Басма сөз баянаты

Өзбекстандагы Мирзиёев режими Хизб ут-Тахрир жигиттерин куугунтуктоодо жана Исламга душмандык кылууда Каримовдун “салтын” кайра тирилтүүдө

Өзбекстандагы Мирзиёев режими Хизб ут-Тахрир жигиттерин куугунтуктоодо жана Исламга душмандык кылууда Каримовдун “салтын” кайра тирилтүүдө

Өзбекстандын коопсуздук кызматы Хизб ут-Тахрирдин 23 мүчөсүн дагы кайрадан камакка алды. Ушул жылдын 9-майында болуп өткөн сот жараяны Каримовдун доорунда соттолуп, 1999-2000-жылдан бери 20 жыл өмүрүн камак-кыйноодо өткөргөн ошол мурунку айыптоолор негизинде өттү. Акыйкатта болсо Мирзиёев мындан бир нече жыл мурун камакка алынгандарга кыйноо-зомбулуктарды колдонууга каршы экенин, пикир-ишеним эркиндигин бекемдөө, өз билемдик менен камакка алууларга каршы күрөшүү жолунда бара жатканын айткан. Бирок, анын жетекчилиги астындагы Өзбекстан режиминин акыркы иш-аракеттери ал Исламга жана Исламга чакырган ар кандай адамга душмандык кылууда Каримовдун жолунан бара жатканын көрсөтүүдө. Анын катарында Мирзиёев Хизб ут-Тахрир жигиттерин куугунтуктоодо да андан мурунку кылмышкер Каримов колдонгон ырайымсыз зулум-зомбулуктардан пайдаланууда.

Бул жигиттерди өз билемдик менен жырткыч жана ырайымсыз таризде камакка алышты. Аларды катуу кыйноолорго салышып, аларга коюлган жалган жалааларды моюнга алууга мажбурлашты. Алардын башына кап кийгизишип, аларга катуу басым өткөрүштү. Бул жигиттерди алдын ала даярдалган моюнга алуу көрсөтмөсүнө кол коюуга түрдүү коркутуулар менен мажбурлашты. Жигиттердин биринин жубайын ички иштер бөлүмүнө алып келишип, аны зордуктоо менен коркутушту. Башка бир жигиттин чет өлкөдө окуп жаткан уулун элчилик аркылуу Өзбекстанга алып келебиз деп опузалашты. Дагы бир жигиттин уулун моюнга алуу көрсөтмөсүнө кол коюуга мажбурлоо үчүн ички иштер бөлүмүнө алып келүү менен коркутушту. Башка жигитти болсо электр тогу менен кыйноолорго салышты. О.э. Ташкент, Анжиян, Кокон, Карши жана Самарканд аймактарында дагы 16 жигит зомбулук жана терроризмде айыпталып кайрадан камакка алынып, Ташкентке жөнөтүлдү жана алардын үстүнөн тергөө башталды!

Чынында, Хизб ут-Тахрир жигиттерин терроризм жана зомбулукта айыптоо доомат жана жалган жаала экени баарына ачык-айкын. Анткени Хизб ут-Тахрир жана анын жигиттери эч качан зомбулукка жана терроризмге барышпайт. Хизб 1953-жылы түзүлгөн күндөн бери бул ишке эч качан барбаган. Бирок, хизб режимдерден корккону же залим-репрессиячыл режимдерге жасакерленгени үчүн эмес, исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн өз тарыйкаты менен Аллахка ибадат кылганы үчүн гана ушул жолду карманат. Бул – Расулуллах ﷺ карманган пикирий-саясий жол. Ошондуктан, мусулман өлкөлөрүндөгү, жада калса Батыштагы бардык залим режимдер кайра-кайра аракет кылышканына карабастан Хизб ут-Тахрирге жана анын жигиттерине терроризм же зомбулукту жабыштырып жалган жалааларын тастыктай алышпады. Бирок, кылмышкер өкүмдарлардын жүрөктөрүндөгү душмандык жана Исламдын долбоору болгон пайгамбарлык минхажы негизиндеги Экинчи Рошид Халифалык долбоорун көтөрүп чыккандардан өч алуу аракети аларды өзүлөрүнүн көз-кулактарын четке кагууга үндөп жатат. Мусулман өкүмдарлары болсо маселе Хизб ут-Тахрир жигиттеринен болгон даъватчыларга тийиштүү болгондо колонизатор жетекчилери болгон Америка, Британия, Россия, Франция жана Германиядагы кожоюндарынын жетекчилиги астында Ислам долбооруна каршы күрөшүп, жада калса өздөрү мактап, дүйнөгө көтөрүп чыккан эркиндиктер, демократия, адам укуктары сыяктуу мыйзамдарын тебелешүүдө.

Мирзиёев Каримовдун жолун ээрчип зулумга, камакка алууга жана кыйноолорго кайтышы ал Россия жана Америкадагы колонизатор жетекчилеринин каалоолорун жана саясаттарын ишке ашырып жатканын көрсөтөт. Биздин өкүмдарлар өз адатына ылайык эч бир чечим кабыл ала алышпайт, алар колонизаторлордун малайларынан башка нерсе эмес.

Биз, Хизб ут-Тахрир мүчөлөрү, Мирзиёев режимин Каримовдун режими Исламга жана Ислам даъватчыларына колдонгон зулум-жырткыч саясатка кайтпоону эскертебиз. Анткени бул кылмышкер кимселердин жолу болуп, эч качан аларга эч бир пайда алып келбейт, тескерисинче Умматтын кыжырын козгоп, алардын кулоосун тездетет. Ислам Умматы колонизаторлуктан азат болуп, өз Роббисинин шариятына мыйзам, конституция жана жашоо таризи катары кайта турган күндү үмүттөнүп, ынтызарлык менен күтүүдө. Уммат бүгүн өз максатын жана үмүтүн жүзөгө чыгарууга болуп көрбөгөндөй жакын турат. Мирзиёев жигиттерибизди тезинен кечиктирүүсүз азат кылышы зарыл, даъватты көтөрүп чыккандарды куугунтуктоону, Ислам долбооруна душмандык-каршылык кылууну токтотушу жана өзүнөн мурункудан ибрат алышы керек. Акыбет таква кишилерге таандык. Бардык куфр улуту чогулуп биригишсе да – бир аздан кийин болсо да – баары бир Аллах Өз динин үстөм кылуучу. Аллах Таала айтат:

﴿كَتَبَ اللهُ لَأَغْلِبَنَّ أَنَا۠ وَرُسُلِي إِنَّ اللهَ قَوِيٌّ عَزِيزٌ

Аллах: “Шек-күмөнсүз Мен жана Менин Расулдарым жеңип чыгабыз, деп жазып койгон. Албетте, Аллах кубаттуу, кудуреттүү [58:21]

Хизб ут-Тахрирдин борбордук

маалымат бөлүмү

turkistonkg

Recent Posts

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык?

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык? 17-сентябрда Астанада Борбор Азия өлкөлөрү менен Германиянын лидерлери катышкан С5+1…

1 day ago

Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу Урматтуу бир туугандар “Асыл…

1 day ago

Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

2 days ago

Ачууланба

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ачууланба Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

2 days ago

Аллахтын берешендигинде чек жок

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Аллахтын берешендигинде чек жок Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

4 days ago

Адилеттүүлүк

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адилеттүүлүк Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

6 days ago