Макала

Үммөттүм жетимиш үч тайпага бөлүнөт

Бисмиллаахи рохмаанир рохиим

Асыл хадис менен

“Үммөттүм  жетимиш үч тайпага бөлүнөт”

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ قَالَ:

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: “افْتَرَقَتْ الْيَهُودُ عَلَى إِحْدَى أَوْ ثِنْتَيْنِ وَسَبْعِينَ فِرْقَةً وَتَفَرَّقَتْ النَّصَارَى عَلَى إِحْدَى أَوْ ثِنْتَيْنِ وَسَبْعِينَ فِرْقَةً وَتَفْتَرِقُ أُمَّتِي عَلَى ثَلَاثٍ وَسَبْعِينَ فِرْقَةً

Абу Хурайра (р.а)дан риваят кылынат. Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Жөөттөр жетимиш бир же жетимиш эки топко бөлүнүштү. Христиандар жетимиш бир же жетимиш эки тайпага бөлүндү. Менин үммөтүм жетимиш үч тайпага бөлүнөт”.

Сунан Абу Давуддун шархында “Аун аль-Маъбуд” китебинде айтат:

“Жөөттөр бөлүндү” деп айтышы Расулулла (саллалаху алейхи  вассалам)нын муьжизаларынын бири. Себеби ал болуп өткөн бир кайыпты айтып берген. Аль-Алками айтат, биздин шейх Имам Абу Мансур Абд ал-Коохир бин Тоохир ат-Тамими бул хадисти түшүндүрүп китеп жазган. Ал анда мындай деген: “Илим ээлери Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) фикх тармагы боюнча адал арам деген бөлүктөрдө карама-каршы болгон мазхабдарды жемеге албаган. Балким, Пайгамабар (с.а.в) бул хадисте кимде-ким акыйкат жана тавхид ээлерине каршы чыгып бөлүнгөндөрдү жемеге алууну көздөгөн. Ошондой эле бул хадисте тагдырдагы боло турган жакшылык менен жамандыкты баалоодо, пайгамбарлык жана рисалат шарттарына, сахаабаларга акаарат келтирбөө шарттарына карама-каршы болуп бөлүнгөндөрдү жемеге алуу көздөлгөн. Анткени, бул тууралуу келишпестикке баргандар бири-бирин каапырдыкка чыгарышат. Ал эми, фикхий маселелерде келишпестикке баргандар бири-бирин каапырдыкка же фасыктыкка чыгарбастан талашып-тартышат. Ошондуктан, хадистеги үммөттүн жетимиш үч фиркага бөлүнүшүн туура чечмелөө ушул жаата болот. Башкача айтканда, фикхий маселелердеги пикир келишпестиктер пайда болгон мазхабдарга, жамааттарга тиешелүү эмес. Акыйда маселелеринде карама-каршылыктан улам келип чыккан фиркаларга айтылган.

Сахабалардын акыркы күндөрүндө Маьабад аль-Жухани менен анын тарапкерлеринин ортосунда кадария талашы болду. Андан соң араздашуу аз-аздан көбөйүп адашкандар жетимиш эки фиркага чейин жетти. Жетимиш үчүнчүсү “Ахли Сунна вал Жамаат” жана алар нажаат тапкан фирка болуп саналат.

Сүйүктүү бир туугандар, кээ бирөөлөр бул хадисти исламий партиялар жана жамааттардын пайда болушун айыптаган хадис катары түшүнүшү мүмкүн. Мындайлар исламий үммөттүн биримдигин бөлүп-жаруу деген түшүнүгүнөн келип чыгып жамааттарга каршы күрөшө баштайт. Же бул партиялар жана жамааттар арасынан нажат тапкан жетимиш үчүнчү фирканы издей баштайт.

Ачык жана так түшүнүп ала турган нерсе, бул хадис мындай түшүнүктөн абдан алыс. Бул асыл хадисте, жогорудагы хадистин түшүндүрмөсүндө айтылгандай, диндин акыйдасындагы, усулундагы (ишеним жана негиздеринде) айырмачылыктан улам бөлүнүү жөнүндө сөз болуп жатат.

Буга далил, Пайгамбарларга жана китептерге ишенүү сыяктуу диндин негизги маселесинде яхудийлер менен христиандардын бөлүнүүсү. Буга көптөгөн аятта ачык мисалдар бар. Аллах Таала айтат:

قولِهِ تعالى: (وَمَا اخْتَلَفَ الَّذِينَ أُوْتُواْ الْكِتَابَ إِلاَّ مِن بَعْدِ مَا جَاءهُمُ الْعِلْمُ بَغْياً بَيْنَهُمْ)

“Китеп берилгендер өз ара көрө албастыктан улам, аларга илим келгенден кийин гана (бири бирине) карама-каршы болушту”. Аллах Таала айтат:

وقولِهِ تعالى: (وَقَالَتِ الْيَهُودُ لَيْسَتِ النَّصَارَى عَلَىَ شَيْءٍ وَقَالَتِ النَّصَارَى لَيْسَتِ الْيَهُودُ عَلَى شَيْءٍ وَهُمْ يَتْلُونَ الْكِتَابَ كَذَلِكَ قَالَ الَّذِينَ لاَ يَعْلَمُونَ مِثْلَ قَوْلِهِمْ فَاللّهُ يَحْكُمُ بَيْنَهُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ فِيمَا كَانُواْ فِيهِ يَخْتَلِفُونَ

“Жөөттөр: “христиандар эч нерседе эмес” дешти. Христиандар: “иудейлер эч нерседе эмес” дешти. Алар Ыйык Китепти окушат. Ошондой эле эч нерсе билбегендер да алар айткан сөздү айтышты. Аллах алардын ортосунда талашып-тартышкан нерселери боюнча Кыямат күнү өкүм кылат”. Алла Таала айтты:

وقال تعالى: (وَلَقَدْ آتَيْنَا مُوسَى الْكِتَابَ وَقَفَّيْنَا مِن بَعْدِهِ بِالرُّسُلِ وَآتَيْنَا عِيسَى ابْنَ مَرْيَمَ الْبَيِّنَاتِ وَأَيَّدْنَاهُ بِرُوحِ الْقُدُسِ أَفَكُلَّمَا جَاءكُمْ رَسُولٌ بِمَا لاَ تَهْوَى أَنفُسُكُمُ اسْتَكْبَرْتُمْ فَفَرِيقاً كَذَّبْتُمْ وَفَرِيقاً تَقْتُلُونَ

“Биз Мусага китеп бердик жана ага Элчилерди ээрчиттик. Мариям уулу Исага ачык-айкын далилдер бердик жана аны ыйык Рух менен колдодук. Качан силерге напсиңер каалабаган нерселер менен Элчи келсе, силер бой көтөрүп кээ бирлерин жалганга чыгардыңар, кээ бирлерин өлтүрдүңөр”.

Фикхий тармактагы айырмачылыкка келсек, анда эч кандай жамандык жок. Анткени фикхий тармактагы карама-каршылык сахабалар доорунда жана андан кийин да болгон. Буга көптөгөн мисалдар бар.

Демек, “Хизб-ут-Тахрир”, “Ихванул муслимин”, “Таблиг” жана башка исламий партия, жамааттар адашкан фиркадан деп каралбайт…

Тескерисинче, алардын баары “Лаа илааха иллаллох Мухаммаду Расулуллах” деген, мусулман болгондугу үчүн Аллах кааласа ыраазы болгон фиркадан…

Урматтуу бир туугандар, кийинки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканча, сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун!

1445-х 8-Зул Каада.

2024-ж 16-май.

turkistonkg

Recent Posts

Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда!

Басма сөз баянаты Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда! Кыргыз бийлиги сентябрь аында…

2 days ago

КЫЗЫЛ-ОМПОЛ КЕНИ ИШКЕ БЕРИЛДИ

Кызыл-Омпол кени ишке берилди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү…

3 days ago

Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу

Бисмиллааахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу Урматтуу…

3 days ago

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ!

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ! Ушул күндөрдө АКШнын Нью-Йорк…

3 days ago

Өкмөт жолдон эки жолу салык алууну көздөп жатат

Өкмөт жолдон эки жолу салык алууну көздөп жатат Министрлер кабинети Кыргызстанга ташылып келген күйүүчү-майлоочу майдын…

3 days ago

Илим ээлери жана аалымдар

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Илим ээлери жана аалымдар Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

4 days ago