Жаңылыктар

Умумий пикир, же болбосо умумий өкүм

Бисмиллахир рохманир рохиим

Умумий пикир, же болбосо умумий өкүм

Умумий – бир вакиъге хосс эмес, ушул сыяктуу ар бир вакиъге тиешелүү, ошолорго да тийиштүү деген мааниде, мисалы: “Коом – пикирлер, туйгулар, мыйзамдар жана адамдардан турат” т.а. бир өлкөдө жашап жаткан адамдардын пикири социалисттик пикирлер болсо, мисалы: соодагерди чайкоочу, арам тамактар деп билишсе, туйгулары социалисттик туйгулар болсо: соодагерди жек көрүшүп, аны эл душманы катары жаман көрүшсө, мыйзамдары социалисттик мыйзамдар болсо, соода менен алектенгендерди адам өлтүргөндөр сыяктуу жазаласа, демек мындай адамдар жашаган өлкө – социалисттик коом болот.

Эгер ошол коомдогу калктын пикири өзгөрсө т.а. соодагерге карата пикири “ишкер”, элге пайда алып келүүчү бизнесмен деген пикирге өзгөрсө, туйгулары да соодагерлерге карата жек көрүү эмес, суктанууга өзгөрсө, мыйзам да аларды камагандын ордуна аларга шарт түзүп бере баштаса, демек бул коом капиталисттик коомго өзгөрдү.

Бул пикир – биздин жакынкы тарыхыбызга жана Орто Азиядагы коомдорго хос болгон, аларга гана тиешелүү эмес – дүйнөдөгү бардык коомдорго берилген аныктама. Бул аныктама ар кандай коом үчүн умумий аныктама болот.

Коом үчүн берилген бул аныктама тарыхтагы бутпарас арабдар коомуна да туура келет, анткени алар Исламды кабыл алып, ар бир вакиъге исламий пикир жана исламий туйгу менен карашы о.э. Ислам мыйзамдарын колдонуу аркылуу менен исламий коомго өзгөрдү. Бул исламий пикирлер, туйгулар о.э. мыйзамдар өзгөрүп кеткенге чейин алардын коому исламий болуп, бир нече кылымдар бакубат коом болуп келди. Алардагы исламий пикирлер, туйгулар о.э. мыйзамдар демократия пикир-туйгуларына: эмне кылса ар кимдин өз эрки т.а. бачабаз, сойку, аялдардын ачык жүрүшү сыяктуу мурда болбогон мындай иштерди “алар ушуну каалап жатышат, ар ким каалагандай жашайт” деп, аларга кайдыгер болуунун акыбетинде исламий коомдор бузук, чачыранды абалга кептелип, кафирлер үчүн талап-тоноо майданына өзгөрдү. Мусулмандар өлкөсүндөгү мыйзамдар да кафирлердин же аларга малайлык кылып жаткан саткындардын пайдасына иштей турган болду. Себеби, коомдо “башкалардын ишине аралашуу мүмкүн эмес” деген пикир-туйгуларды кабыл алышты.

Дагы бир мисал: Россия коомунда 19-кылымдын аягы жана 20-кылымдын башында компартия элдин пикир-туйгуларын социалисттик пикир-туйгуларга өзгөрттү, андан соң 1917-жылы революция кылып бийликти колго алгандан кийин социалисттик мыйзамдарды колдоно баштады. Ошентип, Россия коому социалисттик коомго өзгөрдү.

Коом аныктамасы бардык коомдор үчүн умумий.

Эми пикир эмне экендигин түшүнүүгө аракет кылабыз. Ооздон чыккан же болбосо ташка, териге, кагаздарга, компьютер, телефон, интернет сыяктуу заманбап техникалык жабдыктарга жазылган бардык нерсе маалымат деп аталат.

Ушул маалыматтардан сезүү органдары менен сезүү мүмкүн болгон вакиъси бар маалыматтары пикирлер болуп эсептелет. Демек, пикир – бул вакиъси бар болгон маалымат. Аны айрым адамдар сезеби же сезбейби, же дал ошол маалымат айтылган вакиъсине туура келеби же туура келбейби, эч айырмасыз, вакиъси бар болсо эле алар пикирлер болуп эсептелет. Мисалы: Сабиздин курамында углеводдор, оксил, каротин, Б1, Б2, Б6, C, Э, Н, К, ПП витаминдери о.э. калций, темир, калий, жез бар. Бул табабатка тиешелүү бир пикир. Мунун вакиъсин адистер билишет, бирок мунун вакиъси бар, демек, муну “өз вакиъси бар болгон маалымат” же пикир деп айтсак болот, бирок бул биз үчүн бир маалымат гана, себеби вакиъсин билбейбиз, аны сезе турган лабораториябыз жок, же салыштырып элестетүүгө билимибиз жетпейт.

Же жогорудагы коомдун аныктамасы да “өз вакиъси бар болгон маалымат” т.а. бир пикир. Өз вакиъсине ээ болгон соң, ошол маалыматты пикир деп айтуу туура, бирок бул нерсе ошол пикирдин туура экендигин билдирбейт, туура болушу да мүмкүн, ката болушу да мүмкүн. Мисалы: “коом – жеке адамдардан турат” деген капиталисттик пикир же “коом – адамдар, табият жана булардын өз ара мамилесинен турат” деген социалисттик пикир. Булар да пикирлер, а бирок ката пикирлер, себеби бул маалыматтар өз вакиъсине туура келбейт. Мурдагы советтер союзундагы коомдор социалисттик коомдон капиталисттик коомго өзгөрдү, бирок адамдар да, табият да өзгөргөн жок, ошол эле бойдон т.а. мурдагы эле адамдар, жер-суулар, табият өзгөргөн жок, ал тургай жетекчилер да өзгөрбөдү. Бирок алардагы нерселерге болгон көз караш өзгөрдү, мисалы: соодагерлерге карата пикирлер, туйгулар о.э. мыйзамдар өзгөрдү. Ошондон кийин коом өзгөрдү.

Же “Аллах турмушка аралашпайт” же болбосо “дин турмушка аралашпайт” деген пикир да ката пикир. Эмне үчүн Аллах турмушка аралашпайт?! Негизи, биз сезген, билген-билбеген бардык нерселерди Аллах жараткан болсо, бардыгы Ал Заттын мүлкү болсо, эмне үчүн аралашпайт?! Же бирер адам Исламды үйрөнүп ушундай тыянак чыгардыбы, акыры Ислам бардык нерсени толук жана катасыз чечип берген болсо, эмне үчүн турмушубузга негиз кылып албайбыз?! Бул ката пикирди бизге кафирлер киргизишкен. Себеби, демократия деген кишенден баш тартып, Исламды турмушубуз үчүн негиз кылып алышыбызды каалашпайт, алар тарыхтагы сыяктуу улуу Үммөт болушубуздан коркушат.

Коом туурасындагы бул пикир умумий т.а. мурдагы советтер союзундагы коомдорго эле хос эмес, тескерисинче дүйнөдөгү бардык коомдорго берилген аныктама болуп эсептелет.

 Же сабиз жөнүндөгү пикир да умумий, себеби ал пикир лабораторияда текшерилген сабизге гана хос болгон тыянак эмес, тескерисинче дүйнөдөгү бардык сабиздер үчүн умумий. Демек, ар кандай пикирдин өз вакиъси бар, эгер өз вакиъсине туура келсе ошол пикир туура болот, вакиъсине туура келбесе ката пикир болот.

 Пикирдин вакиъси кимде күңүрт болсо, ал адамда ошол пикир жок, болгону маалыматы гана бар болот. Мисалы: Бир жаш балага он жаныбардын сүрөтүн берсек. Андан соң бир кагазга алардын аталышын жазып, ал балага окутсак, аларды жаттап алса да сүрөттөгү жаныбарларды атай албайт. Качан гана, ар бирин өзүнүн сүрөтү менен бирге жаттаса, ошондо гана атай алат. Демек, маалыматтын өз вакиъси бар болушунун өзү жетиштүү эмес, тескерисинче кимде-ким ушул маалыматты вакиъси менен бирге кабыл алса гана пикирге ээ болот. Кабыл алып жаткан пикири ката болбошу үчүн ошол пикирдин вакиъсине туура келишин текшерип көрүш керек.

Өкүм – бул чыгарылган чечим, аткарыла турган мыйзам маанисинде колдонулат. Бул да вакиъси бар экендиги тарабынан пикир түркүмүнө кошулат, бирок Аллах Таала тарабынан келген мыйзамдарды адамдын акылы түшүнсө да, түшүнбөсө да кабыл алышыбыз керек, себеби шаръий өкүмдөр билим-кудуретинин чеги болбогон, бардык нерсени билүүчү, ар бир ишке кудуреттүү Рохману-Рохим Аллах Тааладан экенин билүүнүн өзү жетиштүү.

Умумий пикирлер аябай көп, ъамма үчүн айтылган пикирлердин бардыгы умумий. Мисалы: адам үчүн эң чоң байлык пикир, же Үммөт жалаң гана пикир менен ойгонот, же болбосо

وَمَن مَاتَ وَليسَ في عُنُقِهِ بَيْعَةٌ، مَاتَ مِيتَةً جَاهِلِيَّةً

 “Кимде-ким моюнунда байаты болбогон абалда өлсө, ал жахилият өлүмү менен өлүптүр” (Муслим риваяты) бул хадис да, же

من رأى منكم منكرا فليغيره بيده، فإن لم يستطع فبلسانه، فإن لم يستطع فبقلبه، وذلك أضعف الإيمان

“Силерден ким мункарды көрсө, аны колу менен өзгөртсүн, эгер буга кудуреттүү болбосо тили менен, эгер буга да кудуреттүү болбосо дили менен өзгөртсүн, бул ыймандын эң алсызы.” (Муслим риваяты) бул хадис да, же

إذَا تَوَضَّأَ، فأحْسَنَ الوُضُوءَ، ثُمَّ خَرَجَ إلى المَسْجِدِ، لا يُخْرِجُهُ إلَّا الصَّلَاةُ، لَمْ يَخْطُ خَطْوَةً، إلَّا رُفِعَتْ له بهَا دَرَجَةٌ، وحُطَّ عنْه بهَا خَطِيئَةٌ، فَإِذَا صَلَّى، لَمْ تَزَلِ المَلَائِكَةُ تُصَلِّي عليه، ما دَامَ في مُصَلَّاهُ: اللَّهُمَّ صَلِّ عليه، اللَّهُمَّ ارْحَمْهُ، ولَا يَزَالُ أحَدُكُمْ في صَلَاةٍ ما انْتَظَرَ الصَّلَاةَ

“(Кимде-ким) жакшылап даарат алса, андан соң мечитке чыкса, ал башка эч нерсе үчүн эмес жалаң гана намаз үчүн чыкса, ар бир кадамы үчүн анын даражасы бир даража көтөрүлөт о.э. анын бир күнөөсү өчүрүлөт. Ал намаз окуп жатканда периштелер анын акысына “Аллахым, аны берекелүү кыл, эй Аллахым, ага ырайым кыл” деп дуба кылып турушат. Силерден кимде-ким намазды күтүп жатканда да периштелер дуба кылууну улантышат”.  (Бухарий риваяты) ушул сыяктуу хадистерде келген өкүмдөр да умумий. Албетте, булардын вакиъси бар. Бул сыяктуу пикир жана өкүмдөр умумий болуп эсептелет.

turkistonkg

Recent Posts

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби?

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби? Улуттук статистика комитети 2024-жылы Кыргызстандын…

13 hours ago

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү АКШнын Борбордук Азияга болгон көз карашы башка мусулман өлкөлөрүнөн айырмаланып…

13 hours ago

Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

1 day ago

Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент

Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…

2 days ago

«Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси

Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…

2 days ago

Таъзия

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…

2 days ago