Жаңылыктар

АКШда дагы бир Флойд окуясы жүз берди

АКШда дагы бир Флойд окуясы жүз берди

АКШда дагы бир кара түстүү адам кудум Жорж Флойд сыяктуу полициянын зомбулугу натыйжасында каза болду. Кабарларда айтылышынча, АКШнын Огайо штатында жол-транспорт кырсыгында айыпталып жаткан 53 жаштагы кара түстүү Френк Тайсонду полиция кызматкери ырайымсыздык менен мойнунан буту менен басып турушу натыйжасында дем алганы аба жетпестен эсин жоготкон. Аталган окуядан кийин ооруканага жеткирилген Тайсон ошол жерде каза болгону айтылууда. Тайсондун “дем ала албай жатам” деп жалбарганына көңүл бурбаган полиция кызматкерлери болсо жумуштан четтетилген.

Эске сала кетсек, 2020-жылы кара түстүү Жорж Флойдду полиция кызматкерлери жерге жаткырып алып, “дем ала албай жатам” деп жалбарганына карабастан, мойнунан басып турушу натыйжасында каза болуп калган. Френк Тайсондун “дем ала албай жатам” деп жалбарып андан соң эсин жоготушу да кудум ошол Флойд окуясын эске түшүрөт.

Комментарий: Расизм жана расалык кемсинтүүлөр Америкада даана көрүнүп турган илдеттердин бирине айланган. Негизи, Американын өзү расизм негизине курулган мамлекет. Өлкөнүн жергиликтүү калкы болгон кызыл түстүүлөрдөн он миллиондогон адамдар ырайымсыздык менен кырып ташталганын о.э. Африкадан алынып келген кара түстүү адамдар кул кылынып, аларга айбандар сыяктуу мамиле кылынганын америкалыктардын өздөрү деле четке кагышпайт.

1868-жылы кара түстүү адамдарга Америкада толук жарандык берилген болсо да, бирок аларды теңсинбөө, зомбулук, кемсинтүү бүгүнкү күнгө чейин уланып келет. Демократия жана мыйзам үстөмдүгү дегенди сайрап келген бул мамлекетте ак түстүү англо-саксондордон турган америкалыктардын башкалардан үстөмдүгү жашыруу мүмкүн болбогон акыйкат болуп, мамлекет, саясат, таалим, экономика           сыяктуу турмуштун бардык тармактарында аларга артыкчылыктар берилген. Америка конституциясында АКШ жарандары жынысы, түсү жана динине карабастан, мыйзам алдында бирдей экендиги жазылганы менен, расизм көпчүлүк америкалыктардын канына сиңип калган. Адам укуктарын коргоочу уюмдардын билдиришинче, Америкадагы расалык кемсинтүү ак түстүү болбогон улуттардын жашоосундагы бардык тармактарга кирип барган. Ал тургай, расалык кемсинтүүлөргө дуушар болуу америкадагы кара түстүүлөрдүн жашоосунун бир бөлүгүнө айланган.

Бул көйгөйдүн түпкү тамыры капитализм хазаратына барып такаларына эч кандай шек-күмөн жок. Себеби, бул хазараттын негизин түзгөн “ким күчтүү болсо, акыйкат ошонуку”, “эң күчтүү болгон аман калат”, “ак түстүү кара түстүүдөн үстөм”, “байлар акылдуу болгону үчүн бай болушкан” деген түшүнүктөр адамдар ортосундагы дискриминация көйгөйүн чечмек тургай, бул көйгөй күчөшүнө салым кошот. Мындан тышкары, капитализм хазараты улутчулдук, мекенчилдик жана расалык үстөмдүктү жактай турган хазарат болуп эсептелет. Ошондуктан, Америкада эле эмес, капиталисттик мамлекеттердин бардыгында социалдык жаңжалдар жана тирешүүлөр о.э. расизм, нацизм, фашизм жана өзүн башкалардан жогору көрүү сыяктуу илдеттер кеңири жайылган.

 Капитализм хазаратынын жемиши болгон мындай жийиркеничтүү иштерге чек коюу – албетте ушул хазараттан биротоло баш тартуу жана анын ордуна адамзаттын табиятына туура келе турган Ислым хазаратын кабыл алуу аркылуу гана ишке ашат. Себеби, Ислам хазаратында адамдын кадыр-баркы жана бири-биринен айырмасы расасы, улуту же түсүнө эмес, таквасына карай өлчөнөт.

Аллах Субханаху айтат:

يَا أَيُّهَا النَّاسُ إِنَّا خَلَقْنَاكُمْ مِنْ ذَكَرٍ وَأُنْثَى وَجَعَلْنَاكُمْ شُعُوباً وَقَبَائِلَ لِتَعَارَفُوا إِنَّ أَكْرَمَكُمْ عِنْدَ اللَّهِ أَتْقَاكُمْ إِنَّ اللَّهَ عَلِيمٌ خَبِير

«Эй инсандар, чындыгында Биз силерди бир эркек (Адам) жана бир аял (Хавва)дан жараттык да бири-бириңер менен таанышып (дос-жолдош болушуңар) үчүн силерди (түрдүү-түмөн) элдер жана уруу-элеттер кылып койдук. Албетте силердин Аллах алдындагы эң урматтууңар эң такыбааларыңар. Албетте Аллах Билүүчү жана Кабардар». [49:13]

Зохид Заргар

turkistonkg

Recent Posts

Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда!

Басма сөз баянаты Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда! Кыргыз бийлиги сентябрь аында…

2 days ago

КЫЗЫЛ-ОМПОЛ КЕНИ ИШКЕ БЕРИЛДИ

Кызыл-Омпол кени ишке берилди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү…

3 days ago

Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу

Бисмиллааахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу Урматтуу…

3 days ago

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ!

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ! Ушул күндөрдө АКШнын Нью-Йорк…

3 days ago

Өкмөт жолдон эки жолу салык алууну көздөп жатат

Өкмөт жолдон эки жолу салык алууну көздөп жатат Министрлер кабинети Кыргызстанга ташылып келген күйүүчү-майлоочу майдын…

4 days ago

Илим ээлери жана аалымдар

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Илим ээлери жана аалымдар Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

4 days ago