Жалпыга маалымдоо каражаттары менен чалгытуу!
АКШнын дүйнөгө белгилүү болгон жалпыга маалымдоо каражаттарынын бири «The New York Times» гезити өзүнүн кызматкерлерине сионисттик режимдин Палестинага жана Газага чабуулдары жөнүндөгү кабарларда «колдонулбай турган сөздөрдүн тизмесин» даярдап берген. Бул тууралуу «The Intercept» коммерциялык эмес уюму кабарлады.
Уюмдун колундагы маалыматтарга ылайык, «The New York Times» гезитинин редакторлору Сьюзан Весслинг жана Филипп Пан башчылыгында даярдалган колдонмодо Газадагы чабуулдар жөнүндөгү кабардын текстинде “геноцид” жана “этникалык тазалоо” сыяктуу сөздөрдү колдонууга тыюу салынган о.э. Палестина үчүн «басып алынган» деген сөз колдонулбасын деген көрсөтмө берилген.
«The Intercept» басылмасы жарыялаган баяндамада «The New York Times» гезити эле эмес, «Washington Post» жана «Los Angeles Times» сыяктуу АКШдагы белгилүү гезиттер да, өлтүрүлгөн палестиналык жай тургундар жөнүндөгү кабарларда «кыргын», «массалык адам өлтүрүү» жана «үрөй учурган» сөздөрү колдонулбаганы белгиленген.
Аталган баяндамада келишинче, «The New York Times» гезитинде 24-ноябрь күнү жарыяланган кабарда сионисттерди мазлум көрсөтүү үчүн «кыргын» сөзү 53 жолу колдонулган, ал эми өлтүрүлгөн миңдеген палестиналыктар үчүн болгону бир жолу гана колдонулган. О.э. бул гезит 7-октябрдан кийин шашылыш тараткан кабарында Кассам тобунун чабуулун «террордук аракет» деп сүрөттөгөн, бирок сионисттик режимдин миңдеген жай тургундарды, анын ичинде, жаш балдар менен аялдарды өлтүргөн чабуулдарына «террор» сөзүн колдонгон эмес.
Комментарий: Адам пикирлөө үчүн маалыматтарга муктаж. Себеби, адам пикирлөө жараянында маалыматтарды вакиьге байланыштырат. Эгер маалыматтар туура болсо, алардын негизиндеги пикир да туура болот. Эгер маалыматтар ката болсо, алардын негизиндеги пикир да ката болот. Учурда жалпыга маалымдоо каражаттары адамдардын пикирин, түшүнүгүн, туйгуларын калыптандырууда жана өзгөртүүдө маанилүү рол ойноп жатат. Себеби, адамдар пикирлөөгө муктаж болгон маалыматтарды үзгүлтүксүз таратып турушат.
Бирок, бүгүнкү күндө булардын акыйкатты чагылдырбаган маалыматтарды жана адаштыруучу пикирлерди таратышы жашыруун сыр болбой калды. Ушунчалык деңгээлге жетти дейсиң, адамдарды «жалпыга маалымдоо каражаты аркылуу алдоо» стратегиясы деген нерсе чокусуна чыкты. Бул стратегия боюнча маалыматты бузуп көрсөтүү, же бузулган, ката көрүнүштө берүү негизине таянып, адамдардын пикирин өз кызыкчылыгына буруу үчүн жаңы ыкмалар ойлоп табылды. Мындан көздөлгөн максат, албетте адамдарды туура пикирлөөдөн алыстатуу.
Дүйнөдөгү бардык маалымат каражаттарынын тизгини капиталист мамлекеттердин колунда экендиги белгилүү. Мисалы, Американын Ассошиэйтед Пресс, Британиянинг Рейтер, Американын Юнайтед Пресс, Франция маалымат агенттиги жана Германия маалымат агенттиктери дүйнөдөгү маалыматтын 90%дан көбүрөөгүн башкарса, Американын өзү алардын жарымынан көбүн башкарат. Бул маалымат каражаттары – кайсы тарап пайда кылган болсо жана кайсы тарап каражат менен камсыздап жаткан болсо – ошол тараптын пайдасына кызмат кылат жана алардын көрсөтмөсүнөн четке чыкпайт.
Тыянактап айтканда, учурдагы маалымат каражаттары Ислам жана мусулмандарга душман болгон капиталист мамлекеттерге караштуу болгондуктан, алар таратып жаткан маалымат жана кабарлар да ошого ылайыктуу болору табигый көрүнүш. Ушундай болгон соң, мусулмандар батыштын маалымат каражаттары аркылуу келип жаткан кабарларга олуттуу көңүл бурушу керек. Эгер мусулмандар алардын адаштыруусунан этият болуп, буга каршы күрөшпөсө, алар адамдар арасында бузук коомдук пикир пайда кылууну жана адаштырууну уланта беришет.
Зохид Заргар
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…