Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд доллардан ашты
2023-жылдын 30-октябрына карата, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 590 миң долларды түздү. Бул 535 миллиард 972,58 миллион сомго барабар. Бул тууралуу каржы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мунун ичинен 4 млрд 482,43 млн доллары (400 миллиард 370,38 миллион сом) – тышкы карыз. Ал эми 1 млрд 518,16 млн доллар (135 миллиард 602,2 миллион сом) – ички карыз. Бул ички дүң продукциянын 57,82 пайызын түзөт. Ал эми, тышкы карыздын 38,1% же 1 млрд 705,85 млн доллары Кытайдын Эксимбанкына төлөнөт. Мамлекеттик карыздын жалпы көлөмү июнь айынан бери 377 млн долларга өскөн.
Белгилүү болгондой, бийлик 2020-2023-жылдарда мамлекеттик карызды натыйжалуу башкаруу максатында стратегия иштеп чыккан. А бирок, стратегия кабыл алганына, ал тургай ушул максатта салык жана айып пулдарды көбөйтүп жатканына карабастан, мамлекеттин карызы өсүп жатат.
Түпкүлүгүндө, Кыргызстандын карызга батып барышына негизинен колонизатор мамлекеттер тарабынан түзүлгөн эл аралык башкаруу түзүмү себепкер. Аларга Кыргызстан көбүрөөк карызга батып калышы үчүн берилген карыздардын бир бөлүгүн сол чөнтөккө сого турган коррупционер чиновниктер керек. Эл аралык саясат өкүлдөрү мына ушул арам тамак саясий топтон пайдаланат. Кыргызстандагы мурунку жана учурдагы жетекчилер мамлекет үчүн карыз алып жатканда бир жолу болсо да “оор өнөр жайды өнүктүрүү үчүн же буга чейин сатып жок кылынган ири ишканаларды калыбына келтирүү үчүн карыз алышкан эмес.
Эл аралык система ушундай бир көрүнүштө түзүлгөн дейсиң, анда ири жана жетекчи мамлекеттер дүйнөнүн бардык жериндеги табигый байлыктардан пайдалана алышат. Алсыз мамлекеттер болсо, өзүнүн аймагында турган табигый байлыктардан өз алдынча пайдалана алышпайт. Себеби, бул дүйнөлүк компаниялардын артында эл аралык капиталисттик система турат. Алар өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн эл аралык сот системасын түзүп алышкан. Эл аралык мыйзамдарды кабыл алышып, өздөрүнүн бардык аракеттерине ыңгайлуу шарттарды мыйзамдаштырып алышкан. Мамлекеттик карыз маселесинде да кудум ушундай. Эгер мамлекет бирер эл аралык каржылык уюмдан карыз ала турган болсо ал карыздар узак мөөнөткө жана белгилүү бир үстөк пайыз менен берилет. Карыз алган мамлекет ошол мөөнөттүн ири бөлүгүндө карыздын үстөгүн гана төлөп барат. Качан гана белгиленген убакыт келгенде үстөгүнө кошуп, алынган карыздын өзүн да төлөй баштайт. Мамлекет алган карызын мөөнөтүнөн мурда төлөөгө кудуреттүү болгон күндө да эл аралык каржы уюмдары карызды мөөнөтүнөн мурда кайтарып алууну каалашпайт же карыздын үстөгүн бир нече эсеге көтөрүүнү талап кылышат. Негизи, карыз алынып жаткан учурда ушундай шарттар коюлат жана карыз алып жаткан мамлекет ушул шарттарды аткарууга мажбурланат.
Демек, Кыргызстандын проблемасы эл аралык капиталисттик система үстүбүздө турганында жана ушул система түзгөн эл аралык саясатта. Ошондуктан, материалдык пайдадан башкасын эсепке албай турган капиталисттик түзүм жана аны ишке ашырып жаткан ачкөз аткаминерлер үстүбүздө турган соң, Кыргызстан эч качан карыз жүгүнөн кутула албайт.
Мумтаз Маверанахрий