Басма сөз баянаты

Исламий өлкөлөрдүн армиялары өкүмдарларды кулатып, рошид Халифалыкты тикелеши жана Газага нусрат-жардам берүү үчүн аракетке келиши зарыл

Басма сөз баянаты

Исламий өлкөлөрдүн армиялары өкүмдарларды кулатып, рошид Халифалыкты тикелеши жана Газага нусрат-жардам берүү үчүн аракетке келиши зарыл

Мусулман өлкөлөрүнүн армияларынын вазыйпасы – Газага нусрат берүү үчүн козголуу жана бул максатты көздөгөн Ислам Умматынын тарабында туруу. Хабибибиз ﷺ айтат:

«الْمُسْلِمُونَ كَرَجُلٍ وَاحِدٍ إِنْ اشْتَكَى عَيْنُهُ اشْتَكَى كُلُّهُ وَإِنْ اشْتَكَى رَأْسُهُ اشْتَكَى كُلُّهُ»

«Мусулмандар бир киши сыяктуу. Эгер кишинин көзү ооруса, баардык (жайы) ооруйт. Башы ооруса да, баардык (жайы) ооруйт». (Муслим риваяты).

Түпкүлүгүндө, мусулмандар туш келген кыйынчылыктарга карабастан, Газа калкына нусрат-жардам берүү үчүн болгон аракетин кылышты. Маселен, яхудий вужуду менен кызматташкан компанияларды бойкот кылышты, муну менен бул компаниялар миллиарддаган доллар зыян көрүштү… Мусулмандар арасында жумушсуздук кеңири жайылганына карабастан, бул сыяктуу компанияларда жакшы маянада иштеп жаткандар жумушунан кетишти… О.э. алар электрондук маалымат каражаттарына киргизилген чектөөлөр карабастан Газадагы мусулмандардын азап-кыйынчылыктары туурасында адамдарды кабардар кылуу үчүн тыным билбей аракет кылышты… Мусулмандар жакырчылыктан кыйналып жатышканына карабастан, Газадагы боордошторуна жардам берүү үчүн мүмкүнчүлүгү жеткенче аракет кылып, чоң каражат чогултушту… О.э. алар өз өкүмдарларына каршы демонстрацияларды өткөрүшүп, алардын тогуттарына, коркутууларына, зомбулуктарына жана көздөн жаш агызган газ колдонуусуна, баарына каршы биригишти… Ко-ош, мусулмандар ушундай кылып жатышат, ал эми исламий өлкөлөрдөгү армиялардын вазыйпасы Газага нусрат берүүдө алардын тарабында туруу эмеспи?!

Мусулмандардын армиялары кылмышкер өкүмдарларды кулатуусу шарт. Анткени бул өкүмдарлар яхудий вужуду тарабына өтүшүп, Газаны колдоп-кубаттоодогу өз вазыйпаларынан баш тартуу кылмышына барышты. Негизи, алар бүгүн отуз миллиондон ашуун мусулман аскерге жетекчилик кылып жатышат. Эң жаманы, Газага жакын болгону да, алыстагысы да, яхудий вужудун сактап калуу үчүн аракет кылууда… Араб өкүмдарлары яхудийлердин танк жана учактарын күйүүчү май менен камсыздап, алардын бул кыянаттарына нааразылык билдирген мусулмандарга көздөн жаш агызган газ колдонушууда. Түрк өкүмдары болсо, сионист душман менен соода сатыкты улантууда, аларга зарыл болгон товарлар жүктөлгөн кемелерди жиберүүдө… Пакистан өкүмдарларына келсек, алар дүйнөдө эң кубаттуу исламий армиянын күчтөрү яхудий вужудун жок кылуусуна тоскоолдук кылышууда… Ошону менен бирге, Америка алга сүрүп жаткан жана баскынчы яхудийлерге Фалестиндин чоң бөлүгүн берүүнү камтыган “эки мамлекет” чечимине чакырышууда… Башкы штаб жетекчиси өз билдирүүсүндө: «Пакистан аскерий командачылыгы өз өкмөтүнүн “эки мамлекет” чечимин колдогон позициясын алкыштайт», – деди… Мусулман өлкөлөрүндөгү армиялардын вазыйпасы кылмыш жана кыянатта эң бийик чокусуна жеткен мындай өкүмдарларды тамыры менен кулатуу эмеспи?!

Исламий өлкөлөрдүн армиялары Халифалыкты тикелеши керек. Себеби, ал Газадагы мусулмандардын да, анын тышкарысындагы мусулмандардын да калканы. Расулуллах ﷺ мындай деген:

«إِنَّـمَا الْإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»

«Имам-халифа – калкан, анын артында туруп согуш кылынат жана аны менен корголот». (Бухарий риваяты).

Ооба, мубарек Фалестин жерин саййидибиз Умар Фарук розиаллаху анхунун халифалыгы фатх кылган. Фалестинди кресттүү баскынчылардан азат кылуу үчүн Салахиддин Айюбийди жиберген да Халифалык болгон… Ушул Халифалыкта Абдулхамид II 1901-жылы 18-майда Фалестин жерин сатып алмакчы болгон сиониисттердин аракеттерин кескин четке какты. Султан Абдулхамид рохимахуллох яхудийлерге: «Фалестиндин бир сөөм жеринен да баш тарта албаймын, анткени ал менин мүлкүм эмес, Ислам Умматынын мүлкү», – деп жооп берген… Бүгүнкү күндө Умматтын ушул калканы жок. Тескерисинче, Уммат өкүмдарлары Умматтын душмандарына калкан болушууда… Андыктан, мусулман өлкөлөрүндөгү армиялардын вазыйпасы рошид Халифалыкты тикелөө үчүн нусрат берүү эмеспи?!

Эй, Пакистан мусулмандары!

Бул жылдагы Рамазанда армияларыбыздан Халифалыкты тикелөөнү жана Газаны азат кылууга сапарбарлык жарыя кылууну талап кылышыбыз шарт. О.э. ар бир аскерий офицерлерге кайра Ислам менен өкүм жүргүзүү үчүн нусрат берген аскерийди кандай сыйлык күтүп жатканын эске салуу, Мадинаи Мунавварада Ислам менен өкүм жүргүзүшү үчүн Расулуллах ﷺга нусрат берген Саъд ибн Муаз розиаллоху анхуну да эске салуу биздин вазыйпабыз. Биз аскерий офицерлерге Саъддын жаназасын да эске салуубуз зарыл… Сахабалар Саъддын табытын көтөрүшкөндө абдан жеңил болгон, ошондо Набий ﷺ аларга мындай деп түшүндүргөн:

«مَا يَمْنَعُهُ أَنْ يَخِفَّ وَقَدْ هَبَطَ مِنَ الْمَلَائِكَةِ كَذَا وَكَذَا لَمْ يَهْبِطُوا قَطُّ قَبْلَ يَوْمِهِمْ، قَدْ حَمَلُوهُ مَعَكُمْ»

«Эмнеге жеңил болбосун, акыры, мурун эч канчан түшпөгөн тигиндей-мындай периштелер түшүштү жана Саъдды силер менен биргеликте көтөрүштү».

Биз аскерий офицерлерге Набий ﷺ Саъддын алсыз энесине айткан башаратын да эске салалы, ага:

«لِيَرْقَأْ دَمْعُكِ، وَيَذْهَبْ حُزْنُكِ، فَإِنَّ ابْنَكِ أَوَّلُ مَنْ ضَحِكَ اللهُ لَهُ، وَاهْتَزَّ لَهُ الْعَرْشُ»

«Көз жашыңыз токтосун, капалыгыңыз кетсин, анткени уулуңуз Аллах биринчи жолу күлгөн киши, ал себептүү Арш силкинди», деп кушкабар берди. (Табароний риваяты).

Эй, Куралдуу күчтөрдөгү мусулмандар!

Саъд ибн Муаз кылган иштен улуу иш барбы, ал Аллах түшүргөн өкүмдөр менен өкүм жүргүзүү жана душмандарды жеңүү үчүн нусрат берди?! Ошондуктан жаназасына периштелер түштү, анын рухун күтүп алуу үчүн сүйүнгөнүнөн Рахмандын Арши силкинди. Бадр күнү Расулуллах ﷺга кескин сөздөрдү айткан да Саъд эле: «Сизди хак менен жиберген Затка ант болсун, эгер бизди ушул деңизди бет маңдай кылып, ага шуңгусаңыз шексиз сиз менен шуңгуйбуз, бизден эч бир киши шуңгубай калбайт. Бизди эртең душманга бет маңдай кылышыңызды таптакыр жаман көрбөйбүз, анткени биз согушта сабырдуубуз, душманга бет маңдай келгенде садыкпыз, мүмкүн, Аллах сизге бизден көзүңүз кубана турган иштержи көрсөтөр. Ошондуктан бизди жетектеңиз, Аллах берекесин берсин». Андыктан, өзүңөрдө Бадр рухун кайра жанданткыла жана жихадка сапарбар болгула!

 

Хизб ут-Тахрирдин Пакистандагы маалымат бөлүмү

 

turkistonkg

View Comments

Recent Posts

Үммөт менен акимдердин ортосундагы талаш-тартыш

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Үммөт менен акимдердин ортосундагы талаш-тартыш Урматтуу бир туугандар “Асыл…

42 mins ago

Халифалык биз үчүн жападан жалгыз башкаруу системасы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Халифалык биз үчүн жападан жалгыз башкаруу системасы Урматтуу бир…

15 hours ago

Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда!

Басма сөз баянаты Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда! Кыргыз бийлиги сентябрь аында…

3 days ago

КЫЗЫЛ-ОМПОЛ КЕНИ ИШКЕ БЕРИЛДИ

Кызыл-Омпол кени ишке берилди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү…

4 days ago

Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу

Бисмиллааахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу Урматтуу…

4 days ago

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ!

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ! Ушул күндөрдө АКШнын Нью-Йорк…

4 days ago