Роя гезити

Шам козголоңу ага каршы тил бириктирип жаткандарга моюн сунбайт

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Шам козголоңу ага каршы тил бириктирип жаткандарга моюн сунбайт

 Устаз Рамз Аманий

Усманий Халифалык мамлекети кулатылгандан кийин бутка турган исламий кыймылдар көп болуп, максаты да анык эле – Аллах түшүргөн өкүмдөрдү кайтаруу жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоо.

Бу улуу максат бардык мусулмандардын проблемаларына чечим ачкычы болуп, кордук жана шерменделикти жоготуп, аларды бир мамлекет жана бир имам-халифа астында бириктирет. Ошондуктан куфр мамлекеттеринин баары бул кыймылдарга каршы күрөшүп, алардын ийгилигине жана жайылышына ткоскоолдук кылышты. Эмнеге андай кылышпасын, акыры, алар Исламга каршы күрөшүп, мусулмандарга душмандык кылууну токтотушпаган болсо, мусулмандардын калканы болгон мамлекетин кулатышкан болсо?! Ошондуктан бул мамлекеттер мусулмандарга душмандыгын көрсөтпөстөн ушул кыймылдардын баарына каршы күрөштү жана мусулмандарды аларга каршы биригүүгө кызыктырышты.

Ошентип, куфр мамлекеттери исламий кыймылдарды ыдыратып, таратып жиберишти. Муну ишке ашырышына бир гана себеп бар. Ал да болсо, бул кыймылдар максатка жеткирүүчү шаръий тарикаттан, тагырак айтканда Набий ﷺдын тарыхта эң улуу деп таанылган мамлекетти тикелөөдө карманган тарикаттан чалгуусу.

Ооба, Расулуллах ﷺ анын эрки-чечимин тартып ала турган саясий акчага ыраазы болбогон, өкүм жүргүзүүдө кафирлерди шерик кылбаган, Исламга тескери болгон коомдук пикирге жасакерленбеген жана даъваттын башында кабыл алган өзгөргүс токтомунан баш тартпаган.

“Араб жазы” деп аталган козголоңдор ошол өлкөлөрдө өкүм сүргөн коррупцияга каршы элдик аракеттен башталып, илманий диктатор режимдерди өзгөртүүнү көздөгөн.

“Араб жазынын” пешкадамы Шамдагы мубарек козголоң болду жана өзүнүн исламий ураандары, өзгөргүс токтомдору менен бардык козголоңдордон жаркын өзгөчөлөнүп турду.

Ушул мубарек козголоң исламий ураан жана максаттары менен башталды, өз кезегинде, куфр мамлекеттери да коркунуч жакындашып келе жатканын сезишти… Анткени Шам козголоңу оңой эле тизгинделип, ураанынын жоготкон башка козголоңдордон жана элдик кыймылдардан бүтүндөй айырмаланды. Мындан тышкары, бул козголоң мечиттерден башталды жана Рахмандын шарияты өкүмдар болушун талап кылды, маселен, «Эл кайра Халифалыкты каалайт» жана «Эл режимди кулатууну каалайт» деген ураандар жаңырды.

Өз адатына ылайык, куфр мамлекеттери Шам козголоңуна каршы аскерий согуш башташты… Биринчи Россия, Иран, Иран хизби жана Ирактагы согушкерлери аралашып, бул мубарек козголоңду өз максатынан баш тартууга мажбурлоого жана канкор режимди кулатып, анын урандылары үстүндө Ислам башкаруусун тикелөө максатынан бурууга аракет кылышты.

Бирок «Жетекчибиз – саййидибиз Мухаммад» деп кыйкырып чыккан жана Аллах Азза ва Жаллага тобокел кылуудан кубаттанган мындай козголоңду жок кылуу мүмкүн эмес!

Андан кийин экинчи услубду – «б» планын ишке салууга, тагырак айтканда саясий аракет (саясий тузак) услубуна өтүштү. Ал үчүн адамдардын талаптарын өзгөртүүгө, козголоңду адаштырууга, козголоңчулардын демин басып, убадаларды берүүгө багытталган конференцияларды өткөрүштү.

Чынында куфр мамлекеттери козголоңдун башында аны бутунан чалып, канатын кыркышты… Буга алдоо жана жалган аркылуу, ошондой эле тарыхтагы эң ири козголоңго жетекчилик кылууга жараксыз жасалма жетекчилерди пайда кылуу аркылуу жетишти. Дал ушул нерсе Шам козголоңуна сокку берип, бүгүн көрүп турганыбыздай көлөмүнүн кыскарышына алып келди. Кафир мамлекеттер Шам козголоңу арасына киргизген бул жетекчилер максатка жана Аллахтын нусратына ушул тарикат алып бара турган козголоңдун тарикатынан баш тартышты. Жаңы жетекчилер уу-заар саясий акчаны кабыл алышты, бул акча алардын токтомун жана козголоңдун токтомун тартып алды… о.э. бул жетекчилер ушул акчаларды алуу аркылуу донор мамлекеттер менен байланыша башташты жана муну менен Расулуллах ﷺдын мамлекет тикелөөдөгү тарикатынан чыгышты…

Бирок Шам козголоңу өз калкынын аң-сезимине жана ыйманына ээ козголоң болгону үчүн ар кандай максканы ачты жана ага каршы уюштурулуп жаткан ар кандай тил бириктирүүнү ачыкка чыгарды, ошондой эле Аллахтын пазилети менен, аны жок кылууга урунуп жаткан ар кандай тарапка итаат кылбай бекем турду.

Бүгүн биз реформа өткөрүү, ички конференцияларды уюштуруу жана экономикалык абалды жакшыртуу сыяктуу күбө болуп жаткан аракеттердин баары тигил саткын коррупциячыл сигменттин кулатылышынан мурунку бир адашуудан башка нерсе эмес. Себеби, донор мамлекеттер ушунча жыйындарды, тил бириктирүүлөрдү кылышса да, кафирлер ушунча тузактарды коюшса да, Шам козголоңу аларга алданбастан, бекем турду, жада калса алардын алкымына сайылган сөөк сыяктуу болуп, жакында инша Аллах айла-амал кылгандардын айла-амалын өздөрүнө кайтарып сокку берет.

Мына, бүгүнкү күндө Шам козголоңу жана козголоңчулар аларга каршы алып барылып жаткан оюндарды аң-сезимдүү түшүнүп, козголоңдун кемесин чөктүрбөй куткарып калышты, анткени анын азаттык жолун, чечимин түшүнүштү… Натыйжада козголоң кайра башталды, козголоңчулар саткын топтордун жетекчилери тарабынан тартып алынган токтомдорун жана басып алынган бийлигин кайтарып алуу үчүн жолго чыгышты, муну Аллах Субханаху ва Тааланын буйругуна жана Набий ﷺдын хидаят жана тарикатына амал кылуу менен ишке ашырышууда.

Бүгүн алар кудум күл астындагы кызыган чок сыяктуу, андан мындай бийик добуш угулууда: «Бул козголоң тогуттар жана эл аралык саясий тил бириктирүүлөр алдында эч качан талкаланбайт, артка кайтпайт, жолунан бурулбайт, тескерисинче, ал аскадай болуп, өз принцибинде бекем турат… Бул принцип – козголоңдун жетекчиси жана үлгүсү болгон Мухаммад ﷺдын тарикатына моюн сунуп, тогуттарды, анын канкор режимин жана бардык аркандарын, конституцияларын жана адамдарын кошуп кулатып, алардын урандылары үстүндө Аллахтын шариятын өкүмдар кылуу. Ал эми мубарек козголоңдо кафир Батышка малайлык кылып жаткан – өздөрүн козголоңчуларга нусрат берүүчүлөр катары көрсөтүшкөн – жетекчилер бул тарикаттан баш тартышты…

Ооба, козголоң кайрадан бардык фитначыларга, душмандарга жана кафирлерге итаатсыз бекем козголоңго айланды. Шам калкы эми кылмышкер Башарды бирер кылмышкер топтун жетекчилерине алмаштырууну каалашпайт… Жок, тескерисинче, алар өз акидасынан балкып чыккан түзүмдү каалап жатышат.

Унутпайлы, бул козголоң Аллах үчүн чыкты, демек Аллахтын нусратына акылуу. Аллахтын ыраазылыгын үмүт кылып, Анын шариятын жер жүзүндө өкүмдар кылуу үчүн чыккан козголоңду кафирлер колу менен талкалашынан Аллах Өзү сактайт. Андыктан, Шам козголоңу өз улуулугуна, күч-кубатына жана мурунку тарыхына кайтышына аз калды. Өзүнүн идеясы жана максаты менен тарыхта эң үлкөн бул козголоң, Аллахтын уруксаты менен, жакында нусратка жетет жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекети тикелениши аркылуу исламий жашоо кайрадан башталат. Бул Аллахка таптакыр кыйын эмес.

 

Роя гезити, №490, 2024-жыл, 10-апрель.

turkistonkg

Recent Posts

Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда!

Басма сөз баянаты Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда! Кыргыз бийлиги сентябрь аында…

2 days ago

КЫЗЫЛ-ОМПОЛ КЕНИ ИШКЕ БЕРИЛДИ

Кызыл-Омпол кени ишке берилди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү…

3 days ago

Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу

Бисмиллааахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу Урматтуу…

3 days ago

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ!

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ! Ушул күндөрдө АКШнын Нью-Йорк…

3 days ago

Өкмөт жолдон эки жолу салык алууну көздөп жатат

Өкмөт жолдон эки жолу салык алууну көздөп жатат Министрлер кабинети Кыргызстанга ташылып келген күйүүчү-майлоочу майдын…

4 days ago

Илим ээлери жана аалымдар

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Илим ээлери жана аалымдар Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

5 days ago