Макала

Адамды ойготуу үчүн аны кантип өзгөртөбүз

بسم الله الرحمن الرحيم

ЖОЛ

4-бөлүм

Адамды ойготуу үчүн аны кантип өзгөртөбүз

Ойгонуудан көздөлгөн максат Үммөттү түшүп калган төмөндүгүнөн бийиктикке алып чыгуу. Үммөт адамдардан жана аларды бир-бирине байлап турган мамилелерден тургандыктан, адамдын вакиъси, анын мамилелери жана булардын бардыгына таасирин тийгизүүчү аамилдерди билүү зарыл. Буларды адам жана анын мамиле-алакаларын бийиктикке көтөрүү үчүн билишибиз керек. Себеби, адам жана анын мамилелери бийиктеши бүгүн Үммөттүн бутка турушуна, тикеленишине, өнүгүүсүнө алып барат.

Адамдын вакиъсин бийиктиги же төмөндүгү жагынан жакшылап текшерип көрсөк, бул нерсени анын тышкы көрүнүшүнө, улутуна, расасына же дене түзүлүшүнө эмес, тескерисинче анын жашоо таризине, иш аракеттерине карай баалайбыз. Мисалы, баланча ажайып, жакшы адам деп айтып жатканыбызда анын жашоо таризи чырайлуу жашоо таризи экендигин назарда тутабыз. Мейли, биз чырайлуу жашоо таризи көрүнүштөрүн жана коидаларын белгилөөдө түрдүү пикирде болсок да, дал ушул жашоо таризи адамдын бийик же төмөндүгүн белгилеп бериши жаатында пикирибиз бирдей.

Эгер адамдын жашоо таризин өзгөртүүнү кааласак, алгач анын түшүнүктөрүн өзгөртүшүбүз керек. Себеби, адамдын түшүнүктөрү башка адамдарга жана нерселерге кандай мамиледе болууну белгилеп берет. Түшүнүктөр дегени – бул адамдагы вакиъге капталуучу пикирлер. Буга төмөнкүдөй түшүндүрмө беребиз: Жашоо таризи – бул узвий муктаждыктар жана гаризалардан турган турмуштук талаптарды кандыруу үчүн аткара турган иштер. (Бул тууралуу кийин кеңири сөз кылабыз). Бул маселеде адам менен айбандын ортосунда айырма жок, экөө тең өзүнүн турмуштук талаптарын кандыруу үчүн аракет кылат. Бирок, адамдын узвий муктаждыктарын жана гаризаларын кандыруусу айбандыкынан айырмаланат. Мисалы, айбан тамак сыяктуу дене мүчөсүнүн муктаждыгын кандырууну кааласа, кандай абалда болсо да бул муктаждыкты кандырууга киришет, себеби айбанды кандыруу гана кызыктырат. Мисалы: эшек “жемге болгон муктаждыгын” кандыруу үчүн курсакты тойгуза турган, жегенге жарактуу болгон туш келген нерсени экиленбестен жей берет т.а. кургаган жалбырактарбы, чирип бара жаткан чөптөрбү, ачыган жугундуларбы, эч нерсеге карабастан жей берет. Жыныстык каалоосу козголуп калса, эч нерсеге карабастан туш келген жыныска секирет. Ага маанилүүсү каалоосун кандыруу, кандай кандырууга, натыйжасына көңүл бурбайт. Мунун тескерисинче, акылдуу адам узвий муктаждыктарын же гаризаларын белгилүү бир тартипте, белгилүү бир көрүнүштө кандырат. Ач калса алдынан чыккан бардык нерсени жей бербейт. Тескерисинче өзү жактырган тамакты издейт, аны бардыгына белгилүү болгон жол менен табууга аракет кылат. Бул муктаждыкты кандырууга ылайыктуу шартты түзүүгө аракет кылат. О.э. жыныстык каалоосу козголсо бул муктаждыгын да үйлөнбөгөн болсо, үйлөнүү аркылуу, үй-бүлөлүү болсо жубайы менен кандырат. Эгерде башка аял менен кандырса, бул ишти белгилүү бир шарттарда кылат. Адам бийиктеген сайын узвий муктаждыктарын жана гаризаларын кандыруу көрүнүштөрү да бийиктейт. Төмөндөгөн сайын муктаждыктарын кандыруу көрүнүшү айбандыкына жакындап, адамдыкка караганда айбандыкка жакын болуп калат.

Муктаждыкты кандырууда адамдын айбандан айырмаланышына себеп, адамда байланыштырууга, пикирлөөгө, нерселерге өкүм чыгарууга кудуреттүү мээ бар. Айбандын мээси байланыштырууга кудуреттүү болбогондуктан ал пикирлей албайт.

Демек, адамдын турмуштук күчтөрүн кандырууга аракет кылуу учурундагы жашоо таризи кандай болушун пикир белгилеп берет. Ушундан келип чыгып, “адам ката жашап жаткан болсо, анын мээсинде ушундай ката жашоого үндөп жаткан пикир бар” деп айта алабыз. Муну дагы да түшүнүктүү кылуу үчүн адамды автомобилге окшотсок болот. Автомобиль жүрүшү үчүн мотор, мотор аракеттениши үчүн күйүүчү май керек. Ушул сыяктуу эле, акыл адамга кандай жашоону т.а. муктаждыктарды кандай кандырууну белгилеп берет. Ишке киришүүсү үчүн моторго күйүүчү май керек болгону сыяктуу эле акылга да пикир зарыл. Ушуга ылайык бирер адамдын төмөн жашоо таризин бийик жашоо таризине өзгөртмөкчү болсок, бул жашоо таризи артында жашырынган пикирди билишибиз керек. Мисалы, бирер адамдын арак ичпей калышын кааласак, бул жаман кылыкка үндөп жаткан пикир эмне экендигин билишибиз керек. Балким бул пикир “арак ичүү — эркектиктин белгиси же заманбаптык белгиси” деген күмөндүр. Андай абалда аны мындай пикирдин каталыгына ишендиришибиз керек. Эгер ишендире алсак, жашоосунун бир бөлүгүн өзгөрткөн болобуз. Бирок буга окшогон өзгөртүүлөр ойгонуу үчүн кылына турган өзгөртүү эмес. Талап кылынып жаткан өзгөртүү бекем жана туруктуу өзгөртүү. Себеби мурда айтып өткөнүбүздөй, ойгонуу үчүн кылына турган өзгөртүү кыйын, машакаттуу, кооп-коркунучка толгон иш болуп эсептелет.

Демек, биз максат кылган өзгөртүү күчтүү о.э. көздөлгөн максат деңгээлинде болушу керек.

Ал эми өзгөртүү – жогорудагы мисал сыяктуу – алсыз же убактылуу болсо, ал тез арада аягына чыгат же иштер тескери болуп кетет. Себеби, жогоруда айтылган аракечти башка бир адам биздин пикирибизден күчтүүрөөк пикир менен арак ичүү биз айткандай жаман иш эместигине ишендирип коюшу мүмкүн. Мында аракеч өзүнүн жаман кылыгына – арак ичүүгө – тез эле кайтат. Кээде мурункусунан да көбүрөөк иче баштайт ж.б.у.с… Ошондуктан, пикирий бороондор жана материалдык кыйынчылыктар козгой албай турган, күчтүү, бекем өзгөртүүнү ишке ашыра турган жолду издешибиз зарыл. Ушундай өзгөртүү аркылуу өзгөргөн адам жакшы тарапка өзгөрүүнү улантат.

Жогорудагы сөздөрдөн бир акыйкатты билип алдык т.а. адамдын вакиъсин төмөн абалдан бийик абалга өзгөртүү илим-билим, өнөржай же ахлак аркылуу эмес, пикир жардамында ишке ашат. Мына ушундан ойгонуу – бул пикирий бийиктөө экендигин билип алдык.

Демек, Үммөттү ойготуу үчүн, анын дилине орношуп алган бузук вакиъни – өзүнө ээ болгон жана бүт дүйнөгө кожоюн боло турган, адамдары эркин, урматтуу, кайраттуу боло турган вакиъге – өзгөртүү үчүн кылына турган аракет, пикирий өзгөртүү, пикирди өзгөртүү негизинде болушу керек. Дагы көңүл бурушубуз керек болгон нерсе, албетте бул өзгөртүүнүн күчтүү, бекем, жемиштүү о.э. көздөлгөн гояга алып баруучу жолу, тарыйкаты да бар. Эми туура жолду баяндоонун алдында өзгөртүүнүн көптөгөн услубдары бар экендигин да айта кетишибиз керек. Бирок, бул услубдардын бардыгы ойгонууга алып баруучу өзгөртүү үчүн жарай бербейт. Себеби, алар убактылуу өзгөртүүгө алып барат. Ошондуктан, кыскача болсо да аларды жана бузук тараптарын баяндашыбыз керек, себеби бул услубдар айрым учурларда кээ бир адамдарды алдап коёт. Натыйжада, бул услубдар таптакыр туура болбосо да, айрым кишилер аларды бекем, туура жолдор деп ойлошот. Ушуну баяндаган соң негиз жана программа катары алуу үчүн өзгөртүүнүн туура жолун баяндайбыз.

turkistonkg

Recent Posts

Үммөт менен акимдердин ортосундагы талаш-тартыш

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Үммөт менен акимдердин ортосундагы талаш-тартыш Урматтуу бир туугандар “Асыл…

11 hours ago

Халифалык биз үчүн жападан жалгыз башкаруу системасы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Халифалык биз үчүн жападан жалгыз башкаруу системасы Урматтуу бир…

1 day ago

Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда!

Басма сөз баянаты Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда! Кыргыз бийлиги сентябрь аында…

3 days ago

КЫЗЫЛ-ОМПОЛ КЕНИ ИШКЕ БЕРИЛДИ

Кызыл-Омпол кени ишке берилди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү…

4 days ago

Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу

Бисмиллааахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу Урматтуу…

4 days ago

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ!

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ! Ушул күндөрдө АКШнын Нью-Йорк…

5 days ago