Жаңылыктар

Кыргын салуучу НАТОнун кезектеги саммити Вашингтондо өттү

Кыргын салуучу НАТОнун кезектеги саммити Вашингтондо өттү

Вашингтондо 9-июлда НАТОнун 75-саммити болуп өттү. Эки күндүк жыйында мүчө мамлекеттер коргонуу, Украинага көрсөтүлө турган жардам жана коопсуздук маселелерин талкуулашты. Бул жолку жыйынга альянска мүчө 32 мамлекеттин лидерлеринен тышкары Украина менен Түштүк Кореянын президенттери, Еврокеңештин төрагасы, Еврокомиссиянын төрайымы жана Япония менен Жаңы Зеландиянын өкмөт башчылары катышты.

Саммиттин алкагында 2026-жылга чейин Германияга АКШнын алыскы аралыкка учуучу заманбап ракета комплексин жайгаштыруу макулдашылды.

Жыйын астында альянстын жетекчиси Йенс Столтенберг Москва Украина согушунда жеңишке жетсе, Иран, Кытай жана Түндүк Корея дагы күчтөнө турганын билдирди.

“Эсиңиздерден чыгарбаңыздар, эң чоң чыгымга жана эң чоң коркунучка эгер Орусия Украинада жеңишке жетсе кептелебиз. Андайга жол берилбеши керек. Эгер Путин жеңсе, ал жалгыз өзү гана күчтөнбөйт. Бул Ирандагы, Түндүк Кореядагы жана Кытайдагы авторитардык лидерлерге да кубат берет”, – деди Столтенберг.

Ал эми, АКШ президенти Байден өз сөзүндө Украинага абадан коргонуу боюнча стратегиялык системалар, абадан коргонуу үчүн ондогон кошумча тактикалык системалар берилерин убада кылды. Андан тышкары, Украинага 40 миллиард евро көлөмүндө курал-жарак жардамы көрсөтүлө турган болду.

Комментарий:

НАТО 1949-жылы 4-апрелде СССР башында турган Чыгыш лагерге каршы түзүлгөн. Ошондуктан, документтин 5-пунктунда НАТОнун ар кандай мүчөсүнө жасалган кол салуу бардык мүчөлөргө жасалган кол салуу экени айтылган. Батышка коркунуч салган Варшава келишими бүткөн соң, НАТО да таратылышы керек эле. Бирок, Америка Европа Союзу үстүндөгү таасирин сактап калуу, алардын күчүн башка мамлекеттерге каршы пайдалануу максатында НАТОнун сакталып калуусун каалады.

Франция президенти Макрон 2019-жылы ноябрь айында НАТОну «клиникалык жактан өлгөн» деп сүрөттөп, Европаны өзүнүн көз карандысыз армиясын түзүүгө чакыргандан кийин Америка шашылыш түрдө НАТОну кеңейтүү аракетин баштады. Ошентип, Америка Украинага аскерий жабдык жана курал-жарактарды жөнөтүп, Россияны жеңүүнү, андан кийин Украинаны НАТОго мүчө кылып, АКШ кошуундарын ал жерге алып кирүүнү, андан кийин Россия айланасына аскерий базаларын курууну көздөдү. Кийин Украинадагы согуштан пайдаланып, альянска Швеция жана Россия менен чектешкен Финляндияны мүчө катары  кошуп алды. Муну менен Россияны согуш баткагына салып, Европанын өз алдынча армия түзүү аракетин токтотууга жетишти.

Ал эми, Россия үмүт менен үмүтсүздүк ортосунда калды. Т.а. бир тараптан, Россия Украинага кол салып, максаттарына жетүү кыйын болуп калган соң, мунасага барууну жана Украина туңгуюгунан аброюн сактап чыгып алууну үмүт кылды. Экинчи тараптан, мунасадан үмүтүн үзүп, натыйжалары кепилденбеген Украина баткагында узак убакыт калуу мүмкүндүгүн тандоого аргасыз болуп турат. Бул туңгуюк абалды жана согушту созуу үчүн АКШ жетектеген Батыш болгон аракетин кылууда. Көрүнүп тургандай, учурда бардык Батыш мамлекеттери, алардын катарында, Япония да Американын көз карашын кабыл алышкан.

Мындан көрүнүп тургандай, НАТО адамзаттын тагдыры үчүн эң кооптуу блокко айланды. Америка бардык жерде өз таасирин жаюу үчүн ушул блокту кеңейтүүгө жана бекемдөөгө аракет кылат. Демек, НАТОнун болушун эч бир нерсе менен актап болбойт. Себеби, ал – кол салуучу, кыргын кылуучу блок. Ал терроризм шылтоосу менен Ооганстанга, Иракка, Сирияга кол салып, жүз миңдеген жай тургундарды кыргынга салды. Демек, бүткүл дүйнө аны бул абалдан куткара турган мамлекетке муктаж болуп турат. Адамзат үчүн нээмат, бүткүл дүйнөгө рахмат болгон бул вазыйпаны Исламий Халифалык мамлекетинен башкасы ишке ашыра албайт.

Нурдин Асаналиев

turkistonkg

Recent Posts

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык?

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык? 17-сентябрда Астанада Борбор Азия өлкөлөрү менен Германиянын лидерлери катышкан С5+1…

1 day ago

Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу Урматтуу бир туугандар “Асыл…

1 day ago

Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

3 days ago

Ачууланба

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ачууланба Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

3 days ago

Аллахтын берешендигинде чек жок

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Аллахтын берешендигинде чек жок Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

4 days ago

Адилеттүүлүк

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адилеттүүлүк Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

7 days ago