Жаңылыктар

Бириккен Араб Амирликтери аскерийлешкен күчтөрдү түзүүдө: анын бир бөлүгү Яман жана Суданда аракет кылат

Басма сөз баянаты

Бириккен Араб Амирликтери аскерийлешкен күчтөрдү түзүүдө: анын бир бөлүгү Яман жана Суданда аракет кылат

Германиянын “Deutsche Welle” агенттиги 2024-жылы 14-апрелде жарыялаган макалага ылайык, Бириккен Араб Амирликтери Африка жана Жакын Чыгышты, өзгөчө, Яман жана Суданды өзүнүн аскерийлешкен күчтөрүнүн борборуна айланткан. Франциянын “Inteleigence Online” гезити француз армиясынын атайын күчтөрүндөгү мурунку аскерлерге таратылган жарыяны ачыктады. Гезитте айтылышынча, бул жарыя Абу Даби менен байланышы болгон Франция атайын күчтөрүнүн мурунку офицери тарабынан башкарылган Манар аскерий кеңеш компаниясынан алынган. Франция басылмасына ылайык, ушул жарыядан Амирликтер 2025-жылдын ортолоруна чейин 3000-4000 аскерден турган өзүнүн чет элдеги элита күчтөрүн түзмөкчү экенин жыйынтык чыгарууга болот. Абу Дабинин бул жааттагы биринчи аракети 2009-жылы жасалып, Blekwater негиздөөчүсү Эрик Принс тарабынан Амирликтерде 800 мүчөдөн турган бригада түзүлгөн.

Амирликтер Британиянын малайы болуп, 65 миңге жакын кошуунга ээ. Ал 2016-жылдан тарта чет элдик жалданган аскерийлерден пайдаланууну баштап, Американын «Spear» деген согушкерлердин компаниясынан аскерлерди жалдаган. Амирликтер 2015-жылы августта Аданды ээлеп, ал жерден Хусийлерди кууп чыгарган соң, мечит имам-хатибдери, саясатчылар, аскерийлер жана укук коргоочу активисттерден турган Ямандагы анын буйругуна моюн сунбаган 160тан ашуун инсанды өлтүрүү операциясын ишке ашырды… Амирликтер америкалык расмийлер менен кызматташууну улантууда. «Рейтер» маалымат агенттиги 2019-жылы Амирликтер электрондук согуш бөлүмдөрүн түзүүгө аракет кылып жатканын маалым кылат… Ошондой эле, 2022-жылы «Вашингтон Пост» гезити Амирликтер америкалык мурунку аскерийлерге кызмат жана кеңештери үчүн дагы эле маяна төлөп жатат деп жазган. «SIPRI» (Стокгольм Тынчтык Эл аралык Изилдөө Институту) 2023-жылы жарыялаган отчётто айтылышынча, жеке менчик аскерий коопсуздук компаниялары феномени 2003-жылдан бери, тагырак айтканда “Blekwater” түзүлүп, Иракты басып алуудагы анын ыплас ролунан бери күчөгөн.

Бүгүнкү күндө Абу-Даби дагы да жийиркеничтүү ролду аткарууда. Тагырак айтканда ал Британиянын Яман жана Судандагы долбоорлоруна кызмат кылуу үчүн атайын жалданган аскерий бригада түздү. Амирликтер Яманда болсо, Британиянын Америка планын бузуудагы жана ага каршы күрөштөгү пландарына жардам берүү үчүн 2016-жылдан баштаган адам өмүрүнө кол салууларды дагы да көбөйткөн. Суданда болсо, Абу-Даби Американын аскерий малайлары: Бурхан жана Хамидатийдин күрөшүнөн алдан тайган “Азаттык жана өзгөрүү” күчтөрүнө жардам берүүдө. Сомали, Ливия жана башка өлкөлөрдө да дал ушундай иштерди жасап жатат.

Амирликтер муну өз кожоюну Британияга кызмат кылуу үчүн жана Американын Жакын Чыгыштагы планына ылайык жүзөгө чыгарып жатат. Ал башка Булуң мамлекеттери сыяктуу Британияга берилгендикти жана толук көз карандылыкты көрсөтүүдө. Ал эми Салман жана анын уулунун өкүмдарлыгы астындагы бүгүнкү Саудия Американы ээрчүүдө. Амирликтердин саясатында көрүнүп жаткан карама-каршылык Британиянын илманий-секулярларды колдоп-кубаттоо жана исламчыларга каршы туруу планынын натыйжасы болуп эсептелет. Андан тышкары, Амирликтер Британиянын атайын жана терең саясатын ишке ашырып келет. Ал адатта региондогу Америка малайларынын артында туруп алып, Британия үчүн иштейт жана Британияга кызмат көрсөтүшөт.

Ушундайча мусулман өлкөлөрүндөгү режимдер Ислам менен өкүм жүргүзүүдөн жана кайрымусулмандарга Исламды жеткирүүдөн алыстап, Ислам жана мусулмандардын душмандарынын пландары менен шугулдана баштагандан бери мына ушундай жемирилип барууда. Кайрымусулмандар үчүн башбаанекке айланып, алардын саны өз калкынын санынан да ашып кеткен Амирликтер бүгүнкү күндө Араб жарым аралында ушул кайрымусулмандар үчүн чиркөөлөрдү, синагогаларды жана хинду мушрик ибадатканаларын курууда, ошондой эле куфр жана кафирлерге кызмат кылуу, Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүү үчүн кошуун түзүүдө! Аллах Таала айтат:

﴿ٱلۡأَعۡرَابُ أَشَدُّ كُفۡرًا وَنِفَاقًا وَأَجۡدَرُ أَلَّا يَعۡلَمُواْ حُدُودَ مَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ عَلَىٰ رَسُولِهِۦۗ وَٱللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ * وَمِنَ ٱلۡأَعۡرَابِ مَن يَتَّخِذُ مَا يُنفِقُ مَغۡرَمًا وَيَتَرَبَّصُ بِكُمُ ٱلدَّوَآئِرَۚ عَلَيۡهِمۡ دَآئِرَةُ ٱلسَّوۡءِۗ وَٱللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ﴾

«Арабийлер арасында ушундай адамдар да бар, кылган садагасын (өзү үчүн) зыян деп билет жана силерге (момундарга) балээлер келишин күтүп турушат. (Бардык) жаман балээ(лер) өздөрүнө болсун! Аллах угуучу, билүүчү»                                                                       [9:98]

Мусулмандардын аракети жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө үмүттөрү уланууда. Анткени, Хизб ут-Тахрир мусулмандарды рошид Халифалыкты тикелөөгө аракет кылууга, акыйкатты жүзөгө чыгаруу үчүн бул улуу даъватка жооп берүүгө, рошид Халифалыкты тикелөөгө, ошондой эле Ислам жана мусулмандарга каршы карамүртөз пландарды жок кылууга даъват кылып келүүдө.

 

Хизб ут-Тахрирдин Яман

вилаятындагы басма сөз бөлүмү

 

turkistonkg

Recent Posts

Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда!

Басма сөз баянаты Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда! Кыргыз бийлиги сентябрь аында…

1 day ago

КЫЗЫЛ-ОМПОЛ КЕНИ ИШКЕ БЕРИЛДИ

Кызыл-Омпол кени ишке берилди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү…

2 days ago

Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу

Бисмиллааахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу Урматтуу…

2 days ago

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ!

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ! Ушул күндөрдө АКШнын Нью-Йорк…

3 days ago

Өкмөт жолдон эки жолу салык алууну көздөп жатат

Өкмөт жолдон эки жолу салык алууну көздөп жатат Министрлер кабинети Кыргызстанга ташылып келген күйүүчү-майлоочу майдын…

3 days ago

Илим ээлери жана аалымдар

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Илим ээлери жана аалымдар Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

4 days ago