Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Казылык

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

روى أبو داوود في سننه قال

حَدَّثَنَا عَمْرُو بْنُ عَوْنٍ قَالَ أَخْبَرَنَا شَرِيكٌ عَنْ سِمَاكٍ عَنْ حَنَشٍ عَنْ عَلِيٍّ عَلَيْهِ السَّلَام قَال

َبعَثَنِي رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِلَى الْيَمَنِ قَاضِيًا فَقُلْتُ يَا رَسُولَ اللَّهِ تُرْسِلُنِي وَأَنَا حَدِيثُ السِّنِّ وَلَا عِلْمَ لِي بِالْقَضَاءِ فَقَالَ إِنَّ اللَّهَ سَيَهْدِي قَلْبَكَ وَيُثَبِّتُ لِسَانَكَ فَإِذَا جَلَسَ بَيْنَ يَدَيْكَ الْخَصْمَانِ فَلَا تَقْضِيَنَّ حَتَّى تَسْمَعَ مِنْ الْآخَرِ كَمَا سَمِعْتَ مِنْ الْأَوَّلِ فَإِنَّهُ أَحْرَى أَنْ يَتَبَيَّنَ لَكَ الْقَضَاءُ قَالَ فَمَا زِلْتُ قَاضِيًا أَوْ مَا شَكَكْتُ فِي قَضَاءٍ بَعْدُ  

Абу Дауд өзүнүн “Сунан” китебинде мындай деген:

Амр бин Аун бизге Алиден риваят кылып айтты. Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) мени Йеменге казы кылып жиберди. Ошондо мен: Оо, Аллахтын Элчиси, сиз мени жаш кезимде, казылыктан илимим  жок кезимде жөнөтүп жатасыз дедим. Ошондо ал айтты: Аллах сенин жүрөгүңдү туура жолго салат жана тилиңди бекемдейт, эгер сенин алдыңда эки жаңжалдашуучу  отурса, биринчисин укканыңдай  экинчисин да укканга чейин өкүм чыгарба. Анткени бул нерсе өкүмдүн ачык болушун шарттайт. Мен ошондон бери казылык кылып келе жатам жана казылык тууралуу даттанган жокмун”.

Сүйүктүү бир туугандар:

Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) адамдардын ортосунда чыккан талаш-тартыштарды ажырым кылуучу жана мусулмандардан болгон башка бирөөнү өзүнө орун басар кылып анын атынан өкүм кылууну дайындаган. Жогорудагы хадисте Азирети Алини Йеменге казы кылып дайындап жатат. Ал аны үйрөттү,  аны менен бирге бизге да адамдардын ортосундагы талаш-тартыштарда кантип казылык кылыш керектигин үйрөтүп,  азирети Алиге: эгер сенин алдыңда эки жаңжалдашуучу  отурса, биринчисин укканыңдай  экинчисин да укканга чейин өкүм чыгарба”, – деди.

Мындан  биз үйрөнүшүбүз керек болгон нерсе төмөнкүлөр:

1-Талаштарды чечүүдө доогер жана жоопкер болушу керек. Булар иш боюнча эки каршылаш тараптар болуп саналат. Доогер болбосо эч кандай иш козголбойт.

2- Өкүм бир гана казылык межлисте чыгарылат: Эки каршылаштын казынын алдына отурушу – өкүмдүн негиздүү болушунун шарты жана талашып жаткан тараптардын далилдеринин кабыл алынуусунун шарты… Болбосо, эки каршылаш казыга жолукпаса, ар бири өз жүйөлөрүн ошол эле кеңешмеде айтып, анан казы алардын ортосуна өкүм чыгарбаса, ал эч кандай мааниге ээ эмес.

3-Доочунун далили анын дооматын тастыктоочу далил болуп саналат. Бул анын аныктыгын күбөлөндүргөн жазуу жүзүндөгү документ болушу мүмкүн. Же эгерде колунда жазуу жүзүндө документи жок болсо талашып-тартышкан окуянын күбөлөрү болушу мүмкүн. Анын далили Аллах Тааланын сөзү:

{ يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِذَا تَدَايَنْتُمْ بِدَيْنٍ إِلَى أَجَلٍ مُسَمًّى فَاكْتُبُوهُ وَلْيَكْتُبْ بَيْنَكُمْ كَاتِبٌ بِالْعَدْلِ وَلَا يَأْبَ كَاتِبٌ أَنْ يَكْتُبَ كَمَا عَلَّمَهُ اللَّهُ فَلْيَكْتُبْ وَلْيُمْلِلْ الَّذِي عَلَيْهِ الْحَقُّ وَلْيَتَّقِ اللَّهَ رَبَّهُ وَلَا يَبْخَسْ مِنْهُ شَيْئًا فَإِنْ كَانَ الَّذِي عَلَيْهِ الْحَقُّ سَفِيهًا أَوْ ضَعِيفًا أَوْ لَا يَسْتَطِيعُ أَنْ يُمِلَّ هُوَ فَلْيُمْلِلْ وَلِيُّهُ بِالْعَدْلِ وَاسْتَشْهِدُوا شَهِيدَيْنِ مِنْ رِجَالِكُمْ فَإِنْ لَمْ يَكُونَا رَجُلَيْنِ فَرَجُلٌ وَامْرَأَتَانِ مِمَّنْ تَرْضَوْنَ مِنْ الشُّهَدَاءِ أَنْ تَضِلَّ إِحْدَاهُمَا فَتُذَكِّرَ إِحْدَاهُمَا الْأُخْرَى وَلَا يَأْبَ الشُّهَدَاءُ إِذَا مَا دُعُوا وَلَا تَسْأَمُوا أَنْ تَكْتُبُوهُ صَغِيرًا أَوْ كَبِيرًا إِلَى أَجَلِهِ ذَلِكُمْ أَقْسَطُ عِنْدَ اللَّهِ وَأَقْوَمُ لِلشَّهَادَةِ وَأَدْنَى أَنْ لَا تَرْتَابُوا إِلَّا أَنْ تَكُونَ تِجَارَةً حَاضِرَةً تُدِيرُونَهَا بَيْنَكُمْ فَلَيْسَ عَلَيْكُمْ جُنَاحٌ أَنْ لَا تَكْتُبُوهَا وَأَشْهِدُوا إِذَا تَبَايَعْتُمْ وَلَا يُضَارَّ كَاتِبٌ وَلَا شَهِيدٌ وَإِنْ تَفْعَلُوا فَإِنَّهُ فُسُوقٌ بِكُمْ وَاتَّقُوا اللَّهَ وَيُعَلِّمُكُمْ اللَّهُ وَاللَّهُ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمٌ

“Оо, ыйман келтиргендер, эгер белгилүү бир мөөнөткө чейин карыз берсеңер, аны жазгыла жана ортоңордо бир катчы адилеттүүлүк менен жазсын, эч бир катчы Аллах ага үйрөткөндөй жазуудан баш тартпастан жазсын. Карыз алып жаткан адам айтып жаздырсын, Раббиси болгон Аллахтан корксун, андан (карызынан) эч нерсени кемитпесин, эгер  карыз алып жаткан адам акылсыз, же алсыз болсо, же күч-кубаты жок болсо, анын валийи калыстык менен жаздырсын. Жана өзүңөрдөн эки эркек күбөнү чакыргыла, эгер  эки эркек жок болсо, анда  өзүңөр (адилетүүлүгүнө) ыраазы болгон  бир эркек жана эки аялды күбө кылгыла, ал аялдардын бири жаңылыштык кетирсе (унутуп калса), экинчиси  эскертет. Күбөлөр күбөлүккө өтүүгө чакырылганда баш тартышпасын. Карызды  мөөнөтүнө жараша кичине болобу, чоң болобу жазуудан эринбегиле. Бул Аллахтын алдында адилеттүү, күбөлүк берүү үчүн туура жана күмөн санабашыңар үчүн жакшыраак. Бирок ортоңордо дайым айланып турган (карызы жок) соода сатык болсо аны жазбасаңар силерге  күнөө жок. (карызы жок) Соода сатык кылганыңарда күбө келтиргиле (жазбастан күбө келтирүү  жетиштүү).  Катчы да, күбө да зыян тартпасын (карыз берүүчү менен карыз алуучу карызды жазуучуга же күбөгө зыян келтирүүдөн, аларды акыйкаттан башка нерсе жазууга же чындыктан башка нерсени айтууга мажбурлоодон тыйган) эгер ушундай кылсаңар, анда бул силердеги фасыктык. Аллахтан корккула. Аллах  силерге (эмне жакшы эмне жаман экендигин) үйрөтөт. Аллах бардык нерсени билүүчү.  (Бакара: 282).

4-Доону четке кагууда жоопкердин жүйөсү бул ант. Бул доогерде өзүнүн дооматын далилдей турган эч нерсеси жок болгон учурда. Бул учурда казы соттолуучудан ага каршы коюлган доомат иш жалган деп ант берүүсүн өтүнөт.

رواه الترمذي عن وَائِلِ بْنِ حُجْرٍ عَنْ أَبِيهِ قَالَ : جَاءَ رَجُلٌ مِنْ حَضْرَمَوْتَ وَرَجُلٌ مِنْ كِنْدَةَ إِلَى النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَقَالَ الْحَضْرَمِيُّ يَا رَسُولَ اللَّهِ إِنَّ هَذَا غَلَبَنِي عَلَى أَرْضٍ لِي فَقَالَ الْكِنْدِيُّ هِيَ أَرْضِي وَفِي يَدِي لَيْسَ لَهُ فِيهَا حَقٌّ فَقَالَ النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ لِلْحَضْرَمِيِّ أَلَكَ بَيِّنَةٌ قَالَ لَا قَالَ فَلَكَ يَمِينُهُ قَالَ يَا رَسُولَ اللَّهِ إِنَّ الرَّجُلَ فَاجِرٌ لَا يُبَالِي عَلَى مَا حَلَفَ عَلَيْهِ وَلَيْسَ يَتَوَرَّعُ مِنْ شَيْءٍ قَالَ لَيْسَ لَكَ مِنْهُ إِلَّا ذَلِكَ قَالَ فَانْطَلَقَ الرَّجُلُ لِيَحْلِفَ لَهُ فَقَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ لَمَّا أَدْبَرَ لَئِنْ حَلَفَ عَلَى مَالِكَ لِيَأْكُلَهُ ظُلْمًا لَيَلْقَيَ اللَّهَ وَهُوَ عَنْهُ مُعْرِضٌ .

Тирмизи Ваил бин Хажардан, ал атасынан риваят кылган хадисте Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) мына ушуну түшүндүрөт. Пайгамбарга (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Хазрамавттан жана Киндадан эки киши келип, Хазрамий: “Оо, Аллахтын Элчиси, бул киши менин жеримди тартып алды”,-деди Киндий: “Бул менин жерим, менин колумда, ага анын акысы жок”, – деди. Ошондо Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) Хазрамийге: “Сенин далилиң барбы?” – деди. Ал жок деди.  Пайгамбар (с.а.в.) айтты: “сага анын ант үчүүсү жетиштүү”. Ал айтты: “Оо, Аллахтын Элчиси, ал  ант бергенине маани бербеген, эч нерседен такыбалык кылбаган адам”. Пайгамбар (с.а.в) айтты: “Сага андан башка эч нерсе жок”. Ал айтты, ошондо ал (киндий) киши ага ант берүү үчүн жөнөдү, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Ал (киндий) ант берүүгө жүз бурганда, сенин (хазрамий) мал-мүлкүңө ант ичсе, аны зулумдук менен жеген болот.  Аллахка андан жүз бурган абалда жолугат.

5- Ал эми иншаАллах  жакында тикелене турган Халифалык мамлекетинде казылык, Хизб-ут-Тахрир дастурунда кабыл алганы боюнча төмөндөгүдөй болот:

6- Казылык бир гана казыдан турат, ал казылык жөнүндө чечим чыгаруу укугуна ээ болушу керек. Бирок анын жанында кеңешүүгө жана корутунду берүүгө укугу бар бир же бир нече казы болушу мүмкүн. Алардын пикири иш боюнча чечим чыгарууга дайындалган казы үчүн милдеттүү эмес. Анын далили Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам)дын ар бир ишке бирден ашык казы дайындабаган амалы…

7-Бир мамлекетте бирден ашык казы дайындоо жана баары бир жерде иштөөсү жайиз. Алар иштин бардык түрлөрү боюнча өкүм чыгаруу укугуна ээ болушат. Бирок алардын иши өз өзүнчө мекемелерде болот. Ар бир соттук мекемеде бир иш боюнча чечим чыгарууга ыйгарым укугу бар бир казы болот. Ошондой эле кээ бир иштерде казы белгилүү бир иш үчүн башка казыны  казы кылып дайындоосу  жайиз. Себеби, казыят халифанын бир өкүлчүлүгү болуп саналат жана ал өкүлчүлүктүн бир бөлүгү болгондуктан, алардын ортосунда эч кандай айырма жок. Өкүлчүлүк жалпы да белгилүү бир иш үчүн да болушу жайиз.  Ушуга ылайык, кээ бир белгилүү бир ишке  казынын дайындалышына жол берилет. Казы  өзү дайындалган иштерден башка иш үчүн бир жерде болсо да башка казы дайындоосу жайиз. Эң негизгиси бир казы мекемесинде бир гана казы чечим чыгарышы керек. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) Амр ибн аль-Аасты өкүл кылып жибергенде, ага бир иште казылык кылууну тапшырды жана ал ошол жиберилген вилаятта бардык иштер үчүн казылык кылууда Пайгамбар (с.а.в)дын өкүлү болду. Али бин Абу Талиб (радыяллаху анхуну) Йемендин казылыгын аткарууга өкүл кылып жиберди. Бул казынын белгилүү бир ишке дайындалышына жана жалпы иштерди карашы да жайиз экендигине ишарат кылат.

8- Демек, иштердин ар кандай түрлөрү боюнча казылардын адистигине жараша бир нече баскычтуу болушуна жол берилет. Мындай түзүм мусулмандардын алгачкы доорлорунда мусулмандар арасында болгон. Аль-Маварди “Аль-Ахкам ас-Султания” китебинде мындай дейт: Абу Абдулла Аз-Зубайри айтты: Бир канча убакыттан бери Басрадагы амирлерибиз чоң  мечитке казы издеп жүрүшөт. Аны мечиттин башчысы дешет, ал эки жүз дирхам жана жыйырма динар же андан азыраак акчага өкүм кылат. Чыгымдарды жүктөйт (милдетендирет) Анын орду ага чектелген нары өтпөйт.

9- Исламда казылык иш боюнча өкүм берүү жагынан бир даражада болгондуктан, Исламда апелляциялык жана кассациялык казылар жок. Ошондуктан Халифалык мамлекетинде кассациялык жана апелляциялык  казылар болбойт. Эгерде казы өкүм чыгарса, анын өкүмү күчүнө кирет жана башка казы анын  өкүмүн жокко чыгара албайт. Шарьий эрежеде: “ижтихад башка ушуга окшош ижтихад менен жокко чыгарылбайт” делген. Демек, казынын чечимдерин жокко чыгарган казынын болушу мүмкүн эмес. Бирок, казынын өкүмү жокко чыгарылган өзгөчө учурлар бар. Алар:

1-Аллахтын Элчисинин (ага салам-салаваттары болсун): “Кимде-ким бул ишибизге ага кирбеген нерсени киргизсе, ал четке кагылат” деген сөзүнө таянып, куфр өкүмү менен өкүм кылса жокко чыгарылат.

2-Куранга, Сүннөткө же сахабалардын Ижмаъсына карама-каршы келген өкүм чыгарса жокко чыгарылат.

روى أبو داوود عَنْ جَابِرٍ أَنَّ رَجُلًا زَنَى بِامْرَأَةٍ فَأَمَرَ بِهِ النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَجُلِدَ الْحَدَّ ثُمَّ أُخْبِرَ أَنَّهُ مُحْصَنٌ فَأَمَرَ بِهِ فَرُجِمَ

Абу Дауд Жабирден риваят кылган хадисте: “Бир бойдок киши бир аял менен ойноштук кылгандыгы тууралуу айтылды, ошондо Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) ага балак урууну буйруду, андан кийин анын үйлөнгөн адам экендиги тууралуу  айтышты, ошондо Пайгамбар (с.а.в) аны таш бараңга алууну буйруду жана ал таш бараңга алынды”.

3-Абалга тескери өкүм чыгарылса. Мисалы, киши өлтүргүч деген жүйө менен өч алууга өкүм кылынып, кийин чыныгы кылмышкер белгилүү болсо.

عن أبي حرب بن الاسود الديلي عن أبيه قال : رفع الى عمر امرأة ولدت لستة أشهر ، فأراد عمر أن يرجمها ، فجاءت أختها إلى علي بن أبي طالب رضي الله عنه ، فقالت : إن عمر يرجم أختي ، فأنشدك الله إن كنت تعلم أن لها عذرا لما أخبرتني به ، فقال علي : إن لها عذرا ، فكبرت تكبيرة سمعها عمر من عنده ، فانطلقت إلى عمر ، فقالت : إن عليا زعم أن لاختي عذرا ، فأرسل عمر إلى علي ، ما عذرها ؟ قال : إن الله عزوجل يقول : * (والوالدات يرضعن أولادهن حولين كاملين) * ، وقال : * (وحمله وفصاله ثلاثون شهرا) * ، فالحمل ستة أشهر ، والفصل أربعة وعشرون شهرا ، قال : فخلى عمر سبيلها .

Абдур-Раззак өзүнүн “Мусаннафында” Абу Харб бин аль-Асвад ад-Дайлиден, ал атасынан риваят кылган хадисте, мындай деген: “Умардын алдына алты айында төрөгөн аялды алып келишти, Умар аны таш бараңга алгысы келди. Анан анын эжеси Али бин Абу Талибге (Аллах андан ыраазы болсун) келип: “Умар менин эжемди таш бараңга алат. Мен сизден суранам, кудай үчүн, билесизби, анын үзүрү барбы? Али айтты: “Анын үзүрү бар”. Ал аял катуу такбир айтты жана ал такбирди Умар жана анын алдындагылар укту.  Ал Умарга келип айтты: “Али эжемдин үзүрү бар экенин айтты” деди. Ошондо Умар Алиге жөнөттү, анын үзүрү эмне? Ал айтты: Аллах Таала айтты: (والوالدات يرضعن أولادهن حولين كاملين) “Энелер балдарын толук эки жыл эмизсин”. Ал айтты: (وحمله وفصاله ثلاثون شهرا) “Анын төрөт жана эмчектен чыгаруу мөөнөтү отуз ай. Кош бойлуулук алты ай, эмчектен чыгаруу мөөнөтү жыйырма төрт ай болот”. Умар аны коё берди”.

Ушул жана ушул сыяктуу учурларда казынын өкүмү жокко чыгарылат. Мындай учурларда өкүмдү жокко чыгарууга ыйгарым укуктуу адам мазолим казысы (даттануулар боюнча казы) болуп саналат.

Муслим өзүнүн “Сахихинде” Умму Саламадан риваят кылгандай, талашып-тартышып жаткан эки тарапка өкүмдүн алдында жана андан кийин насаат айтуу жакшы.

عَنْ أُمِّ سَلَمَةَ قَالَتْ قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِنَّكُمْ تَخْتَصِمُونَ إِلَيَّ وَلَعَلَّ بَعْضَكُمْ أَنْ يَكُونَ أَلْحَنَ بِحُجَّتِهِ مِنْ بَعْضٍ فَأَقْضِيَ لَهُ عَلَى نَحْوٍ مِمَّا أَسْمَعُ مِنْهُ فَمَنْ قَطَعْتُ لَهُ مِنْ حَقِّ أَخِيهِ شَيْئًا فَلَا يَأْخُذْهُ فَإِنَّمَا أَقْطَعُ لَهُ بِهِ قِطْعَةً مِنْ النَّارِ .

Пайгамбар (с.а.в.) мындай деди: “Силер менин алдымда талашып жатасыңар, балким, араңардан кээ бириңер анын далилдери боюнча башкаларга караганда көркөмүрөөк кылып айтышы мүмкүн, ошондуктан мен андан укканыма жараша өкүм чыгарам. Демек, ким бир тууганынын акысына кирип жаткан болсо, аны албасын, анткени мен ага оттун бир бөлүгүн өкүм кылып жаткан болом”.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугу, коргоосу жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге  Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х 17-мухаррам.

2024-ж 23-июль.

turkistonkg

Recent Posts

Илимсиздик кантип көбөйөт

Бисмиллаах  рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Илимсиздик кантип көбөйөт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 day ago

Саламаттык сактоо министрлиги сунуштаган жобо ЛГБТнын жайылуусуна жол ачабы?

Саламаттык сактоо министрлиги сунуштаган жобо ЛГБТнын жайылуусуна жол ачабы? Саламаттык сактоо министрлиги трансгендерлүү жарандарга медициналык-социалдык…

1 day ago

Ислам беш нерсеге негизделген

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ислам беш нерсеге негизделген Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

2 days ago

Жапаров “уламалар” менен дин тууралуу мыйзам долбоорун талкуулады

Жапаров “уламалар” менен дин тууралуу мыйзам долбоорун талкуулады Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 8-ноябрда диний ишмерлер…

3 days ago

Ажырым күчөгөн Америкадагы шайлоо

Ажырым күчөгөн Америкадагы шайлоо Дүйнөгө лидерлик макамын сактоо үчүн жан аракетин көрүп жаткан Америка Кошмо…

5 days ago

Кадыр барктуу уурунун колун кесүү тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Кадыр барктуу уурунун колун кесүү тууралуу Урматтуу бир туугандар…

6 days ago