу ядролук суу астындагы кемесин НАТО командачылыгы астында 15 күндүк машыгууларга катышуу үчүн Жер ортолук деңизге жайгаштырганы да тастыктайт. Муну Россия тышкы иштер министрлиги басма сөз катчысы Мария Захарова Франция улуттук суверенитетинин эң маанилүү тарабы, т.а. ядролук коргонуу тармагындагы жемирилүү уланып жатканынын жаркын далили деп эсептеди. («RT», 2024-жыл, 18-апрель).

Ошентип, Европа Союзунда ядролук куралга ээ ушул жалгыз өлкө дүйнөнүн биринчи өлкөсүнө жасакерленүү аркылуу эл аралык күн тартибинде маанилүү роль ойноого үмүт кылууда. О.э. Франция бул нерсеге Украина согушунун акыбеттери, Кытай менен болгон соода жана Газа согушу сыяктуу эл аралык саясаттагы маанилүү маселелерди талкуулоо аркылуу эл аралык майданда өз ордун камсыздоо менен жетишмекчи.

Ошондуктан Франциянын өзүндө ички проблемалар толуп жатканына карабастан, аскерий чыгымдарды көбөйтүүгө жана НАТОнун иш-аракеттерин колдоп-кубаттоого бүткүл Европаны тартып жатканын көрүп турабыз. Өз аскерлерин биринчи болуп Украина согушуна жөнөтүүгө даярдыгын жарыя кылган да ушул Франция болду. Жада калса Франциядагы эң көзгө көрүнгөн өтө оңчул оппозиция да жакында өз позициясын өзгөртүүгө мажбур болду т.а. Украинада согуш уланып жатканда НАТОдон чыгуу туура болбостугун баса белгиледи.

Башкача айтканда, НАТОдон бөлөк Европа армиясын түзүү идеясы эми жок. Жада калса Америка өкүмдарлыгына каршы күрөшүү маселеси да – эгер Американын саясий максаттарына кызмат кылууга өзгөрбөсө – эми мүмкүн эмес көрүнөт. Арийне, Европанын – өзгөчө, негизги маселелерде – АКШ сызып берген саясатка көз каранды болуп калганына күбө болуудабыз.

Франция президентинин америкалык кесиптеши менен өткөргөн жолугушуусунун натыйжалары ушул нерселерди ачып берди:

  • Байден баса белгилешинче, ал Макрон менен G7 аркылуу Украинаны Россиянын тоңдурулган активдери менен колдоп-кубаттоого келишишкен, муну кийинчерээк ишке ашырат. Эске салсак, Россия Борбордук банкынын каражаттарынын ири бөлүгү Европа Союзунда тоңдурулган, арийне, бул токтомдун акыбеттерин Европа өз мойнуна алган.
  • Байден Украина согушуна америкалык аскерлерди жөнөтпөстүгүн, бирок Европа Американын коргоосуна муктаж экенин баса белгилөө үчүн аны коргоону улантарын баса белгиледи. Байден: «Бул Украина менен гана байланыштуу маселе эмес, бүткүл Европа коркунуч астында калат, биз буга таптакыр жол бербейбиз», – деп кошумчалады. («RT», 2024-жыл, 8-июнь).
  • Кытай жетекчиси Си Цзиньпин Елисей сарайында «Кытайдын ашыкча өндүрүү кудурети проблемасы» деген нерсе жоктугун айтты. («Синхуа», 2024-жыл, 6-май). Бирок, президент Макрон Байдендин сапары менен бир учурда Кытай жетекчисине кандайдыр бир моралдык басым өткөрүү үчүн анын сөзүн четке кагып: «Кытайдын иштери жогору өндүрүмдүүлүк абалын жаратууда», – деди. (“Рейтер”, 2024-жыл, 8-июнь). Бирок, инфляцияны азайтуу мыйзамына кол коюу менен Европа жетекчилеринин кыжырын келтирген Байден басма сөз жыйынында бул маселеге атайын көз жумду. Ал бул чара климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө АКШнын эң ири капиталы деп мурун айткан сөзүн кайталоо менен чектелди. Бул нерсе Европа компанияларына анык зыян жеткирет.
  • Франциянын Газада ок атууну токтотууну талап кылышы Газа калкына каршы кылмыштардан жака кармаганынан келип чыккан жок, тескерисинче, эски континентти маданий жана экономикалык жактан улам алдан таюу жараянын токтотуудан келип чыккан. Анткени Газа согушунун созулушу Европа жетекчилери үчүн Европа кемелери жана Кызыл деңиздеги интернет кабелдери көбүрөөк бутага алынышын түшүндүрөт. О.э. яхудий вужудун колдоп-кубаттоонун уланышы Американын Украинага жардамын азайтат. Өз кезегинде, бул Зеленскийдин согуш үчүн Европадан көбүрөөк каражат бөлүүнү талап кылат. Акыйкатта болсо, ансыз да Украина согушунан эң көп зыян көрүп жаткан Европа болууда.

Жыйынтыктап айтканда, инсанийликти кадырлабаган материалдык кызыкчылыктар өкүмдарлык кылган бул капиталистик дүйнөдө Макрондун AUKUS альянсы алкагындагы суу астындагы кемелери келишиминде Америка койгон тузактарды да, Африка жээгиндеги мамлекеттерде берилген соккуларды да, Америка Европанын азык-түлүк жана энергия коопсуздугун коркунуч астына койгонун да, Америка кризисти узартуудан пайдаланып жатканын да унутушу таң калычтуу эмес. Ошондуктан, Франция АКШ президенттеринин доорунда Европада эң көп кризистер жүз берген Байден менен достошуп жатканы көрүүдөбүз. Ал өзүн жана Европадагы башка жетекчилерди Трамптын саясатынын тузактарынан куткара алар бекен. Аллах Субханахунун ушул каламы аларга туура келет:

﴿بَأْسُهُم بَيْنَهُمْ شَدِيدٌ تَحْسَبُهُمْ جَمِيعاً وَقُلُوبُهُمْ شَتَّى ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ قَوْمٌ لَّا يَعْقِلُونَ﴾

«Алар өз араларында күчтүү-кубаттуулар (тактап айтканда, согуш болбостон туруп, өз ара күч-кубаттуу экендиктери тууралуу апырта беришет, бирок согуш убагында алар алсыз-коркоктор. Ооздорундагы сөздөрүнөн) аларды биримдиктүү деп эсептейсиң, (бирок) жүрөктөрү ар түрдүү. Буга себеп, алардын акылсыз коом экендиктери»      [59:14]

 Роя гезити, №501, 2024-жыл, 3-июль.

turkistonkg

View Comments

Recent Posts

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык?

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык? 17-сентябрда Астанада Борбор Азия өлкөлөрү менен Германиянын лидерлери катышкан С5+1…

1 day ago

Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу Урматтуу бир туугандар “Асыл…

2 days ago

Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

3 days ago

Ачууланба

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ачууланба Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

3 days ago

Аллахтын берешендигинде чек жок

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Аллахтын берешендигинде чек жок Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

4 days ago

Адилеттүүлүк

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адилеттүүлүк Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

7 days ago