Жаңылыктар

Көркөм эсептелүүчү хулктар

بسم الله الرحمن الرحيم

АДЕП-АХЛАК

Көркөм эсептелүүчү хулктар

 3

Ыраскөйлүк, садыктык(чынчылдык, чыныгы берилгендик).

Ыраскөйлүк, садыктык экөө тең арабчада الصدق сидк деп айтылат.

Ыраскөйлүк эмне экени баарыбызга белгилүү т.а. бул оозеки айтылып же жазылып, вакиъни сүрөттөп жаткан кеп-сөздүн вакиъге туура келиши. Ал эми, угуп жаткан адам түшүнүп турганда, же тамашалап, же жаш балдарды алаксытып коюу үчүн колдонулган кеп-сөздөрдө жалганды жеңил деп эсептөөдө адашып калабыз. Сөз вакиъсине туура келбесе – ал тургай тамашада же жаш балага колдонулган болсо да – ал жалган болуп, аны айтып жаткан кишини чынчылдыктан чыгарып коёт.

Расулуллах с.а.в. тамашалап да жалган сүйлөгөн эмес.

حَدَّثَنَا عَبْدُ بْنُ حُمَيْدٍ قَالَ: حَدَّثَنَا مُصْعَبُ بْنُ الْمِقْدَامِ قَالَ: حَدَّثَنَا الْمُبَارِكُ بْنُ فَضَالَةَ، عَنِ الْحَسَنِ قَالَ : أَتَتْ ‌عَجُوزٌ إِلَى النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَقَالَتْ: يَا رَسُولَ اللَّهِ، ادْعُ اللَّهَ أَنْ يُدْخِلَنِي ‌الْجَنَّةَ، فَقَالَ: «يَا أُمَّ فُلَانٍ، إِنَّ ‌الْجَنَّةَ لَا تَدْخُلُهَا ‌عَجُوزٌ» قَالَ: فَوَلَّتْ تَبْكِي فَقَالَ: «أَخْبِرُوهَا أَنَّهَا لَا تَدْخُلُهَا وَهِيَ ‌عَجُوزٌ» إِنَّ اللَّهَ تَعَالَى يَقُولُ: {إِنَّا ‌أَنْشَأْنَاهُنَّ إِنْشَاءً فَجَعَلْنَاهُنَّ أَبْكَارًا عُرُبًا أَتْرَابًا} [الواقعة]

Абду ибн Хумайд бизге мындай деди: Мусъаб ибн Микдам бизге риваят кылды, Ал-Мубарак ибн Фузола Хасан р.а.дан риваят кылат: Расулуллах с.а.в.дын алдына бир кемпир келди. Ал кемпир: “Я Расулуллах, мени бейишке киргизүүнү сурап дуба кылыңыз”, – деди. Расулуллах с.а.в.: Эй баланчанын энеси, албетте бейишке кемпир кирбейт, – деди. Ал ыйлап тескери бурулуп кетти, ошондо, Расулуллах с.а.в.: Ал кемпир абалында бейишке кирбейт, Аллах Таала

إِنَّا ‌أَنْشَأْنَاهُنَّ إِنْشَاءً فَجَعَلْنَاهُنَّ أَبْكَارًا عُرُبًا أَتْرَابًا

“…Андан соң аларды бири-бирине тең, өтө кумарданган бакира (эркек көрө элек) кыздар кылып койдук” деп жатканын ага кабарлап койгула, – деди. (56:36).

 Садыктык – кеп-сөздөрдө да болот, убадада, достукта, жумушчу же жетекчиликте жана эрди-катын ортосунда да болот. Убадасына садык, досуна садык, жумушчусуна садык, жетекчисине садык ж.б.у.с…

Чынчыл, садык болуу үчүн тамашалап да, жаш балдарга да о.э. элди күлдүрүү үчүн да жалган айтууга болбойт.

Чынчылдык жана садыктык далилдери:

Аллах Таала айтат:

 یَـٰۤأَیُّهَا ٱلَّذِینَ ءَامَنُوا۟ ٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ وَكُونُوا۟ مَعَ ٱلصَّـٰدِقِینَ

 “Эй момундар, Аллахтан корккула жана ыймандарында ыраскөй-садык болгон заттар менен бирге болгула”. (9:119).

Дагы айтат:

 فَلَوۡ صَدَقُوا۟ ٱللَّهَ لَكَانَ خَیۡرࣰا لَّهُمۡ

“Аллахка садык болушса, өздөрү үчүн жакшыраак болор эле”. (47:21).

Ибн Масъуд риваятында Пайгамбарыбыз с.а.в. мындай деген:

 عليكم بالصِّدقِ فإنَّ الصِّدقَ يَهدي إلى البرِّ وإنَّ البرَّ يَهدي إلى الجنَّةِ وما يزالُ الرَّجلُ يصدقُ ويتحرَّى الصِّدقَ حتَّى يُكتبَ عندَ اللهِ صدِّيقًا

«Чынчылдыкты бекем кармагыла. Себеби, чынчылдык жакшылыкка, жакшылык болсо бейишке алып барат. Эгер киши чын сүйлөп, чынчылдыкка риоя кылып бара берсе, барып-барып Аллахтын алдында сыддык болуп жазылып калат…» (муттафакун алайх).

Каъб ибн Малик риваят кылышынча, ал Табук казатында Пайгамбар с.а.в.дан артта калган кезде мындай деген экен:

 ‎‫وقُلتُ: يا رَسولَ اللَّهِ، إنَّما نَجَّانِي اللَّهَ بالصِّدْقِ، وإنَّ مِن تَوْبَتي أنْ لا أُحَدِّثَ إلَّا صِدْقًا ما بَقِيتُ…

«Я  Расулуллах, мага Аллах чынчылдыгым себептүү нажат берди. Эми эгер тирүү болсом эле, жалаң гана жана да жалаң гана чын сөздү сүйлөшүм менин бир тооба кылышым болсун…». (муттафакун алайх).

Хасан ибн Али р.а. риваят кылышынча, Али р.а. Пайгамбар с.а.в.дан:

دَعْ مَا يَرِيبُكَ إِلَى مَا لَا يَرِيبُكَ ، فَإِنَّ الصِّدْقَ طُمَأْنِينَةٌ ، وَالْكَذِبَ رِيبَةٌ

«Сени күмөнгө салып жаткан нерсени күмөнгө салбай турган нерсеге коюп бер, анткени, чындык – кадыржамдык, жалган болсо – күмөндөнө берүү», – деген хадисти жаттап алганмын дейт. Бул хадисти Термизий риваят кылып, сахих хасан, деген.

Абдуллах ибн Амр р.а. риваят кылат:

قيل لرسولِ اللهِ صلَّى اللهُ عليْهِ وسلَّمَ أيُّ الناسِ أفضلُ قال كلُّ مخمومِ القلبِ صدوقِ اللسانِ قالوا صدوقُ اللسانِ نعرفُه فما مخمومُ القلبِ قال هو التقيُّ النقيُّ لا إثمَ فيه ولا بغيَ ولا غِلَّ ولا حسدَ

“Я Расулуллах, кайсы адам фазилаттуурак?” деп сурашты. Айтты: “Дили таза, тили чынчыл адам”. “Тили чынчылдыгын го билебиз, дили таза кандай болот?” – деп сурашты. Пайгамбарыбыз с.а.в.: “Ал бир пакиза, такыбадар адам болуп, анда бир да кылмыш, бир да зордукчулук, бир да оор алуу жана бир да көрө албастык жок”, – деп жооп берди”. Ибн Мажа риваяты. Хайсамий да, Мунзирий да, анын иснады сахих деген.

 Абу Бакр Сиддик риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в.

عليكم بالصِّدْقِ ؛ فإنَّهُ مع البِرِّ ، وهُما في الجنةِ…

«Чынчылдыкты бекем кармагыла, анткени ал жакшылык менен бирге, экөөсү тең бейиште…» – деген. Ибн Хиббан өзүнүн «Сахих»инде чыгарган. Аны Табароний Мунзирий жана Хайсамий хасан деп сыпаттаган иснад менен Муавиядан риваят кылган.

Абу Саъид Худрий риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в:

 التاجرُ الصَّدُوقُ الأمينُ : مع النَّبِيِّينَ ، والصِّدِّيقِينَ ، والشهداءِ

«Чынчыл-адал соодагер пайгамбарлар, сыддыктар, шейиттер менен бирге»,деген. Бул хадисти Термизий риваят кылган жана хасан хадис деген.

turkistonkg

Recent Posts

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык?

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык? 17-сентябрда Астанада Борбор Азия өлкөлөрү менен Германиянын лидерлери катышкан С5+1…

1 day ago

Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу Урматтуу бир туугандар “Асыл…

1 day ago

Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

3 days ago

Ачууланба

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ачууланба Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

3 days ago

Аллахтын берешендигинде чек жок

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Аллахтын берешендигинде чек жок Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

4 days ago

Адилеттүүлүк

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адилеттүүлүк Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

7 days ago