Жаңылыктар

Эй, Хусийлер! Коопсуздук жаатындагы ийгиликтериңер менен кантип мактанып жатасыңар? Силер Радаа шаарында адамдарды өлтүрбөдүңөрбү?!

Басма сөз баянаты

Эй, Хусийлер! Коопсуздук жаатындагы ийгиликтериңер менен кантип мактанып жатасыңар? Силер Радаа шаарында адамдарды өлтүрбөдүңөрбү?!

Борбор Санъадагы ички иштер министрлигинин өкүлү Абдулхалик Ажрий 1445-жылы рамазан айында жарыялаган билдирүүдө согуштун тогузунчу жылында коопсуздук жаатында жетишкен ийгиликтери жөнүндө сүйлөдү.

Бирок ички иштер министрлиги камакка алынгандардын жеке буюмдарын коопсуздук кызматкерлери алып коюшканы жөнүндө эч кандай маалымат бербеди. Камакка алынгандар эркиндикке чыгышкандан кийин өз нерселерин алуу үчүн бир нече жолу коопсуздук участкаларына барышкан болсо да, нерселерин кайтарып ала алышпаган.

Ички иштер министрлиги айтып жаткан акыркы тогуз жыл ичиндеги ийгиликтерге мыйзамсыз камакка алуулар, жада калса аялдарды да камакка алуу, адамдарды жашыруун жок кылуу, сотсуз узак убакыт камакта кармоо, шаръий казылыксыз өлтүрүү… жана башкалар да киреби?!

Хусийлердин акыркы кылмыштарынын бири рамазан айында Байза вилаятындагы Радаа шаарындагы үйлөргө уюштурган аба чабуулдары болду. Эч кандай шаръий негизсиз, ар кандай шылтоолор менен уюштурулган бул чабуулда 12 киши, аялдар жана карыялар набыт болушту. Вилаяттагы коопсуздук расмийлерин иштен алуу бул кылмыштын жоопкерчилигин актай албайт. Тескерисинче, жасаган кылмышы үчүн аларга Ислам шариятында баян кылынган өкүмдөр колдонулуусу зарыл. Бул кылмыш алардын кылмыш жана душмандыгы кандай даражага жеткенин көрсөтөт. Мындай адамдар бийликте олтурууга татыктуубу?

Ички иштер министрлиги өз билдирүүсүндө рамазан айы туурасында сүйлөдү. Рамазан – бүткүл тарыхта мусулмандар нусратка жеткен ай… Маселен, бул нусраттар хижраттын 2-жылында улуу Бадр казатында, 8-жылы Макка фатхында, 92-жылы Андалус фатхында болду… О.э. бул фатхтардын дагы бири – бул хижраттын 583-жылында Айн-Жалут кармашында мусулмандар Кутз командачылыгы астында монголдорду жеңишти… Андыктан, рамазан мусулмандарга душмандык кылуу, үй-жайлары менен кошо жок кылуу, ондогон адамдардын канын төгүү айы эмес!

Силер – Хусийлер 2014-жылы экономикалык бакубатчылыкка жетүүнү ураан кылып көтөрүп чыктыңар. Бирок ыңкылабыңар муну ишке ашыра албады. Негизи, силер Бансиндва өкмөтүн кулатып, бүгүнкү күнгө чейин Дүйнөлүк банк менен алака орнотуп келе жатасыңар!

«Куръан жүрүшү» ураанын көтөрүп чыгып, Ислам менен өкүм жүргүзөбүз деген силерден – Хусийлерден Яман калкы чоң ийгилик күтпөйт. Силер Али ибн Абу Талиб розиаллоху анхуга берилгендигиңерди тынбай айтасыңар, бирок эмнеге аны ээрчибейсиңер?! Деги, белгилүү “калкан” икаясында азирети Али менен яхудий казы Шурайхтын алдында олтурбаган беле?! Силердин адилетиңер Алинин адилетине бир аз болсо да жакындашпайт. Кылган ишиңер менен ага берилгендикти көмүп салдыңар. Силер жүрөгү Хусайн ибн Али розиаллоху анху менен болгон, бирок кылычтары ага каршы болгон кимселерге окшойсуңар!

Хусийлер өз көзөмөлү астындагы аймактарда жасаган кылмыштар Алимий кеңешинин өз көзөмөлү астындагы аймактарда жасаган кылмыштар менен жарышууда. Хусийлер да, Алимий да Яман калкын кыргын, жакырчылык жана жаман башкаруу менен эзүүдө… Бул кылмыштары кандай гана жаман!

Исламга даъват кылып жаткан жана Исламды колдонууга аракет кылып жаткандар өздөрүнө да, башкаларга да бирдей мамиле кылышса, мына ошондо гана Исламдын кандай гана жетик, кандай гана улуу экени билинет. Шек-күмөнсүз, бул Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетинен башка мамлекетте таптакыр ишке ашпайт… Ошондуктан биз Яман калкы жана бардык мусулмандарга Ислам башкаруусун тикелөө, бүткүл жер жүзүндө адилеттик орнотуу, мазлумдарга колдоо көрсөтүп, басмырлагандарды тыюу, инсандардын азабына чекит коюу жана аларга бакыт тартуу кылуу үчүн Халифалык мамлекетин тикелөө зарылдыгын түшүндүрүп, бул жолдо Хизб ут-Тахрир менен бирге аракет кылууга чакырып келе жатабыз.

﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱسۡتَجِيبُواْ لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمۡ لِمَا يُحۡيِيكُمۡ﴾

«Эй момундар, Аллах жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (т.а. динге) даъват кылганда, аны кабыл алгыла»                                                                      [8:24]

Хизб ут-Тахрирдин Яман

вилаятындагы маалымат бөлүмү

turkistonkg

Recent Posts

Халифалык биз үчүн жападан жалгыз башкаруу системасы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Халифалык биз үчүн жападан жалгыз башкаруу системасы Урматтуу бир…

13 hours ago

Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда!

Басма сөз баянаты Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда! Кыргыз бийлиги сентябрь аында…

3 days ago

КЫЗЫЛ-ОМПОЛ КЕНИ ИШКЕ БЕРИЛДИ

Кызыл-Омпол кени ишке берилди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү…

4 days ago

Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу

Бисмиллааахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу Урматтуу…

4 days ago

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ!

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ! Ушул күндөрдө АКШнын Нью-Йорк…

4 days ago

Өкмөт жолдон эки жолу салык алууну көздөп жатат

Өкмөт жолдон эки жолу салык алууну көздөп жатат Министрлер кабинети Кыргызстанга ташылып келген күйүүчү-майлоочу майдын…

5 days ago