Басма сөз баянаты

Суданда курчуп бара жаткан каргаша согушту Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети гана токтотот

Басма сөз баянаты

Суданда курчуп бара жаткан каргаша согушту Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети гана токтотот

Армия менен Ыкчам колдоп-кубаттоо күчтөрү ортосунда Америка жалындаткан согуш тогузунчу айга кирди, бул согуштан адамдарды жоготуу, ар-намыстардын тебелениши, мал-мүлктөрдүн талап-тонолушу, ойрондулуктар жана азап-кыйынчылыктан башка натыйжага жетишпедик. Судан Дарыгерлер профсоюзунун комитети баса белгилегендей, «Жазира вилаятынын Вуд-Маданий шаарында жүз миңдеген көчүрүлгөн оорулуулардын тагдыры белгисиз». («Шарк», 2023-жыл, 17-декабрь).

Суданда адамдардын дүнүйөсү акысына өз динин сатып, бийлик үчүн күрөшүп жаткандар Америка уу план түзүп, аларды үйрөтүшүн күтүшүүдө… Шексиз, бул – Суданда жеке аким болуу жана өлкөнүн башка бөлүнбөгөн жерлерин да бөлүү планы.

Согуштагы акыркы үч күн ичиндеги өзгөрүүлөр, согуш жарым миллиондон ашуун калкы көчүрүлгөн Жазира вилаятына кеңейип, анын борбор шаары болгон Вуд-Маданийге жана башка шаарларга коркунуч салышы согушту бир жайда турбаган жана токтобогон кеңири көлөмдүү согушка айлантты. Согуш Хартумда, Кордофандын чоң бөлүгүндө, Дарфурда, учурда өлкөнүн борбору болгон, Хартум качкындары башбаанек тапкан Жазира вилаятында дагы эле уланып жатат. О.э. Тамбул базары жана башка жайлар тебеленип-тепселүүдө.

Бурхан «пайдасыз согуш» деп атаган жана Хамидатий «жеңүүчү зыян көрүүчү болот» деген бул согуш уланууда. Көптөгөн турак-жайларда аялдар, карылар жана балдар артиллерия жана аба күчтөрүнүн чабуулуна учурашы көбөйүп, күнөөсүз адамдар курман болушууда. Негизи, адамдардын бул мамлекетте жашагандыгынан башка айыбы жок. Бул мамлекет Американын колунда куурчак болгон жана анын «кандуу чегаралар» деп аталган планын ишке ашырып жаткан өкүмдарлар тарабынан башкарылууда.

Биз, Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын аялдар жааты, ушуларды баса белгилейбиз:

Биринчи: биз аялдардын, балдардын жана адамдардын өмүрүнө, мал-мүлктөрүнүн коопсуздугуна коркунуч туудуруп жаткан ар кандай чабуул үчүн кылмыштуу, моралдык жана саясий жоопкерчиликти согушка катышып жаткан эки тараптагы күчтөргө жана аларга байланышы бар топторго жүктөйбүз. О.э. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети тикелениши менен аларды тергеп-тескелишин талап кылууга убада беребиз.

Экинчи: бул каргаша согуш токтотулушу, адамдарды өлтүрүү, куугунтуктоо жана өлкөнү ойрондуга айлантуу сыяктуу зомбулуктарга чекит коюлушу керек.

Үчүнчү: биз куралдуу күчтөрдө кызмат кылып жаткан перзенттерибиз арасындагы эр жүрөк адамдарды, жүрөгүндө ыйман оту күйүп жаткан ар бир эр кишини Хизб-ут-Тахрирге нусрат-жардам берүү аркылуу бүгүнкү колонизатор кафирлерге кызмат кылып жаткан залим башкарууга чекит коюуга чакырабыз. Хизб-ут-Тахрир Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн Уммат менен биргеликте аракет кылууда. Бул Халифалык тилкеленгенде шексиз адилеттик орнотот, харам согуштарга жана чыр-чатактарды баштагандарды жана кол тийгис нерселерди тебелеп жаткандарды жоопко тартат. О.э. өлтүргөн да, өлгөн да тозоку болгон согуштарды Аллахтын жолундагы жихадга өзгөртөт, ушул аркылуу алсыздарга жардам берет, ыйык жерлерди азат кылат, адамдардын топ-топ болуп Аллахтын динине кирип, чоң ажр-соопко жетишине себепчи болот.

Хизб-ут-Тахрирдин

Судан вилаятындагы

маалымат бөлүмү

turkistonkg

View Comments

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

21 hours ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

4 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

6 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

6 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

6 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

6 days ago