Бисмиллаахи рохмаанир рохиим
Асыл хадис менен
Халифанын ыйгарым укуктары
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
روى البخاري في صحيحه قال: حَدَّثَنَا إِسْمَاعِيلُ حَدَّثَنَا مَالِكٌ عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ دِينَارٍ عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ عُمَرَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمَا أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ بَعَثَ بَعْثًا وَأَمَّرَ عَلَيْهِمْ أُسَامَةَ بْنَ زَيْدٍ فَطَعَنَ النَّاسُ فِي إِمَارَتِهِ، فَقَامَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَقَالَ: “إِنْ تَطْعَنُوا فِي إِمَارَتِهِ فَقَدْ كُنْتُمْ تَطْعَنُونَ فِي إِمَارَةِ أَبِيهِ مِنْ قَبْلُ وَايْمُ اللَّهِ إِنْ كَانَ لَخَلِيقًا لِلْإِمَارَةِ وَإِنْ كَانَ لَمِنْ أَحَبِّ النَّاسِ إِلَيَّ وَإِنَّ هَذَا لَمِنْ أَحَبِّ النَّاسِ إِلَيَّ بَعْدَهُ“.
Аль-Бухари өзүнүн “Сахихинде” риваят кылат: Исмаил бизге айтты, Малик бизге, Абдуллах бин Динардан, Абдуллах бин Умардан (Аллах алардан ыраазы болсун) Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам): бир аскерий отряд жиберип, ага Усама бин Зайдды башчы кылып дайындады. Адамдар анын жетекчи болушуна каршы чыгышып ар нерсени сүйлөй башташты. Ошондо Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) ордунан туруп: “Эгер анын имамдыгына шек келтирсеңер, анда силер мурда да анын атасынын (Зайд бин Харисанын) имамдыгына каршы чыгып келгенсиңер. Аллахка ант болсун, эгер ал (Усаманын атасы Зайд) амирликке татыктуу болсо да, ал (Зайд) адамдардын арасынан менин эң сүйүктүү адамым болсо да, бул (Усама) андан (атасы Зайддан) кийинки адамдардын арасынан эң сүйүктүү адамым болсо да”.
Аллахтын элчиси Ислам мамлекетинин биринчи жетекчиси катары, армиянын командирин өзү дайындаган. Бул Исламдагы мамлекет башчысынын (халифа) армиянын башкы кол башчысы эмес, чыныгы аскер башчысы экенине ишарат кылат. Анын армияга жетекчилиги символикалуу түрдө эмес.
Ал үммөттүн иштерин жүргүзүү үчүн Аллахтын китебинен жана Расулунун сүннөтүнөн туура истинбат менен чыгарылган, зарыл болгон шаръий өкүмдөрдү табанний кылган адам.
Аларды кабыл алуу менен бул өкүмдөр аткарылууга тийиш болгон жана бузулбашы шарт болгон мыйзамдарга айланат. Анын далили сахабалардын ижмаъсы. Азирети Абу Бакр халифалыкка келгенде, (олжодон түшкөн малды) мусулмандардын арасында тең бөлүштүрүүнү чечти. Анткени бул алардын бирдей укугу деп карады. Азирети Умар Аллахтын Элчисине каршы согушкан менен аны менен бирге согушканга жана кедей менен байга – бирдей берилиши туура эмес деп карады… Бирок Абу Бакр халифа болгондуктан, өз пикирине амал кылууну буйруду б.а. ал малды тең бөлүштүрүүнү колго алды жана бул жагынан мусулмандар аны ээрчишти. Казылар жана акимдер анын артынан ээрчип, Умар ага моюн сунуп, Абу Бакрдын пикирине амал кылып, аны ишке ашырды. Азирети Умар халифалыкка келгенде, Абу Бакрдын пикирине карама-каршы келген пикирди кабыл алган б.а. ал малды тең эмес, айырмалап бөлүштүрүүнү буйруган. Ошондуктан исламга мурда киргенине жана муктаждыгына жараша берилди. Мусулмандар аны ээрчишти. Казылар жана валийлер муну аткарышты.
Сахабалар арасында имам б.а. халифа шарияттан алынган кээ бир өкүмдөрдү туура ижтихад менен кабыл алууга жана аларга амал кылууну буйруганга укугу бар жана Халифа таббаний кылган бул шарьий өкүмдөр мусулмандардын ижтихадына жана райларына каршы болсо да ал таббаний өкүмдөргө баш ийиши керек деген ижмаъ болгон. Мындай абалда мусулмандар пикирлери жана ижтихадына ылайык амал кылууну таштоолору керек болот…
Ал бөлүм башчыларын, аскер башчыларын, анын штаб башчыларын жана бригада командирлерин дайындайт жана кызматтан бошотот. Алардын баары анын алдында жооп беришет. Алар үммөт межлиси алдында жооп беришпейт. Анын далили Расулуллахтын иштери. Ал зат (с.а.в) Али бин Абу Талиб, Абу Муса Аль-Ашари, Усама бин Заид жана Хамза бин Абдул Мутталиб баш болгон аскер жана роталардын командирлери кылып дайындаган.
Сүйүктүү бир туугандар, Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам)дын жогоруда айтылган аким катары амалынан жана андан кийинки туура жолдогу халифтердин иш-аракеттери тууралуу сахабалардын ижмаъсына караганда, халифа башкарууда бардык ыйгарым укуктарга ээ болгондугу көрүнүп турат. Ал мусулмандардын камкорчусу жана алардын кызыкчылыгын сактоочу…. Ал камкордук жана үммөттүн кызыктчылыктарын ишке ашыруу боюнча өз милдетин аткарууга мүмкүндүк берген бардык ыйгарым укуктарга ээ…
Бул Аллахтын өкүмү жана ага эч кимдин каршы чыгууга, бул ыйгарым укуктардын ага берилишин сындаганга акысы жок… Үммөт үчүн эмне жакшыраак экенин Аллах Тааладан жакшыраак ким билет? Халифанын бул кеңири ыйгарым укуктарынын пайдасы – иншаАллах жакында Халифалык мамлекети кайтып келгенде дагы да айкын болот.
Халифа үммөттүн иштерин кароого милдеттенет… Демек, үммөттүн ичиндеги чоң-кичине бардык иштерге жооптуу адам болот… Үммөт аны суракка алып, тергеп-тескеп турат…. Демек, халифалык башкаруу адилетсиздик жана коррупция жайылган бүгүнкү дүйнөдө ишке ашырылып жаткан демократиялык системадан толук түрдө айырмаланат. Анда ислам дүйнөсүндө жүз берип жаткан адамдардын укуктары тебеленип жатканындай жана эч бир шалаакы атка минер жоопкерчилике тартылбай калганынындай иштер болбойт.
Оо, Жараткан, бизге ишибизди колго алуучу, насаатыбызды угуучу, жана тергеп-тескешибизди кабыл ала турган, адилетсиздик жана коррупцияны түп тамыры менен жое турган, эзилип, кыргынга дуушар болгон үммөткө, бейпилдик жана коопсуздук өкүм сүрдүрө турган халифаңды насип кыл! Боорукер жана ырайымдуу Жараткандан үмүткө толгон көздөр менен куткаруучу күнүн чыдамсыздык менен күтүп турган үммөткө Пайгамбарлык негизинде туура жолдогу халифаны тезирээк беришин сурайбыз… Оо, Жараткан Аамиин…
Аллах буйруса, кийинки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жоолугушканга чейин Аллахтын камкордугу, коргоосу жана коопсуздугу сиздер менен болсун. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1445-х 14-Зул хижжа.
2024-ж 20-июнь.
Басма сөз баянаты Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда! Кыргыз бийлиги сентябрь аында…
Кызыл-Омпол кени ишке берилди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү…
Бисмиллааахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу Урматтуу…
УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ! Ушул күндөрдө АКШнын Нью-Йорк…
Өкмөт жолдон эки жолу салык алууну көздөп жатат Министрлер кабинети Кыргызстанга ташылып келген күйүүчү-майлоочу майдын…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Илим ээлери жана аалымдар Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…