Жаңылыктар

АКШдагы шайлоодо Трамп жеңишке жетеби?

АКШдагы шайлоодо Трамп жеңишке жетеби?

18-июлда АКШда “Республика” партиясынын курултайында Дональд Трамп 5-ноябрда өтө турган президенттик шайлоого кайрадан талапкер болуп аттанды. Ал курултайда сүйлөгөн сөзүндө Украинадагы жана Газадагы согушка чекит коюуга, иммиграцияны кыскартууга жана салыктарды азайтууга убада берди.

Эске салсак, Трамп 13-июлда тарапкерлери менен жолугушууда кулагына ок тийип, жараат алган. Ок аткан 20 жаштагы Томас Мэтью Крукс республикачылардын мурдагы колдоочуларынан болгон.

Комментарий:

Америка башкаруу системасында президенттин ролу, ыйгарым укуктары маанилүү болсо да, АКШ саясатын аныктоочу негизги фактор эмес. Башкача айтканда, президент кайсы партиядан келбесин Америка саясаты капиталисттик чөйрө кабыл алган стратегия негизинде алып барылат. Бул чөйрөдө стратегиялык институттардын, мунай, курал-жарак жана технологиялык өндүрүш жетекчилеринин ролу чоң. Бул саясий чөйрө Америка үчүн айрым учурда демократтардын табиятына ылайык жумшагыраак жана көшөгө артында иш алып баруу стратегиясын кабыл алат. Айрым учурда болсо республикачылардын табиятына ылайык катуу кол жана улуттук кызыкчылыкты үстөм койгон стратегия негизинде иш алып барууну тандайт. Президенттердин ролу мына ушул багытта өз ыкмаларын ишке ашыруу менен чектелет. Сурамжылоолор көрсөткөндөй, Америкадагы шайлоого таасирин тийгизе турган көпчүлүк капиталисттер Трамптын ыкмасындагы стратегияга көбүрөөк ыкташууда. А бирок, белгисиз ыкмалары жана шашылыш чечимдери менен таанылган Трамптын учурунда эл аралык саясат дагы бир туңгуюкка кептелиши ыктымал.

Украина маселесинде Трамптын жана ал вице-президент катары тандаган Венстин позициясы демократтардыкынан айырмаланып турганы маалым. Тагыраагы, Украинага жардамдарды кыскартууну көздөшөт. Венс учурдагы президент Байденди Палестинадагы согушту узартып жаткандыкта айыптап, жөөттөрдүн жеңишине тоскоолдук кылып жатканын айтып келген.

Мындан тышкары, Трамптын учурунда барынан да Европа менен Кытайга карата Американын катуу позициясы күтүлөт. Трамп мурдагы башкаруусу учурунда Кытай жана Европа товарларына бажы алымдарын көбөйткөнү жана аларга карата катуу сөздөрү менен белгилүү болгон. Мындай саясаттын уланышы ансыз да чыңалып турган эл аралык мамилени оор абалга кептеши талашсыз. Европадагы шайлоолордо улутчул партиялардын жеңип келүүлөрү буга кошумча болмокчу.

Жыйынтыктап айтканда, бүгүнкү дүйнөдөгү ири мамлекеттерде улуттук кызыкчылыкты жактаган саясат мурдагыдан да күч алып барууда. Бул өз кезегинде колонизаторлордун таасир талашын, согуштарды жана туруксуздуктарды чыгарат. Бул болсо дүйнө калкы капитализм зулумдугунан тажап Ислам адилеттигине канчалык муктаждыгын көрсөтүп турат. Капиталисттерге кул болуудан бүткүл ааламдардын жаратуучусу болгон Аллага кул болуу зарылдыгын ачыктоодо. Демек, биз мусулмандар өз аракетибизди мына ушул зулумдукту жоюуга жана Алланын динин үстөм кылууга каратышыбыз шарт!

﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱسۡتَجِيبُواْ لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمۡ لِمَا يُحۡيِيكُمۡۖ وَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ يَحُولُ بَيۡنَ ٱلۡمَرۡءِ وَقَلۡبِهِۦ وَأَنَّهُۥٓ إِلَيۡهِ تُحۡشَرُونَ﴾

«Эй момундар, Аллах жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (т.а. динге) даъват кылганда, аны кабыл алгыла жана билип койгула, шек-күмөнсүз, Аллах ар бир киши менен анын дилинин ортосун ээлеп турат. Албетте, Анын алдына топтолосуңар»             [8:24]

turkistonkg

Recent Posts

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык?

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык? 17-сентябрда Астанада Борбор Азия өлкөлөрү менен Германиянын лидерлери катышкан С5+1…

1 day ago

Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу Урматтуу бир туугандар “Асыл…

1 day ago

Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

3 days ago

Ачууланба

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ачууланба Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

3 days ago

Аллахтын берешендигинде чек жок

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Аллахтын берешендигинде чек жок Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

4 days ago

Адилеттүүлүк

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адилеттүүлүк Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

7 days ago