Бисмиллаахи рохмаанир рохиим
Асыл хадис менен
Пенде өзү билбей турган сөздү сүйлөшү
Урматтуу бардык жердеги угармандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын сиздерге жакшы салам айтып баштайбыз. Алланын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ عَنْ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: “إِنَّ الْعَبْدَ لَيَتَكَلَّمُ بِالْكَلِمَةِ مِنْ رِضْوَانِ اللَّهِ لَا يُلْقِي لَهَا بَالًا يَرْفَعُهُ اللَّهُ بِهَا دَرَجَاتٍ وَإِنَّ الْعَبْدَ لَيَتَكَلَّمُ بِالْكَلِمَةِ مِنْ سَخَطِ اللَّهِ لَا يُلْقِي لَهَا بَالًا يَهْوِي بِهَا فِي جَهَنَّمَ”
Абу Хурайрадан риваят кылынат, Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Пенде сөзүнө маани бербестен, Аллахтын ыраазылыгына жете турган сөз айтат. Аллах ал себептүү анын даражасын көтөрөт. Пенде сөзүнө маани бербестен Аллахтын ачуусун келтире турган сөз айтат, Аллах аны ал себептүү тозокко түшүрөт”.
Бул тууралуу Фатхул-Бариде Сахих аль-Бухаринин түшүндүрмөсүндө мындай деп келет.
يُلْقِي لَهَا بَالًا “маани бербестен” дегени аны ойлонбогондугу. Башкача айтканда, анын кесепеттерин, эч кандай таасири бар экенин ойлобогондугун билдирет. Бул Алла Тааланын: وَتَحْسَبُونَهُ هَيِّنًا وَهُوَ عِنْد اللَّه عَظِيم “Силер муну жеңил деп ойлойсуңар, бирок Аллахтын алдында ал улуу” деген сөзүнө окшойт.
يَهْوِي “кулоо” сөзү Ийаддын айтышынча, тозокко кулап түшүүнү билдирет.
Бул асыл хадистен алынган сабактардын бири – мусулман адам сөзү таразага тартылаардан мурда өзү аны таразага тартышы керек. Андыктан, жакшыны гана айтуусу керек. Бул тууралуу ыйык аяттар менен асыл хадистер топ-топ болуп келген:
وهدوا إِلَى الطيب مِنَ القول
“Жана алар жакшы сөзгө багытталды…”. Мунун мааниси, алар туура жолго салынды дегенди билдирет.
قال الله تعالى: وَقُولُواْ لِلنَّاسِ حُسْناً
“Адамдарга жакшы сөз айткыла”.
قال سبحانه: (( وَقُل لِّعِبَادِي يَقُولُواْ الَّتِي هِيَ أَحْسَنُ
“Менин пенделериме айт, эң жакшысын айтышсын”.
قال سبحانه: ((إِلَيْهِ يَصْعَدُ الْكَلِمُ الطَّيِّبُ وَالْعَمَلُ الصَّالِحُ يَرْفَعُهُ
“Жакшы сөз жана жакшы амал ага (Аллахка) көтөрүлөт”.
قال صلى الله عليه وسلم: ((اتَّقوا النّارَ ولو بِشِقِّ تَمرة، فإنْ لم تجدوا فبكَلِمَةٍ طيّبة
Расулулла (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Тозоктон жарым курма менен болсо да сактангыла, эгер таппасаңар жакшы сөз сүйлөгүлө”.
قال: ((مَنْ كان يؤمِنُ باللهِ واليومِ الآخِرِ فَلْيَقُلْ خيراً أو لِيَصْمِتْ
Дагы айтты: “Ким Аллахка жана акырет күнүнө ишенсе, жакшы сөз сүйлөсүн же унчукпасын”.
قال: ((أَمْسِكْ عليك لِسانَك
Ал айтты: “Тилиңди тишиңе кат”.
قال: وهل يَكُبُّ الناسَ في النّارِ على وجوههِمْ أو قال على مَناخِرِهِمْ إلاّ حصائدُ ألسِنَتِهِمْ
Ал айтты: “Адамдарды беттери же мурду менен тозок отуна кулата турган тилдеринин чогулткан нерсесинен да зыяндуу башка нерсе барбы”.
وعن عبداللهِ بنِ عَمْروٍ رضي الله عنهُما، عن النبيِّ صلى الله عليه وسلم قال: في الجنّةِ غُرفةٌ يُـرَى ظاهِرُها من باطنِها، وباطنُها مِن ظاهِرِها، فقال أبو مالكٍ الأشعريّ: لِمَنْ هي يا رسولَ الله؟ قال: لِمَنْ أَطابَ الكلامَ، وأطعمَ الطّعامَ، وباتَ والنّاسُ نِيام
Абдулла бин Амр (радияллаху анху) риваят кылат, Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Бейиште бир бөлмө бар, анын сырты ичинен, ичи сыртынан көрүнүп турат. Абу Малик аль-Ашари: “Оо, Аллахтын Элчиси, ал ким үчүн? деди. Ал айтты: Жакшы сөз сүйлөгөн, тамак берген жана эл уктап жатканда түндө туруп ибадат кылган адамга”.
Абдулла бин Масуд (радияллаху анху) айтты: Аллахка ант болсун, Андан башка кудай жок, менин тилимден башка узак камоого муктаж эч нерсе жок”.
Айтты: “Оо тил, жакшылыкты айт, ошондо пайда табасың, жаман айтып өкүнүп калганча унчукпа”.
Кымбаттуу окурмандар, кимдир бирөөлөр маани бербестен уят сөздөрдү сүйлөгөнү абдан таң калычтуу. Мусулман мусулман бир тууганын ойлонбостон туруп, каапыр деп эсептегени абдан таң калычтуу. Ойлонбостон туруп исламий жамааттар айтпаган сөздү айтты деп жалган жалаа жапканы абдан таң калычтуу. Элдин арасында бузукулук тараткандарга таң каласың. Гыйбат кылып, жалган жапкандар бул сөздөрү алар үчүн өкүнүч болоорун ойлобогону абдан таң калычтуу.
Андыктан, Кудуреттүү Алланын каарынан сак болгула! Анткени, Ал Зат мындай дейт: مَا يَلْفِظُ مِن قَوْلٍ إِلَّا لَدَيْهِ رَقِيبٌ عَتِيدٌ “Ал кандай гана сөз сүйлөбөсүн, анын жанында дайыма күзөтө турган күзөтчү бар”.
Урматтуу угармандар, кийинки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканча Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
1445-х 2-зулкаада.
2024-ж 10-май.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…