Жаңылыктар

Кыргызстанда диний аталыштагы компанияларга тыюу салынат

Кыргызстанда диний аталыштагы компанияларга тыюу салынат

Президент Садыр Жапаров фирма жана компаниялардын аталышына байланыштуу мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 27-июнунда кабыл алынган. Расмий айтылышынча, мыйзамдын максаты юридикалык жактардын аталышын укуктук негизде тескөө жана диний сөздөр, терминдер, аныктамалар менен аталышына тыюу салуу болуп эсептелет. Министрлер кабинети диний мүнөздөгү сөздөрдүн, терминдердин, аныктамалардын тизмегин жана аларды пайдалануу тартибин аныктап чыгат.

Мыйзам долбоору депутат Марлен Маматалиев тарабынан сунушталган. Ал каржы пирамидалары диний терминдерди колдонуу менен компаниянын чыныгы абалын жана ишенимдүүлүгүн жашырып жатканын айткан. Буга учурда кылмыш иштери козголуп жаткан 14 турак жай кооперативин мисал келтирген.

Депутаттын демилгеси айрым тез байып кетүүнү каалаган билимсиз мусулмандардын укугун исламий аттарды пайдаланган шылуун компаниялардан коргоого багытталса да, маселеге терең каралбаганы көрүнүп турат. Анткени, мындай мыйзамдар проблемага логикалык жандашуудан алыс болуп, шылуундук проблемасын чечпегени аз келгенсип, ишкерлик кылган мусулмандардын аброюна да доо кетирет.

Мындан тышкары, Министрлер кабинети салттуу сөздөр менен диний сөздөрдү кантип ажыратуусу да белгисиз. О.э диний терминдер дегенде кайсы сөздөр назарда тутулганы да түшүнүксүз. Болгону контекстке караганда, диний дегенден максат исламий аталыштар айтылып жатканы көрүнүп турат.

Айрыкча, кыргыз тилине диний термин жана сөздөр илгертен аралашып, коомчулук кайсы сөз диний, кайсынысы адабий экенин ажырата албашы анык. Демек, мындай логика менен исламий аталыштарды эле эмес, диний ишмерлер башкарган компанияларды да жабууга болот.

Ислам жана анын өкүлдөрү чындыгында коомчулукта ишенимге ээ. Бул эконмокалык ишмердүүлүккө, жамааттарга же саясий партияларга байланыштуу болобу айырмасы жок. Ошондуктан, айрым адамдар коомчулуктун ушул ишениминен пайдаланып, өздөрүнүн жаман максаттарын, кызыкчылыктарын ишке ашырып келет. Ошондуктан, капиталисттик компаниялар өз байлыктарын арттыруу үчүн исламий аталыштарды айла-амал катары колдонуудан уялышпайт. Сүткор банктар мусулмандар өз шариятына амал кылганы үчүн кардарларын жоготуудан коркуп, аталыштарын диний мааниде коюшат.  Маселен, «Ислам банкы»на карата өкмөттүн кандайдыр бир чара көрүшүн элестетүү кыйын. Эгер расмий бийлик чындап эле көйгөйдү чечүүнү кааласа, компаниялардын аталышы менен эмес, калкты тоноп жана шылуундук кылып жаткан компания, банктарды жабуу аркылуу күрөшмөк. Анткени, мындай шылуундар диний аталышты койбосо да өз айла-амалы менен калкты тоной бериши талашсыз.

Худжат Джамия

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

3 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

6 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 week ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

1 week ago