Макала

Шарьий хадды ишке ашырбоо

Бисмиллаахи рохмаанир рохиим

Асыл хадис менен

Шарьий хадды ишке ашырбоо

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” рубрикабыбыздын жаңы чыгарылышын сиздерге жакшы салам менен баштайбыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.

Абдуллах бин Умар разиаллаху анху риваят кылган хадисте Расулулла саллаллаху алейхи уа саллам айтты:

عن عبد الله بن عمر رضي الله عنهما قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: “‏مَنْ ‏ ‏حَالَتْ ‏ ‏شَفَاعَتُهُ ‏ ‏دُونَ ‏ ‏حَدٍّ ‏ ‏مِنْ حُدُودِ اللَّهِ فَقَدْ ضَادَّ اللَّهَ وَمَنْ خَاصَمَ فِي بَاطِلٍ وَهُوَ يَعْلَمُهُ لَمْ يَزَلْ فِي سَخَطِ اللَّهِ حَتَّى ‏ ‏يَنْزِعَ ‏ ‏عَنْهُ وَمَنْ قَالَ فِي مُؤْمِنٍ مَا لَيْسَ فِيهِ أَسْكَنَهُ اللَّهُ ‏‏رَدْغَةَ الْخَبَالِ ‏حَتَّى يَخْرُجَ مِمَّا قَالَ”. رواه أبو داود في سننه.

“Ким өзүнүн ортомчулугун Аллахтын хаддарын (чектерин) орнотууга тоскоол кылуу үчүн колдонсо, ал Аллахка каршы чыккан болот. Ким  билип туруп жалган нерсе жөнүндө талашса, ал андан арылмайынча Аллахтын каарында болот. Ал эми кимде-ким момун жөнүндө  анда жок  нерсени айтса, (жалган жалаа жапса) Аллах аны ал айткан сөзүнөн чыкканга чейин ыпластыктын баткагында кылат. (Мааниси: Аллах аны тозок элинин ириңи менен жазалайт)”.

Аун аль-Мабуддун Сунан Абу Давуд түшүндүрмөсүндө:   Пайгамбар (с.а.в)дын хадисте келген رَدْغَةَ الْخَبَالِ  (Радга аль-Хабал) сөзүн мындай чечмелеген: Радга сөзү ылай чыла маанисинде. Хобал сөзү бузукулук. Мааниси: тозок элинин ириң-ширеси.

Ибн Таймия Аллах Таала аны ырайымына алсын айтты: “Анткени адамдардын ортосундагы алаканы ажырым кыла турган өкүм хаддар жана  акы укуктарды жолго коюу тууралуу болот. Бул анын биринчи бөлүгү жана ал кадыр-барк, улуу-кичүү, алдуу-алсызга карабастан баардыгына бирдей ишке ашырылышы керек. Шарьий хадды кадыр-барк же белек алуу же мансабына карап ж.б.у.с. нерселер себептүү ишке ашырбай коюу жайиз эмес. Ким шарьий хадды ишке ашырууга кудуреттүү болуп туруп аны ишке ашырбай койсо ага Аллахтын, периштелердин жана бардык адамдардын наалаты болот. Ким ушундай кылса Аллах Таала андан эч бир нерсени кабыл албайт. Ал Аллахтын аяттарын арзыбаган баага саткан болот. Ошондуктан, Али бин Абу Талиб, разияллаху анху мындай деген: Адилетүүбү же адилетсиз фаажирби айырмасы жок амир  болушу керек. Айтылды: Эй, момундардын амири, адилетүүнү биз билебиз, а бузуку фаажир амир кандай болот? Ал айтты: Чек аралар аны менен корголот, аны менен жолдор коопсуз болот, аны менен душманга каршы жихадга чыгылат, олжолор аны менен бөлүштүрүлөт”.

Бүгүнкү күндөгү башкаруучулар болсо кудурети жетип туруп Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм жүргүзүшпөйт. Кудуреттери жетип туруп Аллахтын хаддарын ишке ашырышпайт. Аллах жолунда жихад кылууга кудуреттери жетип туруп жихад кылышпайт. Аллахтын динине жардам берүүгө кудуреттери жетип туруп нусрат беришпейт. Алар ушул себептүү Аллахтын, периштелердин жана бардык адамдардын каргышына татыктуу болушту. Алар мусулмандардын ортосуна жасалма чек араларды  орноткондуктан бийликтен айдалууга татыктуу эле. Алар Аллах канын азиз кылган  мусулмандардын канын төгүшөт. Өлкөлөргө жана элдерге бузукулук таратуучу каапырларга жардам берип, алардын жолдордогу коопсуздугун сакташат. Алар ата-энесинин мээнетинен мурастап алгандай, элин ачка таштап, байлыктарын көбөйтүү үстүндө миллиарддарды монополия кылып алышкан. Бул саткын, ууру акимдер жасалма күрсүлөрүнөн мусулмандар арасындагы чек араларды ачып, каапырлар менен болгон чектерди белгилеп берген, жолдорду коопсуз кылып, Исламды бүткүл дүйнөгө жая турган жана Аллахтын ыраазылыгы үчүн аракет кыла турган Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу кулатылат. Алар мына ушул жолдо аракет кылгандар менен бирге аракет кылмайынча – абад болушпайт.

Кийинки “Асыл хадис менен” тааныштырганга чейин Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

1445-х 20-шаввал.

2024-ж 29-апрель.

turkistonkg

View Comments

Recent Posts

Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда!

Басма сөз баянаты Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда! Кыргыз бийлиги сентябрь аында…

2 days ago

КЫЗЫЛ-ОМПОЛ КЕНИ ИШКЕ БЕРИЛДИ

Кызыл-Омпол кени ишке берилди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү…

3 days ago

Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу

Бисмиллааахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу Урматтуу…

3 days ago

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ!

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ! Ушул күндөрдө АКШнын Нью-Йорк…

3 days ago

Өкмөт жолдон эки жолу салык алууну көздөп жатат

Өкмөт жолдон эки жолу салык алууну көздөп жатат Министрлер кабинети Кыргызстанга ташылып келген күйүүчү-майлоочу майдын…

3 days ago

Илим ээлери жана аалымдар

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Илим ээлери жана аалымдар Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

4 days ago