Суроо-Жооптор

Газадагы согуштан кийин Америка менен жөөт вужудунун пландары жана чечим

Суроо-жооп

Газадагы согуштан кийин Америка менен жөөт вужудунун пландары жана чечим

Суроо:

Кылмышкер Батыш жана Американын колдоосу менен яхудий вужудунун Газа калкына каршы кыргыны беш айдан бери уланып жатат. Курмандыктардын саны жүз миңден ашык шейит жана жарадарларга жетти. Имараттардын көбү талкаланды. Газа согушунан кийин маселени чечүү долбоорлору жана  Америка баштаган колонизатор мамлекеттердин пландары боюнча саясий талкуулар күчөдү. Бул пландардан жана чечимдерден эмне күтүлөт? Батыш жээктин ошол бойдон калышы жана Газанын аскерий басып алынуусу күтүлүп жатабы? Же Батыш жээк ушул абалда калып, Газа эл аралык жана араб башкаруусу алдына берилеби? Же Батыш жээги сыяктуу Газа да өзүн-өзү башкарып калабы? Туура чечим кандай болот?

Жооп:

Жогорудагы суроолорго жооп берүүдөн мурун, биз төмөнкүлөрдү карап чыгабыз:

Биринчиси: Мубарак Палестинага байланыштуу айрым маанилүү темаларга токтолобуз:

1-Белгилүү болгондой, Британия тышкы иштер министри Бельфурдун 1917-жылдын 2-ноябрында Лорд Ротшильдге жазган катындагы Бельфур декларациясында британ өкмөтү Палестинада жөөттөрдүн улуттук мекен түзүлүшүнө колдоо көрсөткөнү маалым. Бул убада айрым араб жана түрк жетекчилеринин кыянаты себептүү Биринчи дүйнөлүк согушта жеңилген Усманий Халифалыктын соңку күндөрү берилген. Мындан бир нече жыл мурун, Британия колдогон сионисттик журналдын өкүлү Герцл 1901-жылы 18-майда Усманий Халифага өтүнүч менен кайрылып, ошол кездеги мамлекет башынан өткөрүп жаткан финансылык кризисти өз кызыкчылыгына пайдаланууга аракет кылган. Тагыраагы, Халифалыктын тышкы карызын жабуу үчүн чоң суммадагы акча сунуштаган. Мунун каршылыгында Палестинадан жер берүүнү сураган… Бирок Халифа АбдулХамид Герцлге ачууланып, таасирдүү жана даанышмандык менен жооп кайтарган: “Мен Палестина жеринен бир карыш да сата албайм. Анткени ал менин укугумдагы мүлк эмес. Тескерисинче, Ислам үммөттүнүн мүлкү. Мусулмандар бул жерлерди каны менен алган. Еврейлер миллиондорун өздөрүнө сактасын. Эгер бир күнү Халифалык ыдыраса, ошондо Палестинаны бекер эле алышыңар мүмкүн. Бирок, мен тирүүмдө денебиздин майдаланышына жол бербейм…” Халифа кыраакы жана көрөгөч эле. Чындыгында анын көз карашы өз тастыгын тапты. Халифалык ыдыргандан кийин Палестина яхудийлерге бекер берилди!

Палестинанын басып алынышы ушундай башталды. Халифа АбдулХамиддин (Аллах аны ырайымына алсын) айткан сөзү ишке ашты. Арабдардан жана түрктөрдөн чыккан кыянатчылардын колу менен Англия башында турган Батыш тарабынан (хижрий – 1342, миладий – 1924-жылы) Халифалык кулатылды. Мамлекеттин кулашы артынан Палестинада мутант бир жөөт вужуду (барган сайын кеңейген) иш жүзүндө курула баштады.

2-Америка Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин иш жүзүндө эл аралык майданга чыкты.

1947-жылы ноябрда Палестинанын бөлүнүшү боюнча Коопсуздук Кеңешинде №181 резолюциянын чыгышына активдүү салым кошту. Америка яхудий сионизмин түптөөдө Британия жана Европа менен атаандаша баштады. Байден еврейлердин Ханукка майрамына байланыштуу Ак үйдө өткөн иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө мындай деди: “Сионист болуу үчүн жөөт болуу шарт эмес, мен да бир сионистмин” (Шарк аль-Авсат, 12.12.2023). “Аксо бороону” операциясынын артынан 2023-жылдын 18-октябрында Тель-Авивге барган Байден ал жердеги расмий өкүлдөр менен болгон жолугушууда мындай деди: “(Израиль) жөөттөр үчүн кайрадан коопсуз жер болушу керек. Эгерде (Израил) жок болсо, кайрадан аны орнотууга мажбур болмокпуз”. Ал АКШ Конгрессинен ушул аптада (Израилге) болуп көрбөгөндөй жардам пакетин сурай турганын айтып мындай деди: “Биз бүгүн да, эртең да, эч качан эч нерсе кылбай карап турбайбыз”… (Аль-Жазира 19.10.2023). Бул болсо согуш Американыкы экенин, яхудий вужуду тышкы колдоосуз, өзгөчө чектелбеген Американын колдоосусуз согушту уланта албашын ачык көрсөтүп турат. Анткени, яхудийлер табиятынан согушка өз алдынча туруштук бере албаган бир вужуд. Алар өзүнүн ийгиликсиздигин өз колу менен жасап жатат. Алар согуш калкы эмес. Күчтүү жана Кудуреттүү Алла айткандай, адамдардын жардамсыз согушууга кудурети жетпейт.

﴿ضُرِبَتْ عَلَيْهِمُ الذِّلَّةُ أَيْنَ مَا ثُقِفُوا إِلَّا بِحَبْلٍ مِنَ اللهِ وَحَبْلٍ مِنَ النَّاسِ

“Алланын арканынан жана адамдардын арканынан башканы карманган чакта, алар кайда барбасын кордук жазылды” (Аали Имран: 112).

Алар Аллахтын арканынан эбак эле үзүлүшкөн. Алар карманган Америка менен Европанын арканы менен  мусулман өлкөлөрүндөгү чыккынчы малай акимдердин арканы калды. Бул акимдер мусулмандарга карата болуп жаткан ырайымсыз баскынчылыкты шал абалда карап турушат. Алардын эң жакшысы шейиттерди жана жаракат алгандарды саноо менен убара! Байдендин сөздөрүнөн Америка жөөт вужудун өзүнүн негизги таянычы катары көрүп жатканын, ал аркылуу Ислам үммөтүнүн биримдигине жана Халифалыктын тикеленишине тоскоол болуу үчүн пайдаланып жатканын да билдирет.

3-Яхудий вужуду Газадан 2005-жылы 15-августта чыгып кеткенден бери бир нече ырайымсыз кол салууларды уюштурду.

2023-жылдын 7-октябрында душмандын мурдун сындырган “Аксо бороону” операциясында мужахиддер  алардын чептерине кирип барып, жүздөгөн жоокерлерин өлтүрүп, 1200гө жакынын туткунга алды. Натыйжада, душман Газага болуп көрбөгөндөй жапайы чабуулун улантты жана ал 5 айдан ашык убакыттан бери уланууда. Имараттарынын көпчүлүгүн талкалап, ооруканаларды бутага алды жана бейтаптарды өлтүрүүдө. Мусулмандарды тирүүлөй оор машиналар менен сүрдүрүп, Газа эли баш калкалаган мектептерди талкалады. Көпчүлүгү жаш балдардан жана аялдардан турган шейиттердин саны 31 миңден, жарадарлардын саны 70 миңден ашты. Душмандар муджахиддерге басым өткөрүү үчүн жардам, тамак-аш, суу жана негизги товарлардын калкка жетүүсүн токтотуп, алар камактагы туткундарды бошотушу үчүн ачка калтыруу саясатын жүргүздү. Бул согуш ачык эле кыргын салуучу согуш болду. Ал бул кылмыштарды кылууда Америка жана Европанын колдоосуна таянды. Батыш лидерлери жөөттөрдүн Газага каршы жүргүзүп жаткан кыргын салуу согушунда колдоосун көрсөтүү үчүн Тел-Авивге агылып келишти.

4-Араб жана Ислам өлкөлөрүндөгү режимдердин сүкүт сактоосу да аларды шыктандырды.

Айрымдары армияларды Газа калкын колдоо үчүн мобилизациялоонун ордуна, мужахиддердин чабуулун айыптап, эч нерсе болбогондой яхудий вужуду менен мамилелерин улантышты. Аны менен алакаларын мурда жана кийин нормалдаштыргандар келишим жана макулдашууларды жокко чыгарышкан да жок. Мисалы, Египет режими менен “Кэмп-Дэвид”, Иордания режими менен “Вади Араба” сыяктуу келишимдер жокко чыгарылган жок. А түгүл, минималдуу согуш абалын да жасашкан жок. Тескерисинче, Түркиянын транспорт министри Абдулкадир Оралоглу 2024-жылдын 11-январында мойнуна алгандай, жөөт вужуду менен болгон соода алакаларга жөөт вужудунун ырайымсыз кыргындары таасир эткен эмес. Анын айтымында, 2023-жылдын 7-октябрынан 31-декабрына чейин 701 кеме түрк портторунан (Израилге) жөнөтүлдү. Бул күнүнө орточо эсеп менен 8 кеме товар экспорт кылынганын билдирет” (Al Jazeera 11.01.20240. Бул өлкөлөрдүн кээ бирлери жөөт вужудунун Газага каршы агрессиясына жооп берүү бул жакта турсун, өз аскерлерине колдоо көрсөтүү үчүн яхудий вужудуна согуш жарыялоого да батына албады. Маселен, яхудий вужуду Сириядагы Иран базаларын бутага алып, көптөгөн аскерлерин өлтүрдү. Бирок, Иран ага согуш ача алган жок!

5-Америка жөөт вужудунун бардык баскынчы аракеттерин колдоп, коргоо менен бирге эки мамлекет чечимине көңүл бура баштады.

Бирок, Америка өзүнүн моралдык деңгээли бар сыяктуу аны жоготуп алуудан корккондой көрүнмөкчү болуп жатат! Байден: “6-октябрдагы окуяга кайра кайтуу мүмкүн эмес.  Бул “Хамас” (израилге) каршы чабуулду мындан ары кыла албашын камсыз кылууну билдирет. Ошондой эле, кризис аяктаганда, андан кийин эмне болушу керектиги тууралуу көз карашты билдирет. Биздин көз карашыбызда, эки мамлекет чечими ишке ашуусу керек жана бардык тараптар ушунун айланасында биригиши зарыл” (CNN American веб-сайты 25.10.2023). Ал 2023-жылдын 12-декабрындагы билдирүүсүндө: “Биз (Израилди) колдогонубуздан улам эл аралык майданда Американын моралдык көрсөткүчүн жоготуу коркунучу бар”, – деди (Al Jazeera 12.12.2023). Бирок ал Американын учурдагы саясатын баса белгилеп: “(израилди) эч качан таштабайбыз жана аны коргоо критикалык маанилүү”, – деди. Ошондой эле, кандай гана кырдаал болбосун (израилге) курал-жарак колдоосу улана турганын, темир купол коргоосуз калбай турганын кошумчалады. (MSNBC Channel American, 09.03.2024). Мына ушундайча, Нетаньяхунун Байдендин шайлоодогу атаандашы Трамп менен алакасы жакындыгына карабай, Америка жөөт вужудун колдоп-кубаттоодо.

6-Америка айрыкча, Саудиянын яхудий вужудун таанып, аны менен нормалдашуусун камсыздоо менен эки мамлекет чечимин кабыл алдырууга аракет кылууда.

Саудиянын тышкы иштер министри Файсал бин Фархан Аль Сауд Давосто өткөн конференцияда мындай деди: “Палестина кризиси чечилсе, Сауд Арабиясы (Израиль) менен тынчтык мамилелерин түзүшү мүмкүн…” (Independent, 20.01.2024). Буга чейин Сауд режиминин мураскор ханзаадасы Бин Салман 2023-жылдын 21-сентябрында американын “Fox News” телеканалына берген маегинде: “Биз күн сайын (Израиль) менен мамилени нормалдаштырууга жакындап баратабыз” – деген. 2023-жылдын 26-сентябрында Палестина автономиясынын президенти Махмуд Аббас Рамалладагы штаб-квартирасында жөөттөрдүн байкоочу пункту аркылуу Батыш Жээкке келген Сауд Арабиянын элчиси Наиф Аль-Судайрини Палестинадагы атайын ыйгарым укуктуу элчи жана Иерусалимдеги башкы консул деген шылтоо менен кабыл алды. Башкача айтканда, аны жөөт вужуду менен нормалдашуунун башталышы катары кабыл алды!

Экинчиси: Газа согушу аяктагандан кийин Американын жана яхудий вужудунун пландарынан күтүлө турган нерселерге келсек, мунун жообу төмөнкүдөй:

1-Эки мамлекет чечиминин алкагында Газа тилкесин Палестина башкаруусуна өткөрүп берүү.

Бул чечимди Америка иш жүзүндө эмес, сөз менен талап кылууда, башкача айтканда, сөз оюнун кылып жатат. Байден Палестинанын эгемендүү мамлекет болушун эмес, куралсызданышын каалап жатат. АКШнын президенти Жо Байден жума күнү (Израиль) премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен болгон телефон сүйлөшүүсүндө, эки мамлекет чечим маселесин талкуулаганын жана ал бул чечимге каршы эместигин билдирди. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: “Эки мамлекет чечиминин түрдүү модели бар. Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болуп, өз куралдуу күчтөрү жок болгон бир нече өлкө бар”, – деди (Al Jazeera 04.01.2024). Башкача айтканда, Байден куралдуу күчтөрү жок  бир катар өлкөлөр тууралуу айтты! Бирок, яхудий вужуду Американын бул планына да макул эмес. “Анадолу” агенттиги уюштурган пресс-конференцияда Нетаньяху, Тель-Авив “Бир тараптуу Палестина мамлекетинин курулушун кескин түрдө четке кагаарын” баса белгиледи… (Анадолу, 18.02.2024).

Кандай болгон күндө да Америка админстрациясы сунуш кылган эки мамлекет чечими Америкадан олуттуу буйрук болмоюнча ишке ашырылышы мүмкүн эмес. Байдендин админстрациясы Нетаньяхуга жана анын өкмөтүнө АКШда боло турган президенттик шайлоодон улам басым көрсөтө албай жатат. Анткени ал шайлоодо яхудийлердин добушуна жана шайлоо өнөктүгү үчүн яхудий лоббилеринин акчасына муктаж. Айрыкча анын атаандашы Трамп яхудий вужудунун күчтүү колдоочусу болгондуктан, буга батына албай жатат. Европа менен Британияга келсек, алар Американын артынан ээрчишти.

Мусулман өлкөлөрүндөгү акимдердин эки мамлекет чечимин талап кылышына келсек, алар күнкарама, аскерлеринен куру калган б.а. өзүн өзү башкарууга окшогон Америка чечимин колдогон чыккынчылар!

2-Яхудий вужудунун Газа тилкесин кайрадан басып алуусу.

Улуттук коопсуздук министри Бен Гвир менен экономика министри Смотрич бул планды өзгөчө колдогондордун арасында. Бул эки ашынган оңчул министрлер баскынчы аскерлер менен бирге жөөт жарандары да Газанын ичинде болушун жана муну аймакты көзөмөлгө алуунун бирден-бир жолу катары сыпатташууда. Нетаньяхунун оңчул коалициясындагы кичине бир улутчул партияны жетектеген Бен Гвир конференцияда сүйлөгөн сөзүндө ушундай деди: “Эгер кайрадан 7-октябрдагыдай окуя болушун каалабасаңар, анда аймакты көзөмөлгө алуу үчүн үйгө (Газага) кайтуу керек ( Reuters, 29.01.2024). Бирок Америка да, жөөт коомчулугу да бул пикирди колдобойт. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен шаршемби күнү жасаган билдирүүдө: “(Израил) азыр Хамаска каршы жүргүзүп жаткан согуш аяктагандан кийин Газа тилкесин кайрадан басып албашы керек”, – деди. Ал согуштун артынан кандайдыр бир өткөөл мезгилге муктаждык бар экенин кошумчалап, “Биз кайрадан басып алууну туура көрбөйбүз жана (Израил) лидерлеринен угушумча, алардын Газаны кайра басып алуу ниети жок”, – деди (Аль-Хура, 08. 11.2023). Себеби, Газанын аскерий жактан кайра басып алынышы яхудий вужудуна оор жоготууларды алып келет, аскердик жана экономикалык чыгымдарга туш болот.

3-Хамастын Газадагы көзөмөлүн улантуусу.

Америка, Европа жана жөөт вужуду Хамастын Газада бийликте калышын каалабайт. Анткени, Хамастын калышы 7-октябрдагы чабуулдардын кайталанышына алып келишин жакшы билишет. Блинкен бул тууралуу Токиодо журналисттер менен болгон маалымат жыйынында мындай деген: “Хамас Газаны башкарууну уланта албайт. Аанткени, бул 7-октябрдагы окуянын кайталанышына гана жол ачат (https://www.state.gov, 08.11.2023). Ал эми Галант, “Хамас согуштан кийин Газа тилкесин көзөмөлдөбөйт жана Тель-Авив аймакты эл аралык коалиция  аркылуу башкарууга даярданууда”, – деди (Анадолу, 18.12.2023).

4-Газа тилкесиндеги коопсуздукту яхудий вужудунун армиясынан эл аралык коалицияга өткөрүп берүү.

Медиадагы кабарлар, айрыкча кээ бир америкалык саясатчылар Газада араб жана башка өлкөлөрдөн түзүлгөн эл аралык коалиция иш алып барышын талкуулап жатат… “Wall Street Journal” гезитинин жазышынча, (израил) менен тынчтык же нормалдашуу келишимине кол койгон араб өлкөлөрү Газага коопсуздук күчтөрүн киргизүүсү үчүн дипломатиялык аракеттер жүрүп жатат. Бирок, бул айрым өлкөлөрдүн же уюмдардын административдик жоопкерчилик жана коопсуздукту көзөмөлдөөсүн талап кылат”. Газета айрым араб коңшу өлкөлөрдүн көз карандысыз Палестина мамлекетин курууда  узак мөөнөөттүү максатка зыян жеткиришинен корккондуктан, башкарууда рол аткаруу маселесинде ыргылжың болуп жатканын кошумчалады… (Аль-Хура, 11.03.20230. Андан кийин талкуу кайталанып, “Russia Today” бул теманы 2023-жылдын 4-декабрында кайрадан төмөнкүчө жарыялады: “Вашингтон Газа тилкесиндеги коопсуздукту (Израиль) армиясынан айрым араб өлкөлөрүнөн түзүлгөн эл аралык коалицияга өткөрүп берүүнү колдойт. Бирок, (Израил) Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуучу күчтөрүн согуш аймагына киргизүү сценарийине макул эмес. Анткени, бул уюмдун (Израилдин) кызыкчылыктарын коргоосуна ишенбейт”.

5-Газадагы жарандык башкарууну Батыш жээкке кошпостон, палестиналыктарга өткөрүп берүү. Бирок Батыш жээктегидей эле коопсуздуктан яхудий вужудунун жооптуу болуусу.

“Аль-Жазира” 2024-жылдын 27-февралында жарыялаган кабарына ылайык, 23-февралда жөөт вужудунун премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газа боюнча “Эртеңки күн” планын Коопсуздук жана саясий иштер боюнча министрлер кеңешине сунуштады. Нетаньяхунун өкмөт мүчөлөрүнө сунуштаган планында Газа тилкесинин келечегине байланыштуу көптөгөн деталдар камтылган. Ага ылайык, коопсуздук тармагында (израил) Газа тилкесинин бардык аймактарында чектөөсүз аскерий жана коопсуздук аракеттерин жасоого укуктуу болот. Газада 1948-жылы басып алынган аймак менен Палестина  чек арасын бойлой  коопсуздук тилкеси курулат. А түгүл, Газа куралсыздандырылып, коомдук коопсуздукту сактоо үчүн талап кылынгандан башка бардык аскердик мүмкүнчүлүктөр чектелет…”.

6-Жогоруда айтылып өтүлгөн Америка жана яхудийлердин пландары карап чыгылса, ишке ашырыла турган эң ыктымалдуу иш 5-пунктта айтылган нерсе экени көрүнөт.

Башкача айтканда, Газа Батыш жээк менен бириктирилбейт.  Болгону, коопсуздук жана аскерий чектөөлөрү окшош болот. Ал эми, “израил” болсо Газанын бардык аймактарында чектөөсүз аскерий жана коопсуздук аракеттерине ээ болот. Айрыкча, жөөттөр ушул эле планды Батыш Жээкте ишке ашырып келе жатат. Нетаньяхунун бул планды америкалык аткаминерлерге сунуштаганы жана аны алар жактырганы кабарланган.  “Нетаньяху даярдаган план Американын Жакынкы Чыгыштагы туруктуу  планына дал келгендиги маанилүү. План боюнча Вашингтон менен тыгыз байланышта болгон (израилдин) согуш кабинетинин мүчөсү, стратегиялык иштер министри Рон Дермер аркылуу Америка менен кеңешилген” (NTV, 31.01.2024). Башкача айтканда, Америка Нетаньяхунун планы менен алдын ала кабардар болгон.

Байдендин эки мамлекет чечими жөнүндөгү билдирүүлөрү да мындан көп айырмаланбайт. Байден журналисттерге берген билдирүүсүндө, 1-пунктта айтылгандай, Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болгон бир нече өлкөнүн өз куралдуу күчтөрү жок экенин, бул эки мамлекет чечимине өрнөк боло турган моделдердин бири экенин айткан (Al Jazeera. 04.01.2024). Башкача айтканда, Байден куралдуу күчтөрү жок  моделдеги мамлекетке ишара кылды! 2-пунктта айтылгандай, согуштун артынан кандайдыр бир өткөөл мезгилге муктаждык болушу мүмкүн”… (Аль-Хура, 08.11.2023). Башкача айтканда, эки мамлекет чечими алдында өткөөл мезгил болушуна Американын  эч кандай каршылыгы жок.

Үчүнчүсү: Ишке ашуусу керек болгон туура шарьий чечим:

1-Жогорудагылардан маалым болгондой, Америка менен яхудий вужудунун планы боюнча Батыш Жээк жана Газа аймагы куралсыздандырылып, ал жердеги коопсуздук көзөмөлү яхудийлерге таандык болушу керек.

Бул жерде Америка каалагандай баскычма-баскыч Батыш жээк менен Газаны бириктирген бир мамлекеттин аты менен болобу же яхудий вужуду каалагандай баштан аяк  Газа Батыш жээктен  ажыратылган абалда аскерий күчсүз калтыруу аркылуу болобу, айырмасыз, коопсуздукту экөөндө тең жөөт вужуду камсыз кылуусу керек. Башкача айтканда, Америка каалагандай өткөөл мезгилде Батыш Жээк Газадан бөлүнгөн абалда болуп, кийин Газа куралсыздандырылгандан кийин Батыш Жээкке аскерий күчсүз абалда кошулушунда же Газа өзүнчө абалда куралсыздандырылышында айырма жок. Мындан көрүнүп тургандай, Америка менен яхудийлердин  планы – бул уу жана Аллахка, Анын элчисине жана момундарга карата кыянаттык… Яхудий вужуду менен Американын муну пландап жатканы таң калычтуу эмес. Анткени алар Ислам жана мусулмандарга душман. Бирок, таң калычтуусу, мусулман өлкөлөрүндөгү жетекчилердин, өзгөчө Палестинага коңшу болгон мамлекеттердеги акимдердин эч кимисинин Газаны, анын калкын, Аксону жана анын айланасын коргоо үчүн аракет кылбашы. Алар яхудий вужудун түп тамырынан жок кылуу, андан соң Палестинаны толугу  менен азат кылуу үчүн армияларды аракетке келтире албады. Мусулман армиялары ыйык жерибизди басып алып, элин андан кууп чыгарган душманга каршы согушуусу жана аларды мусулман калкты кууп чыккандай ыйык жерлерибизден кууп чыгууга татыктуу эмеспи? Алла Таала айтат:

﴿وَاقْتُلُوهُمْ حَيْثُ ثَقِفْتُمُوهُمْ وَأَخْرِجُوهُمْ مِنْ حَيْثُ أَخْرَجُوكُمْ﴾

“Аларды кайсы жерден тапсаңар, өлтүргүлө жана алар силерди кууп чыккан жерден  кууп чыгаргыла” (Бакара: 191). Кантип эле бийликтегилер муну түшүнбөй жатат?! А бирок каапыр колонизаторлордун, өзгөчө Американын буйруктарына итааттары бекем. Алар кыйшык күрсүлөрүн сактап калуу үчүн анын эч бир буйругун артка кайтарбай жатышат.

﴿قَاتَلَهُمُ اللهُ أَنَّى يُؤْفَكُون﴾

“Аллах аларды (мунаафыктарды) жок кылсын (Ислам дининин далили ачык болуп, сыпаттары ачык болуп калгандан кийин, аларга зыян жана азаптан башка эч нерсе пайда бербеген куфрга) кантип жүз бурушат!” (Мунаафык: 4).

2-Бул согуш эки маанилүү нерсени ачыкка чыгарды: биринчиси, Аллах өз китебинде айткан жөөттөрдүн алсыздыгы жана ыпластыгы.

﴿ضُرِبَتْ عَلَيْهِمُ الذِّلَّةُ أَيْنَ مَا ثُقِفُوا إِلَّا بِحَبْلٍ مِنَ اللهِ وَحَبْلٍ مِنَ النَّاسِ﴾

“Алланын жиби менен адамдардан болгон жиптердин бирин карманбаса, алар кайда барбасын кордук жазылды” (Аали Имран: 112).

Пайгамбарларынан кийин Аллахтын жибин үзүшкөн жөөттөр үчүн Америка жана анын тарапташтарынын жибинен башка нерсе калган жок.  Жөөттөр  согушчан же жеңүүчү калк эмес.

Экинчиси, мусулман өлкөлөрүндөгү акимдердин кыянаттыгы. Алар эмне болуп жатканын күзөтүү менен гана чектелишти. Алардын эң даанышманы шейиттер менен жаракат алгандарды саноо менен алек.

﴿صُمٌّ بُكْمٌ عُمْيٌ فَهُمْ لَا يَرْجِعُونَ﴾،

“Алар (мунаафыктар) акыйкатты укпайт. Акыйкатты сүйлөбөйт жана көрбөйт. (акыйкатты билип туруп кайтып кетишкенден кийин) акыйкатка кайтышпайт” (Бакара: 18).

Бул эки маанилүү нерсе мусулман армияларындагы күч ээлеринен болгон ишенимдүү, ыкластуу, калыс адамдарды Палестинаны басып алган яхудийлерге каршы согушуу тууралуу Аллахтын өкүмүн ишке ашыруу үчүн жалпы мобилизация жарыялоого түртүшү керек.

﴿وَلَا تَهِنُوا فِي ابْتِغَاءِ الْقَوْمِ إِنْ تَكُونُوا تَأْلَمُونَ فَإِنَّهُمْ يَأْلَمُونَ كَمَا تَأْلَمُونَ وَتَرْجُونَ مِنَ اللهِ مَا لَا يَرْجُونَ﴾

“Куфрга каршы күрөшүүдө алсыз болбогула эгер силер кыйналып жатсаңар,  алар да силер сыяктуу азап чегип жатышат. Силер алар үмүт кылбаган нерсени (Аллахтын ыраазылыгын бейишти) Аллахтан үмүт кылып жатасыңар” (Ниса: 104).

Качан Алланын буйруктарына амал кылынса, жөөт вужуду жок  болууга мажбур. Анткени, алар Аллах Тааланын  алдында согушта жеңишке жетүүгө татыксыз. Кийин Аллахтын убадасы орундалат.

﴿فَإِذَا جَاءَ وَعْدُ الْآخِرَةِ لِيَسُوءُوا وُجُوهَكُمْ وَلِيَدْخُلُوا الْمَسْجِدَ كَمَا دَخَلُوهُ أَوَّلَ مَرَّةٍ وَلِيُتَبِّرُوا مَا عَلَوْا تَتْبِيراً﴾

“Анан (Бани Исраил жер жүзүндө бузгунчулук кылуусу тууралуу) экинчи убаданын учуру келгенде,  жүзүңөрдү жер карата турган жана мечитке (Куддуска) биринчи киргендей киришиңер үчүн жана текебердик менен (курган үй-жай, эгин талааларыңарды өзүңөр талкалашыңар үчүн (душманыңарды силерге үстөм кылабыз) (Исро: 7).

Демек, Газадагы бир туугандарыңарга жардам колуңарды сунгула. Эгер мусулман өлкөлөрүндөгү ыплас режимдер силерге каршы турса, анда аларды түп тамыры менен сууруп салгыла… Алардын ордуна Аллахтын өкүмүн, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) куш кабар кылган Халифалыкты тикелегиле.

«ثُمَّ تَكُونُ مُلْكاً جَبْرِيَّةً فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ، ثُمَّ سَكَتَ» مسند الإمام أحمد.

“Андан кийин жабыр көрсөтүүчү падышалык болот. Ал Аллах каалаганча болот, анан аны көтөрүүнү каалаганда аны көтөрөт. Анан пайгамбарлык минхажы негизинде халифалык болот. Анан унчукпай калды” (Имам Ахмад, Муснад).

Ошондо, халифа, анын жардамчылары жана эң жогорку чинден эң төмөнкү чинге чейинки Ислам аскерлери биринчи жеңиштен экинчи жеңишке карай такбирлер менен жүрүшөт. Үммөт да алар менен бирге такбир айтышат. Роббиси менен күчтүү, дини менен үстөм болушат. Натыйжада, Ислам жерине эч бир душман өз таасирин, мамлекеттик көрүнүштү пайда кылууга батына албайт.

﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾

“Ошол күнү момундар Аллах жардам бергени себептүү шаттанышат. Ал кимге кааласа жардам берет. Ал улуу күч Ээси жана абдан Мээримдүү” (Рум: 5).

1445-х 12-рамазан.

2024-ж 22-март.

turkistonkg

Recent Posts

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык?

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык? 17-сентябрда Астанада Борбор Азия өлкөлөрү менен Германиянын лидерлери катышкан С5+1…

1 day ago

Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу Урматтуу бир туугандар “Асыл…

1 day ago

Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

2 days ago

Ачууланба

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ачууланба Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

2 days ago

Аллахтын берешендигинде чек жок

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Аллахтын берешендигинде чек жок Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

4 days ago

Адилеттүүлүк

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адилеттүүлүк Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

6 days ago