Жаңылыктар

Боррелль: Батыштын өкүмдарлык доору бүттү

Боррелль: Батыштын өкүмдарлык доору бүттү

Европа союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча өкүлү Жозеп Боррел Батыш өкүмдарлыгынын доору бүткөнүн билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги кабарлады. Боррелдин айтымында, Украинадагы согуш жана Газа секторундагы жаңжалдын башталышы Батыштын позициясын алсыраткан.

“Эгер азыркы геосаясий кырдаал Батышты дүйнөнүн калган бөлүгүнө карама-каршы коюуну уланта берсе, Европа өз коопсуздугуна коркунучтар көз карашынан караңгы келечекке дуушар болот. Батыштын өкүмдарлык доору чындап эле бүттү. Биз муну теориялык жактан түшүнгөнүбүз менен бул жаңы абалдан ар дайым эле практикалык тыянак чыгарбайбыз”, – деди Боррель. Анын айтымында, дүйнөнүн түштүгүндөгү көптөгөн мамлекеттер Батышты “кош стандарттуулукта” айыпташууда.

Комментарий: Чындап эле Украина согушу жана Газа калкынын кыргын кылынышы Батыштын эки жүздүү саясатын ашкере кылды. Россиянын аскерлери Сирияда медреселер, ооруканалар, мектептер жана калктуу конуштарды талкалап, тыюу салынган фосфор бомбалары менен мусулмандарды кыргын кылганда БУУ да, эл аралык коомчулук да, адам укуктарын коргоочу уюмдар да адаттагыдай эле ал кыргындарды көрмөксөн болушту. Ал эми, кудум ошол эле орус аскерлери Украинада Сириядагы кыргындардын ондон бирин да кылбай туруп, БУУдан баштап, адам укуктарын коргоочу уюмдарга чейинки бүтүндөй Батыш дүйнөсү чуу чыгара баштады. 

Айрыкча, яҳудий вужудунун Газаны кыргын кылышы Батыш дүйнөсүнүн эки жүздүү саясатын четке кага албай турган деңгээлде ачып таштады. Газада кыска мөөнөт ичинде жырткычтык менен өлтүрүлгөн жаш балдардын саны, Украинада 2 жыл ичинде өлтүрүлгөн жаш балдардын санынан ашып кетти. Бирок, Батыш дүйнөсү да, адам укуктарын коргоочу уюмдар да бул тууралуу ооз ачпады. Бул да жетишпегендей, АКШ башында турган Батыш дүйнөсү 145 күн ичинде дээрлик 30 миң адамды өлтүргөн жана 70 миңден ашык адамды майып-мунжу кылган яхудий вужудун дүйнөнүн көз алдында колдоп-кубаттоодон кайра тартпады. Бир сөз менен айтканда “Балдардын укуктары”, “аялдардын укуктары” жана “адамдын укуктары” деп дүйнөгө жар салып келген АКШ башында турган эл аралык система жана Батыш дүйнөсү ачык эле террорчу яҳудий вужудун аскерий жана саясий жактан колдоп-кубаттоо менен өздөрүнүн эки жүздүү саясатын ашкере кылышты. Бул болсо, Батыш дүйнөсү кабыл алган жана кызыкчылыктар өзгөрүшү менен мамилелер да өзгөрүп кала турган капиталисттик идеологиянын чыныгы жүзүн ашкере кылды. Бул идеология материалдык баалуулуктан башка баалуулуктарды тааныбай тургандыгын о.э. ал үчүн адамдык, ахлактык жана моралдык баалуулуктардын эч кандай этибары жоктугун ушул идеологияны кабыл алып, анын негизинде жашап жаткан элдер да сезе башташты. Натыйжада батыштыктардын өздөрү Батыш хазараты кулап бара жатканы тууралуу билдирүүлөрдү тарата башташты. Бул болсо, Жозеп Боррель айткандай, хазараты кулаган Батыштын өкүмдарлык доору да аяктап калганын түшүндүрүүдө.

Зохид Заргар

turkistonkg

Recent Posts

Исламдагы сыпааттардын негизи

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

9 hours ago

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?!

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…

1 day ago

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы?

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…

1 day ago

Трамп ок атууну токтотуу туурасында кырсыктуу абстрактуу планды жолго коюуда

﷽  Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…

3 days ago

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу?

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…

4 days ago

Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…

5 days ago