بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Байдендин Газадагы согушту токтотуу жаатындагы багыттары: максаттар жана кыйынчылыктар!
Устаз Хамд Табиб
Соңку кездерде Газага каршы согушту улантуу маселесинде президент Байден жетектеген АКШ өкмөтүнүн багыттары менен премьер-министр Нетаньяху өкмөтүнүн багыттары ортосунда ачык-айкын айырмалар жаралды. Алардын ортосунда аракет усулу, шахиддердин саны, кыйроонун көлөмү жана адамзат кырсыгы, айрыкча, үй-жайсыз калуу, ачарчылык, азык-түлүк жардамын бөлүштүрүү маселесинде, согушка чекит коюунун жолу, согуштан кийин Газада ким өкүм жүргүзөрү, Рафахка кирүү маселеси, “эки мамлекет” чечимине киришүү катары Фалестин администрациясы менен Хамас кыймылын бириктирүү сыяктуу саясий маселелер менен бирге аскерий маселелерде да карама-каршылыктар жүзөгө келди. Бул карама-каршылык Нетаньяху яхудий вужудун саясий туңгуюкка кептеди жана яхудий вужуду ичинде кырсык жана ички чыр-чатактар алып келди деп айыптоого чейин жетти.
2024-жылы 9-апрелде АКШ президенти Байден Америкада испан тилиндеги «Univision» телекомпаниясына берген интервьюсунда Нетаньяхунун согушка карата жандашуусу туурасындагы суроого: «Менин оюмда, анын жасап жаткан иши туура эмес, мен анын жандашуусуна кошулбаймын», – деп жооп берди. Байден ушуларды баса белгиледи: «Өткөн аптада башкы кеңсеси АКШда жайгашкан кайрымдуулук уюмунун жети кызматкери (израиль) аба чабуулдарында өлтүрүлүшү үрөй учурган окуя болду. Ошондуктан, мен ок атууну токтотууну жана алты-жети ай ичинде Газага жиберилген азык-түлүк жана дары-дармектердин толук киришине уруксат берилишин (израилдиктер) өздөрү талап кылышы керектигин баса белгилеймин».
Ко-ош, жүзөгө келген бул карама-каршылыктын көлөмү канчалык? Байдендин саясатында эмнеге мындай өзгөрүү пайда болду? Т.а. согуш башталганда Байден яхудийлердин Газадагы саясатын толук колдоп-кубаттоо саясатын алып барган. Эмнеге бүгүнгө келип бул саясат өзгөрүп, айыптоо, согушту токтотууга чакыруу, согушту токтотпоо яхудий вужуду үчүн кырсык жана ойрондулук болот деп баса белгилөө өкүм сүрүүдө?!
Батыштын ар кандай саясий көз карашына, иш-аракетине жана сөзүнө көңүл буруубуз зарыл болгон негиз – батыштыктар саясатты кызыкчылыкка жана максатка жетүү негизинде алып барышат. Алар принциптерге маани беришпейт, пикир үчүн эч бир өзгөргүс идеясы жок, тескерисинче, прагматисттик назария негизинде пикир жүргүзүшөт. Ушул нерсе алардын саясий пикирлеринде, ал тургай иш-аракеттерде өзгөрүү болуп жатканын түшүндүрөт. Бул, биринчиден.
Экинчиден, Америка өзүнүн кызыкчылыгынан келип чыгып яхудий вужудунун туруктуулугун камсыздайт. Мисалы, яхудий вужуду Америка кызыкчылыктарына зыян жеткире турган иш-аракеттерди жасаса, Америка аны тартипке салууга жана итаатка кайтууга мажбурлоого аракет кылат, жада калса, зарыл болсо аны тыйып коюу үчүн күч да колдонот. Америка көп ирет ушундай кылган, мисалы, 1973-жылы яхудийлер менен Мисир ортосундагы согушта кылгандай.
Үчүнчүдөн, Американын кызыкчылыктарына баш ийүү жана долбоорлорун ишке ашырууга кызмат кылууда Түркия, Иран, Мисир жана Фарс булуңу мамлекеттери сыяктуу яхудийлерден мааниси кем эмес мамлекеттер да бар. Ушул себептен улам Америка бул мамлекеттердин режимдерин туруксуздук жана өзгөрүүлөрдөн коргоп келүүдө.
Төртүнчүдөн, Америка Газа согушуна да башка ар кандай саясий окуяга карагандай карайт. Т.а. ал өзүнүн саясатынын пайдасы үчүн багыттоо, же тыйып коюу, же болбосо саясий жана аскерий жактан аралашуу жана башка ыкмалар аркылуу натыйжаларга жетүүнү көздөйт. Чынында, Америка натыйжага жетүүнү, согуштан кийинки абал үчүн пландарды иштеп чыгууну баштады. Бирок, ал тоскоолдуктарга туш келип жатат, эң жаман тоскоолдук яхудий вужуду тарабынан болууда. Бул яхудий вужудунун тоскоолдуктарын Америка жана анын Газа согушу туурасындагы долбоору үчүн өтө татаал тоскоолдукка айланткан көптөгөн себептер бар – яхудийлердин сакафатында «(израиль) жери» (убада кылынган жер) деген пикир боюнча ачык-айкын өзгөрүү жүз берди. Бул пикирди яхудий өкмөтүндөгү көпчүлүктү түзгөн экстремист партиялар карманышып, алар яхудий вужудунун саясий көз карашында чоң бөлүктү түзүшөт. Дагы бир себеп – Нетаньяху башынан өткөрүп жаткан саясий абал. Мисалы, ага сот иши ачылгандыгы, ал яхудий калкына убада кылган согуштан көздөлгөн максаттарды жүзөгө чыгара албай жаткандыгы о.э. «(израиль) жери» деген нерсеге зыян жеткирген ар кандай саясий чечимге жан бербөө деген сыяктуу диний партияларга берген убадасын аткара албай жаткандыгы жана башка саясий абалдар.
Америка мына ушундай саясий көз караштан жана этибарлардан келип чыгып – натыйжалар же натыйжаларга жетүү үчүн жасалган аракеттер кандай болушуна карабастан – оболу өзүнүн кызыкчылыгын жүзөгө чыгарууну ойлойт. Мында бийликке Демократтар же Республикачылар турушунун айырмасы жок. Америка өз кызыкчылыгын жүзөгө чыгаруу үчүн ал тургай өз элине да зыян жеткирген иш-аракеттерди жасаганына күбө болгонбуз. Мисалы, 2001-жылы 11-сентябрь окуяларында, анын артынан 2003-жылы Афганистан жана Ирактагы согушта күбө болдук.
Бул, ушул темада көңүл бурушубуз керек болгон биринчи тарап. Экинчи тарап болсо, яхудий вужуду Газа операциясында массалык кыргын, ачка калтыруу, үрөй учурган жана башка кылмыштарды жасоо менен эл аралык коомчулукту да, конгрессти да, катардагы америкалыктарды да катуу силкинтти. Бул нерсе Америкадагы саясий партиялардын ушул окуялар жөнүндөгү көз карашын өзгөрттү. Трамп шайлоодо жеңип чыгуу үчүн бул саясий толкундан пайдаланып жатканына жана согуштын башында болгондой яхудийлердин кылмыштарын толук колдой албай калганына күбө болуп турабыз.
Газадагы согуш боюнча Байденде жүз берген өзгөрүүлөргө келсек, алар эки нерседен келип чыгууда. Биринчиден: Байден үчүн согуштун толкунун Америка долбоору боюнча алып баруу зарыл. Мисалы, саясий туруктуулукту орнотуу, саясий жана экономикалык долбоорлорду баштоо, “эки мамлекет” мечимин жүзөгө чыгаруу, региондогу бардык мамлекеттер менен яхудий вужуду ортосунда нормалдашууну пайда кылуу, ушул саясий система ичинде яхудий вужудун сактап калуу жана бул нерселерди Америка кызыкчылыгына сокку бере турган күчөтүп жибербөө. Экинчиден: шайлоодо жакшы натыйжага жетишүү үчүн бул окуялардан пайдалануу. Айрыкча, яхудий вужудунун жийиркеничтүү согушунда аны аскерий жана моралдык колдоо Байдендин аброюна да, Американын ичиндеги жана тышындагы аброюна да зыян жеткирип, оор жүк болуп жатат.
Мына ушундай саясий көз караштан жана этибарлардан келип чыгып, Байдендин согуш туурасындагы билдирүүлөрүндө өзгөрүүлөр болду. Байден билдирүүлөрдө яхудийлерди жана алардын иш-аракеттерин «акылсыздык менен жасалган иш-аракеттер» жана «яхудий вужудунун кызыкчылыгына тескери келген иш-аракеттер» деп атады. Эгер яхудийлер ушинтип көжөрлүк кылууну, Америка менен өчөшүп, анын Жакынкы Чыгыштагы зарыл кызыкчылыктарына таасир өткөрүүнү уланта берсе Байденде да, анын өкмөтүндө да азыркыдан чоңураак өзгөрүүлөр болушу анык. Бул өзгөрүүлөр өрчүп, яхудий калкын Америкага итаат кылууга, Американын региондогу саясатына моюн сунуп, аларды бузбоого мажбурлоо үчүн кошуна мамлекеттер тарабынан жасалган аскерий тыйып коюу даражасына чейин жетиши да мүмкүн.
Кыскасы, саясий болобу, аскерийби, же яхудийлерге басымдар болобу, Американын ар кандай иш-аракети Америка жана яхудийлердин кызыкчылыгына кызмат кылат, Умматка, анын ресурстарына жана маселелерине каршы болот. Ушул долбоорго ылайык аракет кылып жаткан мусулман өлкөлөрүнүн өкүмдарлары Аллахка, Расулуна жана Ислам Умматына кыянаттык кылган болушат. Демек, адамдар Американын саясатына жана иш-аракетине ылайык кадам шилтеп жаткан, Америкага жана яхудийлерге кызмат кылып жаткан, Умматка жана анын каалоолоруна каршы турган мамлекеттерге байкоо салышы керек. Исламий калктардын жоопкерчилигинде бир байрак астында бир мамлекетте биригүү, Умматтын байлыктары жана каны эсебинен Американын саясатын ишке ашырып жаткан рувайбиза куурчак өкүмдарларды кулатуу, Батыш долбоорлоруна каршы туруу, Умматтын бүткүл денесинен агып жаткан канды токтотууга олуттуу аракет кылуу, бул бузгунчу кара мүртөз вужудду жок кылуу менен адамзатты анын жамандыгынан куткаруу үчүн жихад жарыялоо вазыйпасы турат.
﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِن تَتَّقُواْ ٱللَّهَ يَجۡعَل لَّكُمۡ فُرۡقَانًا وَيُكَفِّرۡ عَنكُمۡ سَئَِّاتِكُمۡ وَيَغۡفِرۡ لَكُمۡۗ وَٱللَّهُ ذُو ٱلۡفَضۡلِ ٱلۡعَظِيمِ﴾
«Эй, момундар, эгер Аллахтан корксоңор, силер үчүн хак менен жалганды ажырата турган туура жол берет жана жамандыгыңарды-күнөөңөрдү өчүрүп, силерди кечирет. Аллах улуу берешендик, жоомарттык ээси» [8:29]
Роя гезити, №491, 2024-жыл, 17-апрель.
Басма сөз баянаты Юрган Нобель сунуштаган интеграция планы: бул ассимиляцияга чакыруубу? Жакында Голландия премьер-министри Дик…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (биринчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Кыргызстан бийлиги өлкөдө Исламга каршы кысымды күчөтмөкчү Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү диний абалга көзөмөлдү күчөтүү максатында…
Басма сөз баянаты Оо, Шамдагы ахрар козголоңчулар! Умматтын үмүтү силерде, үмүтүн жокко чыгарбагыла! Оо, Шам…
Шам тогуту кулатылды... Бирок, Америка жана анын малайлары тикелемекчи болуп жаткан бузгунчу секулярдык башкаруудан өтө-өтө…
Басма сөз баянаты Шам калкына өткөөл доор да, убактылуу өкмөт да керек эмес, аларга Ислам,…