БУУ баш катчысы Гутерриш Кыргызстанга келди
Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш 1-июлда Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Башкы катчынын Борбор Азиядагы сапары 30-июнда Өзбекстанда башталып, Кыргызстандан кийин Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстанда уланат.
Гутерриш президент Садыр Жапаров менен 2-июлдагы жолугушуусунда, Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүдөгү жасаган аракеттерин баалады. Анын айтымында, Кыргызстан чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечип жатканынан улам республиканы “тынчтыктын символу” деп атоого арзыйт.
Ал учурдагы эл аралык финансы системасын реформалоо муктаждыгы бар экенин, “байлардын байлар үчүн” түзгөн Бреттон-Вудс келишимдери өзгөрүшү керектигин белгиледи. О.э Газа секторундагы жаңжал Украинадагы окуядан кийин башталса да, андагы курмандыктардын саны эселеп көп экенин кошумчалады.
Ал эми, Жапаров тышкы саясатта Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурарын, Өзбекстан менен чек аранын чечилгенин, Тажикстан менен тактоо уланып жатканын белгиледи.
Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин айтымында, жолугушууда аймактык коопсуздук, Кыргызстандын Туруктуу өнүгүү максаттары программасын аткарышы боюнча маселе да каралды.
Комментарий:
Бириккен Улуттар Уюму Америка кызыкчылыгы негизинде иш алып барып, ал жетектеген капиталисттик системанын бузукулуктарына жамаачы салуу менен алектенет. Гутерриштин расмий сапарынын негизги максаты региондун Батыш системасына болгон көз карандылыгын күчөтүү болуп эсептелет. Ошондуктан, аймактагы өлкөлөрдүн чек ара маселеси чечилишин мактап өтүүдө. Анткени, чек аралардын чечилиши аймактын Орусияга болгон көз карандылыгын азайткандыктан, бул Американын кызыкчылыгындагы иштерден болуп саналат.
Ал эми, эл аралык каржы системасын сындоосу, учурда жар жакасына кептелип калган капиталисттик системаны сактап калуу үчүн коомдун туйгуларын кытыгылоодон башка нерсе эмес. Анткени, БУУнун колунда байлар менен кедейлердин арасындагы ажырымды азайтууга көптөгөн мүмкүнчүлүктөр турса да, жыл сайын расмий статистикаларды айтуу жана популисттик чакырыктардан ары өтпөй келет. Ошондой эле, Газа маселесинде да курман болгон аялдар менен жаш балдардын санын саноодон ашык иш кыла элек. А түгүл, Газада ырайымсыз кыргындарды жасап жаткан жөөт бийлигине Американын уруксатысыз санкция дагы жарыялай албайт.
Ушундай болгон соң, БУУ башкы катчысына окшогон кой терисин жамынган карышкырлардын популисттик чакырыктарына алданып калбоо керек. Анткени, мындай чакырыктар адамдарды адаштыруу үчүн гана жасалып, иш жүзүндө анын артынан кафир Батыштын кызыкчылыктарын жүзөгө чыгаруу гана максат кылынат.
Нурдин Асаналиев
Камсыздандыруу калктын кыжырына тийүүдө Кыргызстанда камсыздандыруу компанияларынын кирешелери акыркы беш жылда эки эседен ашты. Алардын…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Насаат айтууда жек көргөн нерсеге ачуулануу Урматтуу бир туугандар…
Жапаровдун Италияга сапарынын максаты эмне? Президент Садыр Жапаров Италияга жасаган расмий сапарынын алкагында өлкөнүн президенти…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Туруктуулук менен ыймандын ортосундагы амал Урматтуу бир туугандар “Асыл…
Жетим-Тоо кенинде чалгындоо иштери башталат 2025-жылы Нарындагы Жетим-Тоо кенинде чалгындоо иштери башталат. Бул тууралуу “Кыргызгеология”…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Эй, мусулман өлкөлөрүндөгү өкүмдарлар, уялбайсыңарбы? Бул дүйнөдөгү жамандыктан жана акыреттеги азаптан…