Жаңылыктар

Улуу Британия Кыргызстан менен кызматташтыкты күчөтөт

Улуу Британия Кыргызстан менен кызматташтыкты күчөтөт

Кыргызстан менен Британиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда 2026-жылга чейин кызматташтык тууралуу жол картасына кол коюлду. Бул тууралуу 22-апрелде эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Дэвид Кэмерондун Бишкектеги жолугушуусу учурунда айтылды. Брифингде Жээнбек Кулубаев экономикалык алакага көнул бурулганын жана кесиптешине Кыргызстанга инвестиция салууну сунуштаганын белгиледи. Кэмерон болсо Кыргызстандын “өнөктөштөрдү тандоо укугу болушу керек” деген пикирин билдирди.

Ал эми, Британиянын башкы дипломаты президент Жапаров менен жолугушуусунда үч багыт боюнча сөз болгонун айтты.

Биринчи багыт – дүйнөлүк тартип. Ар бир өлкөнүн эгемендиги жана аймактык бүтүндүгү Бириккен Улуттар Уюмунун жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун принциптерине ылайык корголушу керек. Бул багытта коррупцияга каршы күрөш, коопсуздук жаатындагы кызматташтык талкууланды.

Экинчи багыт – Соода жана инвестиция. Британия чөлкөмдө энергетикалык натыйжалуу экономиканы калыптандыруу үчүн инвестиция жана технология жагынан жардам берет. Сапардын алкагында чакан жана орто ишканалар үчүн инвестициялык фонд түзүлмөкчү. Мындан сырткары, жеке инвестициялар боюнча Кыргызстан менен кызматташтык уланып жатат. Бишкектеги стадионду курууга британиялык ишканалар катышууда.

Үчүнчү багыт – билим берүү тармагы жана сезондук миграция. Британия “Chevening” программасынын алкагында Борбор Азия үчүн каржылоосун эки эсе көбөйтүп жатат. Аялдардын жана кыздардын билим алуусуна да өзүнчө көңүл бурулат. О.э 2023-жылы Британиядагы мезгилдик жумуштарга Кыргызстандан 10 миң адам иштеп келди. Мындан тышкары Кыргызстан соодада артыкчылык бериле турган өлкөлөрдүн тизмесине кошулду.

Эске салсак, былтыр 28-29-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган делегация Лондонго барып Дэвид Кэмерон, британ парламентинин депутаттары жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолуккан. Жолугушууда бир катар келишимдерге, анын ичинде Британиянын соода министри Нусрат Гани менен Кыргыз-британ ишкерлер кеңешин түзүү боюнча келишимге кол коюлган. Мындан тышкары, Британиянын геологиялык коомчулугу менен меморандумга кол коюлган. Бул документ минералдык кен байлыктардын картасын түзүү үчүн техникалык жардам көрсөтүүгө жана инвесторлорду керектүү маалыматтар менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет. О.э Лондондун лорд-мэри Майкл Майнелли менен Англиянын мыйзамдарын же укук системасын Кыргызстанга алып келүү жөнүндө макулдашылган.

Жогорудан маалым болгондой, Британия бүгүнкү эл аралык абал туруксуздукка карай бет алган чакта аймакта, анын ичинде Кыргызстанда таасирин кеңейтүүгө аракет кылмакчы. Анын башталышы катары өлкөнүн башкы дипломаты Дэвид Кэмерондун Борбор Азия жана Монголияга жасаган расмий сапарын атасак болот. Мындан тышкары, Британиянын өлкөдөгү кадрлары көбөйүп жатканы, алардын айрымдары президенттик шайлоого катышып, парламентте мандат алып жатканы жашыруун эмес.

Экономикалык жактан да Кыргызстан менен Улуу Британиянын кызматташтыгы күчөп жатканын байкоого болот. Маселен, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү 70 млн доллардын тегерегине жетип, былтыркыдан 4 эсе өскөн. Жогорудагы келишимдердин артынан бул көлөм дагы эселеп өсүшү күтүлөт. Айрыкча, Британия Кыргызстандагы кайра калыбына келүүчү энергия иштеп чыгууда зарыл болгон минералдык ресурстарга кызыгат. Муну менен катар эмгек мигранттарын тартуу менен экономикалык таасирин арттырууга аракет кылууда.

                Сакофий жактан Британия кызыкчылыгы үчүн “Би-Би-Си” медиасы жана бир катар долбоорлор иштеп келет. Маселен, англис тилин үйрөтүү жолдорун жана англис билим берүү системасын өлкөгө алып келүү багытында үлкөн иштер жасалууда. Анын ичинде студенттерди окутуу, тажрыйба алмашуу шылтоолору менен өз кадрларын даярдоо максаттары бар. Азырынча өлкөдө Британия таасири алсыз болгону менен экономикалык жактан кирип келүү жана таасирин кеңейтүү аракети күч. Айрыкча, билим берүү тармагына жардам берүү аркылуу өзүнүн сакафий таасирин кеңейтүүдө. Бул сакофат өз кезегинде Британия кызыкчылыгындагы долбоорлордун ишке ашуусунда колдоочуларды, мыйзам чыгаруучуларды көбөйтөт.

Буга кошумча, ушул жылы Британ өкмөтү Борбор Азия өлкөлөрү менен С5+1 форматындагы саммитти өткөрүүнү пландап жатат. Белгилүү болгондой, акыркы учурда С5+1 форматындагы саммиттердин саны арбып барууда. Алардын алгачкысы АКШ менен Борбор Азия ортосунда 2015-жылы түзүлгөн. Бул долбоорлор аркылуу Америка аймакты Орусия таасиринен узакташтырып, Кытайга каршы турууга аракет кылат. А бирок, Американын аймактагы мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондуктан, С5+1 форматында Индия жана Япония саммиттери да уюштурулууда. Белгилүү болгондой, АКШ Япония менен Индияны Кытайдын таасирине каршы майнаптуу колдонуп келет. Башкача айтканда, Япония менен Индиянын С5+1 саммиттери алардын экономикалык кызыкчылыктарына кызмат кылса да, жалпысынан Американын аймактагы Кытайга каршы саясатына шайкеш алып барылат.

Борбор Азиянын Кытай менен өсүп бараткан алакасы Батышты да тынчсыздантып жатканы талашсыз. Ошондуктан, аймак Кытайдын таасирине толук өтүп кетпеши үчүн Батыш мамлекеттери өз алдынча “Германия+Борбор Азия”, “Италия+Борбор Азия” саммиттерин жүзөгө ашырууда. Эми алардын артынан Улуу Британия менен Франция да аймактагы өлкөлөр менен саммиттерди уюштурууну пландап жатат.

Мындан белгилүү болгондой, капитализм менен өкүмдарлык кылган дүйнө империалисттери кайсыл аймакта боштук болсо, ошол жерге тамак издеген иттердей жетип келүүдө. Учурда мындай боштук Борбор Азияда күзөтүлүп жатышы жана бул аймактын стратегиялык маанилүүлүгү империалисттердин аймакта таасирин кеңейтүүсүнө түрткү берип жатат. Демек, Украина кризисинин артынан таасир талашуу аймагы Борбор Азияга көчүп жатканы жашыруун эмес.

Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстан бийлиги тышкы саясатта ийкемдүү саясат алып барып жаткандыктан, негизги багыт Кытай менен Орусияга каратылса да, Батыш өлкөлөрү, анын ичинде Британия менен кызматташтыкты күчөтүүгө каршы эмес. Муну жогорудагы келишимдер, соода алакалардын күчөтүлүшү күбөлөп турат. Демек, биз мусулмандар пайдага негизделген, зулумдук үстүнө курулган капиталисттик системадан баш тартып, өз Исламыбызга жүздөнгөнгө чейин колонизаторлордун биздин үстүбүздөгү өкүмзордугу улана бермекчи. Бул колонизаторлор ондогон жылдан бери аймакта кандуу колдорун матырып, өздөрүн бизге дос катары көрсөтүп келишет. Алардын кылмыштуу аракеттери болсо Афганистанда, Иракта, Сирияда ашкере болгон. Учурда кандуу кылмыштары Газада уланууда. Андыктан, бул колонизаторлор эч качан биз мусулмандарга жакшылык каалабайт. Аларды биздин жер астындагы жана үстүндөгү байлыктарыбыз гана кызыктырат. Аллах Тааланын ушул сөзү алардын ниетин ачык ырастап турат:

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ لاَ تَتَّخِذُواْ الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاء مِن دُونِ الْمُؤْمِنِينَ

“Эй момундар, момундарды коюп каапырларды дос тутпагыла!”. (Ниса: 144).

Андыктан, биз мусулмандар Ислам жана мусулмандар душмандардан эч бир жардам күтүшүбүз дурус эмес. Анткени, алардын жардамдары ойрон кылуу, кыргындар менен коштолушу анык. Мындай зулумдуктан кутулуу үчүн Борбор Азияны эле эмес, бүткүл дүйнөдөгү мусулмандарды коргой турган Халифалык мамлекетин тикелөө зарыл. Мына ушул жолдо аракет кылышыбыз шарт!

Мумтаз Маверанахрий

turkistonkg

Recent Posts

Халифалык биз үчүн жападан жалгыз башкаруу системасы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Халифалык биз үчүн жападан жалгыз башкаруу системасы Урматтуу бир…

11 hours ago

Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда!

Басма сөз баянаты Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда! Кыргыз бийлиги сентябрь аында…

3 days ago

КЫЗЫЛ-ОМПОЛ КЕНИ ИШКЕ БЕРИЛДИ

Кызыл-Омпол кени ишке берилди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү…

4 days ago

Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу

Бисмиллааахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу Урматтуу…

4 days ago

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ!

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ! Ушул күндөрдө АКШнын Нью-Йорк…

4 days ago

Өкмөт жолдон эки жолу салык алууну көздөп жатат

Өкмөт жолдон эки жолу салык алууну көздөп жатат Министрлер кабинети Кыргызстанга ташылып келген күйүүчү-майлоочу майдын…

5 days ago